Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы № 629
токтому менен бекитилген Каражаттарды капиталдаштыруу тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык
кодексине, КыргызРеспубликасынын Эмгек
кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттикпенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Мыйзамына ылайык иштелипчыкты жана төмөнкүлөрдү төлөөгө каражаттарды капиталдаштыруунун тарти-бин аныктайт: - жењилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсиягаукук берүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундары-нын жана зыяндуу жана оор шарттагы жумуштардын көрсөткүчтөрүнүн № 2тизмеси боюнча пенсияларды, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн кызматкер-леринин пенсияга чыгуусун; - юридикалык жактар жоюлганда жана өзгөртүлүп түзүлгөн учурлардажана жеке ишкерлер иш жүргүзүүсүн токтоткондо, кесиптик оорууларга жеденсоолугуна башка зыян келтиргенде жана эмгектик мертинүү боюнча ордунжабууга суммаларды. 1.2. Бул Жобо, жумушчулар менен эмгек мамиледе турган (мындан арыиш берүүчү) физикалык жактарга, уюштуруу-укуктук формасына жана менчи-гинин формасына карабастан бардык юридикалык жактар үчүн милдеттүү. 1.3. Ушул Жободо каралган каражаттарды капиталдаштыруунун тартибибанкрот катары эсептелген юридикалык жактарга (төлөөгө мүмкүнчүлүксүзкарызкорго) жана банктардан тышкары банкрот болгон (жарыяланган) жекеишкерлерге дагы тарайт. 1.4. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: юридикалык жакты жоюу (иш берүүчүнү) - юридикалык жактын укуктарыжана милдеттери (мураскорлугу) башка жакка өтпөстөн ишкердүүлүгүнүнтоктошу; юридикалык жакты өзгөртүп түзүү (иш берүүчүнү) - өзгөрүшү (кошуу,бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, кайра өзгөртүү); капиталдаштыруу - ишкананын, уюмдун, жер участогунун, баалуу ка-газдардын жана башка мүлктүн күтүлгөн кирешенин суммасынын эсеби аркы-луу жана аны божомол колдонуунун бардык убакытка алынуучу наркынын баа-сы; № 2 тизме - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 1-июлун-дагы № 298 "Жењилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчүөндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтык орундардын жанакөрсөткүчтөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө"
токтому менен бекитилгенжењилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга укукберүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтык орундардынжана көрсөткүчтөрдүн тизмеси; эмгектик мертинүү боюнча ордун жабуу суммасына жана жењилдетилгенпенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү өндүрүштүн, иштин, кесиптин,кызматтын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 тизмеси боюнча жана текстильөндүрүшүнүн кызматкерлерине пенсия төлөп берүү каражаттарын капиталдаш-тыруу - № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине пен-сия дайындоо үчүн багытталган акча каражаттарды жана эмгектик мертинүүбоюнча компенсациялардын суммасын белгиленген мыйзам тартибинде КыргызРеспубликасынын Социалдык фондуна которулуучу акча каражаттары; эмгектен мертинүү - кызматкердин эмгек милдеттерин аткарууга бай-ланышкан же ден-соолугунун башка жабыр тартуусуна алып келген мертинүү; кесиптик оору - зыяндуу өндүрүштүк чөйрөнүн жагымсыз шарттарынанкелип чыккан жана ошонун натыйжасынан убактылуу же туруктуу кесиптикэмгек мүмкүнчүлүгүн жоготкон камсыздандырылган адамдын өнөкөт же курчмүнөздө кармаган оорусу; зыяндын ордун толтуруу - жабырлануучуга акчалай сумманы (же анынтиешелүү бөлүгүн) кесиптик эмгек мүмкүнчүлүгүн жоготкон даражасына бай-ланыштуу төлөп берүү; кошумча чыгымдарды компенсациялоо; бир жолкужөлөкпулдарды белгиленген учурларда төлөп берүү; эмгектен мертингендиги боюнча компенсация - эмгек милдеттерин ат-карууга байланышкан мертинүүгө, кесиптик ооруларга же башка денсоолук-тун жабыркашына учураган зыяндардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр; иш берүүчү - жумушчулар менен эмгек мамилесине кирген физикалык жеюридикалык жак (уюм). Мыйзамдар менен бекитилген учурларда иш берүүчүкатары бөлөк субъект чыга алат, бөлүнгөн укуктарга эмгек келишимин түзөалат; жумушчу - иш берүүчү менен эмгек мамилеге кирген физикалык жак; индекстөө - кирешелерди, суммаларды же төлөмдөрдү автоматтык оњдоо(көбөйтүү); өкүлчүлүк органдары (жактары) - эмгектик мертинүү боюнча ордун жа-буу суммасын жана жењилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчүөндүрүштүн, иштин, кесиптин, кызматтын жана көрсөткүчтөрдүн N 2 тизмесибоюнча пенсияларды төлөп берүү каражаттарын капиталдаштырууну жүргүзүү-гө жана юридикалык жактарды жоюуга жооптуу иш берүүчү, жоюу комиссиясы,жоюучу, убактылуу администратор, атайын администратор. II. Каражаттарды капиталдаштыруу тартиби 2.1. Иш берүүчүнү (кошуу, бириктирүү, жиктөө, бөлүү, кайраөзгөртүү) мураскору менен (же мураскордуктун бөлүгүн) өзгөртүп курууучурларында пенсияны N 2 тизме боюнча дайындоо жана төлөп берүү жумуш-чунун жалпы белгиленген жашына жана тиешелүү эмгек стажына жеткенче та-ризделген тартипте мураскор тарабынан жүргүзүлөт. 2.2. Иш берүүчүнү мураскору менен (же мураскордуктун бөлүгүн)өзгөртүп куруу учурларында эмгек майыптыгы боюнча пенсияны дайындоо жа-на төлөп берүү компенсациясы мураскор тарабынан белгиленген тартиптежүргүзүлөт. Активдерди мураскорго өткөрүп берүү актысында, фамилиялык тизмебоюнча жумушчунун эмгек мамиледе тургандыгын же мурда тургандыгын ишстажысын көрсөтүү менен N 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүндө ка-тар беш жылдык эмгек акысы менен 1996-жылга чейин нагыз иштеген убакытыжана кийинки жылдарда иштегендеги эмгек акылары жана иштегени жөнүндөмаалыматтар жана эмгектик мертингендиги боюнча төлөмдөрдү алуучу жак-тардын тизмеси жана бир айлык өлчөмү көрсөтүлөт. Укук мураскорлуу юридикалык жакты өзгөртүп куруу учурунда: - N 2 тизме боюнча эмгек стажысын толук иштеп толтурган кызматкер-лерге, ошондой эле текстиль өндүрүшүндө 2.7-подпунктка ылайык жењилде-тилген жана жалпы стажысын, аты-жөнүн көрсөтүү менен активдерди берүүбоюнча актынын көчүрмөсү берилет жана ушул иш берүүчүдө N 2 тизме боюн-ча иштеген стажысын өзүнчө көрсөтүү менен дагы берилет. Ушул көчүрмөгөкызматкердин беш жыл катары менен эмгек акысы жөнүндө маалымат (кызмат-кердин тандоосу менен) же 1996-жылга чейин накта иштеген жылдары үчүнжана кийинки жылдардагы иштегени үчүн эмгек акысы жөнүндөгү өзгөртүпкурган күнгө чейинки маалыматтар тиркелет. - эмгектик мертинүү боюнча төлөмдөрдү алган жактарга - алуучулар-дын аты-жөнү жана ушул төлөмдөрдүн бир айлык өлчөмү көрсөтүлгөн актив-дерди берүү актысынын көчүрмөсү берилет. 2.3. Юридикалык жак жоюлган учурда денсоолугуна башка зыян келтир-ген же кесиптик оорууларга, эмгектик мертинүү боюнча ордун жабуу сумма-сын жана N 2 тизме боюнча пенсия төлөп берүү каражаттарын капиталдашты-руу боюнча милдеттенмени Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарындакөрсөтүлгөн тартипте өкүлчүлүк органдары (жактары) көтөрөт. 2.4. Жекече ишкердин, физикалык жактын ишкердүүлүгү токтогон учур-да эмгектен мертингендиги боюнча жабыр тарткан адамдарга төлөөлөрдү жа-на N 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине пенсиятөлөп берүү каражаттарын капиталдаштыруу жеке ишкер, физикалык жак та-рабынан жүргүзүлөт. 2.5. Төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок карызкорду (юридикалык жакты) банк-рот катары тааныган (жарыялаган) учурда N 2 тизме боюнча пенсияны төлөөкаражаттарын капиталдаштырууну жана эмгектен мертингени боюнчатөлөмдөрдү ушул Жобонун нормаларына ылайык өкүлчүлүк органдары (жакта-ры) жүргүзөт. 2.6. Юридикалык жак жоюлган учурда уюмдаштыруучу (катышуучулар) жеюридикалык жакты жоюу жөнүндө чечим кабыл алган орган тарабынан дайын-далган өкүлчүлүк органдары (жактары), милдеттүү түрдө N 2 тизме боюнча,мындан дагы текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин пенсиясын төлөп бе-рүүнү жана эмгек майыптыгы боюнча төлөө каражаттарын капиталдаштыратжана пенсияларды жана башка төлөмдөрдү дайындоо жана төлөп берүү үчүнКыргыз Республикасынын Социалдык фондуна өткөрүп берет. Эгерде жоюлган юридикалык жактардын укугу жана милдети мураскор-дукка өтпөсө, анда алар капиталдаштырууга жана зыяндардын ордун жабууүчүн төлөмдөрдүн суммасын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кир-гизүүгө милдеттүү. Капиталдаштырылган сумманы эсептөө өкүлчүлүк органдары (жактары)жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмү менен бирдиктетүзүлөт. Жабыр тарткан жактарга төлөнүүчү суммалар Кыргыз РеспубликасынынЭмгек кодексине ылайык майыптыгы боюнча дайындалган пенсиянынөлчөмүнөн, эмгектен мертингенине байланыштуу багуучусунан ажырагандыгыбоюнча, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна суммаларды төлөп берүүбоюнча жана денсоолугун чыњдоого кеткен чыгымдардан түзүлөт. Чыгымдарды эсептегенде: - санаторий-курорттук дарыланууда Кыргыз Республикасынын Эмгек жа-на социалдык жактан коргоо министрлиги жыл сайын бекиткен жолдомонунорточо баасы эсептелинет; - профилактикалык дарыланууда Кыргыз Республикасынын Саламаттыксактоо министрлиги бекиткен дарылардын чыгымдарынын нормаларына ылайыкэсептелинет. Жоюу отчету Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмү тара-бынан жоюлуп жаткан юридикалык жак менен жеке ишкердин капиталдаштырыл-ган сумманы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна толук которгондонже капиталдаштырылган сумманын жетпеген суммасын кошумча актыгакөргөзгөндөн кийин бекитет. Банкрот катары таанылган юридикалык жактын каражаттары кредитор-лордун талаптарын аткаруу үчүн жетишсиз болсо, анда жыйынтыктоочу отчетсот аркылуу же кредиторлордун жыйналышы менен бекитилет да Социалдыкфондуга өткөрүлүп берилет. Эгерде иш берүүчүнү жоюу учурунда зыяндын ордун толтуруутөлөмдөрүн капиталдаштыруу жүргүзүлбөсө, зыяндын ордун толтуруу жөнүндөдоомат Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилет. 2.7. Жекече ишкердин, физикалык жактын, ишкердүүлүгү кыскарганучурда капиталдаштыруу каражаттарын бул Жободогу 2.8-2.12-подпунктта-рында көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондужүргүзөт. 2.8. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна каражаттарды капи-талдаштыруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт: а) өкүлчүлүк органдар (жактар) өзү катталган жери боюнча ишкананыжоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмүнө жазуужүзүндө билдирет; б) өкүлчүлүк органдар (жактар) Кыргыз Республикасынын Социалдыкфондунун бөлүмүнө төмөнкү маалыматтарды берет: - жумушчунун эмгек мамиледе тургандыгын же мурда тургандыгын жалпыэмгек стажысын (камсыздандыруу стажысын) көрсөтүү менен N 2 тизме боюн-ча, мындан дагы текстиль өндүрүшүндөгү эмгек стажын, анын ичинде конк-реттүү ишкананын жана уюмдун (иш берүүчүнүн) жана жумушчунун каалоосубоюнча катары менен каалаган беш жылда иштеген эмгек акысы же 1996-жыл-га чейин накта иштеген убакыты (жоюу күнүнө чейинки) жөнүндөгү маалы-маттарды; - N 2 тизме боюнча пенсия алуучулар, ошондой эле текстильөндүрүшүндөгү жана алардын бир айлык орточо өлчөмү жөнүндө; - эмгектен мертингени боюнча төлөмдөрдү алган жактар жөнүндө (бултөлөмдөрдүн бир айлык өлчөмүн көрсөтүү менен); в) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бөлүмү келип түшкөн маа-лыматтардын негизинде шарттуу пенсиянын эсебин иш берүүчү жоюлган күнгөкарата иштелген жењилдик стажысы: аялдар үчүн - 3 жана андан көп жыл;эркектер үчүн - 4 жана андан көп жыл; текстиль өндүрүшүнүн жумушчуларыүчүн - 6 жана андан көп жыл үчүн эсепти жүргүзөт. Ушуну менен бирге ишберүүчүдө иштеген жењилдик стажы жана капиталдаштырылганга пенсиянынжалпы суммасын эске алып шарттуу пенсиянын бир айлык орточо суммасыаныкталып, жењилдетилген пенсия дайындалганда эске алынат жана жалпыбекитилген пенсиялык жашка чыкканга чейин алат, ошондой эле, эмгектенмертингендиги боюнча жалпы сумманын төлөмдөрүн аныктайт; Төмөнкү суммалар капиталдаштырууга жатпайт: - юридикалык жактар жоюлган күнгө карата пенсионерлердин жашы бо-юнча алган пенсиясы, майыптыгы боюнча жана кесиптик ооруга же эмгектенмертингенге байланышпаган башка себептерден багуучусунан ажыраган учур-дагы пенсиясы; - жалпы белгиленген пенсия жашына жетип, майыптыгы боюнча пенсияалган пенсионерлердин пенсиясы; - эмгектен мертингени боюнча зыяндын ордун толтуруу боюнчатөлөмдөрдү алган пенсионерлердин жоюлган күнгө карата республикадагыжашоонун орточо узактыгына жашы жеткенде; - пенсиянын камсыздандырылган экинчи бөлүгү (СП2); г) өкүлчүлүк органдар (жактар) Кыргыз Республикасынын Социалдыкфондунун бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте ар бир алуучу боюнчатөмөнкүлөрдү аныктайт: - N 2 тизме боюнча пенсиянын, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүнкызматкерлеринин пенсиясынын өлчөмүн - жалпы белгиленген пенсия жашынажеткенге чейин алына турган капиталдаштырылуучу пенсиянын жалпы сумма-сын; - эмгектен мертинүү боюнча төлөмдөрдүн өлчөмүн - капиталдаштырууболгондон кийин алына турган капиталдаштырылган жалпы сумманы. Актынын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунунбөлүмүнө төмөнкү документтер менен чогуу берилет: эмгек стажын жана N 2тизме боюнча жењилдетилген эмгек стажын, ошондой эле текстильөндүрүшүндө иштеген жумушчунун өз каалоосу боюнча катары менен каалаганбеш жылда иштеген эмгек акысы (кызматкердин тандоосу боюнча) же1996-жылга чейин накта иштеген убакыты жөнүндөгү маалыматтарды жоюлганкүнгө чейинкиси; N 2 тизме боюнча пенсия алуучулар, ошондой эле текс-тиль өндүрүшүндө иштеп пенсия алуучулар жана пенсия кайсы айга чейинтөлөнгөнүн бекемдеген документтер жана пенсия документтери (делосу)тиркелген бул пенсиялардын бир айлык орточо өлчөмдөрү жөнүндөгү; эмгек-тик мертинүү боюнча төлөмдөрдү алган адамдар жөнүндөгү алардын бир ай-лык өлчөмүн көрсөткөн документтердин көчүрмөсүн тиркөө менен жана ушултөлөмдөрдү төлөөгө негизин бекемдеген (актылар, компетенттүү органдар-дын эмгектен мертингенин же кесиптик ооруга чалдыкканын бекемдөөжөнүндө, майыптыгынын тобун аныктаган МСЭКтин корутундусун жана кесип-тик эмгекке жарамдуулугун жоготконунун пайызын, эмгекке мертинген күнгөорточо бир айлык эмгек акысы жөнүндө маалыматтар жана башка ушултөлөмдөрдү алганга укугун бекемдеген документтер) маалыматтар, эмгеккемертингени боюнча зыяндын ордуна берилүүчү сумманын кайсы айга чейинтөлөнгөнү жөнүндөгү маалымкат; д) жыйынтыктоонун эсеби акт боюнча таризделет жана буга өкүлчүлүкоргандар (жактар) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлүтарабынан кол коюлат. Актынын көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Социал-дык фондунун бөлүмүнө башка документтер менен чогуу өткөрүлүп берилет(N 2 тизме боюнча иштелген стажын көрсөтүү менен иш берүүчүдөн маалыматжана беш жыл катар иштеген эмгек акысы же накта иштеген убактысыжөнүндө маалымат, шарттуу пенсиянын айлык өлчөмү жана эмгектен мертин-гендиги боюнча айлык өлчөмүн көрсөтүү менен бул төлөмдөрдү алуучулардынтизмеси); е) көрсөтүлгөн актыдагы капиталдаштырылган сумманы төлөө (же сум-манын бөлүгү, эгерде карыз болгон адамдын активдери толук болбосо) ишберүүчүгө же жоюучуга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунункөрсөтүлгөн өкүлү тарабынан акчалай каражаттарды банктык эсебине кото-руу жолу менен жүргүзүлөт, же банкроттук жөнүндө мыйзамда белгиленгентартипте активдерди өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт. N 2 тизме боюнча, ошондой эле текстиль өндүрүшүнүн жана эмгектенмертинген кызматкерлерге пенсия төлөөгө капиталдаштырылган сумманы биржолу төлөп берүүгө болбойт. 2.9. Төлөмдөрдүн тиешелүү суммасы иш берүүчүнүн мүмкүнчүлүгүнөнашып кеткен учурларда (анын активдерин эске алуу менен), жетпеген жанатийиштүү капиталдаштыруу суммасы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондутараптан Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржылоо министрлигинетиешелүү ырастоочу документтерди көрсөтүү менен Кыргыз РеспубликасынынСоциалдык фондунун билдирүүсү боюнча, бир мөөнөттүү же жыл боюнча мам-лекеттик бюджеттин каражатынан ордун жабат. 2.10. Капиталдаштыруучу сумманын эсептөө шарты жана тартиби N 1тиркемеге ылайык жүргүзүлөт. 2.11. Өкүлчүлүк органдар (жактар) N 2 тизме боюнча, ошондой элетекстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине пенсия төлөп берүүгө каражаттардыжана башка денсоолугу зыянга учураганда ордуна берилүүчү суммаларды ка-питалдаштыруу алдында иш берүүчү жоюлган күнгө чейинки өткөн мезгилдераралыгындагы карыздарды жана эмгектен мертингени боюнча карыздардытөлөп берүүгө милдеттүү. 2.12. Төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок карызкорду банкрот катары тааныган(жарыялаган) учурда, капиталдаштыруу суммасы (сумманын бөлүгү) атайынадминистратор (жоюучу) Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (төлөөгө ку-дуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык биринчи кезектекредиторлорго төлөмдөрдү жүргүзүү чечимин кабыл алгандан кийин КыргызРеспубликасынын Социалдык фондуна которулат. III. Жоопкерчилик 3.1. Бекитилген тартипти, эмгектен мертингендиги боюнча жана N 2тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине каражаттарды ка-питалдаштыруу мөөнөтүн сактоо жоопкерчилигин өкүлчүлүк органдар (жак-тар) көтөрөт. 3.2. Бекитилген тартипти, эмгектен мертингендиги боюнча жана N 2тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине каражаттарды ка-питалдаштыруу мөөнөтүн сактоо жоопкерчилигин, Кыргыз РеспубликасынынСоциалдык фондусуна документтерди туура толтуруу жана берүүнү өкүлчүлүкоргандар (жактар) көтөрөт. 3.3. N 2 тизме боюнча жоюлуучу иш берүүчү тарабынан жењилдетилгенпенсия дайындалган кызматкерлердин кесиптеринин дал келишин Кыргыз Рес-публикасынын Социалдык фондунун органдары текшеришет. Өкүлчүлүк органдар (жактар) тарабынан N 2 тизме боюнча жењилдетил-ген стажын иштеп бүткөндөрдү же N 2 тизме боюнча пенсия алуучу, эмгек-тен мертингени боюнча жоюлуучу иш берүүчүдөн төлөмдөрдү алуучу жактардыкөргөзбөгөн учурларда (же документтерди толук көлөмдө бербегенде), жый-ынтыгында керектүү каражаттар капиталдаштырылбаган учурда, мунун жооп-керчилигин иш берүүчү, жоюучу комиссия (жоюучу), атайын администраторкөтөрөт. Эгерде, жоюу процесси бүтө электе такталып чыккан учурлар боюнчасумманы капиталдаштыруунун эсеби кошумча акт боюнча жүргүзүлөт жанаушул Жобонун 2.8-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-дусуна өткөрүлөт, мындан кийин каражаттарды кошумча капиталдаштыруужүргүзүлөт. Эмгектен мертингени боюнча төлөмдөрдү алганга укуктуу жактарды,бирок алар капиталдаштыруу жүргүзүлбөгөнүнөн жана эмгектен мертингенибоюнча төлөмдөргө каралган каражаттардын которулбаганынын жыйынтыгындатөлөмдөрдү албаган жактар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунунбөлүмүнө керектүү документтер менен төлөө маселесин чечүү үчүн кайрылы-шат. 3.4. Өкүлчүлүк органдар (жактар) жана Кыргыз Республикасынын Соци-алдык фонду аралык пикир келишпестиктер пайда болгон учурларда капитал-даштыруучу сумманы киргизүүнүн мөөнөтү же өлчөмү боюнча маселелер сотбелгилеген тартипте чечилет. 3.5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрү КыргызРеспубликасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруужөнүндө" Мыйзамына ылайык керектүү стажды иштеп бүтүргөн жана укуктуужактарга N 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринежењилдетилген пенсияны дайындайт. Эгерде жетпей жаткан жењилдетилген стажы бир нече иш берүүчүдө иш-телген учурда, пенсиянын бөлүгү жењилдетилген стажынын көпчүлүк бөлүгүништеген иш берүүчү тарабынан дайындалат жана төлөп берилет (жоюлган ишберүүчүдөн башкасы). Мында пенсиянын бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунунбөлүмү төлөп берет (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна капитал-даштырылган шарттуу пенсиянын өлчөмүндө), ал эми пенсиянын калганбөлүгүн кызматкер иштөөсүн уланткан жана жењилдетилген стажын иштепбүтүргөн иш берүүчү тарабынан төлөнөт. Иш берүүчү пенсияны алар жалпыбекитилген пенсия жашына толгонго чейин төлөшөт. Эгерде, жетпеген жењилдетилген стажы бир нече иш берүүчүдө бирдейбөлүктө иштелген учурда, анда пенсиянын бөлүктөрү дагы иш берүүчүлөртарабынан бирдей дайындалат жана төлөнүп берилет, ал эми башка бөлүгүКыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмү тарабынан төлөнөт. Эгерде, жоюлуп жаткан иш берүүчүнүн кызматкери керектүү жењилде-тилген стажын иштеп бүтпөгөн учурда, анын шарттуу пенсиясынын өлчөмүништеген стажына пенсиянын өлчөмүн барабар кылып төмөнкү тартипте эсеп-телинет: 12 жыл 6 ай эркектер үчүн - пенсиянын 100% өлчөмүндө; иштелген стажы - X; X = иштелген стажы х 100 : 12 жыл 6 ай. 10 жыл аялдар үчүн - 100%; иштелген стажы - X; X = иштелген стажы х 100 : 10 жыл, мында X - анын пенсиясына пайыздык катыштагы шарттуу пенсиянынөлчөмү, 12 жыл 6 ай жана 10 жыл - 100 пайыздык өлчөмдө пенсияга укукберүүчү мыйзам боюнча керектүү жењилдетилген иш стажы. 3.6. N 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринепенсияны төлөөгө жана зыяндын ордун толтурууга капиталдаштырылган сум-малар индекстөөгө тийиштүү. Индекстөөнү Кыргыз Республикасынын Социал-дык фонду Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик пенсиялык социалдык кам-сыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүргүзөт. 3.7. Капиталдаштырылган суммаларды индекстөөнүн механизми КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдыкфонду тарабынан иштелип чыгат. IV. Эсеп-кысап жана көзөмөлдөө 4.1. Актыдагы көрсөтүлгөн сумма өкүлчүлүк органдар (жактар) тара-бынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун банк эсебине которулатжана ошондон кийин гана жоюу отчету бекитилет. 4.2. Иш берүүчүнү жойгонго чейин капиталдаштырылган сумманын бар-дыгын же бөлүгүн которгон учурларда, актыга тиешелүү жазууларжүргүзүлөт. 4.3. Бардык капиталдаштыруу суммалары жоюу процедурасы бүткөнгөчейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которулат. Эгерде иш берүүчүнүн каражаттары жетишпеген учурда, капиталдашты-рылган сумма жоюлган убакыттан тартып үч айдын ичинде которулат, бирокиш берүүчүнүн мүлкүн сатып баштагандан баштап бир айдан кем эмес уба-кытта. 4.4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда зыяндардын ордунжабуу боюнча төлөмдөрдү алуучуларга жана капиталдаштырылган суммагаөзүнчө эсеп жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду N 2 тизме боюнча жана текс-тиль өндүрүшүнүн кызматкерлеринин пенсиясына жана эмгектен мертингенибоюнча төлөмдөргө өз убагында индекстөөнү жүргүзүү үчүн кошумча кара-жаттарды алуу максатында капиталдаштырылган каражаттардын бош бөлүгүнкыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырат, же Кыргыз Республикасынынбаалуу кагаздары менен иш жүргүзөт. 4.5. Эмгекке жарамдуулугунун ордун жабуу пайызы боюнча сумманытөлөө жана жабыр тарткан адамдарга денсоолугун чыњдоого кеткен чыгымдарКыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан ай сайын Кыргыз Рес-публикасынын Социалдык фонду кызматынын буйругунун негизинде ведомост-тор боюнча байланыш бөлүмдөрү же банктар аркылуу жүргүзүлөт. 4.6. Баардык эсептик-жыйынтыктоочу документтер бухгалтердик эсеп-тин тартибин сактоо менен жүргүзүлөт. 4.7. Бул Жобонун негизинде, эмгектен мертингендиги боюнча төлөм-дөргө тиешелүүлөргө тизмелердин өз убагында толтурулушу, тактыгы жанакапиталдаштыруунун ордун жабуу каражаттарына көзөмөлдүктү Кыргыз Рес-публикасынын Социалдык фондунун бөлүмдөрүнүн жетекчилери жоюлуп жатканжана кайра курулуп жаткан юридикалык жактардын жайгашкан жеринен жүргү-зөт. N 1 тиркеме Капиталдаштырылган сумманын эсебинин шарты жана тартиби төмөнкүтартип боюнча жүргүзүлөт: Мисал. 1) Баштапкы маалыматтар: Иш берүүчүнүн жоюлуу датасы - 2006-жылдын 1-январы Иш берүүчүдө (өндүрүштүк фабрика) N 2 тизме боюнча 2 адам иштейт: 1. Селиванов С.П., 1948-жылы 1-октябрда туулган, кесиби боюнчагаз-электр ширеткич. Жалпы эмгек стажы 35 жыл, газ-электр ширеткич ка-тарында 27 жыл жењилдетилген стажы бар. N 2 тизме боюнча (газ-электрширеткич болуп) бардык эмгек стажын ушул фабрикада иштеп толтурган. 60 айды камтыган эмгек акы жөнүндө көрсөтүлгөн маалыматта, анынкаалоосу менен 1976-1980-жылдардагы орточо бир айлык рубль менен эсеп-телген эмгек акысы сомго индекстештирилгенден кийин 1637 сом 46 тыйындытүздү. 1996-жылдан 2005-жылга чейин иштегени жана эмгек акысы жөнүндөгүмаалымат боюнча пенсиясынын камсыздандыруучу экинчи бөлүгү СП2 468 сом48 тыйынды түзгөн. Пенсия 2006-жылдын 1-июнунан баштап айына 1125 сом (1125,49)өлчөмүндө дайындалат, анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү 293 сом +пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү 435 сом (1500 сом х 29%) + пен-сиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү СП2 468 сом 48 тыйын. Мында 293 сом - пенсиянын базалык бөлүгү, 1500 сом - эсептөөкөрсөткүчүнүн 15 эсе өлчөмүндө чектелген орточо бир айлык эмгек акы,29% - N 2 тизме боюнча жењилдетилген пенсия чектеш үчүн жалпы иштегенстажы, мында ар бир иштеген жылы 1 пайызга тењештирилет. 1996-жылданкийинки иштеген жылдары камсыздандыруу взностору боюнча пенсиянын экин-чи камсыздандыруу бөлүгү 468,4 сомго барабар болуп аныкталат. Капиталдаштыруу суммалары пенсиянын базалык жана биринчи камсыз-дандыруу бөлүгүнүн СП1 өлчөмүнөн 2006-жылдын 1-июнунан 2011-жылдын1-октябрына чейинки убакытка эсептелинет, б.а. 64 ай үчүн. N 2 тизме боюнча пенсиянын капиталдаштыруу суммасына бардык учур-ларда, пенсиянын базалык бөлүгүнүн суммасы 293 сом жана биринчи камсыз-дандыруу бөлүгү СП1 - 435 сом гана киргизилет, ошондо Селивановдун пен-сиясынын өлчөмү 728 сомду түзөт. Экинчи камсыздандыруу бөлүгү СП2 -468,4 сом өлчөмү капиталдаштыруу суммасына киргизилбейт жана КыргызРеспубликасынын Социалдык фонду тарабынан ага жењилдетилген пенсия чек-телген күндөн тартып төлөнө баштайт. 2. Кузнецова С.В., 1973-жылы 1-июлда туулган, маляр. Жалпы эмгекстажы 13 жыл 6 ай жана N 2 тизме боюнча (маляр болуп) ушул фабрикадаиштеген стажы 5 жыл. Эмгек акысы жөнүндөгү берилген маалымат боюнча ор-точо бир айлык эмгек акысы 1566 сом 37 тыйын, 1996-жылдан 2005-жылгачейин иштегени жана эмгек акысы боюнча берилген маалыматтардан эсептел-ген пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү СП2 247 сомду түздү. Пенсия 2026-жылдын 1-июлунан баштап айына 915 сом өлчөмүндө дайын-далат, анын ичинде пенсиянын базалык бөлүгү 293 сом + пенсиянын биринчикамсыздандыруу бөлүгү 375 сом (1500 сом х 25%) + пенсиянын экинчи кам-сыздандыруу бөлүгү СП2 247 сом (бул жерде пенсиянын экинчи камсызданды-руу бөлүгү эсепке алынган жок, аны ал 53 жашка чыкканга чейин кошумчаиштеп толтурат). Мында 293 сом - пенсиянын базалык бөлүгү, 1500 сом - эсептөөкөрсөткүчүнүн 15 эсе өлчөмүндө чектелген орточо бир айлык эмгек акы,25% - N 2 тизме боюнча жењилдетилген пенсия чектеш үчүн божомолдошту-рулган жалпы иштеген стажы, мында ар бир иштеген жылы 1 пайызга тењеш-тирилет. Капиталдаштыруу суммасынын бир айлык өлчөмү анын шарттуу пенсиясы-нын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүнүн 50% түзөт (б.а. 668сом х 50% = 334 сом). Пенсиянын калган бөлүгү ал жењилдетилген стаждыиштеген иш берүүчү тарабынан кийин дайындалат. Капиталдаштыруу суммаларынын эсеби ал жалпы бекитилген пенсиялыкжашка жеткенде 2031-жылдын 1-июлуна чейин жүргүзүлөт, б.а. 60 айга(2026-жылдын 1-июлунан 2031-жылдын 1-июлуна чейин). Пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Со-циалдык фонду тарабынан 2026-жылдын 1-июлунан 2031-жылдын 1-июлуна че-йин чектелет жана төлөнөт. 2) Эсептөөнүн шарты жана тартиби: 1. Капиталдаштырылган сумманын эсеби N 2 тизме боюнча фабрикаданакта иштелген стажга жана N 2 тизме боюнча пенсияны дайындоо үчүн тие-шелүү стажга көзкаранды болуп жүргүзүлөт (эркектер үчүн - 12 жыл 6 ай,аялдар үчүн - 10 жыл). Анда капиталдаштырылган сумма: - Селиванов үчүн 46592 сомду түзөт (728 сом - пенсиянын өлчөмү х64 ай (беш жылдагы айдын саны)); - Кузнецова үчүн 20040 сомду түзөт (334 сом - шарттуу пенсиянынөлчөмү х 60 ай). Иш берүүчү же жоюучу тарабынан жалпы капиталдаштырылган сумма ке-лечектеги дайындаган пенсия боюнча 66632 сомду түзөт (46592 сом + 20040сом). 3) N 2 тизме боюнча мурда дайындалган пенсияны төлөө үчүн капитал-даштырылган сумманын эсеби: 1. К.Алиев, 1944-жылы 1-мартта туулган - 1999-жылы 1-июлда пенсиядайындалган жана фабрика жоюлган күндө (1.01.2006-ж.) айына пенсиянынбазалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүн 768 сом (293 + 375 (1250 х30%) + 100) өлчөмүндө алат, мында 293 сом - пенсиянын базалык бөлүгү,375 сом - пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү жана 100 сом бул пен-сия дайындалгандан кийин пенсиянын жогорулашы. К.Алиевге пенсия2005-жылдын 31-декабрына чейин төлөнгөн. Жалпы бекитилген жашта (63жашка чейин же 2006-жылдын 1-ноябрына чейин) пенсияга чыгууга 10 айкалды. 768 сомдон 10 айга капиталдаштыруу суммасы 7680 сомду түзөт. 2. А.Пащенко, 1945-жылы туулган 2001-жылы 1-майда пенсия дайындал-ган жана фабрика жоюлган күндө (1.01.2006-ж.) айына пенсиянын базалыкжана биринчи камсыздандыруу бөлүгүн 784 сом (293 + 421 (1452 х 29%) +70) өлчөмүндө алат, мында 293 сом - пенсиянын базалык бөлүгү, 421 сом -пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү жана 70 сом бул пенсия дайын-далгандан кийин пенсиянын жогорулашы. Жалпы бекитилген жашта (63 жашкачейин же 2008-жылдын 1-майына чейин) пенсияга чыгууга 28 ай калды. 784сомдон 28 айга капиталдаштыруу суммасы 21952 сомду түзөт. 3. Г.Осмонова, 1950-жылы 1-сентябрда туулган 2000-жылы 1-сентябрдапенсия дайындалган жана фабрика жоюлган күндө (1.01.2006-ж.) айына пен-сиянын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгүн 763 сом (293 + 420(1500 х 28%) + 50) өлчөмүндө алат, мында 293 сом - пенсиянын базалыкбөлүгү, 420 сом - пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү жана 50 сомбул пенсия дайындалгандан кийин пенсиянын жогорулашы. Жалпы бекитилгенжашта (58 жашка чейин же 2008-жылдын 1-сентябрына чейин) пенсияга чыгу-уга 32 ай калды. 763 сомдон 32 айга капиталдаштыруу суммасы 24416 сомдутүзөт. Капиталдаштырылган сумманын эсеби жоюлган күндөн тартып, же нактатоктогон күндөн тартып жалпы белгиленген пенсиялык жашка жеткенге чейинбул пенсияларды төлөөлөр иш берүүчүлөр тарабынан жүргүзүлөт. Ошентип, капиталдаштырылган сумма: 1. К.Алиевге - 768 сом х 10 айда = 7680 сомду; 2. А.Пащенкого - 784 сом х 28 айда = 21952 сомду; 3. Г.Осмоновага - 763 сом х 32 айда = 24416 сомду түзөт. Жалпы капиталдаштырылган сумма мурда дайындалган пенсия боюнча54048 сомду түзөт (7680 + 21952 + 24416). 4) Фабриканын маалыматы боюнча капиталдаштырылган сумманын жыйын-тыгы 120680 сомду түзөт (66632 + 54048), булар актыда көрсөтүлөт. 1-таблица. Эмгектен мертингендиги боюнча капиталдаштыруу суммасы-нын эсеби:-----------------------------------------------------------------------|N | Ф.А.А. | Жашы | Пенсиянын | Ошол күндө алып жаткан ||п/| | (жыл) | түрү |капиталдаштырылган сумманын эсеби||п | | | |---------------------------------|| | | | | Пенсиянын бир | Зыяндын ордун || | | | | айлык өлчөмү |толтуруу боюнча || | | | | (сом) |төлөмдөрдүн бир || | | | | | айлык өлчөмү || | | | | | (сом) ||--|-----------|-------|------------|----------------|----------------|| | а | б | в | г | д ||--|-----------|-------|------------|----------------|----------------||1 |Беков А. | 47 |майып. | 270 | 325 ||--|-----------|-------|------------|----------------|----------------||2 |Петров А. | 54 |майып. | 310 | 240 ||--|-----------|-------|------------|----------------|----------------||3 |Костин Г. | 53 |майып. | 305 | 280 ||--|-----------|-------|------------|----------------|----------------||4 |Данилова Г.| 64 |карылыгы | - | 250 ||--|-----------|-------|------------|----------------|----------------||5 |Акимов К. | 61 |карылыгы | - | 265 ||--|-----------|-------|------------|----------------|----------------|| |Жыйынтыгы | | | | |----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------|Денсоолугун чыњдоого кеткен| Каражаттарды |Бардыгы капиталдаштырууга|| чыгымдар | төлөгөн | жатат ||---------------------------|жылдардын саны |(г + д + е + ж) х 12 х з ||Санаторий-|Профилактикалык | | (сом) ||курорттук | дарылануу | | ||дарылануу |1200 : 12 (сом) | | ||8550 : 3 :| | | ||12 (сом) | | | ||----------|----------------|---------------|-------------------------|| е | ж | з | и ||----------|----------------|---------------|-------------------------|| 237 | 100 | 17 | 190128 ||----------|----------------|---------------|-------------------------|| 237 | 100 | 10 | 106440 ||----------|----------------|---------------|-------------------------|| 237 | 100 | 11 | 121704 ||----------|----------------|---------------|-------------------------|| 237 | 100 | 8 | 56352 ||----------|----------------|---------------|-------------------------|| 237 | 100 | 3 | 21672 ||----------|----------------|---------------|-------------------------|| | | | 496296 |----------------------------------------------------------------------- Тилке "е" - санаторий-курорттук дарылануунун айлык баасы (1998-жы-лы жолдомо жана жол акысы 4000 сомду түзгөн, ал эми 2005-жылы алар 8550сомду түзөт), аларды 3 жылга бөлөбүз (жолдомо 3 жылда 1 жолу берилет)жана 12 ге (жылдагы айдын числосу) - 8550 : 3 : 12 = 237 сом. Тилке "ж" - профилактикалык дарылануунун баасы (жылына бир жолужүргүзүлөт - дарыларга 1200 сом бөлүнөт), аны ошондой эле 12 айгабөлөбүз - 1200 : 12 = 100 сом. Тилке "з" - капиталдаштырылгандан баштап жылдын саны республикада-гы орточо жашоонун уланышы (2004-жылы статистиканын маалыматтарына ка-раганда эркектерге 64 жашка чейин, аялдарга 72 жашка чейин). Иш берүүчүнү жоюу күнүнө карата каражаттарды капиталдаштыруудапенсионерлердин ошол күнгө карылыгы боюнча, майыптыгы боюнча же башкасебептерден багуучусунан ажырагандыгы боюнча алган пенсиялары эсепкеалынбайт, мында эмгектен мертингени же кесиптик оорудан багуучусунанажырагандардан башкасы. 2-таблица. Чоњ адамдардын багуучусунан ажырагандыгы боюнча капи-талдаштыруу суммасынын эсеби:------------------------------------------------------------------------| N | Ф.А.А. | Жашы |Пенсиянын |Бир айлык|Зыяндын |Кара- |Капи- ||п/п| |(жыл) | түрү |айлык |ордуна |жаттар |талдаш-|| | | | |пенсия- |төлөм- |төлөнө |тыры- || | | | |нын |дөрдү |турган |луучу || | | | |өлчөмү |алуу |жылдар-|сумма || | | | |(сом) |боюнча |дын |(сом) || | | | | |бир |саны | || | | | | |айлык | | || | | | | |пенсия- | | || | | | | |нын | | || | | | | |(сом) | | ||---|-------------|------|----------|---------|--------|-------|-------|| | а | б | в | г | д | е | ж ||---|-------------|------|----------|---------|--------|-------|-------||1 |Исаева Г. - | 42 |бала | 220 | 600 | 30 |216000 || |бала чагынан | |чагынан | | | | || |майып | |майып | | | | ||---|-------------|------|----------|---------|--------|-------|-------||2 |Куклин В. | 62 |карылыгы | 260 | 666,66 | 2 |16000 || | | |боюнча | | | | ||---|-------------|------|----------|---------|--------|-------|-------||3 |Бородина А. | 48 |Багуучусу-| 386,5 | 500 | 24 |255312 || | | |нан | | | | || | | |ажыраган- | | | | || | | |дыгы | | | | || | | |боюнча | | | | ||---|-------------|------|----------|---------|--------|-------|-------|| |Итого | | | | | |487312 |------------------------------------------------------------------------ Эскертүү: 1989-жылы ушул фабрикада багуучу-атасы каза болгон учур-да, анын орточо айлыгы индекстөөнү эсепке алуу менен 2400 сомду түзгөн.Исаевдердин үй-бүлөсү 4 адамдан турган (каза болгон адам, иштеген аялы,кызы Исаева Г. - бала чагынан майып жана 24 жаштагы баласы - иштейт).Зыяндын ордуна төлөмдөрдү алууга бала чагынан майып кызы Исаева Г.укуктуу жана зыяндын ордуна берилүүчү сумма 600 сомду түзөт (2400 сом :4 адам). Капиталдаштыруу суммасы 21600 сомду түзөт (600 x 12 x 30). Агазыяндын ордуна берилүүчү төлөмдөр өмүрүнүн акырына чейин жүргүзүлөт, алэми эсептөө республикадагы орточо жаштын узактыгына чейин жүргүзүлөт. Пенсионер В.Куклиндин баласы А.Куклин ушул фабрикадан 2005-жылдындекабрь айында каза болгон. Алардын үйбүлөсү 3 адамдан турат (каза бол-гон адам, 25 жаштагы иштеген аялы жана карылыгы боюнча пенсиядагы ата-сы). А.Куклин каза болгон күндөгү орточо айлык эмгек акысы индекстөөнүэсепке алуу менен 2000 сомду түздү. Зыяндын ордуна берилүүчү төлөмдөрдүалууга каза болгондун атасы В.Куклин укуктуу. Капиталдаштыруу суммасы16000 сомду түзөт (666,66 x 12 x 2 = 15999,84). Ушул фабриканын кызматкери 1950-жылы туулган И.Бородин каза болгонучурда (15.12.2004-ж.), анын аялы 1953-жылы туулган А.Бородина ай сайынжалпы оорунун III топтогу майыбы катары майыптыгы боюнча 260 сом пенсияалуучу. И.Бородин каза болгон күндөгү орточо айлык эмгек акысы ин-декстөөнү эсепке алуу менен 2000 сомду түздү. Бородиндердин үйбүлөсү 4адамдан турган (каза болгон адам, III топтогу майып аялы, 23 жана 25жаштагы иштеген балдары). Күйөөсү каза болгондон кийин А.Бородина багу-учу-күйөөсүнөн ажырагандыгы боюнча ага пенсия чектеп берүү үчүн кайрыл-ды. Эмгек акысы жөнүндөгү берилген маалымат боюнча орточо бир айлыкэмгек акысы 1740,33 сомду түздү. 1996-жылдан 2005-жылга чейин иштегенижана эмгек акысы жөнүндөгү маалымат боюнча пенсиясынын экинчи камсыз-дандыруу бөлүгү СП2 241 сомду түздү. Бул сумма же анын бөлүгү(көрсөтүлгөн мисал үчүн 1\2 бөлүгү) Социалдык фонд тарабынан төлөнөт.И.Бородиндин пенсиясынын өлчөмү 1014 сомду түздү (293 - 01.01.2006-жылыкайра эсептөөдөн кийинки пенсиянын базалык бөлүгү + 480 СП1 + 241 СП2).Багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиянын бир айлык өлчөмү ар бир ба-гуудагы адамга анын пенсиясынын өлчөмүнүн 50% түзөт, м.а. 507 сомду(1014 : 2). Капиталдаштыруу суммасы пенсиянын базалык жана биринчи камсыздан-дыруу бөлүгүнүн жарымынан аныкталат, м.а. 386,50 сомго (293 + 480 = 773: 2) 500 сом кошулат (зыяндын ордуна бериле турган сумма катары, анынказа болгон күнүндөгү эмгек акысынын 1 бөлүгү). Алынган сумма 12 айгажана 20 жылга көбөйтүлөт (республикадагы жашоонун орточо узактыгына че-йин). Г.Исаева менен В.Куклиндин пенсияларынын өлчөмү эсепке кирбейт,себеби алар майыптыкка жана эмгектен мертингенине байланышпаган пенсияалышат. 3-таблица. Эмгектен мертингенинен же кесиптик ооруга чалдыкканданбагуучусунан ажырагандыгы боюнча капиталдаштыруу суммасынын эсеби (бал-дарга):-----------------------------------------------------------------------|N| Аты-жөнү | Жашы | Пенсия ||п| | (жыл) |-----------------------------------------------||/| | |Алуучунун жашына жараша|Төлөмдөрдүн айынын саны||п| | |бир айлык эсеп өлчөмү | || | | |-----------------------|-----------------------|| | | | 16 жашка |17 жаштан 21|16 жашка |17 жаштан 21 || | | |чейин бир |жашка чейин | чейин | жашка чейин || | | | айлык |пенсиянын | (айына) | (айына) || | | |өлчөмүндө |1/3 өлчөмүн-| | || | | | (сом) |дө (сом) | | ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------|| | а | б | в | г | д | е ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------||1|Сапаров Б. | 15 | 225,03 | 75,01 | 12 | 60 ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------||2|Сатарова Ж.| 12 | 225,03 | 75,01 | 48 | 60 ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------||3|Сапарова А.| 6 | 225,03 | 75,01 | 120 | 60 ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------||4|Дайыров А. | 13 | 301,65 | 100,55 | 36 | 60 ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------||5|Фадеев И. | 12 | 258,19 | 86,06 | 48 | 60 ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------||6|Фадеев С. | 8 | 258,19 | 86,06 | 96 | 60 ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------||7|Акунов А. | 1 | 304 | 101,33 | 180 | 60 ||-|-----------|-------|----------|------------|---------|-------------|| |Жыйынтыгы | | | | | |----------------------------------------------------------------------- -----------------------------------------------------------------------| Зыяндын ордуна төлөмдөр |Капиталдаштырыла||----------------------------------------------------|турган суммалар ||Алуучунун жашына жараша | Төлөмдөрдүн айынын саны | (сом) ||бир айлык эсеп өлчөмү | | ||-------------------------|--------------------------| ||18 жашка |18 жаштан 23 |18 жашка |18 жаштан 23 | ||чейин бир |жашка чейин | чейин | жашка чейин | || айлык |пенсиянын | (айына) | (айына) | ||өлчөмүндө |1/3 өлчөмүндө| | | || (сом) | (сом) | | | ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| ж | з | и | к | л ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| 410 | 136,66 | 36 | 60 | 26880,72 ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| 410 | 136,66 | 72 | 60 | 49740,50 ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| 410 | 136,66 | 144 | 60 | 95463,96 ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| 833,33 | 277,77 | 60 | 60 | 83558,4 ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| 375 | 125 | 72 | 60 | 52056,74 ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| 375 | 125 | 120 | 60 | 82449,84 ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| 566,67 | 188,89 | 204 | 60 | 187253,88 ||-----------|-------------|-----------|--------------|----------------|| | | | | 577404,02 |----------------------------------------------------------------------- Эскертүү: Сапаровдордун үйбүлөсүндө 2003-жылы фабрикада 1961-жылытуулган атасы К.Сапаров каза болгон. Анын эмгек акысынын өлчөмү ин-декстөөнү эске алуу менен 2050 сомду түздү, үйбүлөсүнүн курамы 5 адам-дан турган (каза болгон адам, ишке жарамдуу аялы жана 3 баласы). Фабри-каны жоюу күнүнө чейин 3 баласы багуучусунан ажырагандыгы боюнча айына936,12 сомдон пенсия алышчу, м.а. анын 780,10 сом пенсиясынан 120% . Арбир балага айына 312,04 сомдон пенсия жана 410 сомдон зыяндын ордунаберүү боюнча сумма каралышы керек. Айына 312,04 сом пенсиядан, капитал-даштырылууга пенсиянын базалык жана биринчи камсыздандыруу бөлүгү ганажатат же ар бир алуучуга айына 225,03 сомдон. Пенсиянын экинчи камсыз-дандыруу бөлүгүнүн өлчөмү ар бирине 87 сомдон капиталдаштырылбай элеСоциалдык фонд тарабынан төлөнөт. 2004-жылы фабрикадан 35 жаштагы А.Дайыров каза болду, анын казаболгон күнүнө орточо бир айлык эмгек акысы индекстөөнү эске алуу менен2500 сомду түздү, үй-бүлөсүнүн курамы 3 адамдан турат (каза болгонадам, иштеген аялы жана 12 жашар баласы, жоюу күнүнө ал 13 жашка тол-ду). 1989-1994-жылдардагы эмгек акысы жөнүндөгү берилген маалымат боюн-ча орточо бир айлык эмгек акысы 1477,60 сомду түздү. Пенсиясынын экинчикамсыздандыруу бөлүгү 292,26 сомду түзгөн, анын 1/2 бөлүгүн Социалдыкфонд пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү катары А.Дайыровдун баласы-на төлөп берүүдө. 2006-жылдын 1-январынан тартып анын баласынын пенсия-сынын өлчөмү 796 сомду түзөт (293 - 31.12.2005-жылдан пенсияны кайраэсептегенден кийинки базалык бөлүгү + 310,3 СП1 + 192,26 СП2). Капитал-даштыруу суммасы 302 сомдон (603,3 сом (293 + 310,3) : 2) = 301,65эсептелинет жана зыяндын ордуна төлөнүүчү сумма 833,33 сомду түзөт. Иш берүүчү, жоюу комиссиясы (жоючу) А.Дайыровдун 1996-2004-жылдар-дагы иштегени жана эмгек акысы жөнүндөгү маалыматтан тышкары ал2005-жылдын 31-декабрына чейин пенсия алганы жана 2006-жылдын 1-январы-нан тартып пенсиянын базалык бөлүгү жогорулатылганы жөнүндөгү маалыматберет. 2005-жылы фабрикада 2 адам каза болду: 1958-жылы туулган И.И.Фадеевдин 4 үйбүлө мүчөсүнөн 2 баласы пенси-яга жана зыяндын ордуна төлөнүүчү суммага укуктуу жана 1967-жылы туул-ган С.Акуновдун 3 үй-бүлө мүчөсүнөн 1 баласы пенсияга жана зыяндын ор-дуна төлөнүүчү суммага укуктуу. И.Фадеевдин каза болгон күнүнө, анын орточо бир айлык эмгек акысы1500 сомду түзгөн. 1989-1994-жылдардагы эмгек акысы жөнүндөгү маалыматбоюнча пенсия эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акысы 1477,6 сомдутүздү. 1996 жылдан 2005-жылга чейин иштегени жана эмгек акысы жөнүндөгүмаалымат боюнча пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгү 213,48 сомдутүздү. Бул суммадан 90% өлчөмүндө Соцфонд тарабынан балдарына пенсиянынэкинчи камсыздандыруу бөлүгү катары төлөнүлөт. 2006-жылдын 1-январынан И.Фадеевдин пенсиясынын өлчөмү 787,22 сом-ду түзөт (293-пенсиянын базалык бөлүгү + 280,74 СП1 + 213,48 СП2). Ка-питалдаштыруу суммасы 516,37 сомдон (573,75 сом (293 + 280,74) х 90%)жана 750 сомдон айына эки балага зыяндын ордуна төлөнүп берилүүчү сум-мадан эсептелинет (ар бирине 258,19 сомдон жана 375 сомдон). 1996-2004-жылдардагы эмгек акысы жана иштегени жөнүндөгү маалымат-тан тышкары, көрсөтүлгөн суммалар 2005-жылдын 31-декабрына чейин алын-ганы жөнүндө маалымат беришет. С.Акуновдун каза болгон күнүнө, анын орточо бир айлык эмгек акысы1700 сомду түзгөн. 1996-2005-жылдардагы эмгек акысы жөнүндөгү маалыматбоюнча пенсия эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акысы 1559,6 сомдутүздү. 1996-жылдан 2005-жылга чейин иштегени жана эмгек акысы жөнүндөгүмаалымат боюнча пенсиясынын экинчи камсыздандыруу бөлүгү 198,85 сомдутүздү. Бул суммадан 50% өлчөмүндө Соцфонд тарабынан баласына пенсиянынэкинчи камсыздандыруу бөлүгү катары төлөнүлөт. 2006-жылдын 1-январынан С.Акуновдун пенсиясынын өлчөмү 796 сомдутүзөт (293 - 2006-жылдын 1-январынан пенсияны кайра эсептөөдөн кийинкипенсиянын базалык бөлүгү + 315 СП1 + 198,85 СП2). Капиталдаштыруу сум-масы 304 сомдон (608 сом (293 + 315) : 2) жана 566,67 сомдон зыяндынордуна төлөнүп берилүүчү суммадан эсептелинет. 1996-2004-жылдардагы эмгек акысы жана иштегени жөнүндөгү маалымат-тан тышкары, көрсөтүлгөн суммалар 2005-жылдын 31-декабрына чейин алын-ганы жөнүндө маалымат берилет. Эмгектен мертингени боюнча капиталдаштырылган сумма 1064716 сомдутүзөт, анын ичинде: - чоњ адамдарга - 487312 сом; - багуучусунан ажырагандыгы боюнча балдарга - 577404 сом. Жоюу актысында көрсөтүлүүгө тийиш жалпы капиталдаштырылган сумма1681692 сомду (120680 + 496296 + 1064716) түзөт.