КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 195
токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 30-августундагы № 629
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 255-статьясын аткаруу мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби жөнүндө тиркелген жобо
бекитилсин.
2. "Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуунун тартиби
жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү кирги-
зилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин
жол-жоболорун колдонуунун тартиби жөнүндө эреженин 8.6-бөлүмү
төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8.6. Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби Каражаттарды капи-
талдаштыруунун тартиби жөнүндө жобонун нормаларына ылайык жүргүзүлөт.".
3. "Жоюлган ишканалардын кызматкерлерине жењилдетилген шарттарда
пенсияларды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жана эмгектик майыптык
боюнча компенсациялардын өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 827 токтомунун 6-пункту күчүн
жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов