Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2002-жылдын 22-августу № 595
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Биологиялык коопсуздук жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору
тууралуу
Заманбап биотехнологияны колдонуунун натыйжасы болгон жана биоло-
гиялык түрлөрдүн сакталышына жана туруктуу пайдаланылышына терс таасир
тийгизүүгө жөндөмдүү өзгөртүлгөн тирүү организмдерди иштетүүдө, ташуу-
да, пайдаланууда жана чыгарууда тийиштүү коргоону камсыздоо жана кооп-
суздук чараларын көрүү, адамдын ден соолугуна мүмкүн болгон таасир этүү
тобокелдерин жөнгө салуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 64 жана 65-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ушул
мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учур-
да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр Ф.Кулов