Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 22-августу № 595

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

                   "Биологиялык коопсуздук жөнүндө"

                        Кыргыз Республикасынын

                          Мыйзамынын долбоору

                               тууралуу

 

     Заманбап биотехнологияны колдонуунун натыйжасы болгон жана  биоло-

гиялык  түрлөрдүн сакталышына жана туруктуу пайдаланылышына терс таасир

тийгизүүгө жөндөмдүү өзгөртүлгөн тирүү организмдерди иштетүүдө,  ташуу-

да,  пайдаланууда жана чыгарууда тийиштүү коргоону камсыздоо жана кооп-

суздук чараларын көрүү, адамдын ден соолугуна мүмкүн болгон таасир этүү

тобокелдерин жөнгө салуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 64 жана 65-статьяларына ылайык Кыргыз  Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

     1. "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын  Мыйза-

мынын долбооруна макулдук берилсин.

     2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган  чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ушул

мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралган учур-

да Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов