Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардынжана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүү тартибин жанашарттарын аныктайт. Четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмер-дигин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Рес-публикасынын эларалык келишимдери жана ушул Жобо менен жөнгө салынат. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: 1. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квота - Кыргыз Республикасы-нын аймагына эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында келишкен четөлкөлүкжарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектелген саны. Четөлкөлүкжумушчу күчүн тартууга квота Кыргыз Республикасындагы ички эмгек рыно-гунун абалына жараша аныкталат жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүбелгилейт: - четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат - Кыргыз Республикасы-нын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары -Мамкомитет) тарабынан бериле турган четөлкөлүк жумушчу күчүн пайдалану-уга жана тартууга юридикалык жана жеке жактарга укук берүүчү белгилен-ген үлгүдөгү документ; - жумушка уруксат - Мамкомитет тарабынан берилген жана Кыргыз Рес-публикасында четөлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын иштөөгө жеишкердик менен алектенүүгө укугун бекемдеген атайын үлүдөгү документ; - жумуш берүүчү - менчик формасынын кандай түрдө экендигине кара-бастан белгиленген тартипте алар менен түзүлгөн келишимдин негизиндечетөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана четөлкөлүк кызматкерлердин эмге-гин пайдаланууга уруксат алган кыргызстандык же четөлкөлүк юридикалыкже жеке жак; - четөлкөлүк жумушчу күч жана/же четөлкөлүк кызматкерлер - КыргызРеспубликасынын аймагына эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында мыйзамдуутүрдө келишкен четөлкөлүк жарандар, же жарандыгы жок адамдар; - четөлкөлүк кызматкердин эмгек ишмердүүлүгү - четөлкөлүк жарандынже жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында киреше алуумаксатында жүргүзгөн иш-аракети; - ишкананын четөлкөлүк жетекчиси - Кыргыз Республикасынын аймагын-да каражаттарды инвестициялоо аркылуу жана юридикалык жакты түзүү мененишкана уюштурган жана жањы жумуш орундарын түзгөн четөлкөлүк жаран; - четөлкөлүк адис - жумуш берүүчү чакырган, керектүү квалификация-ны талап кылган эмгек ишмердигин жүргүзгөн тиешелүү билими барчетөлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам; - квалификациялуу четөлкөлүк кызматкерлер - жумуш берүүчү чакырганжана эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн керектүү квалификациясы барчетөлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам; - четөлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык органынынпатентинин негизинде, юридикалык жакты түзбөй туруп жеке эмгек ишмерди-гин жүргүзгөн четөлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам. II. Кыргыз Республикасынын аймагында четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүү тартиби 1. Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатын-да келишкен четөлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Мамкомитеттекатталат. 2. Мамкомитет четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана жумушка урук-сат берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана жумушка уруксатты берүү КыргызРеспубликасынын Өкмөтү бекиткен четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга кво-танын чектеринде жүзөгө ашырылат. 3. Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат аркылуу, Кыргыз Рес-публикасынын аймагында иштөө үчүн жумуш берүүчү жалдаган жалпысынан жа-на кесиптик топтору боюнча белгилүү бир сандагы четөлкөлүк кызматкер-лерди тартууга жана пайдаланууга квота белгиленет. 4. Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга болгон уруксатта каралганчетөлкөлүк жумушчу күчүнө квота ал уруксат берилгенден кийин 3 айдыничинде пайдаланылбай калган кезде алынып салынат. 5. Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга белгиленген тартипте алганКыргыз Республикасынын ишканаларында иштешкен четөлкөлүк жарандарга жа-на жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле патенттинин негизинде жеке иш-кердик жүргүзгөн четөлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдаргаМамкомитет тарабынан белгиленген үлгүдөгү ишке уруксат берилет. 6. Мамкомитет квоталарды четөлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокадамдарды жумушка тартуучу жумуш берүүчүлөр арасында бөлүп жаткан учур-да, алардын республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымдарын,жергиликтүү калктын жумуш менен камсыз болушуна тийгизген таасирин жанабош кызмат орундарын ээлегенге Кыргыз Республикасынын жарандары артык-чылыкка ээ болушу керектигин эске алат. Мамлекеттин кызыкчылыгынан ал-ганда ички эмгек рыногун коргоодо жана жумуш берүүчүнүн ишмердүүлүгүнүннегизги түрүнө жараша четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатта ка-ралган квота Мамкомитет тарбынана кайра каралышы мүмкүн. 7. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактаргачетөлкөлүк жумушчу күчүн жумушка тартууга уруксаты жок болсо четөлкөлүкжарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жумушка тартууга жана орношту-рууга, ал эми четөлкөлүк жарандарга - иштегенге уруксаты жок болсо жекеишкердик жүргүзүүгө тыюу салынат. 8. Четөлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз түрдө тартып, пайдаланган ишберүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тар-тышат. 9. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатты алуу үчүн жумушберүүчү Мамкомитетке четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат берүүчүарыз берилет. Арызга тиркелген документтердин тизмесин жана уруксаттынформасын Мамкомитет белгилейт. Айрым учурларда Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик органдарданбул адистерди жумушка тартуунун максатка ылайыктуулугун тастыктагантактамалар талап кылынышы мүмкүн. Арыз берүүчү четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат берүүчүарызында көрсөтүлгөн маалыматтардын тактыгы үчүн жооп берет. 10. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат берүүчү арыз Мамко-митет тарабынан түзүлгөн четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайда-ланууга жана Кыргыз Республикасынын жана анын чегинен сырттагы жаранда-рын жумушка орноштурууга уруксат берүүчү документтери боюнча комиссия(мындан ары - Комиссия) тарабынан кабыл алынат. 11. Уруксат берүү же андан баш тартуу жөнүндөгү чечим жумушберүүчү арыз берген күндөн тартып 30 күндүн ичинде каралат. Уруксатберүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн кошумча экспертиза жүргүзүү талапкылынса, арыз берилген күндөн тартып 35 күндөн кечиктирбестен кабылалынат. Мамкомитет арызды карап чыккандан кийин, беш жумушчу күндүн ичиндежумуш берүүчүгө баш тарткан кезде кабыл алынган чечим жөнүндө баш тар-туунун себептерин көрсөтүү менен жооп берет. 12. Четөлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксатты берүү жөнүндө че-чимдер Кыргыз Республикасынын жарандарынын бош жумушчу орундарынээлөөгө артыкчылыктуу укуктардын принцибинде негизделет жана КыргызРеспубликасында бирдей жумушчу күч жок болгон учурда кабыл алынат. 13. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга болгон уруксат бир жылга че-йинки мөөнөт менен берилет, ал бүткөн соњ Комиссия четөлкөлүк жумушчукүчтү тартууга берилген уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндөчечимди кабыл алышы мүмкүн. Оњ чечилген кезде жумуш берүүчү четөлкөлүкжумуш күчүн тартууга берилүүчү уруксатта алдын ала каралган өлчөмдөакыны төлөйт. 14. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксаттатөмөнкүлөр көрсөтүлөт: - уруксат берген органдын аталышы; - четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат берилген жумушберүүчүнүн аталышы жана дареги; - жумуш берүүчүнүн мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтары; - жумушка тартылган четөлкөлүк кызматкерлердин саны жана кесиптиккурамы, алар мурда жашашкан же туруктуу жашаган өлкө; - четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксаттын катталганномери, анын берилген күнү, колдонуу мөөнөтү жана Мамкомитет тарабынананыкталган башка маалыматтар. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксат Комиссиянынтөрагасынын колу коюлуп, Мамкомитеттин герби бар мөөрү менен басылыптакталат. 15. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксат башка жумушберүүчүлөргө өткөрүлүп бериши мүмкүн эмес. Четөлкөлүк жумушчу күчүнтартууга уруксаттын негизинде жумушка алынышкан четөлкөлүк жумушчу-кыз-маткерлер башка бир жумуш берүүчүгө которуу жолу менен өткөрүлүп бери-шине да жол берилбейт. Четөлкөлүк жарандар эмгек ишмердигинде бир нечечарба субъектилеринде иш жүргүзүшсө, анда четөлкөлүк жаран Мамкомитет-тен өзүнүн башка дагы бир же бир нече чарба субъектилерге дагы таандыкэкендиги тууралуу уруксат берилген документтерди алышы керек. 16. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелери жу-муш берүүчү тарабынан бузулган учурларда Мамкомитет жумуш берүүчүгөаныкталган кемчиликтерди белгилүү бир мөөнөттө жоюушу үчүн эскертүү бе-рет. Эгерде ал талап аткарылбаса, же ал кемчиликтер кайра кайталансаМамкомитет Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга берилген уруксатты алыпсалат же кемчиликтер толук жоюлмайынча токтотуп кое алат. 17. Четөлкөлүк кызматкерлер жумуш иштегенге уруксат алгандан кийинКыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укукалышат. 18. Жумуш берүүчү же жеке ишкер жумушка уруксат алыш үчүн Мамкоми-тетке арыз берет. Арызга тиркелген документтердин тизмесин Мамкомитетбелгилейт. 19. Ишкананын четөлкөлүк жеткчиси жана четөлкөлүк адис үчүн жумуш-ка берилген уруксат бир жылдык мөөнөткө жыл сайын узартууга укугу мененберилет. Четөлкөлүк квалификациялуу кызматкерлер үчүн жумушка уруксат-тын берилген жалпы мөөнөтү эки жылдан көп эмес, ал эми четөлкөлүк жекеишкерлер үчүн үч жылдан көп эмес мөөнөткө берилет. 20. Жумушка уруксат жашы 18 ге жеткен четөлкөлүк жаранга берилет. 21. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатты берүү жана колдо-нуу мөөнөтүн узартуу жана жумушка уруксат акы төлөө негизинде жүзөгөашырылат. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатты берүүгө акы жумушберүүчүдөн алынат, ал эми жумушка уруксат берүү үчүн четөлкөлүк кызмат-керден же жеке ишкерден Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдөалынат. 22. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана жумушка уруксат берүүүчүн төлөнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын казначылык системасын-да ачылган атайын эсебине келип түшөт. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана жумушка уруксат берүү үчүнмамлекеттик бюджетке келип түшкөн каражаттардын 50 пайызы Кыргыз Рес-публикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетининалдындагы Миграциялык фондго четөлкөгө жумушка орношуу максатында кетипжатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын муктаждыктарын камсыз кы-луу, аларга укуктук жана социалдык коргоо көрсөтүү үчүн жөнөтүлөт. Аныничинде "Груз-200" ташуу үчүн чыгымдарды төлөө, Россия Федерациясындажана Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигрант-тарын укуктук жана социалдык коргоо борборлорун түзүү үчүн, ошондой элеКыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузушкан четөлкөлүк жа-рандарды депортациялоо боюнча иш-чараларды финансылык камсыздоого кет-кен чыгымдарды төлөөгө жумшалат. 23. Кыргыз Республикасына келишкен четөлкөлүк жарандар жана жаран-дыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобонубузуу жолу менен эмгектик жана жеке ишкердик кылышса, Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынан администрациялыктүрдө чыгарылып салынат. 24. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Жобону бузуу жолу мененэмгек ишмердигин жүргүзгөн четөлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жокадамдарды, ошондой эле тартип бузуу четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуугажана жумушка уруксаты жокко чыгарылган умурда Кыргыз Республикасынансырткары чыгарып салууга жана башка алдын ала эске алынбаган жагдайлар-га байланыштуу чыгымдарды жумуш берүүчүлөр төлөйт. 25. Кайра уюштурулган, жумуш берүүчүнүн юридикалык статусуөзгөрүлгөн же иштин заказчысынын (кызмат көрсөтүүнүн) аты-жөнүөзгөргөндө, ошондой эле четөлкөлүк кызматкерлердин санын же штатын кыс-картуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда четөлкөлүк жумушчу күчүнтартууга берилген уруксат Мамкомитеттен кайра каттоодон өткөрүлүүгө ти-йиш. 26. Жумуш берүүчү өзүнүн чарбалык иштерин токтоткон кездечетөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат жана иштегенге болгон уруксатдагы канчалык мөөнөткө берилгенине карабастан күчүн жоготот жана Мамко-митетке кайра тапшырылууга тийиш. 27. Четөлкөлүк мамлекеттердин аймактарында толтурулган расмий до-кументтердин көчүрмөлөрүн четөлкөлүк жарандар иштегенге уруксат алууүчүн көрсөтүшкөндө, алар белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынынчетөлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемеле-ринде мыйзамдаштырылышы керек. 28. Эгерде документтер чет тилдерде толтурулса, аларга нотариалдыкжактан күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмийтилдериндеги котормолор кошо тиркелет. Эгерде документтер түп нускасыкөрсөтүлбөй, көчүрмөлөрү гана көрсөтүлө турган болсо, алар дагы ошондойэле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү зарыл. 29. Жумушка уруксатты берүү же андан баш тартуу жөнүндөгү чечимМамкомитет тарабынан ага бардык талап кылынган тиешелүү түрдө толтурул-ган документтер берилгенден кийин 15 күндүн ичинде кабыл алынат. 30. Четөлкөлүк жаран жумушка берилген уруксатын жоготуп алса, Мам-комитетке жоготуунун себептерин көрсөтүп, уруксаттын дубликатын берүүнүсурап арыз жазышы керек. Жумушка алган уруксатты жоготкон учурда жумуш-ка уруксат алуудагы баасынын 50 пайызын төлөгөндөн кийин уруксаттындубликаты берилет. 31. Мамкомитет жумуш берүүчүлөр жана жумушка тартылган четөлкөлүкжумушчулар ортосундагы түзүлгөн келишимдердин реестрин түзөт. 32. Четөлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга жумушка уруксаттөмөнкү учурларда берилбейт же мурда берилген уруксат алынып коюлат: - ички эмгек рынокто Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичиненадистер болгон кезде; - берилген маалыматтардын туура эместиги аныкталганда; - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик же жеке ишкердигинтоктоткон кезде; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген аракет-терди жасаганда. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана жумушка уруксат берүүдөн баштартуу же мурда берилгендерин кайра алып коюу же күчүн токтотуп коюужөнүндөгү чечимдер сот аркылуу арыз боюнча каралышы мүмкүн. 33. Мамкомитет четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана жумушка бе-рилген уруксаттар жөнүндөгү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинежана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына жөнөтөт. 34. Мамкомитет жумуш берүүчүлөрдүн жана жеке ишкерлердин өз ишмер-диктеринде ушул Жобонун шарттарын кандай аткарып жатышканын текшериптурат. 35. Четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга байланыш-туу болгон ишмердик четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана жумушкауруксаты жок ишке ашырылганда жумуш берүүчүнүн же жеке ишкердин ошолишмердик түрүнөн алган пайдасы Мамкомитеттин доосу менен сот аркылууөндүрүлүп алынат жана мамлекеттин бюджетине жөнөтүлөт. 36. Бул Жобо аркылуу аныкталган четөлкөлүк жумушчу күчүн тартууга,ошондой эле жумушка уруксаттарды берүүнүн милдеттүү тартиби Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык четөлкөлүк жарандарга жана жарандыгыжок адамдарга төмөнкү учурларда колдонулбайт: - расмий түрдө качкындар деп таанылышса; - туруктуу Кыргыз Республикасынын аймагында жашашса; - Кыргыз Республикасынын аймагында саясий башпаанек алышса;Көрсөтүлгөн тартип мындан сырткары четөлкөлүк жарандарга төмөнкү учур-ларда колдонулбайт: - четөлкөлүк юридикалык тарап алып келип берген технологиялык жаб-дыктарды монтаж (шеф-монтаж) жасоо үчүн иш сапары менен келишкен кыз-матчыларга; - Кыргызстандык билим берүү программаларынын алкагында өндүрүштүктажрыйбада жүрүшкөн студенттерге, ошондой эле каникул учурунда иштепжүрүшкөндөргө; - Кыргыз Республикасында аккредитацияланышкан дипломатиялыкөкүлчүлүктөрдө жана консулдук мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республи-касынын аймагында турушкан дипломатиялык статусу бар уюмдарда иштешкен-дерге; - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган кабарчылар менен жур-налисттерге; - Кыргыз Республикасынын четөлкөлөр менен түзүлгөн мамлекеттераралык жана өкмөттөр аралык макулдашууларына жумушка орношуунун өзгөчөтартиби каралган адамдарга. Жогоруда саналган адамдардын баарына - ушул пункттун биринчибөлүгүндөгүлөрдөн башкасына - иш максаттары менен болушу жанамөөнөттөрү көрсөтүлгөн справкалар акысыз берилет жана ал справкалар ви-за ачууга же аны улантууга негиз болуп берет.