Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 11-сентябры №650
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун
бирдиктүү мамлекеттик системасынын» максаттуу билим берүү,
илимий-техникалык программасын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7декабры № 840 токтомдун редакциясына ылайык)
"Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагынан адистерди
даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-
жылдын 6-августундагы № 357 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. «Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү
мамлекеттик системасынын» максаттуу билим берүү, илимий-техникалык
тиркелген программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз
Республикасынын Билим берγγ жана илим министрлиги
менен бирдикте Россия Федерациясынын биринчи президенти Б.Н.Ельцин
атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин (мындан ары - КРСУ)
базасында 2006-2007-окуу жылынан баштап республиканын алыскы
райондорунан 50 адам санында "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" адистигине
студенттерди ар жылдык кабыл алууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Өзгөчө кырдаалдарды
божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын”
максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын жана өзгөчө кыр-
даалдардан коргоо боюнча адистерди даярдоону каржылоо чыгымдарын мамле-
кеттик программалардын жана иш-чаралардын болжолдуу планындагы КРСУнун
бюджети боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
аркылуу караштырсын.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7декабры № 840 токтомдун редакциясына ылайык)
4.(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7декабры № 840 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
5.(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7декабры № 840 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Билим берγγ жана илим министрлиги Кыргыз
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КРСУ
менен бирдикте жалпы билим берүү, кесиптик жана жогорку окуу
жайларында окугандар үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана
билим берүү программаларын иштеп чыгууда "Өзгөчө кырдаалдардын алдын
алуу жана кесепеттерин жоюу" деген атайын курсту киргизүүнү карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КРСУ
(макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаалдардын алдын
алуу жана жоюу жагындагы илимдерди пропагандалоону камсыз кылышсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов