Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-декабры № 840
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 650 “Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын”
максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын
бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы адистерди даярдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 650 “Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын” максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- токтомдун жана анын тиркемесинин бүткүл тексти боюнча “Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү “Билим берүү жана илим министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын” максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча адистерди даярдоону каржылоо чыгымдарын мамлекеттик программалардын жана иш-чаралардын болжолдуу планындагы КРСУнун бюджети боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу караштырсын.
- 4 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын” максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасында:
“Программаны аткаруу мөөнөтү” III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“3-этап (2016-2026-жылдар). Максаты – өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында адистерди даярдоо, өзгөчө кырдаалдар келтирген зыянды азайтуу жана жеңилдетүү системасын өркүндөтүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча максаттуу программаны андан ары ишке ашыруу.”.
- “Программанын финансылык ресурстары” IV бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“IV. Программанын финансылык ресурстары
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан “Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын” максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча адистерди даярдоону каржылоого чыгымдар мамлекеттик программалардын жана иш-чаралардын болжолдуу планындагы КРСУнун бюджети боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу караштырылат.
КРСУда өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууга байланышкан транспорттук жана суткалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык төлөнөт.”.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |