Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №372 токтомуна ылайык күчүн жоготту КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2006-жылдын 14-сентябры, №659 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук борборужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июнундагы №308 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын айрым маданият мекемелерининкызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындагы № 716 токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин: - 1-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын; - аталган токтомдун № 3 тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын. 2.Төменкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - «Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттукборбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 30-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1999-жылдын 8-февралындагы № 74 токтому; - «Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттукборборунун жана Эл аралык тоо жылын даярдоо жана өткөрүүнүн Улуттукфондунун маселелери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын4-мартындагы № 120 токтому; - «Тоолуу мамлекеттердин эл аралык маалыматтык-билим берүү борборунтүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-декабрындагы № 813 токтому. Премьер-министр Ф.Кулов