КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16
Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 308 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын тоолуу райондонун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору жөнүндө Кыргыз Реепубликасынын Президентинин 2006-жылдын 16-февралындагы №72 «Тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү маселелеринде КыргызРеспубликасынын демилгелерин андан ары илгерилетүү боюнча кошумчачаралар жөнүндө"
Жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн сунушун эске алуу менен токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттукборбору Кыргыз Республикасын Президентинин Кыргыз Республикасынынтоолуу райондорун туруктуу өнүктүрүу маселелери боюнча Атайын өкүлүнүнжумушчу органы катары аныкталсын. 2. Кыргыз Респуадикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттукборбору жана анын түзүмү жөнүндө тиркелген
Жобо бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттукборборунун кызматкерлеринин санынын жогорку чеги 7 бирдик деп(имаратты тейлеген жана кайтарган персоналды кошпогондо) жана анынэмгек акы төлөө фондусу республикалык бюджетте каралган каражаттардынчектеринде белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети КыршыРеспубликасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук борборун КыргызРеспубликасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтыкматериалдарын алуучу органдардын тизмесине киргизсин. 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги №130 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматорундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө»
Жарлыгына төмөндөгүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген «Кыргыз Республикасынынсаясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын реестринин» № 1тиркемесинде: «Саясий мамлекеттик кызмат орундары» бөлүгүнүн «КыргызРсспубликасынын башчысы» деген бөлүкчөсүнүн III тобунун төртүнчүабзацы «адам укуктары боюнча Комиссиянын төрагасы» деген сөздөрдөнкийии «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынынтоолуу райондорун туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Атайын өкүлү»деген сөздөр менен толукталсын; «Борбордук органдар» бөлүкчөсүнүн II тобу төмөндөгү мазмундагыабзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттукборборунун төрагасы»; «Борбордук органдар» бөлүкчөсүнүн Ш тобу төмөндөгү мазмундагыабзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттукборборунун төрагасынын орунбасары»; жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген «Кыргыз Республикасынынадминистрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри» деген № 2тиркемеде: «Борбордук органдар» деген V бөлүктүн 4-главасынын аталышы«улуттук комиссиялар» деген сөздөрдөн кийин «, улуттук борборлор».»деген сөздөр менен толукталсын. 6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкарууоргандарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө»
Жарлыгына төмөндөгүдөйөзгөртүү киргизилсин: - 5-пункттун «а» пунктчасынын экинчи абзацындагы «КыргызРеспубликасынын тоолуу райондорду өнуктүрүүнүн Улуттук борбору» дегенсөздөр алып салынсын. 7. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагыПЖ № 223
Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) 8. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 30-декабрындагы№ 414 «Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттукборборун түзүү жөнүндө»
Указы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 25-январындагы№ 58
буйругу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-февралындагы№ 35
буйругу. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: - ушул Жарлыктан келип чыгуучу маселелерди чечсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 10. Ушул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын стратетиялыкөнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн. 11. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев