Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
  КР Өкмөтүнүн          2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 14-сентябры № 660                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ                2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын                    Нарын облусунун Акталаа районун                        социалдык-экономикалык                         өнүктүрүү программасы                                жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Нарын  облусунун Акталаа районунун социал-дык-экономикалык маселелерин чечүү  максатында  Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат:     1. 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Акта-лаа  районун  социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн тиркелген программасы(мындан ары - Программа) бекитилсин.     2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор,  Нарын облусунун жана Акталаа районунун мамлекеттик администра-циялары:     - Программаны аткаруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;     - жылына  эки  жолу  отчеттук жарым жылдыктан кийинки айдын 25иненкечиктирбестен Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министринин  АппаратынаПрограмманын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип турушсун.     3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынПремьер-министринин    Аппаратынын   тиешелүү   башкармалыктары   мененбөлүмдөрүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Ф.Кулов