Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2006-жылдын 18-сентябры №679 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ Коргонуу продукцияларын (жумуштарын, кызматтарын) жана маалыматтары мамлекеттик жашыруун сырды түзө турган продукцияларды (жумуштарды, кызматтарды) стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгөсалуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Коргонуу продукцияларын (жумуштарын, кызматтарын) жана маалыматтарымамлекеттик жашыруун сырды түзө турган продукцияларды (жумуштарды,кызматтарды) стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуужана колдонуу тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр Ф.Кулов