Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 2006-жылдын 18 сентябрындагы №679
токтому менен бекитилген Коргонуу продукцияларын (жумуштарын, кызматтарын) жана маалыматтары мамлекетгик жашыруун сырды түзө турган продукцияларды (жумуштарды, кызматтарды) стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартиби жөнүндө Жобо I. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо аскердик багыттагы продукциялар жана эки бирдейколдонуудагы продукциялар болуп санала турган коргонуу продукциялары(жумуштары, кызматгары), мамлекеттик жашыруун сырды түзө турган же КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылышы чектелгенмаалыматтарга кирген информацияларды коргоо максатында колдонулганпродукциялар (жумуштар, кызматтар), мамлекеттик коргонуу заказы жанамамлекеттик коргонуу заказынан тышкары (мындан ары — коргонуу продукциясы)мамлекеттик муктаждыктар үчүн бериле турган маалыматтары мамлекеттикжашыруун сырды түзүүчү продукциялар (жумуштар, кызматтар), аларды иштепчыгуу, өндүрүү, иштетүү, ремонтгоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жанаутилдештирүү боюнча стандартташтыруу документтерин иштеп чыгуу, кабыл алуужана колдонуу тартибин белгилейт. 2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: - мамлекеттер аралык аскердик стандарт - Стандартташтыруу, метрологияжана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кењеш тарабынан кабылалынган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу өлкөлөр мененКыргыз Республикасынын аскердик-техникалык кызматташтыгын жүзөгө ашыруудакөп ирет колдонуу үчүн коргонуу продукцияларынын мүнөздөмөлөрүн, алардыиштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, иштетүүнүн, ремонттоонун, сактоонун, ташуунун,сатып өткөрүүнүн жана утилдештирүүнүн принциптерин жана эрежелеринбелгилөөчү стандарт; - улуттук аскердик стандарт - стандартташтыруу боюнча улуттук органкабыл алган, көп ирет колдонуу үчүн коргонуу продукцияларынынмүнөздөмөлөрүн, аларды иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, иштетүүнүн, ремонттоо,сактоо, ташуу, сатып өткөрүүнүн жана утилдештирүүнүн принциптерин жанаэрежелерин белгилеген стандарт; - согуштук абалдын улуттук стандарты - стандартташтыруу боюнча улуттукорган кабыл алган, коргонуу продукцияларынын согуштук абал мезгилиндеколдонулуучу мүнөздөмөлөрүн, аларды иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн,иштетүүнүн, ремонттоонун, сактоонун, ташуунун, сатып өткөрүүнүн жанаутилдештирүүнүн принциптерин жана эрежелерин белгилеген жана өзгөчөкөрсөтмө боюнча ишке киргизилүүчү стандарт; - чектелген таратылуудагы улуттук стандарт - стандартташтыруу боюнчаулуттук орган кабыл алган, көп ирет колдонуу үчүн коргонуупродукцияларынын мүнөздөмөлөрүн, аларды иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн,иштетүүнүн, ремонттоонун, сактоонун, ташуунун, сатып өткөрүүнүн жанаутилдештирүүнүн принциптерин жана эрежелерин белгилөөчү жана мамлекеттикжашыруун сырды түзө турган жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык ачыка чыгаруу чектелген маалыматтарды камтыган стандарт; - аткаруу бийлигинин органдары-мамлекеттик заказ берүүчүлөр -аныкталган ишмердик чөйрөсүндө коргонуу продукцияларынын заказчыларыболгон аткаруу бийлигинин органдары; - коргонуу продукциясы - коргонуу муктаждыктары үчүн колдонуугаарналган жана өзүнө коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн иштелипчыккан курал-жарактарды жана согуштук техникаларды, башка атайынтехникаларды жана аскердик-техникалык мүлктү, эки бирдей колдонуудагыпродукцияларды (мамлекеттин коргонуусунун жана экономиканын тармактарынынмуктаждыктары үчүн), атайын өндүрүш каражаттарын, комплектилик буюмдарды,материалдарды, илимий-техникалык продукцияларды камтыган продукциялар(буюмдар, жумуштар, кызматтар) жана башкалар; 3. Коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча документтер өзүнөдокументтердин төмөнкү түрлөрүн камтыйт: - мамлекеттер аралык аскердик стандарттар; - улуттук аскердик стандарттар; - согуштук абалдын улуттук стандарттары; - улуттук стандарттар жана мамлекеттик коргонуу заказдарын аткаруудаколдонула турган аларга кошумчалар; - уюмдардын мамлекеттик коргонуу заказдарын аткарууда колдонула турганстандарттары; - стандартташтыруу боюнча эрежелер, ченемдер жана сунуштар; - курал-жарактардын жана согуштук техникалардын түрлөрүнө карата жалпытехникалык талаптардын системасынын ченемдик-техникалык документтери. 4. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тууралуумаалыматтар коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча документтердинтоптомо тизмегине киргизилет (мындан ары - топтомо тизмек). Топтомо тизмек коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнчадокументтерге кирет. 5. Коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча документтер улуттукстандартташтыруу системасынын чакан системасын түзөт. 6. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен иштелип чыкканкоргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча документтер мамлекеттинменчиги болуп саналат. II. Стандартташтыруу боюнча ишмердик 7. Жумуштарды илимдин жана техниканын, коргонуу-өнөр жай комплексининжетишкендиктерин жана өнүгүү келечектерин эске алуу менен пландоонун,бирдиктүү маалыматтык камсыздоонун жана илимий-изилдөөчүлүк коштоопринциптеринин негизинде жүргүзүлүүчү стандартташтыруу боюнча иштөмөнкүлөрдү камсыздоого багытталат: - Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун; - илимий-техникалык прогрессти; - коргонуу продукцияларынын сапатын, атаандашуусун жана коопсуздугун; - коргонуу продукцияларынын өндүрүш каражаттарын натыйжалуупайдаланууну, каржылык жана материалдык каражаттардын чыгымдарыноптмалдаштырууну; - коргонуу продукцияларынын курамдык бөлүктөрүнүн, комплектиликтетиктеринин жана материалдарынын шайкештигин жана бири-бириналмаштыруусун, анын номенклатурасын оптималдаштырууну; - изилдөөлөрдүн (сыноолордун) натыйжаларынын салыштырмалыгын жанаөлчөөлөрдүн бирдейлигин. 8. Стандартташтыруу боюнча ишмердик мамлекеттик сырды түзгөн же КыргызPeqosakhj`q жана интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоотармагындагы мыйзамдарды эске алуу менен улуттук аскердик стандартгардабелгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. III. Стандартташтыруу жана өлчөөлөрдүн биримдигин камсыз кылуу боюнча улуттук орган 16. Стандартташтыруу жана өлчөөлөрдүн биримдигин камсыз кылуу боюнчаулуттук органды ( Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрологияулуттук институту, мындан ары- стандартташтыруу боюнча улуттук орган)Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. IV. Мамлекеттик заказ берүічі-аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын стандартташтыруу боюнча ишмердикти жүргүзіүдөгү ыйгарым укуктары 17. Коргонуу продукциялары чөйрөсүндөгү стандартташтыруу боюнчаишмердикти өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашырган коргонуумаселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп КыргызРеспубликасынын Коргоо министрлиги, мамлекетгик жашыруун сырды сактоооргандары болуп саналышкан аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары,мамлекеттик заказ берүүчү болушкан аткаруу бийлигинин башка мамлекеттикоргандары саналышат. 18. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - коргонуумаселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы) өзүнүн ыйгарымукуктарынын чектеринде: - коргонуу продукцияларына улуттук стандарттарды иштеп чыгуу боюнчамамлекеттик заказ берүүчүнүн функцияларын жүзөгө ашырат; - коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча ишмердикти келечеккебожомолдоону жүзөгө ашырат, коргонуу продукцияларын стандартташтыруубоюнча жумуштардын программаларын жана жылдык пландарын иштеп чыгат; - стандартташтыруу боюнча улуттук орган кабыл алуучу коргонуупродукцияларын стандартташтыруу боюнча документтердин долбоорлорунмакулдашууну жүргүзөт; - стандартташтыруу боюнча улуттук орган, мамлекеттик заказ берүүчүболушкан аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары менен бирдиктекоргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча документтерди иштепчыгууга, кабыл алууга, таратууга, колдонууга жана жокко чыгарууга карататалаптарды орноткон улуттук аскердик стандарттарды, улуттук стандарттарды,стандартташтуруу боюнча эрежелерди, ченемдерди жана сунуштамалардыдаярдоону жүзөгө ашырат; - мамлекеттик заказ берүүчү болушкан аткаруу бийлигинин мамлекеттикоргандарынын коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча документтердииштеп чыгуу боюнча иштерин координациялайт; - коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча документтерди иштепчыгууга жана колдонууга көзөмөл жүргүзөт, ошондой эле аткаруу бийлигининкызыкдар мамлекеттик органдары менен бирдикте мындай көзөмөлдү жүзөгөашыруунун тартибин аныктайт; - стандартташтыруу боюнча колдонуудагы документтердин топтомо тизмегиндаярдоону жүзөгө ашырат; - стандартташтыруу кызматын түзөт жана/же коргонуу продукцияларынстандартташтыруу боюнча жооптуу адистерди дайындайт; - курал-жарактардын жана аскердик техниканын түрлөрүнө жалпытехникалык талаптар системасынын ченемдик-техникалык документтерин кабылалууну, чыгарууну жана таратууну, ошондой эле алардын контролдукнускаларын сактоону жүргүзөт; - коргонуу продукцияларын стандартташтыруу тармагындагы коргонуубоюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын адистерин даярдоону жанакесиптик дењгээлдерин жогорулатууну, коргонуу продукцияларынстандартташтыруунун илимий-усулдук негиздерин өркундөтүү боюнча жумуштардыжүргүзүүнү камсыз кылат; - ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндөгү коргонуу продукцияларынстандартташтыруу боюнча документтердин сакталышын камсыз кылат. 19. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жашыруунсырды сактоо органдары болуп саналышкан, мамлекеттик заказдарды берүүчүаткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынынчектеринде: - коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча жумуштаргамамлекеттик заказ берүүчүнүн функцияларын аткарышат; - коргонуу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы,стандартташтыруу боюнча улуттук орган, коргонуу продукцияларынстандартташтыруу маселелери боюнча мамлекеттик заказдарды берүүчү аткаруубийлигинин башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнүжүргүзөт. - коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнча жумуштардын жылдыкпланын түзүүгө жана макулдашууга катышышат, чектелген колдонуудагы улуттукстандарттарга тиешелүү улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасынынбөлүмүнө киргизүү үчүн сунуштарды даярдашат; - стандартташтыруу боюнча улуттук орган иштин белгиленген чөйрөсүндөкабыл алуучу коргонуу продукцияларын стандартташтыруу боюнчадокументтердин долбоорлорун макулдашууну камсыздашат. V. Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондусу 20. Техникалык регламенттер, улуттук стандарттар жана стандартташтыруубоюнча документтер, алардын ичинде Кыргыз Республикасында кабыл алынган эларалык (региондук) стандарттар, ченемдер жана эрежелер, ошондой эле башкамамлекеттердин улуттук стандарттары техникалык регламенттердин жанастандарттардын Улуттук маалымат фондусун түзүшөт ( мындан ары-Фонд). 21. Фонд мамлекеттик маалымат ресурсу болуп саналат жана техникалыкжөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баапоо боюнчааткаруу бийлигинин органдары, чарбалык ишмердиктин субьекттери, коомдукбирикмелер, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүаркылуу стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан түзүлөт. 22. Фонддун ишинин тартибин, ошондой эле ушул Фондуну пайдалануутартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. 23. Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн жана мыйзам тарабынан корголуучумаалыматтардан башка техникалык жөнгө салуу, улуттук, эл аралык, региондукстандарттар, уюмдардын стандарттары жана стандартташтыруу боюнча эрежелер,ченемдер жана сунуштамалар тармагындагы иштелип жаткан жана кабыл алынганченемдик укуктук актылар жөнүндө расмий маалыматтар башка пайдалануучуларүчүн ачык болууга тийиш. 24. Улуттук стандарттарды жана Фонддун маалыматтык продукцияларын жанаалар тууралуу маалыматтарды чыгаруу жана колдонуучуларды камсыз кылуустандартташтыруу боюнча улуттук орган белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. 25. Ар бир стандарттын жана стандартташтыруу боюнча башка ченемдикукуктук документтердин кабыл алынганы тууралуу маалымат жана алардын бирнускасы документти иштеп чыккан орган тарабынан стандартташтыруу боюнчаулуттук органга бирдиктүү маалыматтык-библиографиялык маалымат базасынтүзүү үчүн жөнөтүлөт. VI. Мамлекеттик сырларды сактоону камсыз кылуу боюнча талаптар 26. Коргонуу продукцияларын стандартташтыруу, экспертизалоо жанамамлекеттик каттоодон өткөрүу боюнча бардык жумуштар жашыруундук режимжана мамлекеттик жашыруун сырды сактоону камсыз кылуу боюнча КыргызРеспубликасынын мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгөашырылат.