Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-сентябрындагы
№ 688 токтому менен
бекитилген
Жарылгыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу
иштерге адамдарга уруксат берүүнүн
тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо "Өнөр жайлык багыттагы жарылгыч материалдар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясында каралгандай өнөр жайлык
багыттагы жарылгыч материалдарды тынчтык максаттарга колдонууда аларды
жүгүртүүгө байланыштуу иштерге адамдарга уруксат берүүнүн тартибин бел-
гилейт.
2. Белгиленген тартип ЖМ менен иштеген ишканаларда жарылгыч мате-
риалдар менен иштөөгө, анын ичинде илимий изилдөө максаттарында, ошон-
дой эле тынчтык максаттарда жардыруу иштерин аткаруучу персонал үчүн
милдеттүү болуп саналат.
3. Ишкананын (уюмдун) биринчи жетекчиси ушул Жобого ылайык персо-
налды ЖМ менен иштөөгө жазуу жүзүндөгү буйрук менен уруксат берет. Иш-
канада ЖМ менен иштөө боюнча жалпы жетекчилик тоо-кен техникалык били-
ми, ЖМ менен иштөөгө уруксаты, ошондой эле ишкананын иш тармагындагы
жардыруу иштер өндүрүшүнө уруксаты менен "Жардыргычтын күбөлүгү" бар
адамга (техникалык директор, башкы инженер же башка) жүктөлүүгө тийиш.
Иш-аракеттин башка түрлөрүндө иштөөгө уруксат мындай укук берүүчү
атайын курстарда кошумча окугандан кийин гана берилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак-
циясына ылайык)
4. ЖМ менен иштөө боюнча жетекчиликке уруксат берилген же ЖМ менен
иштөө боюнча иштин башка түрлөрүнө укук алышкан, ага ылайык билими жө-
нүндө документи бар адамдар жер казынасын пайдалануу боюнча атайын ый-
гарым укуктуу органынын комиссиясында аттестациядан өтүшү керек. Текше-
рүүнүн мезгилдүүлүгү үч жылда кеминде бир жолу болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак-
циясына ылайык)
5. Жардыруу иштерине жетекчиликке же өндүрүшкө (ЖМ менен иштөөгө)
уруксат берилген адамдардын соттолгондугу болбоого тийиш, анын жетекчи-
лик тарабынан жакшы мүнөздөмөсү, тиешелүү медициналык адистердин (пси-
холог, нарколог, терапевт) оң корутундусу, ички иштер органдарынан
атайын уруксат жана жардыргычтын күбөлүгү болушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак-
циясына ылайык)
6. Жардыруу иштери "Жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бирдиктүү
эрежелеринин" талаптарына ылайык жардыргычтар тарабынан аткаршышы ке-
рек.
7. Жардыргычтын жана мастер-жардыргычтын кесибине окууга орто би-
лими, тиешелүү курагы жана төмөнкүлөрдө иш стажысы бар адамдарга жол
берилет:
- газ же жарылуу коркунучу бар көмүр шахтыларында - 22 жаштан жо-
гору жана жер алдындагы иштердеги стажы кеминде эки жыл;
- башка бардык жардыруу иштерине:
- 20 жаштан өйдө жана кен же кен-чалгындоо иштеринде кеминде бир
жыл иш стажысы бар адамдарга.
Окутуу атайын курстарда же окуу жайларында өндүрүштөн ажыратуу ме-
нен жүргүзүлүшү керек. Аттестациядан өткөн адамдарга жер казынасын пай-
далануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн
белгиленген формадагы "Жардыргычтын күбөлүгү" тапшырылат. Аттестация
жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы та-
рабынан жүргүзүлөт.
Жардыруу иштеринин өз алдынча жүргүзүүгө "Жардыргычтын күбөлүгү"
30 күндүн аралыгында стажировкадан өткөндүгү тууралуу белгиси бар адам-
дарга жол берилет. Стажировкадан өтүү фактысы аны өткөргөн ишкананын
жардыруу иштери боюнча жетекчисинин койгон колу (чечмеленип) жана мөөрү
менен тастыкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 653 токтомунун редак-
циясына ылайык)
8. ЖМ кампасынын башчысы, ЖМны таратуучулар, ЖМ менен иштөөгө жол
берилген лаборанттар жана айдоочулар окутулуп, аттестациядан өтүшү ке-
рек жана алардын "Жардыруу иштериндеги коопсуздуктун бирдиктүү эрежеле-
рине" жана Кооптуу жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу боюнча
нускаманын талаптарына ылайык берилүүчү тийиштүү күбөлүктөрү болууга
тийиш.