КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-сентябры № 702 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынынаймаганда техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучутехникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актыларжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы №473 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтомкылат: 1. Тиркелген Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобобекитилсин. 2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - тиешелүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин Мамлекет-тик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо колдонуулары; - ал Жобону Кыргыз Республикасынын аймагындагы базарларгажүгүртүүгө келип түшкөн продукцияларга коюлган милдеттүү талаптардынаткарылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин атайыныйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жетекчиликке алышы керек. Ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси жана алардын компетенциясынынтармагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473"Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө кир-генге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы норматив-дик укуктук актылар жөнүндө" токтому менен бекитилген. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги №194 "Ишкердик субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардынтекшерүүсүнүн тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик субъ-екттерин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочуоргандарынын тизмесине төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр кирги-зилсин: - 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- облустук, шаардык, райондук Мамлекеттик санитардык-эпидемиоло-гиялык көзөмөлдөө борборлору"; - 3-пункттагы экинчи жана үчүнчү абзацтар алып салынсын; - 4-пунктка: экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "Мамлекеттик ветеринария департаменти;"; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "- региондук, шаардык, райондук мамлекеттик ветеринардык көзөмөлбашкармалыктары"; - 8,9 жана 10-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-рулуш боюнча мамлекеттик агенттик: Шаар куруу жана архитектура-курулуш көзөмөлү (Мамархкуру-лушкөзөмөл) боюнча аймактык органдар. "9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газбоюнча мамлекеттик инспекциясы"; "10. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаан-даштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агентиги."; - 12-пункт күчүн жоготту деп табылсын; - 13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турганчөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик". 4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийинкүчүнө кирет. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов