Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-октябрындагы № 711 токтому менен бекитилген Дүйшөмбү шаары2006-жылдын 25-майы Улуттук маалымат базаларын калыптандыруу жана интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу Концепциясы жөнүндө ЧЕЧИМ Көзкарандысыз Шериктеш Мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кењешичечти: 1. Улуттук маалымат базаларын калыптандыруу жана интеллектуалдыкменчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнчамамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу Концепциясы жактырылсын. 2. Бул чечим ага кол коюлган күндөн тартып, ал эми мыйзамдарыылайыктуу ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылышын талап кылуучуКөзкарандысыз Шериктеш Мамлекеттердин катышуучу-мамлекеттери үчүн, -тиешелүү документтердин депозитарияга берилген күнүнөн тартып күчүнөкирет. 2006 жылы 25 майда Дүйшөмбү шаарында ишке ашкан. Түп нускасы Көз-карандысыз Шериктеш Мамлекеттердин Аткаруу комитетинде сакталып турат,ал ушул Чечимге кол койгон ар бир мамлекетке анын күбөлөндүрүлгөн кө-чүрмөсүн жиберет. Азербайжан Республикасынын Молдова Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Армения Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Беларусь Республикасынын Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Грузин Өкмөтү үчүн Түркмөнстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Казакстан Республикасынын Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасынын Украинанын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн 2006-жылы 25-майда Улуттук маалымат базаларын калыптандыруу жана интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу Концепциясы жөнүндө Көзкарандысыз Шериктеш Мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кењешинин чечими тарабынан жактырылды Улуттук маалымат базаларын калыптандыруу жана интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу КОНЦЕПЦИЯСЫ Көзкарандысыз Шериктеш Мамлекеттердин катышуучу-мамлекеттери өк-мөттөр аркылуу (мындан ары - Тараптар), интеллектуалдык менчик тарма-гында укук бузуулардын алдын алууну жана бөгөт коюуну маалыматтык кам-сыз кылуунун маанилүүлүгүн эсепке алып, эл аралык укуктун жалпыга таа-нылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алуу менен, улуттукмаалымат базаларын калыптандыруу жана интеллектуалдык менчик тармагындаукук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттер аралыкмаалымат алмашууну уюштуруу Концепциясын (мындан ары - Концепция) кабылалышат. I. Жалпы жоболор 1.1 Концепция 1998-жылдын 6-мартындагы интеллектуалдык менчик тар-магында укук бузууларга бөгөт коюу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулда-шуунун (мындан ары - Макулдашуу) катышуучу-мамлекеттеринин маалыматтыкөз ара жардамын өнүктүрүү максатында кабыл алынды. 1.2. Концепция өз ичине жалпы принциптерде калыптанган улуттукмаалымат базаларын, ошондой эле мамлекеттер аралык маалымат алмашуунунэрежелери менен жол-жоболорун камтуучу интеллектуалдык менчик тармагын-да укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ишмердүүлүктүмаалыматтык камсыз кылуу тутумун (мындан ары - маалыматтык камсыз кылуутутуму) калыптандырууга көзкараштардын жыйындысы болуп саналат. 1.3. Концепция улуттук маалымат базаларын калыптандыруу принципте-рин жана тартибин, улуттук маалымат базаларына киргизүүгө жатуучу маа-лыматтар тутумун, маалымат булактарын жана улуттук маалымат базаларынынпайдалануучуларын, улуттук маалымат базаларын пайдалануу менен чечилүү-чү маселелерди, мамлекеттер аралык маалымат алмашууну жана маалыматтыккоопсуздукту камсыз кылууну уюштуруу үчүн чараларды, финансылык-эконо-микалык камсыз кылуу тартибин жана Концепцияны жүзөгө ашыруунун меха-низмин аныктайт. II. Улуттук маалымат базаларын калыптандыруу принциптери жана тартиби 2.1. Тараптар төмөндөгү принциптердин негизинде колдо барлары ме-нен жањы түзүлгөндөрүн адаптациялаштыруунун жардамы аркылуу улуттук ма-алымат базаларын калыптандырышат: колдонуудагы маалыматтык инфраструктураны пайдалануу; маалыматтын толуктугун, расмийлигин, актуалдуулугун жана чыныгылы-гын камсыз кылуу; мыйзам тарабынан корголуучу жашыруундуулукка кирүү мүмкүнчүлүгүнчектөөнү регламенттөөчү Тараптардын мыйзамдарын сактоодо маалыматтыначыктыгын жана түшүнүктүүлүгүн камсыз кылуу; маалыматка кирүү укугун чектөө үчүн маалыматтарды жана пайдалануу-чуларды категориялаштыруу; маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу. 2.2. Тараптар улуттук маалымат базаларын калыптандырууда: аларды калыптандырууну жана пайдаланууну ишке ашыруучу органдардыаныкташат; интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жанабөгөт коюу боюнча иш-чараларды коштоочу колдо бар маалымат ресурстарынжана технологиялардын анализин жүргүзүшөт; зарыл болгон улуттук маалымат базаларынын курамын жана мазмунунаныкташат; улуттук маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана пайдала-нуучулардын ар кандай категорияларынын аларды алуу тартибин аныкташат; техникалык жабдууну, программалык камсыз кылууну жүзөгө ашырышатжана улуттук маалымат базаларын киргизүү жана пайдалануу үчүн ченемдикдокументтерди иштеп чыгышат; электрондук формада түзүлгөн документти жана маалымат базасынаналынган юридикалык күчкө ээ электрондук документтин статусун таануумүмкүнчүлүгүн камсыз кылат; маалыматты коргоонун комплекстүү (анын ичинде техникалык) чарала-рын ишке ашырышат. III. Улуттук маалымат базаларына киргизүүгө жатуучу маалыматтардын курамы 3.1. Улуттук маалымат базаларына киргизүүгө баарыдан мурдатөмөндөгү маалыматтар жатат: мыйзамдарга ылайык корголуучу интеллектуалдык менчик объектилерин-де катталган Тараптар жана алардын укук ээлери жөнүндө; катталган интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды өткөрүпберүү жөнүндө; катталган интеллектуалдык менчик объектилери камтыган продукцияжана аны чыгаруучулар жөнүндө; интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуу фактыларын табуужөнүндө; интеллектуалдык менчик тармагында укук бузган юридикалык жана жекежактар жөнүндө; интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жанабөгөт коюу боюнча иш тажрыйбалары жөнүндө; ички рыноктун мониторингин өткөрүүнүн негизинде аныкталуучу карак-чылык продукциясынын дењгээли жөнүндө. 3.2. Улуттук маалымат базаларына киргизүүгө ошондой эле ченемдикукуктук актылар, усулдук материалдар жана интеллектуалдык менчик тарма-гындагы ишмердүүлүк маселелери боюнча сот органдарынын чечимдери жатат. 3.3. Улуттук маалымат базаларына киргизүүгө жатуучу жогоруда атал-ган пункттардын ар бири боюнча маалыматтардын конкреттүү тизмеси, алар-ды киргизүү жана чыгаруу тартиби, кирүү мүмкүндүгүнүн категориялары бо-юнча маалыматтарга чек коюу жана маалымат берүү Тараптардын мыйзамдарытарабынан аныкталат. IV. Улуттук маалымат базаларынын маалымат булактары жана пайдалануучулары 4.1 Улуттук маалымат базаларынын маалымат булактары болуп доку-менттер саналышат, атап айтканда төмөндөгүлөр: интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук коргоо берүүчү, Та-раптардын мамлекеттик органдарынын; компетенциясына интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардыналдын алуу жана бөгөт коюу кирүүчү, Тараптардын мамлекеттик органдары-нын; Тараптардын сот органдарынын; укук ээлеринин жана алардын ассоциацияларынын. 4.2. Улуттук маалымат базаларынын пайдалануучулары болуп, Тарап-тардын мамлекеттик органдары, Көзкарандысыз Шериктеш Мамлекеттердин ор-гандары, массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, юридикалык жанажеке жактар эсептелишет. V. Улуттук маалымат базаларын пайдалануу менен чечилүүчү маселелер Улуттук маалымат базалары төмөндөгү негизги маселелерди чечүү үчүнпайдаланылат: маалымат мейкиндигинин биримдүүлүгүн жана интеллектуалдык менчиктармагында укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу маселелери боюн-ча мамлекеттер аралык маалымат алмашуунун оперативдүүлүгүн камсыз кылууүчүн шарттарды түзүү; интеллектуалдык менчик тармагындагы улуттук мыйзамдарды ыњгайлаш-тыруу боюнча ишмердүүлүктү маалыматтык камсыз кылуу; Макулдашуунун аткарылышына жоопкерчиликтүү болгон Тараптардын ый-гарым укуктуу органдарына интеллектуалдык менчик тармагында даярдалыпжаткан жана ишке ашкан укук бузуулар, ошондой эле аларга тиешеси баржеке жана юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды өз убагында берүү; интеллектуалдык менчик объектилери жөнүндө маалыматтарды берүү; колдонулган чаралар жана интеллектуалдык менчик тармагында укукбузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ишмердүүлүктүн натыйжала-ры жөнүндө маалымат берүү; интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жанабөгөт коюу боюнча иш тажрыйбаларын алмашууну, биргелешкен илимий изил-дөөлөрдү жүргүзүүнү, кадрларды даярдоого жана квалификациясын жогорула-тууга жардам берүүнү маалыматтык камсыз кылуу; колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар, окуу, усулдук жанаатайын адабият менен алмашууну камсыз кылуу, ошондой эле чарба жүргү-зүүчү субъектилерге жана жарандарга интеллектуалдык менчик укуктарынберүү жана жүзөгө ашырууга байланыштуу пайда болуучу мамилелерди ченем-дик укуктук жөнгө салуу жөнүндө маалымат берүү. VI. Мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу Тараптар мамлекеттер аралык маалымат алмашууну натыйжалуу уюштуруумаксатында: маалыматтарды классификациялоону жана категориялаштырууну, пайда-лануучуларды категориялаштырууну, маалыматка кирүү ыкмаларын камтуу ме-нен улуттук маалымат базаларын калыптандырууга талаптарды бирдейлешти-ришет; пайдалануучулардын типтери боюнча категориялаштыруу менен, ачыккирүү жана түз кирүүнү камтуу менен, кирүүнүн ар кандай режимдери үчүнулуттук маалымат базаларында маалыматтарды бөлүшөт; Интернетти камтуу менен ар түрдүү маалыматтык-байланыш түйүндөрүнпайдалануу менен белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык улут-тук маалымат базаларына пайдалануучулардын түз өз ара кирүүсүн камсызкылышат; Алынган маалыматты ылайыктуу пайдаланууну камсыз кылууга зарыл ча-раларды кабыл алышат; Маалымат коопсуздугун камсыз кылууну жүзөгө ашырышат. VII. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу Тараптар улуттук маалымат базаларын пайдаланууда жана мамлекеттераралык маалымат алмашууну жүзөгө ашырууда маалымат коопсуздугун камсызкылуу максатында: коркунуч булактарын табышат жана алдын ала маалымдашат, жана маа-лымат коопсуздугунун тобокелчилигин баалоону ишке ашырышат; маалымат коопсуздугун камсыз кылуунун бирдей техникалык-технологи-ялык саясатын калыптандырышат, аны жүзөгө ашыруу механизмин иштеп чыгы-шат жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуунун өз ара макулдашуусун иш-ке ашырышат; улуттук маалымат базаларынын талаптарына, калыптандыруу жана пай-далануу максаттарына ылайыктуулук предметине жана мамлекеттер аралыкмаалымат алмашууну жүзөгө ашырууга техникалык жана программалык кара-жаттарды изилдешет; Тараптардын мыйзамдарына ылайык сертификацияланган маалыматтардыкоргоо каражаттарын пайдаланышат; маалымат коопсуздугун камсыз кылуунун талаптарына ылайык келүүчүпрограммалык, программалык-аппараттык жана аппараттык каражаттарды пай-даланышат; маалымат коопсуздугунун бузулушу жөнүндө божомолдор жана фактыларжөнүндө өз ара маалымдоону жүзөгө ашырышат; маалымат коопсуздугунун бузулушундагы залалдарды жок кылуу үчүнмакулдашылган чараларды жүзөгө ашырышат. VIII. Финансылык-экономикалык камсыз кылуу Улуттук маалымат базаларын калыптандыруу жана алып баруу боюнчажана мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу иштерин финансы-лык-экономикалык камсыз кылуу Тараптар тарабынан аныкталуучу тартиптежана шарттарда жүзөгө ашырылат. IX. Концепцияны жүзөгө ашыруу механизми 9.1. Бул Концепцияны жүзөгө ашыруу төмөндөгү жолдор менен камсызкылынат: комиссияларды калыптандыруу (жумушчу топторун); эл аралык келишимдерди түзүү; мамлекеттер аралык жана улуттук программаларды кабыл алуу. 9.2. Тараптар Концепция кабыл алынгандан кийин бир жылдын ичиндекомиссияларды (жумушчу топторун) калыптандыруу жана мамлекеттер аралыкжана улуттук программаларды кабыл алуу маселелерин карап чыгышат. "Улуттук маалымат базаларын калыптандыруу жана интеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу Концепциясы жөнүндө" 2006-жылдын 25-майындагы өкмөт башчыларынын Кењешинин Чечимине Азербайжан Республикасынын ӨЗГӨЧӨ ПИКИРИ Азербайжан Республикасы Концепцияны жүзөгө ашырууга улуттук мый-замдардын алкагында катышат. Бешинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "маалымат мейкиндигинин би-римдүүлүгүн жана" деген сөздөр алынып салынсын. Жетинчи бөлүктүн үчүнчү абзацынан башкасына. Азербайжан Республикасынын Премьер-министри А.Раси-заде Муну менен тиркелген текст 2006 жылдын 25-майындагы Дүйшөмбү шаа-рында өткөн Көзкарандысыз Шериктеш Мамлекеттердин өкмөт башчыларынынотурумунда кабыл алынган Улуттук маалымат базаларын калыптандыруу жанаинтеллектуалдык менчик тармагында укук бузуулардын алдын алуу жана бө-гөт коюу боюнча мамлекеттер аралык маалымат алмашууну уюштуруу Концеп-циясы жөнүндө Чечимдин чыныгы көчүрмөсү экендигин ырастаймын. Жогорудааталган Чечимдин түп нускасы Көзкарандысыз Шериктеш Мамлекеттердин Ат-каруу комитетинде сакталуу. Аткаруу комитетинин - КМШнын аткаруучу катчысынын Төрагасынын биринчи орунбасары В.Гаркун