Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы №133 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627, 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236, 2009-жылдын 12-августундагы № 515 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун негизги милдеттери
III. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун функциялары
IV. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун укуктары
V. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун ишинин уюштурулушу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин координациялаган, жер мамилелерин жөнгө салуу, кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү жагында бирдиктүү саясат жүргүзгөн жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттаган, кыймылсыз мүлккө катгалган укуктарды мамлекеттик коргоону камсыздаган, ошондой эле Кыргыз Республикасында топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди камсыздаган мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоо системасы жергиликтүү каттоо органдарынан (Бишкек шаарын кошо алганда), ошондой эле кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен зоналык борборунан, долбоорлоо-изилдөө жана геодезиялык-картографиялык подразделениелер менен уюмдардан түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун өз компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте кабыл алынган чечимдери бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар аткарышы үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу юридикалык жак болуп саналат, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, казыналык системасында өз алдынча балансы жана эсептери болот.
6. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, жер мамилелерин жөнгө салуу, жер кадастрын, жер жайгаштырууну, геодезия жана картографияны, ошондой эле кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү;
- кыймылсыз мүлк бирдиктерине (укуктарды бирдиктүү мамкаттоо) жана алар менен жасалган бүтүмдөргө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү менен кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин координациялоо;
- кыймылсыз мүлккө катталган укуктарды мамлекеттик коргоону камсыздоо;
- кыймылсыз мүлк рыногун, анын ичинде жер рыногун өнүктүрүү жагындагы саясатты аныктоо жана жөнгө салуу;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер жайгаштыруу, геодезия жана картография жагындагы мамлекеттик системаны өнүктүрүүдө бирдиктүү саясат жүргүзүү;
- жер кадастрын жана жердин мониторингин жүргүзүү, жер ресурстарын пайдалануу, жер жайгаштыруу, геодезия жана картография боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, ошондой эле илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаны өндүрүшкө киргизүү;
- жер реформасын жүргүзүүгө катышуу;
- администрациялык-аймактык жана аймактык-өндүрүштүк чектерди кошо алганда чегараларды белгилөө (калыбына келтирүү) жана натурада (жеринде) бекемдөө (белгилөө) менен жерге чек коюу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө конкурстарды жана аукциондук соодаларды өткөрүүгө катышуу;
- жер участокторуна укуктарды тастыкттоочу документтерди тариздөө, берүү жана каттоо;
- республиканын картографиялык продукцияларга, топографиялыкгеодезиялык жана маркшейдердик маалыматтар менен материалдарга керектөөлөрүн камсыздоо максатында мамлекеттик топографиялыкгеодезиялык иштерди, ошондой эле геодезиялык тармактарды координаттардын бирдиктүү системасында өнүктүрүү;
- жер жөнүндө мамлекеттик геомаалыматтык системаны, анын ичинде укуктардын бирдиктүү мамкаттоосунун базасында кыймылсыз мүлк боюнча республикалык маалыматтык системаны түзүү;
- айыл чарба жерлерин жакшыртуу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу жана жерди коргоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгууга катышуу;
- жердин пайдаланылышын жана корголушун, жер мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо;
- кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жерди нарктык баалоонун (нормативдик баа) өлчөмдөрүн аныктоонун методикасын иштеп чыгуу;
- топографиялык-геодезиялык иштерди аткаруу жана геодезиялык тармакты өнүктүрүү;
- топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштердин аткарылышына мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдү ишке ашыруу;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, жер мамилелери, жер кадастры, жер жайгаштыруу, геодезия жана картография маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгуу, ошондой эле кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү;
- бардык категориядагы жерлерде сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу;
- мамлекеттик жана көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен кыймылсыз мүлктү баалоону уюштуруу;
- кыймылсыз мүлк жана ага укуктар жөнүндө маалыматтарга муктаж болгон мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле бардык керектөөчүлөрдү маалымат менен камсыздоо;
- Мамкаттоонун кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу борборлорун уюштуруу;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен бирдикте кыймылсыз мүлк рыногунун, анын ичинде айыл чарба жерлеринин жана калктуу конуштардын жерлеринин рыногунун өнүгүшүн жана иштешин камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жерлерди инвентаризация жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- өз компетенциясынын чектеринде эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу.
7. Мамкаттоо ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежесин, кызматтык документтердин, аларды толтуруу жана жүргүзүү боюнча нускамалардын, кыймылсыз мүлккө укуктарды баштапкы каттоону жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү каттоону жүргүзүү жана даярдык иштерин көрүү жол-жоболорунун формаларын белгилөөнү кошо алганда белгиленген тартипте иштеп чыгат жана бекитет;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүргүзөт жана укуктардын борбордоштурулган бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзөт;
- каттоо системасынан маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн берүү тартибин иштеп чыгат жана бекитет;
- бардык арест салуулардын жана тыюу салуулардын эсебин алууну, ошондой эле каттоо органдары тиешелүү чечимдерди жана билдирүүлөрдү алганда мындай аресттен бошотуу жана тыюу салууларды өз учурунда алып салууну камсыздайт;
- кыймылсыз мүлк боюнча өз компетенциясынын чектеринде талаштартыштарды чечет;
- гарантиялык фонддун каражаттарынын эсебин туруктуу алууну жана максаттуу сарпталышын уюштурат жана ишке ашырат;
- кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүү жүргүзөт жана техникалык паспорт берет;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, жер кадастры, жер жайгаштыруу, геоботаникалык, кыртыштык, агрохимиялык жана башка изилдөө, картографиялык, маркшейдердик жана топографиялыкгеодезиялык иштердин жана алардын өндүрүшүнүн бирдиктүү мамлекеттик системасына жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү жер фондун сарамжалдуу пайдалануунун комплекстүү жана максаттуу программаларын иштеп чыгат;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүү боюнча илимий-методикалык рекомендацияларды, нускамаларды басып чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын картографиялык фондун түзөт жана жүргүзөт;
- мамлекеттик жер запасын, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондун, жайыттарды жана жерлердин башка категорияларын берүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин негизинде жер участокторуна болгон укукту ырастоочу документтерди берүүнү, жерлердин чектерин тактоо жана аларды өзгөртүү менен юридикалык жактар менен жеке адамдардын жерди пайдаланууларын тартипке келтирүүнү жүргүзөт;
- мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчиктин ар кандай формасындагы жерлерди алып коюу жана берүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте жеринде чектерин белгилөө менен облустардын, шаарлардын, райондордун жана башка администрациялык бирдиктердин администрациялык-аймактык бөлүнүшү (жайгашышы) боюнча материалдарды, ошондой эле өзгөчө жаратылыштык-укуктук жана башка режимдердеги аймактарды жайгаштыруунун жана чектерин белгилөөнүн техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча материалдарды иштеп чыгат;
- коргонуу, чегаралык жана башка тыюу салынган зоналардын жерлерин кошо алганда ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык жер пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын сакташыны, жерди пайдаланышына жана коргошуна мамлекеттик контролду ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын жер фондунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө мамлекеттик жылдык отчет түзүү менен жердин мониторингин жүргүзөт, мамлекеттик жер кадастрын уюштурат жана жүргүзөт;
- белгиленген тартипте жер салыгын эсептөө үчүн жердин баасынын (нормативдик баасы) өлчөмдөрүн аныктоо жана ага баа берүү методикасын, жерди тооруктарда сатууда жер участокторуна старттык бааны, мамлекеттик жана башка айыл чарбалык муктаждыктар үчүн жерди алып коюуда (сатып алууда) жоготуулар менен чыгымдардын ордун толтуруу методикасын иштеп чыгат;
- мамлекеттик жана коомдук, ошондой эле башка айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерди алып коюуда (сатып алууда), жер бөлүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын, тарткан зыяндарын жана албай калган пайдаларын эсептейт, жер пайдалануучулардын жоготууларынын ордун толтуруп берүү нормативдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жер жайгаштыруу, геодезиялык жана картографиялык тематика боюнча каржылоо булактарына карабастан, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан аткарылган долбоордук-сметалык документтерди техникалык экспертиза жүргүзөт;
- жер жайгаштыруу, геодезия жана картография боюнча долбоордук изилдөө, иликтөө жана илимий иштерин жүргүзөт;
- фундаменталдуу жана атайын геодезиялык тармактарда Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн координаттардын жана бийиктиктердин илимий жактан негизделген системаларын белгилейт, жердин бетинин жылышууларына көз салат;
- республиканын бүткүл аймагында координаттар менен топографиялык сүрөткө тартуулардын бирдиктүү системасында керектүү масштабдардагы геодезиялык, астрономиялык жана гравиметриялык иштерди аткарууну камсыздайт;
- республиканын аймагындагы геодезиялык пункттардын эсебин алат жана белгиленген тартипте бул пункттардын сакталышын камсыздайт;
- географиялык аталыштардын каталогдорун жүргүзөт, басылып чыккан карталарда алардын туура жазылышын камсыздайт, ар кандай багыттагы карталарды жана атластарды чыгарууну ишке ашырат;
- каттоо, жер жайгаштыруу, топографиялык, картографиялык, аэрофотолук сүрөткө тартуу жана космофотографиялык, текшерүү материалдарынын эсебин алууну, сактоону жана берүүнү ишке ашырат;
- жер жайгаштыруу документтерине экспертиза жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык ведомстволук уюмдарда бухгалтердик жана статистикалык эсепти жана отчеттуулукту уюштурат жана ишке ашырат;
- чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен бирдикте: кыймылсыз мүлк рыногунда, жер жайгаштыруу жана жерди сарамжалдуу пайдалануу, картография жана геодезия, жердин формаларын, өлчөмдөрүн жана гравитациялык талаасын изилдөө, Жердин, Айдын жана башка асман телолорунун жасалма спутниктери, геодезиялык жана картографиялык максаттарда байкоо жүргүзүү тармактарындагы изилдөөлөрдү жана иштерди жүргүзүүгө катышат;
- мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен бирдикте жашоо-тиричиликтин айлана-чөйрөсүнө мониторинг жүргүзөт, республиканын жаратылыш ресурстарын комплекстүү изилдөөгө жана инвентаризациялоого катышат;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун системасына кирүүчү подразделениелер аткаруучу жер жайгаштыруу, текшерүү, мониторинг, геодезиялык жана картографиялык иштерге техникалык долбоорлорду, сметалык нормаларды жана бааларды иштеп чыгат жана бекитет, ошондой эле картографиялык продукцияга дүң жана чекене бааларды белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Мамкаттоо системасында каттоочу, жер жайгаштыруу боюнча долбоордук изилдөөчү, кыртыштык жана геоботаникалык изилдөөлөрдү, геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүүдө коопсуздук техникасын жана эмгекти коргоону камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун компетенциясына байланыштуу маселелер боюнча мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда республиканын таламдарын коргойт;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, жер мамилелерин жөнгө салуу, жер кадастры, жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жер жайгаштыруу, кыртыштык-агрохимиялык, геоботаникалык жана картографиялык иштерди жүргүзүү боюнча нормативдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте иштеп чыгат жана бекитет;
- чектеш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын жер мамилелери тууралуу маселелерди кароого катышат;
- жерлерди (айыл чарбалык арналыштагы жерден башкаларын) чет өлкөлүк субъекттерге ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө материалдарды жана ижара акысынын өлчөмү жөнүндө сунуштарды өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде даярдайт;
- кыймылсыз мүлктүн рыноктук баасына таасир этүүчү факторлорду такай изилдейт жана талдайт;
- кыймылсыз мүлккө укуктун бирдиктүү реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- Кыймылсыз мүлк боюнча Бирдиктүү маалымат системасын түзөт жана жүргүзөт;
- кыймылсыз мүлккө салык салуу максатында кыймылсыз мүлккө мамлекеттик баалоо (кайра баалоо) жүргүзөт;
- кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтардын информациялык банкын, анын ичинде жергиликтүү каттоо органдарынын архивдик жана статистикалык маалыматтарын, ошондой эле мамлекеттик шаар куруу кадастрынын маалыматтарын компьютерлештирүү боюнча уюштуруу иштеринин негизинде бардык категориялардагы жер ресурстары жөнүндө бардык маалыматтарды түзүү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле керектөөчүлөрдү кыймылсыз мүлк рыногу жана жер кадастры жөнүндөгү маалыматтар менен камсыз кылуу;
- кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү боюнча кеңири жарнама-маалыматтык компанияны уюштуруу;
- кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер маселелери боюнча талаш-тартыш маселелерди кароого катышуу жана аларды жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте чечүү;
- сатылуучу жер участкаларына жана башка кыймылсыз мүлккө рынок баалары, жердин укуктук режими жөнүндө зарыл маалыматтарды камтыган маалыматтарды топтоо, классификациялоо жана жалпылоо, жердин менчик ээлери, жер ээлери жана жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө жергиликтүү каттоо органдарынын статистикалык отчет берүүсүнө контроль жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 627, 2009-жылдын 12-августундагы № 515 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте:
- Мамкаттоонун жергиликтүү органдарынын материалдык-техникалык базасы даярдалышын камсыздайт;
- рекультивацияланган, жаңыдан өздөштүрүлгөн жана мелиорациялык жактан жакшыртылган жерлерди эксплуатацияга кабыл алуу боюнча комиссиялардын ишин мыйзамда белгиленген тартипте уюштурат, аларды тийиштүү бийлик органдарынын кароосуна аныкталган тартипте киргизүү үчүн керектүү материалдарды тариздейт;
- жер участокторуна укук аныктоочу документтерди даярдоону жана берүүнү аныкталган тартипте камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Мамкаттоо системасында кадрларды тандайт, жайгаштырат жана окутат.
9. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
а) төмөнкүдөй документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын кароосуна киргизүү, алар:
- Мамкаттоонун компетенциясына кирген маселелер боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген нормативдик укуктук актыларды жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды;
- жер жайгаштыруучу, мониторингдик, изилдөөчү, геодезиялык жана картографиялык жумуштардын жүргүзүлүшүн камсыздоочу, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо жана жер ресурстарын пайдаланылышын жана корголушун контролдоо боюнча инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча сунуштарды;
б) администрациялык эреже бузуулар жөнүндө материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароого;
в) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча, жер жайгаштыруу, иликтөө, мониторингдөө, геодезиялык жана картографиялык долбоорлооизилдөө жумуштарына, ошондой эле Мамкаттоонун ведомстволук органдары аткаруучу башка кызматтарга техникалык долбоорлорду, сметалык нормаларды жана бааларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
г) каттоо системасы "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жумуштарды жүргүзүүдө тарткан зыяндардын ордун төлөө жөнүндө жеке адамдар жана юридикалык жактар аткарууга милдеттүү болгон чечимдерди чыгарууга;
д) кыймылсыз мүлктүн менчик ээлерине жана пайдалануучуларына алардын менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, ошондой эле чет өлкөлүк жеке адамдарга жана юридикалык жактарга, жарандыгы жок адамдарга:
- каттоочу органдарга;
- гарантиялык фондго;
- жер ресурстарына;
- геодезия пункттарына келтирген зыяндын ордун төлөө жөнүндө дооматтарды коюуга жана өндүрүлгөн суммаларды Мамкаттоонун атайын эсептерине кириштөөгө;
е) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү бийлик органдарынан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан кыймылсыз мүлкү, жер ресурстары, жерлерди жакшыртуу, жерлерди рекультивациялоо, сугат системаларын реконструкциялоо, жерлерди өздөштүрүү жана эксплуатацияга киргизүү боюнча жумуштардын учурдагы жана жыйынтык натыйжалары жөнүндө, ошондой эле пландоочу-картографиялык материалдарды, метеорологиялык маалыматтарды, суу кадастрынын маалыматтарын каттоо, жер жайгаштыруу, геодезиялык жана картографиялык жумуштардын комплексин аткарууга керектүү башка материалдарды акысыз алууга;
ж) каттоочу, жер жайгаштыруучу, иликтөөчү, картографиялык, топографиялык-геодезиялык, азрофотого тартуучу жана космостон фотого тартуучу материалдарды эсепке алуунун, сактоонун, берүүнүн жана ал материалдардын көбөйтүлүшүн жана сакталышын контролдоонун тартибин белгилөөгө;
з) иштин ички тартибин белгилөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун бирдиктүү системасына кирген структуралык бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана функцияларын аныктоого;
и) компетенциясына кирген маселелер боюнча приказдарды, буйруктарды аныкталган тартипте чыгарууга;
к) Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун кызматкерлерин кеңешмелерге, семинарларга жана конференцияларга чакырууга жана өткөрүүгө;
л) Мамкаттоо системасынын алдыңкы кызматкерлерин жана каттоочу, жер жайгаштыруучу, топографиялык-геодезиялык, картографиялык жумуштарды жана жерлерди коргоого жана сарамжалдуу пайдаланууга байланышкан жумуштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн башка адамдарды аныкталган тартипте сыйлоого жана көтөрмөлөөгө;
м) Кыргыз Республикасынын Мамкаттоо системасынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө;
н) Мамкаттоо системасынын кызматкерлерине бул максат үчүн бөлүнгөн каражаттардан материалдык жардам көрсөтүүгө;
о) мыйзамдарга ылайык Мамкаттоого жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга байланыштуу эл аралык кызматташуу жүргүзүүгө, келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды түзүүгө;
п) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган басма жана башка иштерди жүргүзүүгө;
р) Мамкаттоо системасынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аттестациялоого.
10. Мамкаттоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.
Директордун бир орун басары жана статс-катчысы болот. Директордун орун басарын кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри директордун сунушу боюнча дайындайт жана бошотот. Статс-катчы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат боюнча кеңешинин сунушу жана директордун макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Статс-катчы өзүнүн милдеттерин Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин 2004-жылдын 10-декабрындагы № 4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө" жобого ылайык аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мамкаттоонун борбордук аппаратынын структурасын жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
12. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун директору: - Мамкаттоого тапшырылган маселелердин жана милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот, директордун орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун башкармалыктарынын жана башка подразделениелеринин начальниктеринин арасында милдеттерди бөлүштүрөт;
- борбордук аппараттын кызматкерлерин, ведомстволук подразделениелердин, уюмдардын, райондук, шаардык башкармалыктардын (бөлүмдөрдүн) жана региондор аралык борборлордун жетекчилерин жана алардын орун басарларын конкурстук тандоонун жыйынтыгына жараша колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кызматка дайындайт жана бошотот;
- белгиленген эмгек акы фондунун чегинде Мамкаттоо системасынын бардык уюмдарынын жана подразделениелеринин структураларын жана штаттарын бекитет;
- ведомствого таандык бардык структуралык подразделениелер жана уюмдар аткарышы милдеттүү болгон приказдарды, буйруктарды чыгарат;
- мамлекеттик органдарда жана уюмдарда Мамкаттоонун таламы үчүн чыгат, Мамкаттоонун каражаттарын жана мүлкүн аныкталган тартипте тескейт;
- Мамкаттоого жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык башка маселелерди чечет.
13. Статс-катчы өзүнүн ишин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө" жобого ылайык жүргүзөт, атап айтканда:
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясат тармагындагы иштин жалпы абалын талдайт;
- Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу чыгаруучу буйруктардын аткарылышын камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Мамкаттоо системасынын структурасын өркүндөтүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча функциялык талдоо жүргүзүүнү жана сунуштарды иштеп чыгууну уюштурат, иштелип чыгарылган сунуштардын ишке ашырылышын камсыз кылат;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик каражаттардын пайдаланылышына финансылык менеджментти жана контролду камсыздайт;
- бухгалтердик эсептин уюштурулушун жана жүргүзүлүшүн ишке ашыруучу нормативдик укуктук актылардын сакталышы жана киргизилиши үчүн жооп берет;
- администрациялык мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген мамлекеттик кызматкерлерди дайындоого, жылдырууга, ротациялоого жана бошотууга сунуштарды даярдайт;
- мамлекеттик кызматкерлердин класстык чиндерин ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү жөнүндө сунуштарды даярдайт;
- мамлекеттик кызматкерди сыйлоо жөнүндө сунуштарды даярдайт;
- аттестациянын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызматкерлерди кызматтык жылыштыруу жана алардын иштерин "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кароо маселеси боюнча сунуштарды карайт жана жактырат;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процедурасын жүргүзүүнү контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен ар күндүк утурумдук иштерди жүргүзөт.
14. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунда директордон (коллегиянын төрагасы), директордун орун басарынан, статс-катчыдан, ошондой эле борбордук аппараттын, ведомстволук подразделенилердин, уюмдардын башка жетекчи кызматкерлеринен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкеринен турган коллегия тузүлөт.
Коллегиянын персоналдык курамы ага кызмат оруну боюнча киргенден башкалары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Коллегия өзүнүн заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун маанилүү маселелерин карайт.
Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана директордун буйругу түрүндө ишке ашырылат. Добуштар тең болуп калганда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат. Коллегиянын мындай чечимге макул эмес мүчөлөрү өз пикирлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдире алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунда Мамкаттоонун ишине байланыштуу маселелерди кароо үчүн илимий-техникалык жана башка кеңештер, комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
16. Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу жана анын ведомстволук органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган башка каражаттардын эсебинен каржыланышат.