Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-апрели №248
Чүй облусунун райондор аралык сотун кызматтык жайлар менен камсыздоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Бишкек шаарынын жана Чуй облусунун райондор аралык сотторунун иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин балансына Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119 "А" дарегинде жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган беш кабат имараттын экинчи кабатындагы жайларды Чүй облусунун райондор аралык сотун жайгаштыруу үчүн өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына төмөнкүлөрдү жайгаштыруу сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин - Бишкек шаары, М.Ганди проспекти, 32 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратка;
- Кыргыз Республикасынын Сот департаментин - Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратка;
- Бишкек шаарынын райондор аралык сотун - Бишкек шаары, М.Ганди проспекти, 32 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратка.
4. Кыргыз Республикасынын Сот департаментине Чүй облусунун райондор аралык сотун ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жайларга жайгаштыруу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 250-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы ", Бишкек райондор аралык жана Чүй райондор аралык сотторун" деген сөздөр "сотун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы № 711 "Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 37 дарегинде жайгашкан администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-декабрындагы № 703 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун балансына администрациялык имаратты өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 31-мартындагы № 137-б буйругу.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадр кызматы бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |