Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 6-октябры № 720
Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы N 669 токтомунун редакциясына ылайык)
Жергиликтүү иштерди жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды оперативдүү башкарууну уюштуруу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө тиркелген типтүү жобо жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын айылдык кењештерине бекитилген Типтүү жобонун негизинде калктуу конуштардын шарттарын эске алуу менен Айыл башчысы жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана өз чечими менен бекитүү сунуш кылынсын.
3. "Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселокторунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык инструкциялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 91 токтому менен бекитилген Айыл башчысынын кызматтык инструкциясы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигине (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |