Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 1-августундагы №431 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 9-октябры № 724
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы
№ 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоо киргизүү
жөнүндө
"Бишкек" эркин экономикалык зонасын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына ылайык Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө жобону бекитүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы N
474 токтому менен бекитилген "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө
жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 3-пунктта "Манас" аэропорту" деген сөздөр алып салынсын;
- 17-пункттун төртүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редак-
цияда берилсин:
"Бишкек" ЭЭЗинин чарбакер субъекттерине катталган мезгилине кара-
бастан эркин экономикалык зонанын субъекттери болуп саналбаган юридика-
лык жана жеке жактарга күйүүчү-майлоочу материалдарды, ликер-арак ичим-
диктерин жана тамеки буюмдарын сатууга тыюу салынат.";
- 25-пунктта:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бишкек" ЭЭЗинен Кыргыз Республикасынын бажы аймагана товарларды
ташып чыгууда чарбакер субъекттер Кыргыз Республикасынын бажы жана са-
лык мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөшөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Бишкек" ЭЭЗинде катталган жана "Манас" эл аралык аэропорту" ачык
акционердик коому менен кандайдыр-бир операцияларды ишке ашыруучу бар-
дык чарбакер субьектилерге Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мый-
замдарында белгиленген тартипте салык салынууга тийиш.".
2. "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын башкы дирекциясы бир ай-
лык мөөнөттө "Бишкек" эркин экономикалык зонасын өзгөртүп кайра түзүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган
өзгөртүүлөрдү эске алуу менен "Бишкек" эркин экономикалык зонасынын ай-
магынын картасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргиз-
син.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө ки-
рет.
Премьер-министр Ф.Кулов