Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-августу № 431
"Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана региондорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- "Бишкек" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө Жобо;
- "Каракол" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө Жобо;
- "Лейлек" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө Жобо;
- "Маймак" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө Жобо;
- "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмү жөнүндө Жобо;
- Юридикалык жакты эркин экономикалык чөлкөмдүн субъекти катары эсептик каттоонун Тартиби.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелиндеги № 160 "Кыргыз Республикасындагы Нарын областынын Эркин экономикалык зонасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-январындагы № 13 "Каракол эркин экономикалык зонасы ("Каракол" ЭЭЗи) тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 30-майындагы № 363 "Нарын" эркин экономикалык зонасынын башкы директору жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 19-апрелиндеги № 160 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 29-ноябрындагы № 556 "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 20-июнундагы № 357 "Маймак" эркин экономикалык зонасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 469 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-сентябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-июлундагы № 469 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндө жоболорго толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 12-январындагы № 13 "Каракол" эркин экономикалык зонасы ("Каракол" ЭЭЗ) жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-октябрындагы № 724 "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июнундагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-сентябрындагы № 539 "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 251 "1995-жылдын 11-ноябрындагы № 474 "Бишкек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 518 "Лейлек" эркин экономикалык зонасы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |