Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-октябры № 740                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ         «Фирмалык аталыштарды каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобону          бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн      2000-жылдын 9-июнундагы № 330 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана                       толуктоо киргизүү жөнүндө                                        Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:          1.  «Фирмалык  аталыштарды каттоо үчүн алымдар  жөнүндө  жобону бекитүү  тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын  9- июнундагы  №  330  токтому  менен бекитилген  Фирмалык  аталыштарды каттоо  үчүн  алымдар   жөнүндө  жобого  жобого төмөнкүдөй   өзгөртүүлөр  жана толуктоо киргизилсин:     - «Жалпы жоболор» деген I бөлүмдө:     3,4 жана 5 - пункттары күчүн жоготту деп табылсын;     6-пункттун  биринчи абзацында «илимге жана» деген  сөздөр  алып салынсын,   «төлөөнү»   деген   сөз   «төлөө»   деген   сөз   менен алмаштырылсын;          «Алымдарды алуунун тартиби жана өлчөмдөрү» деген II бөлүмдүн 6- пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:          «Жогоруда  көрсөтүлгөн  мөөнөттө белгиленген  өлчөмдөгү  алымды төлөгөнүн   ырастоочу  документти  көрсөтпөгөн   учурда   күбөлүкту каттоо, жарыялоо жана берүү жүргүзүлбөйт».     2.   «Кыргыз   Республикасынын  Өкмөтүнүн   айрым   чечимдерине өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жана  күчүн  жоготту  деп  табуу  жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын  15-майындагы  №  233 токтомунун 16-пункту күчүн жоготту деп табылсын.     3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.                    Премьер-министр                               Ф.Кулов