КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 148 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 28-октябры №748 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагы Бостери айылдык кењешинин жерлеринен туристтик комплекс курууга жер участогун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү максатында,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайк КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттикадминистрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнчареспубликалык комиссия менен макулдашылган, туристтик комплексин курууүчүн Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районундагыБостери айылдык кењешинин аянты 11,7 га жер участкасын 49 жылдыкмөөнөт менен убактылуу пайдалањууга «Бактуу-Долоноту» жаштардынөкмөттүк эмес коомдук бирикмесине (ЖӨЭКБ) берүү жөнүндө сунушу кабылалынсын. 2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер «Айыл чарба багытындагыжерлер» категориясынан «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар»категориясына которулсун. 3. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттикадминистрациясы: - берилген участкага «Бактуу-Долоноту» жаштардын өкмөттүк эмескоомдук бирикмесинин тарабынан экологиялык экспертиза жүргүзүүнү жана«Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюугабайланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунуннаркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүњдө» КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтомуменен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүнжоготууларынын ордун толтуруунун наркынын жана алынбай калган пайданынордун төлөшүн камсыздасын; - жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдүкиргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайраиштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов