Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-октябры № 752 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жайлык үлгүлөрдү патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоо, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 1998-жылдын 12-июнундагы № 346 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ойлоп табууларды, пайдалуумоделдерди, өнөр жайлык үлгүлөрдү патенттөө, товардык белгилерди,тейлөө белгилерин жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын кат-тоо, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүүүчүн алымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" 1998-жылдын 12-июнундагы№ 346 токтому менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди,өнөр жайлык үлгүлөрдү патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилеринжана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоо, товарлар чыга-рылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүү үчүн алымдаржөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдө: 3 жана 4-пункттарында: - ", өз атына коргоо документин суроочу" деген сөздөр алып салын-сын; - "ушул Жобо менен" деген сөздөр "ушул Жобонун II бөлүмү менен"деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "5. Ойлоп табууга же пайдалуу моделге патент суроочу чакан ишкана-лар (ишканалардын типтеринин классификаторунун негизги схемасы боюнча),алардын турган жерине карабастан, ушул Жобонун II бөлүмүндө белгиленгеналымдардын өлчөмүнүн 30%ын түзгөн өлчөмдөгү алымдарды төлөшөт. Кезекте-ги алымды төлөө менен бирге чакан ишканалар кызматкерлердин саны жанажүгүртүү көлөмү жөнүндө маалымкат беришет."; 7-пункттагы "ушул Жобо менен каралган алымдарды төлөө боюнчажењилдиктер" деген сөздөр "ушул Жобонун 3, 4, 5-пункттары жана 8-пунк-ттун б) пунктчасы менен каралган алымдарды төлөө боюнча жењилдиктер"деген сөздөр менен алмаштырылсын; 8-пункттун төртүнчү абзацы жана 9-пункт күчүн жоготту деп табыл-сын; 10-пункттагы "жењилдик тарифи" деген сөздөр "жењилдиктер" дегенсөз менен алмаштырылсын; 11-пунктта: - биринчи абзацтагы "илимге жана" деген сөз алып салынсын; - экинчи абзацтагы "төлөөнү" деген сөз "төлөө" деген сөз менен ал-маштырылсын. - "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, товарлар чыгарылган жер-лердин аталыштары" деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5.1-пункт ме-нен толукталсын:"-----------------------------------------------------------------------|5.1.|Баштапкы өтүнмөдө саналып өткөн ушундай товарлардын | 100 || |жана/же тейлөө кызматтарынын ортосунда бөлүштүрүү | || |жолу менен өтүнмөлөрдү бөлүү боюнча товардык белги | || |алууга берилген өтүнмөнүн материалдарына өтүнүүчүнүн| || |демилгеси боюнча оњдоолорду киргизүү | |----------------------------------------------------------------------- Ар бир бөлүнгөн өтүнмө боюнча өтүнмөнү бөлүштүрүүдө аны берүүгө,алдын ала экспертиза жүргүзүүгө, өтүнмөдө берилген белгилерди эксперти-залоого алым төлөнөт. Өтүнмөнү бөлүү, бөлүнгөн өтүнмөлөрдү берүү, алдын ала экпертизажүргүзүү, өтүнмөдө берилген белгилерди экспертизалоо үчүн алымтөлөгөнүн ырастоочу документ оњдоолору менен бирге берилет. Белгиленген өлчөмдөгү алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берил-беген учурда, өтүнмөнү бөлүү жүргүзүлбөйт.". 2. Бул токтом жалпыга маалыматтоо каражаттарында жарыялансын. Премьер-министр Ф.Кулов