КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы № 845 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоболор 2. Бул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар 3. Мамлекеттик казыналык векселдерди чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун жалпы шарттары 4. Мамлекеттик казыналык векселдерди чыгаруу 5. Мамлекеттик казыналык векселдерди жайгаштыруу 6. Мамлекеттик казыналык векселдерди жүгүртүү 7. Мамлекеттик казынолык векселдерди тындыруу 1. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттикказыналык векселдерди (мындан ары - МКВ) чыгаруунун, жайгаштыруунун,жүгүртүүнүн, тындыруунун тартибин аныктайт. 1.2. МКВ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан КыргызРеспубликасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынанэмитенттелген (мындан ары - Эмитент) мамлекеттик баалуу кагаздар болупсаналат. 2. Бул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар Аукцион - МКВны соодалоонун формасы, анда өтүнмөлөрдүканааттандыруу эњ жогорку дисконттук баалардан башталып жана эмитентүчүн кабыл алгылыктуу шарттарда калган арыздарды канааттандыруу мененбүтөт. МКВнын депозитарийи - МКВны эсепке алуучу, сактоочу, МКВга менчикукугун каттоону жана тастыктоону, Эмитент менен түзүлгөн келишимгеылайык МКВнын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү ишке ашыруучу КыргызРеспубликасынын юридикалык жагы. МКВны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу - КыргызРеспубликасынын региондорунда МКВны жеке жактарга атаандаштык эмеснегизде Сооданы уюштуруучу аркылуу сатуу. Атаандаштык эмес негизде сатуу - МКВны аукциондо түзүлгөн орточобаада сатуу. МКВ менен эсептешүүлөр боюнча оператор - Эмитенттин тапшыруусубоюнча иштөөчу жана МКВны сатуу жана тындыруу боюнча эсептешүүлөрдүжүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы. Тооруктарды уюштуруучу - өзүнүн соода аянтчасында МКВныжайгаштыруу боюнча операцияны Эмитештин тапшыруусу боюнча ишкеашыруучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы. Эмиссиянын параметрлери - чыгаруу тууралуу маалымат: эмиссиянынномери, эмиссиянын көлөмү, аукцион өткөрүлүүчү дата, эмиссиянындатасы, тындыруу датасы. Баштапкы дилер - МКВ, анын депозитарийи менен эсептешүүлөр боюнчаОператор менен келишим түзгөн жана Тооруктарды уюштуруучунун соодааянтчасында МКВны баштапкы жайгаштыруунун катышуучусу катары чыгуучуКыргыз Республикасынын юридикалык жагы. Тындыруу - тындырылуучу чыгарылыштагы МКВны кармоочулардын эсебиненоминалдык наркты чегерүү. 3. МКВны чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун жалпы шарттары 3.1. МКВны чыгаруунун максаты Кыргыз Республикасынын республикалыкбюджетинин учурдагы тартыштыгын каржылоо болуп саналат. 3.2. МКВ 3, 6, 9,12, 18 жана 24 айлык жүгүртүү мөөнөтү бардисконттук баалуу кагаздар болуп саналат, ал документтик эмес формадачыгарылат. 3.3. МКВнын ар бир чыгарылышынын көлөмү Кыргыз Республикасынынреспубликалык бюджет жөнүндө мыйзамында тиешелүү жылга белгиленгенэмиссиянын чектелген көлөмүнө жараша Эмитент тарабынан аныкталат. 3.4. МКВны жайгаштыруу дисконт менен - номиналдык наркынан төмөнбаада, тындыруу - номиналдык наркы боюнча жүзөгө ашырылат. Бир МКВнынноминалдык наркы - 100 сом. 3.5. Тооруктарды уюштуруучу МКВны аукциондук негизде жайгаштыруунуанын Эмитент менен макулдашылган ички эрежелерине ылайык жүзөгөашырат. 3.6. МКВны баштапкы жайгаштырууну жүргүзүүдө Тооруктардыуюштуруучу менен Эмитенттин ортосундага мамилелерди укуктук жөнгөсалуу максатында тиешелүү келишим түзүлөт. 3.7. МКВны сатуу жана тындыруу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдөМКВ жана Эмитент менен эсептешүүлөр боюнча Оператордун ортосундагымамилелерди укуктук жөнгө салуу максатында тиешелүү келишим түзүлөт. 3.8. Депозитарий менен Эмитенттин ортосундагы мамилелерди укуктукжөнгө салуу максатына депозитарийдик ишти жүргүзүүдө тиешелүү келишимтүзүлөт. 3.9. МКВны Тооруктарды уюштуруучунун соода аянтчасында жайгаштыруужана жүгүртүү эрежеси Тооруктарды уюштуруучу тарабынан Эмитенттинмакулдугу менен аныкталат. 3.10. МКВны сатуу жзна тындыруу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүэрежеси Эмитент менен макулдашылып, МКВ менен эсептешүү боюнчаОператор тарабынан аныкталат. 3.11. МКВнын ээлерин эсепке алууну уюштуруунун жана реестринжүргүзүүнүн эрежелери Эмитент менен макулдашылып, Депозитарийтарабынан аныкталат. 3.12. МКВны жайгаштыруу, эсепке алуу жана тындыруу боюнчакызматтарды Эмитент тарабынан тартуу мамлекеттик каражаттардан ушулкызмат көрсөтүүлергө акы төлөнгөн шартта «Мамлекеттик сатып алууларжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. 3.13. МКВнын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген чектөөлөрдөн башка учурларда МКВ менен жарандык-укуктукбүтүмдөрдү жасай алышат. 3.14. МКВ менен жүргүзүлгөн операцияларга салык салуунун тартибиКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 3.15. Эмитент МКВнын эмиссиясынын пландаштырылып жаткан көлөмдөрүжөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт. 4. МКВны чыгаруу 4.1. МКВны мезгил-мезгили менен чыгаруу Эмитент тарабынананыкталат. Чыгаруунун параметрлери да Эмитент тарабынан аныкталат.Мында ар бир чыгаруу тиешелүү документтер менен таризделет, алардынкурамы жана формасы Эмитенттин буйругу менен аныкталып, Эмитенттиныйгарым укуктуу адамы тарабынан бекитилет жана колу коюлат. 4.2. МКВны чыгаруу күнү Кыргыз Республикасында иш күнү болбогонучурларда, МКВны чыгаруу кийинки иш күнүндө жүргүзүлөт, мында тиешелүүтүрдө МКВны тындыруунун датасы да жылдырылат. 5. МКВны жайгаштыруу 5.1. МКВны баштапкы рынокко жайгаштыруу Эмитенттин тапшырмасынаылайык Тоорукту уюштуруучу тарабынан аукциондор аркылуу жүзөгөашырылат. 5.2. Аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жана аларга катышууга жолберүүнүн эрежелери Тоорукту уюштуруучунун Эмитент менен макулдашылганички нормативдик укуктук документтери менен аныкталат. 5.3. Эгерде аукцион өгкөрүлүүчү күн иш күн эмес болсо, андааукцион кийинки иш күндө өткөрүлөт. 5.4. Эмитент үчүн киреше алгылыксыз шартта Эмитент МКВныжайгаштырууну токтотууга же эмиссиянын жарыяланган көлөмүн кыскартуугаукуктуу. 5.5. Аукциондо үчкө жетпеген катышуучу болгон учурда Эмитентжайгаштырууну токтото турууга укуктуу. 5.6. Эмитент зарыл учурда МКВны жарыяланган эмиссиядан ашык түрдөкошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыра алат. 5.7. Кошумча (аукциокдон тышкары) жайгаштыруунун тартиби Эмитентменен макулдашуу боюнча Тоорукту уюштуруучу тарабынан аныкталат. 6. МКВны жүгүртүү 6.1. МКВны жүгүртүү МКВ чыгарылган күндөн кийинки күнү башталатжана аларды тындыруунун алдындагы күнү аяктайт. 6.2. МКВны жүгүртүү эрежелери Эмитент, Депозитарий жана МКВ мененэсептешүүлөр боюнча оператор менен макулдашылып, Тооруктунуюштуруучусунун нормативдик документтери аныкталат. 6.3. МКВ менен экинчи рынокто жарандык - укуктук бүтүмдөрдүтүзүүгө алар иш күнүндө жүгүртүлгөн мезгилде гана жол берилет. 7. МКВны тындыруу 7.1. Жүгүртүү мөөнөтү 3, 6, 9, 12, 18 жана 24 ай болгон МКВнытындыруу тиешелүү түрдө 91, 182, 273, 364, 546 жана 728 иш күндөнкийин жүргүзүлөт. 7.2. Эгерде тындырыла турган күн иш эмес күнгө туура келип калса,тындыруу кийинки иш күнүндө жүзөгө ашырылат. 7.3. МКВны сатууда жана тындыруудагы эсептешүүлөрдүн тартиби МКВменен эсептешүүлөр боюнча оператордун Эмитент менен макулдашылганнормативдик укуктук актылары жана/же Эмитент менен МКВ мененэсептешүүлөр боюнча оператордун ортосунда түзүлгөн келишим мененаныкталат.