Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 27-апрели № 258 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 19-декабры № 863
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
25-мартындагы № 161 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо
киргизүү тууралуу
Аза күтүү кызматындагы ишканалардын кызматкерлеринин өзгөчө эмгек
шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- преамбуладагы "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек
акы төлөө жөнүндө" 219-статьясына" жана "Зыяндуу же кооптуу шарттардагы
иштерге жана оор жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" 227-статьясына"
деген сөздөр жана сандар "164 жана 224-статьяларына" деген сөздөргө жа-
на сандарга алмаштырылсын;
- 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Өзгөчө шарттарда иштегендердин кызматтык маяналарына үстөк бел-
гилениши мүмкүн болгон жумуштардын типтүү тизмеси.";
- 3-пункттагы "Финансы министрлиги" деген сөздөр "Экономика жана
финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр
"социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына" деген сөздөргө алмаш-
тырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө шарттарда колдонулуучу
жумуштарга эмгек акы төлөө тартибинин 5-пунктту төмөнкүдөй редакцияда
берилсин:
"5. Өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча төлөө эмгек шарттарынын зы-
яндуулук даражасына жараша кызматтык маянага (тарифтик ставкага) пайыз-
дык катышта, бирок эмгек шарттары оор жана зыяндуу болгон жумуштарга 15
проценттен жана эмгек шарттары өзгөчө оор жана өзгөчө зыяндуу болгон
жумуштарга 30 проценттен кем эмес белгиленет.";
- аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө шарттарда иштегендердин
кызматтык маяналарына үстөк белгилениши мүмкүн болгон жумуштардын тип-
түү тизмесинде "Коммуналдык-тиричиликтик тейлөө ишканалары" деген бөлү-
мүнүн I бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын:
"29. Мүрзө казуу, сөөк жана сөөктүн калдыктарын коюу, эксгумация
боюнча иштер.".
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри Ф.Кулов