Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92
токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги N 149"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жагынан институционалдыкжана структуралык кайра түзүүлөр жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү техникалык регламенттер-ди кабыл алганга чейин, ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемио-логия, санитария, экология тармактарындагы коопсуздукту контролдоо жанакөзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрү бел-гиленсин. 2. Кыргыз Республикасында ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини,эпидемиология, санитария, экология тармактарындагы обьекттердин шайкеш-тигин баалоо жана коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча тиркелгенжобо бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоожана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик: - ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария,экология тармагында техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча анык-талган тартипте сунуштарды киргизишсин; - ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө КыргызРеспубликасынын "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун не-гиздери жөнүндө" Мыйзамынын 6-статьясынын 2-пунктунда жана 7-статьясы-нын 1-пунктунда белгиленген талаптарга ылайык, товардык номенклатура-лардын тышкы экономикалык ишмердиктин 10 белгиге чейинки коду жана та-лаптары аныкталуучу ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен шайкеш-тикти милдеттүү талаптарды баалоого жата турган обьекттердин тизмесиништеп чыгышсын жана белгиленген тартипте Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө киргизишсин. 4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып тогуз айлыкмөөнөттө: - Кыргыз Республикасынын "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө"Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө киргизсин; - төмөнкү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-томдорунун долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө киргизсин: айыл чарба жаныбарларын кармоо жана көбөйтүү боюнча мал чарба иш-каналарын долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга карата ветеринар-дык-санитардык талаптар; союлуучу жаныбарларды алгачкы иштетүү, мал чарба азык-түлүктөрүнөндүрүү, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча ишканаларды долбоорлоого, ку-рууга жана пайдаланууга карата ветеринардык-санитардык талаптар; патогендүү биологиялык агенттер менен жана малдарды коргоо үчүнбиологиялык препараттарды өндүрүү боюнча иштеген ишканаларды долбоорло-ого, курууга жана пайдаланууга карата ветеринардык-санитардык коопсуз-дук талаптары; балык чарбаларына, балыкты иштетүүчү ишканаларга карата ветеринар-дык-санитардык талаптар; жапайы жаныбарларды жана учуучу куштарды асыроо боюнча зоопарккомплекстерине, корук жайларга жана алар менен чектеш аймактарга каратаветеринардык-санитардык талаптар; жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азык-түлүктөрдү ташуу үчүнколдонулган унаа каражаттарына карата ветеринардык-санитардык талаптар; жаныбарларды сугаруу үчүн пайдаланылган суунун коопсуздугуна кара-та ветеринардык-санитардык талаптар; айыл чарба жаныбарлары үчүн тоюттарга карата ветеринардык-санитар-дык талаптар; айыл чарба жаныбарларын кармоо шарттарына карата ветеринардык-са-нитардык талаптар; жаныбарларды ыландардан коргоо каражаттарына карата ветеринар-дык-санитардык талаптар; эпизоотияга каршы жана ветеринардык-санитардык чараларды уюштуруу,өткөрүү; карантинди (чектөө иш-чаралары), малдарды карантиндөөгө жана Кыр-гыз Республикасынын аймагында жугуштуу ылањдардын таралышына жол бербөөбоюнча чараларга талаптарды уюштуруу, өткөрүү; биологиялык калдыктардын, алардын ичинде жаратылыш жана техноген-дик кырсыктардын коопсуздугуна карата ветеринардык-санитардык талаптар; ветеринардык көзөмөл обьекттеринде дезинфекция, дезинвазия, дезин-секция жана дератизация жүргүзүүгө карата талаптар; коопсуздук талаптарына жооп бербеген малдарды жана малдардан алын-ган азык-түлүктөрдү бөлүү жана жок кылуу; Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык коргоо; карантиндөөгө жаткан продукцияларды жана кампа имараттарын экспер-тизалоо жана фитосанитардык кароо; Кыргыз Республикасынын коњшу өлкөлөр менен чек арасындагы айдоо-лордун, өсүмдүктөрдүн, жерлердин жана кампа жайлардын карантиндик аба-лын аныктоо үчүн фитосанитардык изилдөө жүргүзүү; жаныбарларды камсыздандыруу.5.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 токтомуна ылайык күчүн
жоготту)
6.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 токтомуна ылайык күчүн
жоготту)
7.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №92 токтомуна ылайык күчүн
жоготту)
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жана экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов