КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-февралы №92
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук чараларын аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук чараларын аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5, 6 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ө.Бабанов |