Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-январы № 11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга
Мамлекеттик дары-дармек саясаты жөнүндө
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 100
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы жөнүндө" токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформа-
лоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасын ишке
ашыруу, ошондой эле коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу дары-дармектердин
жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана калкка дары-дармек жактан жардам көрсө-
түүнүн сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга Мамлекет-
тик дары-дармек саясаты жактырылсын.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын 2006-2010-жылдарга Мамлекет-
тик дары-дармек саясатын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитил-
син.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республика-
сынын 2007-2010-жылдарга Мамлекеттик дары-дармек саясатын ишке ашыруу
боюнча Иш-чаралар планы аткарылышын камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бир айдын
ичинде Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга Мамлекеттик дары-дар-
мек саясатын ишке ашыруунун натыйжаларын мониторингдөөнүн жана баалоо-
нун көрсөткүчтөрүн иштеп чыксын жана бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын 2006-2010-жылдарга Мамлекеттик дары-дар-
мек саясатын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарууну координаци-
ялоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-октябрындагы №
704 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик дары саясаты жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №
622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 50-пункту.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 12-январындагы
№ 11 токтому менен
жактырылды
Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга
МАМЛЕКЕТТИК ДАРЫ-ДАРМЕК САЯСАТЫ
Терминдердин глоссарийи
Генерикалык дары препараты - түп нуска дарыдай эле дозадагы жана
дарылык формадагы таасир этүүчү заты бар, ошол сыяктуу эле таасир этүү-
чү, анын ордуна чыгарылган жана жүгүртүүгө активдүү затка патенттик
коргоонун жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин түшкөн дары каражат.
Генерикалык алмаштыруучу - түп нускалуу дары препаратына жазып бе-
рилген дарыгердин рецепти боюнча түп нускалуу препаратка химиялык кура-
мы жана дозасы боюнча окшош генерикалык дары препаратты берүү.
Клиникалык протокол - медициналык уюмда белгилүү ооруда, белгилүү
синдромдо же белгилүү клиникалык жагдайда бейтапка медициналык жардам
көрсөтүүнүн көлөмүн жана талаптарын аныктаган ченемдик документ.
Дарылоо-алдын алуу уюмунун дары-дармек комитети - алдын алуучу,
диагностикалык жана дарылоо ишин уюштурууну, заманбап дарылоо-диагнос-
тикалык технологияларды ишке киргизүүнү, ошондой эле медициналык прак-
тикада дары-дармектерди сарамжалдуу пайдаланууну контролдогон жумушчу
орган.
Негизги (өтө маанилүү) дары-дармектер - калктын саламаттыгын сак-
тоо муктаждыгын канааттандырган дары-Дармектер, алар ар убакта жетиштүү
өлчөмдө жана тиешелүү дарылык формасында дайыма бар болушу керек.
Терапиялык алмаштыруу - дарыгер жазып берген дары-дармекти фарма-
цевт ошол эле фармакологиялык же терапиялык топтогу, терапиялык таасири
боюнча эквиваленттүү, бирок химиялык курамы боюнча айырмаланган да-
ры-дармекке алмаштыруусу.
VEN/ABC талдоо - дары-дармектерди сатып алууга чыгымдын максатка
ылайыктуулугун талдоо. Аны талдоодо саламаттык сактоо уюмунда сатып
алууга акыркы жылда сарпталган суммалар боюнча кемитүү тартибинде да-
ры-дармектердин тизмеси түзүлөт. Ар бир позиция боюнча чыгымдын үлүшү
эсептелет. Андан ары тизмедеги бардык дары препараттары VEN системасы
боюнча классификацияланат. V - өтө маанилүү дары-дармектер (Vital), Е
маанилүү дары-дармектер (Essential) жана N (Non-essential) - маанилүү
эмес дары-дармектер (өмүргө коркунуч келтирбестен ооруларды дарылоо
үчүн симптомдук дары-дармектер). V жана Е класстагы дары-дармектер Кыр-
гыз Республикасынын өтө маанилүү дары-дармектер тизмесинде берилген.
Андан ары тизме үч класска бөлүштүрүлөт: А класс (каржылоо көлөмү-
нүн 50-60% сарпталган дары-дармектер), В (каржылоо көлөмүнүн 20-30%)
жана С (каржылоо көлөмүнүн 10-20%). Талдоонун натыйжалары конкреттүү
саламаттык сактоо уюмунда дары-дармектерге финансы каражаттары канчалык
туура сарпталганын көрсөтөт.
GMP (good manufacturing practice) - дары-дармектерди жасоону жана
сапатын контролдоону уюштуруу эрежелери.
SWAp (Sector wide approuch) - Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоосун реформалоонун 2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук
программасын каржылоодо колдонулуучу кењ сектордук ыкма. Кењ сектордук
ыкманын айырмачылыгы саламаттык сактоо секторунун өнүгүшүн колдоодо до-
нордук уюмдардын каражаттарын бирдиктүү пулга (фондго) топтоо, ошол ка-
ражаттарды саламаттык сактоонун күнүнкү сарптоолоруна жардам катары жи-
берүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Мында аткаруучу агент Кыргыз Респуб-
ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги болот.
Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга
Мамлекеттик дары-дармек саясаты
Мамлекеттик дары-дармек саясаты саламаттык сактоо тармагындагы
улуттук саясаттын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат. 1998-жылдан
2005-жылга чейин иштеген Мамлекеттик дары саясаты өлкөбүздүн фар-
мацевттик секторунун сапаттуу өзгөрүшүн жана динамикалуу өнүгүшүн шарт-
тады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-февралындагы № 100
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосун реформалоонун 2006-2010
жылдарга "Манас таалими" улуттук программасы жөнүндө" токтому менен бе-
китилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосун реформалоонун
2006-2010-жылдарга "Манас таалими" улуттук программасынын артыкчылыктуу
багыттарында саламаттык сактоо кызматынын сапатын жакшыртуу рационалдуу
фармацевттик менеджмент механизмдерин киргизүү жолу менен жүргүзүлөт
деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын калкын дары-дармек менен камсыз кылуу мам-
лекеттин маанилүү маселелеринин бири болуп эсептелет. Дары каражаттарын
пайдалануу алдын алуучу медицинада жана ооруларды дарылоодо маанилүү
ролду ойнойт.
Ошондой болсо да, калкка дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү чекте-
лүү болушуна жана аларды рационалдуу пайдаланууга байланыштуу проблема-
лар ушул мезгилге чейин курч болуп турат жана аларды чечүү саясый, со-
циалдык мааниге ээ.
Мамлекеттик дары-дармек саясатынын максаты
Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга Мамлекеттик дары дармек
саясатынын (мындан ары - Мамлекеттик дары-дармек саясаты) максаты Кыр-
гыз Республикасынын калкына натыйжалуу, коопсуз, сапаттуу дары каражат-
тары алгылыктуу баалар боюнча жеткиликтүүлүгүн жапа аларды рационалдуу
пайдаланууну камсыз кылуу болуп эсептелет.
Мамлекеттик дары-дармек саясатынын негизги маселелери
- дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен мамлекеттик фармацевттик системаны
чыњдоо;
- дары каражаттарын рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, да-
ры-дармектерди өтө көп пайдалануудан калкты сактоо боюнча чараларды иш-
ке ашыруу, Турмуштук маанилүү дары каражаттар тизмесин киргизүү;
- дарыкана тармагын андан ары өнүктүрүү, дары каражаттарды сатуу
системасын өркүндөтүү;
- натыйжалуу, коопсуз, сапаттуу дары каражаттары калкка жеткилик-
түү болушун камсыз кылуу;
- ата-мекендик фармацевттик өнөр жайды өнүктүрүү, фармацевттик
сектордо жумуш орундарын түзүү;
- дары каражаттардын жана фармацевттик кызматтын сапатын камсыз
кылуу;
- дары каражаттарын өндүрүү процессине алдыњкы жана инновациялык
технологияларды киргизүү;
- кадрларды кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүн-
дөтүү;
- дары каражаттар тармагында маалыматтык системаны өнүктүрүү,
адистерди жана калкты маалымдоо боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу
жана ишке ашыруу.
Дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү
мыйзамдар жана жөнгө салуу
Фармацевттик тармактын мыйзамдык базасын такай өркүндөтүү калкты
сапаттуу жана коопсуз дары каражаттары менен камсыз кылуунун маанилүү
шарттарынын бири.
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
ишке ашыруу дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдан келип чы-
гуучу актыларды өркүндөтүү жана аларды эл аралык стандарттарга ылайык
келтирүү жолу менен жүргүзүлөт.
Дары каражаттардын калкка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн айылдык
дарыкана тармагын мамлекеттик колдоо пландаштырылууда.
Дары каражаттардын сапаты жана коопсуздугу дары каражаттарын жү-
гүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик актылардын талаптарын аткаруу менен камсыз
кылынат.
Дары каражаттарын мыйзамсыз алып келгендик жана таркаткандык үчүн,
дары каражаттарын өндүрүү жол-жоболорун бузгандыгы үчүн администрация-
лык жана жазыктык жазаны катаалдатуу каралган.
Дары каражаттарын жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттыкты сактоо тармагында дары
каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук-
туу органы тарабынан жүргүзүлөт.
Дары каражаттарды рационалдуу колдонуу
1. Дары каражаттарын тандоо
Дары каражаттарды Турмуштук маанилүү дары каражаттарынын тизмесине
киргизүү үчүн тандоо дары каражаттарынын коопсуздугун жана далилдүү на-
тыйжалуулугун эске алып, негизги дары-дармектерди тандоо боюнча Дүйнө-
лүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарынын негизинде жүргүзүлөт.
Турмуштук маанилүү дары каражаттарынын тизмеси Кыргыз Республика-
сынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук дары-дармек ко-
митети тарабынан 2 жылда 1 жолу кайра каралат, кайра кароо процесси ай-
кын жана жалпыга белгилүү болот.
Турмуштук маанилүү дары каражаттарынын тизмеси дары-дармектерди
тандоону жөнгө салган башка тизмелерге караганда артыкчылыктуу болуп
саналат. Анын негизинде Улуттук дары-дармектер формуляры үзгүлтүксүз
басмадан чыгарылып турат.
Клиникалык протоколдор Турмуштук маанилүү дары каражаттарынын тиз-
месинин негизинде далилдүү медицинанын принциптерине ылайык артыкчылык-
туу оорулар боюнча иштелип чыгат.
2. Калктын жана саламаттык сактоо уюмдарынын
дары каражаттарын рационалдуу колдонушу
Дары каражаттарын врачтар аларды колдонуу боюнча расмий нускама-
ларга ылайык дайындашат жана жазып беришет. Дары каражаттарын дайындоо-
до жана берүүдө генерикалык жана терапиялык алмаштыруу колдоого алынат.
Саламаттык сактоо уюмдарынын дары-дармек комитеттери дары каражат-
тарын рационалдуу колдонуу саясатын киргизишет.
Саламаттык сактоо уюмдарынын бардык дењгээлинде, өзгөчө айыл жер-
гесинде формулярдык системаны киргизүү улантылат.
Саламаттык сактоонун бардык дењгээлдеринде дары каражаттарын раци-
оналдуу колдонууну баалоо атайын критерийлердин жана көрсөткүчтөрдүн,
дары каражаттарын колдонууну жыл сайын изилдөө жана талдоонун негизинде
жүргүзүлөт.
Дары каражаттарын рационалдуу колдонуу, өзгөчө өзүн өзү дарылоо
маселелери боюнча калк арасында агартуу иши дайыма жүргүзүлөт.
3. Фармакологиялык көзөмөл
Дары каражаттарынын кошумча таасирлерин аныктоо максатында фарма-
кологиялык көзөмөл жүргүзүү каралган, анын алкагында дары каражаттардын
кошумча натыйжаларынын мониторинги жана фармакологиялык көзөмөл прог-
раммасын иштеп чыгуу каралган.
Медициналык кызматкерлерге дары каражаттардын катталган кошумча
таасири жөнүндө маалымат дайыма берилип турат. Адистештирилген медици-
налык басылмаларда кошумча таасири байкалган жањы дары каражаттар жө-
нүндө маалыматтар мезгил-мезгили менен жарыяланып турат.
Улуттук маалымат базаны түзүү жолу менен кошумча таасир тийгизүү
учурлары тууралуу маалымат булактарын тартипке келтирүү каралган.
Дары каражаттардын пайдасын/коркунучун баалоо жана рационалдуу
колдонуу тармагында саламаттык сактоо адистерин окутуу жана даярдоо
белгиленген.
Дары каражаттарын коопсуз пайдалануу максатында саламаттык сактоо
уюмдарынын дары-дармек комитеттеринин иши күчөтүлөт.
Дары каражаттардын экономикалык жеткиликтүүлүгү
I. Дары каражаттарын каржылоо жана сатып алуу
Бюджеттик каржылоо көлөмү дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча
мамлекеттик гарантиялардын көлөмүнө ылайык келиши керек жана керектүү
дењгээлде колдоого алынышы зарыл.
Дары каражаттардын баардыгына бирдей жеткиликтүүлүгү амбулатория-
лык дењгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча жењилдиктерди берүү
менен жетишилет. Бейтаптарды дары-дармек менен жењилдетип камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен
камсыз кылуунун мамлекеттик гарантиялар программасынын алкагында жүргү-
зүлөт.
Мамлекет тарабынан артыкчылыктуу тартипте калктын ач камсыздалган
катмарларынын муктаждыгы үчүн Турмуштук маанилүү дары каражаттарынын
тизмесине ылайык дары каражаттарын сатып алуу каржыланат.
Саламаттык сактоонун мамлекеттик сектору үчүн дары каражаттарын
сатып алуу тендердик негизде бюджеттик, милдеттүү медициналык камсыз-
дандыруу, кошумча төлөө, кредит жана грант (SWAp) каражаттарга VEN/ABC
талдоону эсепке алып, генерикалык дары каражаттарды жана атамекендик
өндүрүштүн препараттарына артыкчылык берүү менен жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарды, медициналык маани-
деги буюмдарды, жабдууларды, медициналык техниканы сатып алуунун дары
каражаттарды алып келүүнүн тийиштүү практикасы киргизилет.
Турмуштук маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирбеген дары ка-
ражаттарды саламаттык сактоо уюмдарынын дары-дармек комитеттеринин че-
чими боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарына сатып
алганда ченемдик документтерде жазылган көлөмдө акча каражаттарын пай-
даланууга уруксат берилет, анын өлчөмү ченемдик документтерде белгилен-
ген өлчөмгө ылайык келиши керек.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык
сактоо уюмдарынын дары каражаттарды сатып алуусуна мониторинг жана баа-
лоо жүргүзүүнү пландаштырууда.
2. Дары каражаттарын өндүрүү
Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн турмуштук маанилүү дары каражаттарына
артыкчылык берилет.
Ата-мекендик фармацевттик продукциянын сапатын жакшыртуу жана
аларды тышкы рынокко алып чыгуу максатында GМР эл аралык стандарттары
киргизилет, GМР инспекторлору даярдалат жана үйрөтүлөт.
Турмуштук маанилүү дары каражаттарын өндүрүү үчүн колдонуу макса-
тында жергиликтүү табигый дары сырьенун ресурстарын изилдөө белгиленди.
Ата-мекендик өндүрүүчүлөргө турмуштук маанилүү дары каражаттарды
өндүрүүгө жана берүүгө мамлекеттик заказ пландаштырылууда.
3. Бааны жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жењилдетилген салык режимин орнотуу
менен калктын дары-дармекке кеткен каражаттарын азайтууга жана дары ка-
ражаттарына бааларды төмөндөтүүгө багытталган башка чараларды көрөт.
Бааны кыйыр жөнгө салуу киргизилет, дары-дармектерди сатып алууда
калктын чыгашалары азайтылат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун
кошумча программасы жана Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина-
лык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар
программасы менен орду толтурула турган дары каражаттардын базистик
баалары такай кайра каралып турат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу
Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаменти салык салуу
системасын өркүндөтүү жолу менен бааларды жөнгө салуунун ийкемдүү сая-
сатын аныктоо максатында баалардын өзгөрүү статистикасын жүргүзүп ту-
рат.
Фармацевттик иш жүргүзгөн менчиктин ар кандай түрүндөгү ишкер
субъектилер арасында жакшы атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүлөт.
Дары каражаттардын иш жүзүндө жеткиликтүүлүгү.
Айылдык фармациянын проблемалары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдары айылдык дарыкана тармагын өнүктүрүү үчүн жо-
горку жана орто билимдүү фармацевт адистерди айылда калтыруу максатында
алар айыл жергесинде үч жыл иштеген шартта кызматтык турак жай берүү,
бир жолку пособиелерди төлөө, мамлекеттик билим берүү кредиттерин жабуу
маселелерин чечишет.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өч ал-
дынча башкаруу органдары уч жыл бою айылда иштеп берүү милдети менен
адис-фармацевттерди даярдоого жергиликтүү бюджеттен максаттуу каражат-
тарды бөлүп берүүнү карашат.
Саламаттык сактоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
ыйгарым укуктуу органы мезгил-мезгили менен фармацевттик уюмдар үчүн
турмуштук маанилүү дары каражаттарынын тизмесинин негизинде түзүлгөн
дары каражаттарынын ассортименттик милдеттүү тизмесин жана рецептсиз
бериле турган дары препараттарынын тизмесин кайра карап турат. Дары ка-
ражаттарынын керектелишин жана сунушталышын, ошондой эле айрым аймак-
тарда жашаган калктын жыштыгын эске алып өлкөнүн аймагында дарыканалар-
ды жайгаштыруу ченемдери иштелип чыгат.
Дары каражаттарынын коопсуздугун
жана сапатын камсыз кылуу
Өндүрүүчүлөр жана дүњ алып келүүчүлөр өндүрүлгөн жана импорттолгон
дары каражаттарынын коопсуздугу жана сапаты үчүн Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары белгилеген тартипте жоопкерчилик тартышат.
Дары каражаттардын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуунун мам-
лекеттик системасы техникалык регламенттерди жана стандарттарды иштеп
чыгууну; дары каражаттарын клиникага чейинки жана клиникалык тес-
тирлөөнү жана каттоону; дары каражаттарынын сапатын жана коопсуздугун
мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролдоону; дары каражаттарды сертифи-
каттоону; фармацевттик иш-аракетти жөнгө салган ченемдик укуктук акты-
лардын долбоорлорун иштеп чыгууну; фармацевттик уюмдарды лицензиялоону
жана инспектирлөөнү; адистерди аттестациялоону; дары каражаттардын жар-
намасын контролдоону камтыйт.
Дүњ жана чекене фармацевттик уюмдар
Фармацевттик уюмдардын иш-аракети Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында белгиленген тартипте лицензияланат. Кыргыз Республикасынын Сала-
маттык сактоо министрлигинин фармацевттик иш-аракетти уюштуруу боюнча
белгилеген ченемдери бардык фармацевттик уюмдар үчүн, алардын уюм-
дук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабай милдеттүү болот.
Бардык дүњ алып келүүчү уюмдар үчүн дары каражаттарынын импортуна
бирдей шарт колдонулат.
Дүњ фармацевттик уюмдар саламаттыкты сактоо тармагындагы Кыргыз
Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына дары-дармектердин
ассортименти, алып келүү жана сатуу көлөмү, алып келүү жана сатуу баа-
лары жөнүндө маалыматты беришет. Чекене фармацевттик уюмдар иш-аракети
жөнүндө отчетторду, сатуу көлөмү, кадрлар, калк менен иштөө жөнүндө от-
чет беришет.
Гуманитардык жардам катары берилген дары каражаттар
Гуманитардык дары-дармектик жардамды жөнгө салуу Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары-
на ылайык жүргүзүлөт.
Гуманитардык дары-дармектик жардамдын келишин координациялоону
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги
жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзүшөт.
Гуманитардык дары каражаттарынын ассортименти калктын жана сала-
маттык сактоо системасынын муктаждыгына ылайык келип, сапаты ченемдик
документтердин талаптарына жооп бериши керек.
Фармацевттик сектордун адистеринин
квалификациялык дењгээлин жогорулатуу
Фармацевттердин квалификация дењгээлин жогорулатуу калкка фарма-
цевттик кызматтын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Дарыгерлерге жана калкка заманбап консультация берген провизордун
(фармацевттин) адис катары жоопкерчилиги жана билим дењгээли көтөрүлөт.
Фармацевттик кызматкерлер квалификацияны жогорулатуу курстарында
мезгил-мезгили менен окуп, фармацевттик иш-аракет жасоого укук берген
аттестациядан өтүшөт, профессордук-окутуучу курамдын билимине көз ка-
рандысыз экспертиза жүргүзүлөт.
Клиникалык фармакологдорду жана клиникалык фармацевттерди даярдоо
саламаттык сактоо системасынын муктаждыгына ылайык жүргүзүлөт.
Дипломго чейинки жана дипломдон кийинки фармацевттик билимди коор-
динациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлигине караштуу Фармацевттик билим берүү боюнча кењеш түзүлөт.
Маалыматтык камсыз кылуу жана кызматташуу
1. Дары каражаттары жөнүндө маалымат
Дары каражаттарын натыйжалуу жана коопсуз колдонуу үчүн медицина-
лык, фармацевттик кызматкерлерге жана калкка алар жөнүндө объективдүү
маалымат берилип турат.
Калкка жеткиликтүү төмөнкүдөй маалымат базасын түзүү пландаштыры-
лууда:
- жараксыз жана жасалма дары каражаттары жөнүндө;
- дары каражаттардын кошумча таасирине мониторингдин жыйынтыктары
жөнүндө;
- дары препараттар жөнүндө, аларды колдонуу нускамалары менен;
- дарыгердин рецептисиз берилчү дары препараттар жөнүндө;
- фармацевттик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик актылар жөнүндө.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Фармацевттердин эл аралык Федера-
циясы менен дары каражаттар тармагында ар тараптуу кызматташуу
өнүктүрүлөт.
2. Жарнама жана дары каражаттарды сатуу
Дары каражаттар тармагында жарнамалык жана маркетинг иш-аракет
мамлекет тарабынан контролго алынат, аны саламаттыкты сактоо тармагын-
дагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүргү-
зөт. Катталбаган жана рецепт боюнча берилчү дары каражаттарды жарнама-
лоого уруксат берилбейт.
Кыргыз Республикасындагы жарнамалоо жана башка маркетингдик иш
жүргүзүлүп жаткан Мамлекеттик дары-дармек саясатына каршы келбеши ке-
рек.
Дары каражаттарды рынокто сатуунун этикалык нормалары Дүйнөлүк са-
ламаттык сактоо уюмунун критерийлерине негизделет.
Мамлекеттик дары-дармек саясатты контролдоо жана баалоо
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекитилген
көрсөткүчтөрдүн негизинде көз карандысыз эксперттерди тартуу менен Мам-
лекеттик дары-дармек саясатынын иш-чараларына мониторинг жүргүзөт жана
баа берет.
Баалоонун натыйжалары жана чет элдик тажрыйба Мамлекеттик да-
ры-дармек саясатынын жаны натыйжалуу чараларын иштеп чыгуу үчүн колдо-
нулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 12-январындагы
№ 11 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын 2007-2010-жылдарга Мамлекеттик
дары-дармек саясатын ишке ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
-----------------------------------------------------------------------
| МДС бөлүмү | Максаты | Иш-чаралар |Мөөнөт| Жооптуу |
| | | | | аткаруучулар |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
| 1 | 2 | 3 | 5 | 6 |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|1. Дары |Кыргыз |1.1 Дары |2008- |ССМ, Өнөр жай,|
|каражаттарды|Республикасында|каражаттарды |2010- |соода жана |
|жүгүртүү |дары |жүгүртүү боюнча |жж. |туризм мин. |
|чөйрөсүндөгү|каражаттарды |мыйзамдык базаны | |(мындан ары - |
|мыйзамдар |жүгүртүүнү |Кыргыз | |ОЖСжТМ) |
|жана жөнгө |жөнгө салган |Республикасынын | | |
|салуу |ченемдик |техникалык жөнгө | | |
| |укуктук базаны |салуу боюнча | | |
| |андан ары |мыйзамдарына | | |
| |өркүндөтүү |ылайык келтирүү. | | |
| | |"Дары | | |
| | |каражаттардын | | |
| | |коопсуздугу | | |
| | |жөнүндө" | | |
| | |техникалык | | |
| | |регламентти | | |
| | |иштеп чыгуу. | | |
| | |1.2 Кыргыз |2007- |ССМ, ДССУ |
| | |Республикасынын |2008- |жана өкмөттүк |
| | |Дары каражаттары |жж. |эмес уюмдар |
| | |жөнүндө | |(мындан ары - |
| | |мыйзамдарын | |ӨЭУ) |
| | |жакшыртуу жана | |(макулдашуу |
| | |аларды эл аралык | |боюнча) |
| | |нормаларга жана | | |
| | |талаптарга ылайык | | |
| | |келтирүү боюнча | | |
| | |сунуштарды иштеп | | |
| | |чыгуу. | | |
| | |1.3 Дары |2007- |ССМ, Юстмин |
| | |каражаттарын алып |2008- | |
| | |келүү, өндүрүү, |жж. | |
| | |сатуу | | |
| | |жол-жоболорун | | |
| | |бузгандык үчүн | | |
| | |Кыргыз | | |
| | |Республикасынын | | |
| | |жазык жана | | |
| | |администрациялык | | |
| | |мыйзамдарын | | |
| | |катаалдатуу боюнча| | |
| | |сунуштарды | | |
| | |киргизүү. | | |
| | |1.4 Кыргыз |Жыл |ССМ, Эл |
| | |Республикасында |сайын |аралык |
| | |дары каражаттарды | |уюмдар |
| | |жүгүртүүнү жөнгө | |(макулдашуу |
| | |салган ченемдик | |боюнча) |
| | |документтердин | | |
| | |жана актылардын | | |
| | |жыйнагын чыгаруу. | | |
| | |1.5. Дары |2007- |ССМ, ДССУ |
| | |каражаттарды |2008- |(макулдашуу |
| | |жарнамалоо |жж. |боюнча) |
| | |тармагындагы | | |
| | |Кыргыз | | |
| | |Республикасынын | | |
| | |мыйзамдык | | |
| | |актыларына | | |
| | |өзгөртүүлөрдү | | |
| | |киргизүү. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|2. Дары |Турмуштук |2.1.1. Турмуштук |2008- |ССМ, КМАА |
|каражаттарды|маанилүү дары |маанилүү дары |ж. | |
|рационалдуу |каражаттардын |каражаттар | | |
|пайдалануу |колдонуудагы |тизмесин түзүү | | |
|2.1 Дары |тизмесин |боюнча нускаманы | | |
|каражаттарды|оптималдаштыруу|иштеп чыгуу: | | |
|тандоо |негизги |2.1.2. Турмуштук |2 |ССМ |
| |дарыларды |маанилүү дары |жылда | |
| |тандоо |каражаттардын |бир | |
| |методдорун |тизмесин жана |жолу | |
| |өркүндөтүү. |негизги Дары | | |
| | |каражаттардын | | |
| | |формулярын | | |
| | |мезгил-мезгили | | |
| | |менен кайра | | |
| | |кароону | | |
| | |камсыздоо. | | |
| | |2.1.3. Клиникалык |2007- |ССМ |
| | |протоколдорду |2010- | |
| | |толуктап иштеп |жж. | |
| | |чыгуу жана | | |
| | |аларды эл аралык | | |
| | |стандарттарга | | |
| | |ылайык келтирүү. | | |
| | |2.1.4. |2007- |ССМ, ӨЭУ |
| | |Дарылоо-алдын |2010- |(макулдашуу |
| | |алуу |жж. |боюнча) |
| | |мекемелеринде | | |
| | |клиникалык | | |
| | |протоколдордун | | |
| | |киргизилишин | | |
| | |мониторингдоо жана| | |
| | |баалоо. | | |
| | |2.1.5. |2007- |КМКДжКЖМИ, |
| | |Дарыгерлерди |2010- |КММА |
| | |жана орто |жж. | |
| | |медициналык | | |
| | |кызматкерлерди | | |
| | |клиникалык | | |
| | |протоколдор боюнча| | |
| | |иштөөгө окутуу. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|2.2 Калктын |Дары |2.2.1. Дары |2007- |ССМ, |
|жана |каражаттарды |каражаттарды |2008- |КММА, |
|саламаттык |туура эмес |окшоштугу боюнча |жж. |КМКДжКЖМИ |
|сактоо |пайдалануунун |жана терапиялык | | |
|уюмдарынын |жана өзүн өзү |алмаштыруу, | | |
|дары |дарылоонун |айкалышпаган дары | | |
|каражаттарды|терс таасирин |каражаттарын | | |
|рационалдуу |болтурбоо |колдонууну | | |
|пайдаланышы | |болтурбоо боюнча | | |
| | |методикалык | | |
| | |сунуштарды иштеп | | |
| | |чыгуу. | | |
| | |2.2.2. Турмуштук |Жыл |ДКжМТД |
| | |маанилүү |сайын | |
| | |дары-дармектердин,| | |
| | |баалардын жана | | |
| | |тарифтердин | | |
| | |жеткиликтүүлүгүнө | | |
| | |мониторинг | | |
| | |жүргүзүү. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|3. Дары |Саламаттык |3.1.1. Саламаттык |Дайыма|ССМ, Сатып |
|каражаттар- |сактоо |сактоо адистерин | |алуулар |
|дын |уюмдары |тендердик сатып | |боюнча |
|экономикалык|финансылык |алуунун | |мамагенттик |
|жеткиликтүү-|каражаттарды |жол-жоболоруна | | |
|лүгү |үнөмдүү |дайыма үйрөтүүнү | | |
|3.1 Дары |колдонушу. |камсыз кылуу. | | |
|каражаттарды| |3.1.2. Саламаттык |Дайыма|ССМ, Сатып |
|каржылоо | |сактоо уюмдары | |алуулар |
|жана сатып | |дары каражаттарды | |боюнча |
|алуу | |сатып алуулар | |мамагенттик |
| | |боюнча | |ММКФ |
| | |спецификацияларды | | |
| | |түзгөндө дары | | |
| | |каражаттарды | | |
| | |VEN/АВС талдоону | | |
| | |киргизүүнү | | |
| | |камсыз кылуу. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|3.2 Дары |Ата-мекендик |3.2.1. GМР |2007- |ССМ, ДКжМТД |
|каражаттарды|медициналык |инспекторлорун |2010- | |
|өндүрүү |жана |даярдоо жана |жж. | |
| |фармацевттик |үйрөтүү. | | |
| |продукциянын |3.2.2. |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| |коопсуздугун |Фармацевттик |2010- | |
| |жана сапатын |ишканалардын |жж. | |
| |арттыруу. |кызматкерлерин | | |
| |Фармацевттик |GМР эрежелерине | | |
| |ишканаларды |үйрөтүү. | | |
| |өнүктүрүү |3.2.3 Дары |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| |жана чет |каражаттарды, |2010- | |
| |өлкөлүк |медициналык |жж. | |
| |рынокторго |багыттагы | | |
| |чыгаруу |буюмдарды жана | | |
| | |медициналык | | |
| | |техниканы | | |
| | |өндүрүүчүлөр үчүн | | |
| | |GМР эларалык | | |
| | |тармактык | | |
| | |стандарттарды | | |
| | |этап-этабы менен | | |
| | |киргизүүнү камсыз | | |
| | |кылуу. | | |
| | |3.2.4. |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| | |Дарыканаларда |2010- | |
| | |даярдалган дары |жж. | |
| | |каражаттардын | | |
| | |сапатын | | |
| | |жогорулатуу, | | |
| | |өндүрүштүк | | |
| | |дарыканалардын | | |
| | |технологиялык | | |
| | |жабдууларын | | |
| | |модернизациялоо | | |
| | |боюнча | | |
| | |иш-чараларды | | |
| | |жүргүзүү. | | |
| | |3.2.5. |2007- |РКБ, ДКжМТД |
| | |Ата-мекендик |2010- | |
| | |кан |жж. | |
| | |препараттарды, | | |
| | |анын | | |
| | |компоненттерин, | | |
| | |кан | | |
| | |алмаштыргычтарды | | |
| | |чыгарууну | | |
| | |өркүндөтүү жана | | |
| | |кењейтүү. | | |
| | |3.2.6. Дары |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| | |каражаттарды |2010- | |
| | |клиникага чейинки |жж. | |
| | |жана клиникалык | | |
| | |сыноолордун | | |
| | |механизмин | | |
| | |жакшыртуу. | | |
| | |3.2.7. |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| | |Фармацевттик |2010- | |
| | |ишканаларда дары |жж. | |
| | |каражаттарды | | |
| | |техникалык | | |
| | |контролдоо | | |
| | |бөлүмдөрүнүн | | |
| | |ачылышын камсыз | | |
| | |кылуу. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|3.3. |Дары |3.3.1. Турмуштук |2007- |ССМ, ДКжМТД, |
|Бааларды |каражаттарга |маанилүү дары |ж. |ММКФ, ДССУ |
|жөнгө салуу |баалардын |каражаттарга | |(макулдашуу |
| |өсүшүн кармоо |туруктуу соодалык | |боюнча) |
| | |үстөктүн | | |
| | |киргизишин | | |
| | |негиздөө | | |
| | |3.3.2. Дары |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| | |каражаттардын |2008- | |
| | |бааларынын жана |жж. | |
| | |бааларды талдоонун| | |
| | |маалымат базасынын| | |
| | |автоматташтырылган| | |
| | |системасын | | |
| | |киргизүү. | | |
| | |3.3.3. ДКжМТД |2007- |ССМ, ДКжМТД, |
| | |адистерин дары |2010- |ДССУ |
| | |каражаттардын |жж. |(макулдашуу |
| | |мониторингинин | |боюнча) |
| | |заманбап | | |
| | |методдоруна | | |
| | |окутуу. | | |
| | |3.3.4. Дары |Дайыма|ДКжМТД |
| | |каражаттарга | | |
| | |баалардын | | |
| | |мониторингинин | | |
| | |жыйынтыктарын | | |
| | |үзгүлтүксүз | | |
| | |жарыяланып | | |
| | |турууну камсыз | | |
| | |кылуу. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|4. Дары |Калкка дары |4.1 Талдоо жана |Жылына|ММКФ |
|каражаттар- |каражаттардын |мониторингдин |1 жолу| |
|дын иш |жеткиликтүүлү- |негизинде | | |
|жүзүндө |гүн |Милдеттүү | | |
|жеткиликтүү-|камсыз кылуу. |медициналык | | |
|лүгү. | |камсыздандыруунун | | |
|Айылдык | |кошумча | | |
|дарыканалар-| |программасы боюнча| | |
|дын | |дары каражаттардын| | |
|проблемасы | |тизмесин кайра | | |
| | |карап чыгуу. Айыл | | |
| | |жери жана чакан | | |
| | |шаарлар үчүн | | |
| | |түзөтүүчү | | |
| | |коэффициент | | |
| | |киргизүү. | | |
| | |4.2. Айылдардын |2007- |ДКжМТД, |
| | |дарыкана |2008- |жерг. |
| | |уюмдарга |жж. |мамадминистр.,|
| | |муктаждыгын | |жергиликтүү |
| | |аныктоо, | |өз алдынча |
| | |айылдык дарыкана | |башкаруу |
| | |мекемелерин ачуу | |органдары |
| | |жана ФАПтарда | | |
| | |дары каражаттарды | | |
| | |сатуу механизмин | | |
| | |жакшыртуу. | | |
| | |4.3. Айылдарда |2007- |ССМ, жерг. |
| | |жогорку жана орто |2010- |мамадм., |
| | |фармацевттик |жж. |жергиликтүү |
| | |билими бар | |өз алдынча |
| | |адистерди калтыруу| |башкаруу |
| | |механизмин иштеп | |органдары |
| | |чыгуу. | | |
| | |4.4. Дарыкана. |2007- |ССМ |
| | |фармкызматкерлер |ж. | |
| | |жок калктуу | | |
| | |пункттардын | | |
| | |тизмесин түзүү | | |
| | |(картография). | | |
| | |4.5. Дарыкана |Жылына|КММА, |
| | |мекемелери жана |1 жолу|ДКжМТД |
| | |фармацевттер жок | | |
| | |айылдардагы | | |
| | |медициналык | | |
| | |кызматкерлерди | | |
| | |дары каражаттарды | | |
| | |жана медициналык | | |
| | |багыттагы | | |
| | |буюмдарды сатуу | | |
| | |укугуна окутуу | | |
| | |жана | | |
| | |аттестациялоо. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|5. Дары |Дары |5.1. Тармактык |2007- |ССМ, ДКжМТД |
|каражаттар- |каражаттардын |стандарттарды жана|2010- | |
|дын сапатын | |эрежелерди этап |жж. | |
|жана |коопсуздугун |менен иштеп чыгуу | | |
|коопсуздугун|жана сапатын |жана киргизүү: | | |
|камсыздоо |мамлекеттик |дары каражаттарды | | |
| |көзөмөлдөө |чекене сатуучу | | |
| |жана |уюмдар үчүн GРР, | | |
| |контролдоо |дары каражаттарды | | |
| |жол- |дүњ сатуучу уюмдар| | |
| |жоболорун |үчүн GDP, дары | | |
| |өркүндөтүү. |каражаттарга | | |
| | |сертификаттык жана| | |
| | |каттоочу талдоо | | |
| | |жүргүзүүчү сыноочу| | |
| | |лабораториялар үчү| | |
| | |GI.Р. | | |
| | |5.2. Жасалма дары |2007- |ССМ, ДКжМТД, |
| | |каражаттарды алып |2008- |ИИМ |
| | |келүүнү жана |жж. | |
| | |таркатууну | | |
| | |болтурбоо боюнча | | |
| | |чаралар системасын| | |
| | |иштеп чыгуу. | | |
| | |5.3. Фармацевттик |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| | |иш-аракетке |ж. | |
| | |мамлекеттик | | |
| | |көзөмөл жүргүзүү | | |
| | |жана дары | | |
| | |каражаттардын | | |
| | |натыйжалуулугун, | | |
| | |коопсуздугун жана | | |
| | |сапатын контролдоо| | |
| | |боюнча нускаманы | | |
| | |иштеп чыгуу. | | |
| | |5.4. ДКжМТДнын |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| | |борбордук |2010- |Кыргыз |
| | |контролдоочу- |жж. |Республика- |
| | |талдоочу | |сынын |
| | |лабораториясынын | |Аккредитация- |
| | |аккредитациялоо | |лоо боюнча |
| | |тармагын кењейтүү,| |улуттук |
| | |анын ичинде | |органы |
| | |иммунобиологиялык | | |
| | |препараттарды | | |
| | |сыноо боюнча | | |
| | |кењейтүү. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
| |Дары каражат- |5.5. GМР |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| |тардын |маселелери |2010- | |
| |контрабандасы |боюнча ДССУнун |жж. | |
| |менен күрөшүүнү|сунуштарын эске | | |
| |күчөтүү. |алып фармацевттик | | |
| | |өндүрүштү | | |
| | |инспекциялоо | | |
| | |маселеси боюнча | | |
| | |ченемдик-укуктук | | |
| | |жана | | |
| | |уюштуруучу-усулдук| | |
| | |документтерди | | |
| | |иштеп чыгуу. | | |
| | |5.6. Кыргыз |2007- |ССМ, МБИ |
| | |Республикасынын |2008- | |
| | |Өкмөтүнө караштуу |жж. | |
| | |Мамлекеттик бажы | | |
| | |инспекциясы менен | | |
| | |бирдикте Кыргыз | | |
| | |Республикасына | | |
| | |дары каражаттарды | | |
| | |мыйзамсыз алып | | |
| | |келүүгө жол бербөө| | |
| | |боюнча 2010-жылга | | |
| | |чейинки | | |
| | |иш-чаралардын | | |
| | |планын иштеп | | |
| | |чыгуу. | | |
| | |5.7. Коомдук |2007- |ССМ, жерг. |
| | |жерлерде |ж. |мамадм., |
| | |дары каражаттарды | |жерг. өз |
| | |мыйзамсыз сатууга | |алдынча |
| | |тыюу салуу | |башкаруу |
| | |механизмдерин иште| |органдары |
| | |чыгуу. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|6. Дүњ жана |Дары |6.1. Дары |2007- |ССМ, |
|чекене |каражаттардын, |каражаттарды, |2008- |ДКжМТД, |
|фармацевттик|медициналык |медициналык |жж. |ММКФ |
|уюмдар |багыттагы |багыттагы | | |
| |буюмдардын жана|буюмдарды жана | | |
| |медициналык |медициналык | | |
| |техниканын |техниканы дүњ жана| | |
| |ички рыногунун |чекене сатуу | | |
| |көлөмүн |эрежелерин иштеп | | |
| |кењейтүү. |чыгуу. | | |
| | |6.2. |Дайыма|ССМ, |
| | |Дарыканалардын | |ДКжМТД, |
| | |саламаттык сактоо | |ММКФ, |
| | |уюму катары | |ӨЭУ |
| | |маанисин жана | |(макулдашуу |
| | |фармацевттин | |боюнча) |
| | |ролун жогорулатуу | | |
| | |боюнча | | |
| | |иш-чараларды | | |
| | |жүргүзүү. | | |
| | |6.3. Фармацевттик |2007- |ССМ, ДКжМТД |
| | |уюмдардын алып |ж. | |
| | |келүүнүн, сатуунун| | |
| | |көлөмү, алып | | |
| | |келүүдөгү жана | | |
| | |сатуучу баалар, | | |
| | |кадрлар боюнча | | |
| | |статистикалык | | |
| | |маалымат берүү | | |
| | |тартибин иштеп | | |
| | |чыгуу. | | |
| | |6.4. Чекене |2 |ССМ, ДКжМТД |
| | |фармацевттик |жылда | |
| | |уюмдар үчүн |бир | |
| | |дары |жолу | |
| | |каражаттардын | | |
| | |туруктуу | | |
| | |минимум | | |
| | |ассортиментин | | |
| | |аныктоо. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|7. Гумани- |Саламаттык |7.1. Гуманитардык |2007- |ЭжСКМ, ССМ |
|тардык |сактоо |жардам катары |ж. | |
|жардам |уюмдарында |берилчү дары | | |
|катары |жарактуу |каражаттарды алып | | |
|берилчү |мөөнөтү кыска, |келүү, кабыл алуу,| | |
|дары- |натыйжасыз |бөлүштүрүү | | |
|дармектер |гуманитардык |тартибин | | |
| |дары |өркүндөтүү | | |
| |каражаттардын |7.2. Кыргыз |Дайыма|ССМ |
| |болушуна жол |Республикасына | | |
| |бербөө |гуманитардык | | |
| | |жардам катары | | |
| | |берилчү дары | | |
| | |каражаттардын | | |
| | |коопсуздугун | | |
| | |жана сапатын | | |
| | |контролдоо | | |
| | |боюнча талаптарды | | |
| | |күчөтүү. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|8. | |8.1. Фармацевт |2007- |ССМ, КММА |
|Фармацевттик|Фармациянын |кызматкерлердин |2010- |КМКДжКЖММ |
|сектордун |жана |санын |жж. | |
|адистеринин |фармацевттик |пландаштыруу | | |
|квалифика- |кесиптин |методикасын | | |
|циялык |социалдык |иштеп чыгуу. | | |
|дењгээлин |маанисин |8.2. Кыргыз |2007- |ССМ, КММА, |
|жогорулатуу |өстүрүү. |Республикасынын |2008- |КМКДжКЖМИ. ББМ|
| | |Саламаттык |жж. | |
| | |сактоо | | |
| | |министрлигине | | |
| | |караштуу | | |
| | |Фармацевттик | | |
| | |билим берүү | | |
| | |боюнча кењешти | | |
| | |түзүү. | | |
| | |8.3. Дипломдон |2007- |ССМ, КММА, |
| | |кийинки билим |2008- |КМКДжКЖМИ |
| | |берүү жана |жж. | |
| | |үзгүлтүксүз | | |
| | |билим алуу | | |
| | |системасынын | | |
| | |программасын | | |
| | |өркүндөтүү | | |
| | |боюнча | | |
| | |иш-чаралар | | |
| | |планын | | |
| | |иштеп чыгуу. | | |
| | |8.4. Фармацевттик |2007- |ССМ, КММА, |
| | |билими бар |2008- |КМКДжКЖМИ, |
| | |адистердин |жж. |ББМ |
| | |квалификациясын | | |
| | |жогорулатуу жана | | |
| | |кайра даярдоо | | |
| | |эрежелерин иштеп | | |
| | |чыгуу | | |
| | |8.5. Медициналык |2007- |ССМ, КММА, |
| | |жана фармацевттик |2010- |КМКДжКЖМИ, |
| | |билим берүүчү |жж. |ББМ |
| | |мекемелердин | | |
| | |профессордук- | | |
| | |окутуучу | | |
| | |курамынын | | |
| | |квалификациясын | | |
| | |жогорулатуу | | |
| | |боюнча | | |
| | |иш-чараларды | | |
| | |жүргүзүү. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|9. |Кыргыз |9.1. Дарыгерлер |Дайыма|ССМ, ДКисМТД, |
|Маалыматтык |Республикасынын|жана фармацевттер | |ДССУ, ӨЭУ, |
|камсыз кылуу|фармацевттик |үчүн дары | |(макулдашуу |
| |секторунун |каражаттар | |боюнча) |
| |маалыматтык |тармагында | |ССМ, ДКжМТД |
| |камсыз |илимий-практикалык| | |
| |кылынышын |басылманын | | |
| |жакшыртуу. |үзгүлтүксүз | | |
| | |чыгарылышын камсыз| | |
| | |кылуу. | | |
| | |9.2. Дары-дармек |2008- | |
| | |жөнүндө маалыматты|2009- | |
| | |тариздөө боюнча |жж. | |
| | |нормаларды | | |
| | |илимий | | |
| | |стандарттарга, | | |
| | |ошондой эле ДССУ | | |
| | |критерийлерине | | |
| | |ылайык иштеп | | |
| | |чыгуу. | | |
|------------|---------------|------------------|------|--------------|
|10. |Мамлекеттик |10.1. Мамлекеттик |2007- |ССМ, ДССУ |
|Мамлекеттик |дары-дармек |дары-дармек |ж. |(макулдашуу |
|дары-дармек |саясатынын |саясатын | |боюнча) |
|саясатын |иш-чараларынын |киргизүүгө | | |
|контролдоо |натыйжалуулугун|мониторингдин | | |
|жана баалоо |баалоо. |жана баа | | |
| |Аны ишке ашыруу|берүүнүн | | |
| |боюнча |максаттык | | |
| |чараларды иштеп|көрсөткүчтөрүн | | |
| |чыгуу. |жана маалымат | | |
| | |чогултуунун | | |
| | |механизмдерин | | |
| | |аныктоо. | | |
| | |10.2. Мамлекеттик |Жылына|ССМ |
| | |дары-дармек |бир | |
| | |саясатына |жолу | |
| | |туруктуу | | |
| | |негизде | | |
| | |мониторинг | | |
| | |жүргүзүүнү | | |
| | |жана баа берүүнү | | |
| | |камсыз кылуу. | | |
| | |10.3. Илимий- |Зарыл-|ССМ, ӨЭУ |
| | |практикалык |дыкка |(макулдашуу |
| | |конференцияларды, |жараша|боюнча) |
| | |кењешмелерди, | |ДССУ, |
| | |Кыргыз | |(макулдашуу |
| | |Республикасынын | |боюнча) |
| | |фармацевттик | | |
| | |секторунун абалына| | |
| | |социологиялык | | |
| | |изилдөөлөрдү | | |
| | |уюштурууну жана | | |
| | |өткөрүүнү камсыз | | |
| | |кылуу. | | |
| | |10.4. Мамлекеттик |Жыл |ССМ, ӨЭУ |
| | |дары-дармек |сайын |(макулдашуу |
| | |саясатын аткаруу | |боюнча) |
| | |боюнча иш-чаралар | |ДССУ, |
| | |планын аткаруу | |(макулдашуу |
| | |жөнүндө отчетторду| |боюнча) |
| | |жарыялоону жана | | |
| | |талкуулоону камсыз| | |
| | |кылуу. | | |
-----------------------------------------------------------------------