Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 3-февралы № 28
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын
жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү өз убагында
жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылы республикада аштык буудай-
га рыноктук баа арзан болгондуктан, дизелдик отунга, автобензинге жана
күйүүчү-майлоочу материалдардын башка түрлөрүнө баалардын дењгээли кым-
батташы улангандыктан кыйла түшүмдүү күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөр-
дүн, биринчи кезекте күздүк буудайдын айдоо аянттарынын азаюу тенденци-
ясы сакталып жатканын белгилейт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статис-
тика комитетинин маалыматтары боюнча, 2007-жылдын түшүмү үчүн 246,9 мињ
га аянтка күздүк дан өсүмдүктөр себилген, анын ичинде 229,8 мињ га күз-
дүк буудай айдалган, бул 2005-жылдын дењгээлинен иретине жараша 34,7
мињ га жана 38,0 мињ га аз. Айдалган тоњдурманын иш жүзүндөгү өлчөмү
90,7 мињ га түзгөн, бул 2005-жылдын дењгээлинен 13,7 га көбүрөөк.
Күздүк өсүмдүктөр азыраак себилип калгандыктан айыл чарба өсүмдүк-
төрүн жазгы себүү жана ал үчүн кыртышты даярдоо орчундуу көбөйүп, бул
материалдык-техникалык ресурстарды, биринчи иретте күйүүчү-майлоочу ма-
териалдарды былтыркы жылга караганда көбүрөөк көлөмдө жумшоону талап
кылат.
2007-жылы жазгы себүү үчүн айдоо аянттардын белгиленип жаткан
структурасына ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаздык үрөндөрүнө болгон
керектөө позициялардын көпчүлүгү боюнча толугу менен камсыздалат. Ошону
менен бирге эле, баштапкы эсептөөлөргө ылайык, республикада жаздык буу-
дайдын үрөнү 2,0 мињ тоннага жана жаздык арпанын үрөнү 2,0 мињ тоннага
жакын жетишсиз болот. Республикалык мамлекеттик үрөн фондунда 2 мињ
тонна жаздык буудайдын үрөнүн жана 0,5 мињ тонна жаздык арпанын үрөнүн
топтоо күтүлүп жатат. Жаздык арпанын үрөнүнүн жетишсиздиги 1,5 мињ тон-
на, анын ичинде Нарын облусу боюнча - 1,0 мињ тонна, Баткенде 0,2 мињ
тонна жана Чүй облусунда - 0,3 мињ тонна болот, муну үрөн чарбалардан
түз сатып алуу менен толуктоо зарыл.
2007-жылдагы жазгы талаа жумуштарынын белгиленип жаткан көлөмүнүн
баарын аткаруу үчүн 40,1 мињ тонна дизелдик отун жана 12,5 мињ тонна
автобензин топтоо керек. Алардын чекене баалары кымбат экендигин эске
алып, аз камсыз болгон, айрыкча республиканын алыскы жана бийик тоолуу
райондорундагы дыйкан жана фермер чарбаларга колдоо көрсөтүү максатында
"Кыргыз-Петролиум-Компани" жабык акционердик коомунун (Жалал-Абаддагы
нефти иштетүүчү завод) болгон мүмкүнчүлүктөрүн болушунча пайдалануу за-
рыл.
2007-жылдын 25-январына карата оперативдүү маалыматтарга ылайык
себүүчү жана кыртышты иштетүүчү техниканын даярдыгы: тракторлор боюнча
- 62 процент, соколор - 62 процент, сепкичтер - 54 процент, культива-
торлор - 66 процент, тырмоолор - 60 процент даяр.
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2007-жылы айыл чарба
өсүмдүктөрүн жазгы себүүнү жүргүзүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2007-жылы жазгы талаа жумуштарын өз учурунда жана уюшкандыкта
жүргүзүү - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлигинин жана анын ведомстволук кызматтарынын, облустар-
дын жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бардык тиешелүү министрлик-
тер менен администрациялык ведомстволордун, ошондой эле республиканын
айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн биринчи кезектеги милдети болуп эсептел-
син.
2. Республикада жазгы талаа жана жыйноо жумуштарына даярданууга
жана комплексин жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү боюнча
республикалык штаб № 1 тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Жогоруда көрсөтүлгөн Республикалык штабдын жумушчу органы болуп
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлиги аныкталсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына облус-
тарда жана райондордо ушундай аймактык жумушчу штабдарды түзүү, алардын
оперативдүү иштерин уюштуруу жана Республикалык штабдын жумушчу органы-
на жазгы талаа жана оруу-жыюу жумуштарынын жүрүшү тууралуу маалыматты
ушул жумушчу орган белгилеген форма боюнча ар жума сайын берип турууну
камсыздоо тапшырылсын.
4. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрация башчыла-
ры:
- күздүк дан өсүмдүктөрүнүн иш жүзүндөгү айдоо аянттарын эске алуу
менен 2007-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары-
нын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу оптималдуу структурасын
№ 2 тиркемеге ылайык аткарууга алышсын жана ар бир айыл өкмөтүнө жетки-
ришсин;
- бардык жерлерде жер айдоочу жана кыртышты иштетүүчү айыл чарба
техникаларына инвентаризация жүргүзүүнү уюштурушсун, ремонттоо жана да-
яр болгондордун катарына коюулууга тийиш болгон техниканын ар бир бир-
дигин катуу эсепке алышсын;
- оњдоонун графиктерин түзүшсүн жана жер-жерлерде анын сакталышына
жооптуу адамдарды дайындап, облустардын жана райондордун мамлекеттик
администрацияларынын коллегияларында алардын отчетторун угуу менен ка-
туу контролду камсыздашсын;
- 2006-жылы Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын линиясы
боюнча берилген бардык тракторлор соко комплектилери менен жазгы талаа
жумуштарына катышуусун камсыздашсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу ар бир айыл
өкмөттө 2007-жылдын түшүмү үчүн белгиленген жазгы себүү программасын
аткарууга керектүү көлөмдө жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн
жана көчөт материалдарын камдоону камсыздап, алар тартыш болгон учурда
республиканын аймагында өндүрүүгө уруксат берилген сорттордун жана гиб-
риддердин, айрыкча жаздык буудайдын, жаздык арпанын жана пахтанын кон-
дициялуу товардык партияларын мамлекеттик үрөн инспекциясынын органда-
рынын тыкыр контролу менен милдеттүү түрдө себүү кондициясына жеткире
иштетип туруп пайдаланууну уюштурушсун;
- бюджеттик ссудалар, Япониянын Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы бо-
юнча алынган кылкандуу дан эгиндердин үрөндөрү түрүндөгү товардык кре-
диттер, ошондой эле чет өлкөлүк кредиттер боюнча бересеси бар ар бир
чарбакер субъектиде болгон жаздык буудайдын жана жаздык арпанын конди-
циялуу сорттук үрөндөрүн № 3 тиркемеге ылайык республикалык мамлекеттик
үрөн фондуна топтоо жана андан ары пайдалануу үчүн катуу эсепке алыш-
сын;
- мамлекеттик үрөн инспекциясынын органдарына макулдашуу боюнча
жогоруда аталган өсүмдүктөрдүн кондициялуу үрөндөрүнүн аныкталган көлө-
мүн Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык
комиссиянын жыйындарында 2007-жылы жазгы себүүнү жүргүзүү үчүн ыкчам
бөлүштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы ми-
нистрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго
аныкталган форма боюнча тапшырышсын;
- күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн айдоолорун азоттуу минералдык
жер семирткичтер менен эрте жазда азыктандыруу, жаздык дан өсүмдүктөр-
дүн сорттук жана гидрид үрөндөрүнүн бардык көлөмүн дарылоо, ошондой эле
өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинде пайдалануу үчүн өсүмдүктөрдү коргоо-
нун керектүү химиялык жана биологиялык каражаттарын топтоо максатында
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте минералдык жер
семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын берүүчү-жабдуучу-
лар менен аларды республикага келишимдик негизде жана айылдык товар өн-
дүрүүчүлөргө өз ара пайдалуу шартта алып келүү боюнча ишти жөнгө салыш-
сын;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү органикалык жер семирткичтерди топ-
тоонун, сактоонун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда пайдала-
нуунун алдыњкы ыкмаларына, ошондой эле өсүмдүктөрдү кошумча азыктанды-
руу үчүн органикалык компостторду жана башка баалуу азык заттарды даяр-
доого үйрөтүү боюнча жергиликтүү айыл чарбалык консультациялык кызмат-
тардын квалификациялуу адистерин тартуу менен ар бир айыл өкмөттө орга-
никалык жер семирткичтерди болушунча топтоону камсыздашсын;
- айыл өкмөттөрдүн, суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана
башка чарбакер субъекттердин баланстарында турган чарба ичиндеги бүткүл
ирригациялык тармакты ным топтоочу жана вегетациялык сугаттардын башта-
лышына карата өз убагында жана сапаттуу даярдоону камсыздашсын;
- пайдаланылбай турган айдоолорду айыл чарбалык иштетүүгө болушун-
ча пайдалануу боюнча чара көрүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоочу кара-
жаттарды берүүчү-жабдуучуларды республикага тартуу боюнча уюштуруу иш-
терин жүргүзсүн, аларды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себилчү материалдарын
өз убагында жана сапаттуу дарылоону, өсүмдүктөрдү минералдык семирткич-
тер менен кошумча азыктандырууну жана айдоолорду өсүмдүктөрдү коргоочу
каражаттар менен иштетүүнү камсыздоочу көлөмдө алып келүүлөрдү көбөйтүү
маселесин чечсин;
- минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоочу кара-
жаттарды дүњ, чекене жана чегара жанында сатууну уюштурсун;
- кант кызылчанын айдоо аянтын көбөйтүү максатында "Ак-Суу жүгөрү
иштетүүчү кант комбинаты", "Кошой" жана "Кайыњды-Кант" акционердик
коомдору менен республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрү өстүргөн кант
кызылчанын тамыр-түбүн кабыл алууга жана иштетүүгө келишимдерди кызыл-
чачыларга алгылыктуу шарттарда түзүү маселесин иштеп чыксын;
- ным топтоочу жана вегетациялык сугаттардын башталышына карата
чарбалар аралык ирригациялык тармактарды өз убагында жана сапаттуу да-
ярдоону, ошондой эле республиканын бардык суу сактагычтарында сугат су-
уну болушунча топтоону камсыздасын;
- органикалык компостторду жана өсүмдүктөрдү кошумча азыктандыруу
үчүн башка баалуу азыктык формаларды даярдоонун алдынкы ыкмалары боюнча
практикалык семинарларды уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине материалдык-техникалык ресурстарды мамлекеттик түз
жана тендерлик сатып алуу үчүн республикалык бюджетте каралган 34,8
млн. сом суммасында каражатты бөлүп берсин;
- 2007-жылдын биринчи жарымында "Капиталдык ремонт" жана "Сатып
алуу" статьялары боюнча жылдык каржылоо көлөмүнүн 70 проценти өлчөмүндө
акча каражатын бөлүп берүүнү караштыруу менен
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлигинин Суу чарба департаментинин суу чарба объектилерин оњ-
доо-калыбына келтирүү жумуштарын биринчи кезекте каржылоону камсызда-
сын;
- мамлекеттик насос станциялар жана скважиналар үчүн, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлигинин Суу чарба департаментинин өндүрүштүк-тиричиликтик муктаж-
дыктары үчүн электр энергиясын керектөөнүн лимитин 170 млн. кВтс өлчөм-
дө бекитсин жана ага төлөө үчүн мамлекеттик бюджетте электр энергиясы-
нын иш жүзүндөгү керектелишине жараша керектүү каражатты караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуу-
лар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке мамлекет-
тик резервдеги күйүүчү-майлоочу материалдардын кол тийгис запасын то-
луктоо үчүн акча каражатын бөлүүнү карасын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик товардык
кредиттерди берүү жана жазгы айдоо жана жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүн
жаздык себүү боюнча белгиленген программаны аткаруу үчүн:
- мамлекеттик резервден 10,0 мињ тонна айлык буудайды республика-
нын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө товардык кредит берүү үчүн аны сак-
тоого кеткен чыгымдарды эске алуу менен № 4 тиркемеге ылайык брондон
чыгарсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-апрелиндеги №
157-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган 5,0 мињ куб. м дизелдик отун-
дун калдыгын кийин айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредитке берүү үчүн
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрлиги Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаан-
даштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республика-
сынын Экономика жана финансы министрлиги менен бирдикте аныктаган тар-
типте № 5 тиркемеге ылайык берсин;
- бөлүнгөн дизелдик отунду республиканын региондоруна Кыргыз Рес-
публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
менен макулдашылган көлөмдө, брондон чыгарылган бензиндин бөлүгүн са-
туунун эсебинен жеткирүү маселесин чечсин;
- мамлекеттик резервдеги күйүүчү-майлоочу материалдардын кол тий-
гис запасын толуктоо үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды аныкталган
тартипте сатып алсын.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине ка-
раштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд:
- ушул токтомдун 7-пунктуна ылайык бөлүнүүчү аштык буудайды жана
күйүүчү-майлоочу материалдарды айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн алышына
кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк милдеттенмелерди 2007-жылдын 1-де-
кабрына чейин аштык буудай түрүндө төгүп берүү мөөнөтү менен белгилен-
ген тартипте тариздесин;
- республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтоо максатында рес-
публиканын үрөн чарбаларынын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (МАР) ли-
ниясы боюнча үрөн тазалоочу техника жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сор-
ттук үрөндөрү түрүндө алышкан товардык кредиттери боюнча береселерин,
башка чарбакер субъекттердин Япониянын Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы
боюнча дан өсүмдүктөрдүн үрөндөрү түрүндө товардык кредиттер боюнча бе-
реселерин жоюуну жаздык буудайдын жана жаздык арпанын сорттук үрөндөрү
менен жоюуга өзгөчө тартипте уруксат берсин;
- 2007-жылы жазда себүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөр республи-
калык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жаздык буудайдын жана жаздык
арпанын сорттук үрөндөрүн, ошондой эле 2007-жылы тендер боюнча сатып
алынган сорттук үрөндөрдү, минерал жер семирткичтерди жана айыл чарба
техникаларынын шиналарын алышына кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк
милдеттенмелерди Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик
республикалык комиссиянын, облустардын жана райондордун мамлекеттик ад-
министрацияларынын чечимдеринин негизинде 2007-жылдын 1-июнунан кечик-
тирбей тариздесин;
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө жаздык дан өсүмдүктөрдүн үрөндөрү
түрүндө берилчү товардык кредиттерди Кыргыз Республикасынын Монополияга
каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги-
нин 2006-жылдын 1-мартындагы № 30 "2006-жылдын түшүмүнөн алынган жаздык
буудайдын, арпанын жана жүгөрүнүн үрөндөрүнө сатык бааларды белгилөө
жөнүндө" буйругу менен аныкталган баалар боюнча 2007-жылдын 1-декабрына
чейин төлөө мөөнөтү менен тариздесин;
- үрөндөрдүн, аштык буудайдын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын
алынбаган көлөмүн облустардын жана райондордун мамлекеттик администра-
цияларынын тизмелеринин негизинде кийин Товардык кредиттерди бөлүштүрүү
боюнча республикалык комиссиянын жыйынынын протоколу менен бекитип,
кайрадан тез бөлүштүрүүгө уруксат берсин;
- бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер, ошондой эле Япо-
ниянын Өкмөтүнүн грантынын линиясы боюнча алынган кылкандуу дан эгинде-
ринин үрөндөрү түрүндөгү товардык кредиттер боюнча бересени жоюунун
эсебине мамлекеттик үрөн фондунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн
топтоо жөнүндө тийиштүү макулдашууларды түзүшкөн чарбакер субъекттерден
үрөндөр алынып бүткөнгө чейин карызы кечикти деп эсептебесин жана айып-
тык санкцияларды салбасын;
9. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрацияларына жана
айыл өкмөттөргө айылдык товар өндүрүүчүлөр товардык кредиттерди максат-
туу пайдаланышы жана алардын 65 убагында төлөнүшүн камсыздоо үчүн жооп-
керчилик тапшырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрли-
ги:
- айыл чарба техникаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо макса-
тында жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде Нефти сатуучулар ассо-
циациясы менен бирдикте (макулдашуу боюнча) республиканын облустарына
күйүүчү-майлоочу материалдарды № 6 тиркемеге ылайык алып барууну жана
топтоону уюштурсун;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн өтүнмөлөрү боюнча өнөр жай ишкана-
ларында республикада болгон айыл чарбалык техниканын запастык тетикте-
ринин, түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын, ошондой зле чакан механикалаш-
тыруу каражаттарынын керектүү санын жасоону уюштурсун.
11. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомуна - жазгы та-
лаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде аз камсыз болгон дыйкан жана фермер
чарбаларга, айрыкча республиканын алыскы жана бийик тоолуу райондорун-
дагыларга колдоо көрсөтүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
аркылуу түшкөн өтүнмөлөрү боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды берүү;
- "Айылбанк" ачык акционердик коомуна республиканын айылдык өндү-
рүштүк кооперативдерине, үрөн чарбаларына, агротехникалык жана агрохи-
миялык тейлөө кызматтарына алардын себүүчү материалдарды, запастык те-
тиктерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды, минералдык жер семирткичтерди
жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын алышы үчүн күрөөлүү жана күрөөсүз
кредиттерди берүү.
12. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-
тыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба
департаментинин мамлекеттик насос станциялары үчүн айыл чарба жерлерин
сугарууга насос станциялары пайдаланышы үчүн керектүү 158 млн. кВтс кө-
лөмүндөгү электр энергиясына жењилдиктүү тариф белгилөө сунушталсын.
13. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иште-
түүчү өнөржай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри А.Исабеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-февралындагы
№ 58 токтомуна
№ 1 тиркеме
Республикада жазгы талаа жана жыйноо жумуштарына
даярданууга жана комплексин жүргүзүүгө
байланыштуу маселелерди ыкчам чечүү боюнча
республикалык штабдын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министри - штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министринин би-
ринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр
жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-
ды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюн-
ча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караш-
туу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун директору;
"Айылбанк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-
циясынын директору;
Кыргыз Республикасынын нефти сатуучулар ассоциациясынын президенти
(макулдашуу боюнча);
"Кыргызнефтегаз" ААКынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюн-
ча);
"Кыргызайылтехсервис лизинг компаниясы" ачык акционердик коомунун
президенти (макулдашуу боюнча);
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чар-
ба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба масе-
лелерин тейлөөчү орун басары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба ма-
селелерин тейлөөчү орун басары.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-февралындагы
№ 28 токтомуна
№ 2 тиркеме
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын
2007-жылга карата белгиленген
СТРУКТУРАСЫ
(мињ. га)
-----------------------------------------------------------------------
| Өсүмдүк- |Респу-| анын ичинде облустар боюнча |
| төрдүн |блика |---------------------------------------------------|
| аталышы |боюнча|Баткен|Жалал-|Ысык-|Нарын | Ош | Талас | Чүй |
| | | |Абад |Көл | | | | |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Айдоо аянт|1167,2| 55,2|148,6 |182,0|102,3 |174,9 |100,4 |403,8 |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Дан | 625,2| 34,5| 64,8 |103,4| 41,7 | 94,6 | 48,8 |237,4 |
|өсүмдүктөр| | | | | | | | |
|бардыгы | | | | | | | | |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Анын |404,6 | 20,0| 40,5 | 78,0| 28,8 | 75,0 | 14,3 |148,0 |
|ичинде | | | | | | | | |
|буудай | | | | | | | | |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Жүгөрү | 75,4 | 6,2| 20,0 | | 0,15| 13,0 | 8,0 | 28,0 |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|арпа |108,3 | 4,7| 1,1 | 24,0| 12,5 | 4,5 | 1,5 | 60,0 |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Дан | 28,4 | 1,6| | 0,7| | 0,23| 25,0 | 0,75 |
|буурчактар| | | | | | | | |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|башкалар | 8,6 | 2,0| 1,2 | 0,7| 0,2 | 1,85| 0,004 | 0,64 |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|кант | 21,0 | | | | | | 1,0 | 20,0 |
|кызылча | | | | | | | | |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|пахта | 46,0 | 1,0| 31,0 | | | 14,0 | | |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Тамеки | 6,05| 2,0| 2,2 | | | 1,85| | 0,0035|
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Май | | | | | | | | |
|өсүмдүктөр| 85,05| 5,0| 28,8 | 0,8| 0,3 | 29,4 | 3,75 | 17,0 |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Картошка | 87,3 | 1,9| 7,0 | 33,8| 6,9 | 9,6 | 16,3 | 11,8 |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Жашылчалар| 41,6 | 2,1| 6,2 | 2,1| 0,75| 6,0 | 3,95 | 20,5 |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Бакча | 5,1 | 0,3| 0,83| | | 1,5 | | 2,5 |
|өсүмдүктөр| | | | | | | | |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Тоют | | | | | | | | |
|өсүмдүктөр|249,9 | 9,5| 9,5 | 41,9| 52,7 | 14,9 | 26,8 | 94,6 |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Мөмөлөр | 41,1 | 8,2| 6,3 | 7,5| 0,1 | 6,6 | 2,3 | 10,1 |
|жана | | | | | | | | |
|жемиштер | | | | | | | | |
|----------|------|------|------|-----|------|------|--------|--------|
|Жүзүм | 7,0 | 3,0| 1,3 |0,008| | 0,6 | | 2,1 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-февралындагы
№ 28 токтомуна
№ 3 тиркеме
2007-жылы жазгы себүүгө пайдалануу үчүн
Республикалык мамлекеттик үрөн фондунда
буудайдын жана арпанын кондициялуу сорттук
үрөндөрүн топтоо боюнча
ТАПШЫРМА
(тонна)
-----------------------------------------------------------------------
| Облустардын | Кондициялуу | Анын ичинде: |
| аталышы | сорттук үрөндөр, |--------------------------------|
| | бардыгы | жаздык | жаздык |
| | | буудайдыкы | арпаныкы |
|-----------------|------------------|---------------|----------------|
|Республика боюнча| 2500 | 2000 | 500 |
|-----------------|------------------|---------------|----------------|
|Жалал-Абад | 200 | 200 | - |
|-----------------|------------------|---------------|----------------|
|Ысык-Көл | 600 | 500 | 100 |
|-----------------|------------------|---------------|----------------|
|Нарын | 900 | 700 | 200 |
|-----------------|------------------|---------------|----------------|
|Чүй | 800 | 600 | 200 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-февралындагы
№ 28 токтомуна
№ 4 тиркеме
2007-жылы жазгы себүүнү жүргүзүү программасын
аткаруу үчүн кийин үрөндөргө, күйүүчү-майлоочу
материалдарга, минералдык жер семирткичтерге жана
запас тетиктерге алмашуу үчүн мамлекеттик
материалдык резервден бөлүнгөн аштык буудайдын
БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ
-----------------------------------------------------------------------
|Облустардын | Берилчү | Алуучу жер |
| аталышы | аштык | |
| | буудайдын | |
| |көлөмү, тонн | |
|------------|-------------|------------------------------------------|
|Баткен | 800 |"Дан" АК, Кызыл-Кыя ш. - 800 тонна |
|------------|-------------|------------------------------------------|
|Жалал-Абад | 1000 |"Азрат-Айыб" ААК - 600 тонна, "Талас |
| | |Дан-Азык"АК - 200 тонна, Нарын облусунун |
| | |жергиликтүү жооптуу сактоочулары - 200 |
| | |тонн |
|------------|-------------|------------------------------------------|
|Ысык-Көл | 2300 |"Буудай - Каракол" ААК - 2300 тонна |
|------------|-------------|------------------------------------------|
|Нарын | 1700 |Нарын облусунун жергиликтүү жооптуу |
| | |сактоочулары - 1100 тонна, |
| | |"Буудай-Каракол" ААК - 600 тонна |
|------------|-------------|------------------------------------------|
|Ош | 1000 |"Азрат-Айыб" ААК, - 600 тонна, Жеке ишкер |
| | |"Сулиев", Чүй облусу - 200 тонна, "Дан" |
| | |АК, Кызыл-Кыя ш. - 200 тонна |
|------------|-------------|------------------------------------------|
|Талас | 800 |"Талас Дан-Азык" АК - 800 тонна |
|------------|-------------|------------------------------------------|
|Чүй | 2400 |Жеке ишкер "Сулиев", Чүй облусу - 2000 |
| | |тонна, "Алтын-Дан" АК, Балыкчы ш. - 400 |
| | |тонна |
|------------|-------------|------------------------------------------|
|Республика | 10000 | |
|боюнча | | |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-февралындагы
№ 38 токтомуна
№ 5 тиркеме
2007-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн
алыскы региондордогу жана жаратылыштык-климаттык
шарттары оор райондордогу айылдык товар
өндүрүүчүлөргө товардык кредит
түрүндө берүү үчүн дизелдик отундун
БӨЛҮШТҮРҮЛҮШҮ
-----------------------------------------------------------------------
| Облустардын аталышы | Берилчү дизелдик отундун көлөмү, |
| | куб. м |
|-----------------------------|---------------------------------------|
|Баткен | 400 |
|-----------------------------|---------------------------------------|
|Жалал-Абад | 700 |
|-----------------------------|---------------------------------------|
|Ысык-Көл | 1000 |
|-----------------------------|---------------------------------------|
|Нарын | 1200 |
|-----------------------------|---------------------------------------|
|Талас | 500 |
|-----------------------------|---------------------------------------|
|Ош | 600 |
|-----------------------------|---------------------------------------|
|Чүй | 600 |
|-----------------------------|---------------------------------------|
|Республика боюнча | 5000 |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 3-февралындагы
№ 28 токтомуна
№ 6 тиркеме
2007-жылы жањы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн
күйүүчү-майлоочу материалдарга
КЕРЕКТӨӨ
(тонна)
-----------------------------------------------------------------------
|N|Облустардын аталышы |Дизелдик отун|Автобензин |Дизелдик май|Автол |
|-|---------------------|-------------|-----------|------------|------|
|1|Баткен | 2924 | 2750 | 317 | 121 |
|-|---------------------|-------------|-----------|------------|------|
|2|Жалал-абад | 6295 | 1888 | 189 | 126 |
|-|---------------------|-------------|-----------|------------|------|
|3|Ош | 5324 | 2394 | 212 | 96 |
|-|---------------------|-------------|-----------|------------|------|
|4|Нарын | 3024 | 745 | 120 | - |
|-|---------------------|-------------|-----------|------------|------|
|5|Ысык-Көл | 6408 | 1919 | 224 | 57,2|
|-|---------------------|-------------|-----------|------------|------|
|6|Талас | 4176 | 931 | 178 | - |
|-|---------------------|-------------|-----------|------------|------|
|7|Чүй | 11934 | 2387 | 298 | 60 |
|-|---------------------|-------------|-----------|------------|------|
| | Республика боюнча | 40085 | 12514 | 1538 | 460,2|
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу Т.Коеналиев