Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 6-февралы №37
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын
26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын
8-январында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин
жоюу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрын-
да, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын 8-январында болгон жер ти-
тирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу жана табигый кырсыктардан жабыр тарткан
калкка жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Нарын, Ысыккөл жана Баткен облустарынын мамлекеттик администра-
циялары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-
даалдар министрлиги менен бирдикте жер титирөөдөн жапа чеккен
үй-бүлөлөрдүн, коомдук багыттагы объекттердин жана инженердик коммуни-
кациялардын санын 2007-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө аныкташсын;
- турак үйлөрдү, коомдук багыттагы объекттерди, инженердик инф-
раструктураларды текшерүү, калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөн адистер-
ге көмөк көрсөтүшсүн;
- ушул токтомдун 16-пунктуна ылайык белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мам-
лекеттик агенттикке жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн тизмесин беришсин;
- курулуш материалдарын, конструкцияларды жана буюмдарды сатуу бо-
юнча соода жайларын аныкташсын;
- келген гуманитардык жардамдарды комиссиялык бөлүштүрүүнү жана
пайдаланууну уюштурушсун, аларды максаттуу пайдаланууну сактоо үчүн жо-
оптуу кызмат адамдарын дайындашсын;
- I-III даражадагы бузулууларга кирген коомдук багыттагы объект-
терди жана инженердик коммуникацияларды калыбына келтирүү боюнча иш-ча-
раларды уюштурушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- жабыр тарткан калктын жашоо турмушун, жеке турак үйлөрдү, коом-
дук багыттагы объекттерди, инженердик инфраструктураларды калыбына кел-
тирүү максатында жүргүзүлүүчү иш-чараларды координациялашсын;
- коомдук багыттагы объекттерди калыбына келтирүү үчүн материалдык
каражат бөлсүн, жеткирүүнү жана берүүнү камсыз кылсын:
Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясына:
9 тонна цемент, 2500 такта шифер, 893 кв.м айнек, 3383 кв.м ДВП,
10 комплект чатыр, 94 кг сыр;
Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына:
420 такта шифер, 1500 кв.м айнек, 2000 кв.м ДВП, 1000 кг сыр, 10
даана меш, 100 эшик блоктору, 14 терезе блоктору.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги:
- берилген отчеттор боюнча белгиленген лимитке ылайык электр энер-
гиясынын наркын компенсациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана
социалдык жактан коргоо министрлигине зарыл каражат карасын;
- 2007-жылга республикалык бюджеттен төмөнкүлөрдү максаттуу каржы-
лоону карасын:
жеке турак жайларды, коомдук багыттагы имараттарды жана инженердик
инфраструктураларды долбоорлоого жана курууга;
ушул токтомдун 16-пунктунун бешинчи абзацына ылайык адамдарга бир
жолку акысыз жардам берүү үчүн;
табигый кырсыктардан жабыр тарткан калкка пайдубалдарды, каркасты
(тирөөч дубалын), чатырын курууга процентсиз узак мөөнөттүү ипотекалык
ссудаларды берүү үчүн;
табигый кырсыктардан жабыр тарткан калкка жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын тизмесине ылайык ипотекалык кредит беришкен коммер-
циялык банктардын проценттик ставкаларын төлөө үчүн;
"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына курулуш материалдарын,
конструкцияларды жана буюмдарды берүүчүлөрдөн сатып алуу, дайындалган
жерге жеткирүү жана сатууну уюштуруу үчүн;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке курулуш мате-
риалдарын сатып алуу үчүн бюджеттик ссуда бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттиктин корутундусу боюнча жер титирөөнүн
кесепетинен жабыр тарткан обьекттерди тиркемеге ылайык жањы технология
боюнча долбоорлоону жана курууну "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча
каражаттардын эсебинен курулуучу обьекттердин 2007-жылга карата тизме-
сине киргизсин:
- мурда берилген кредиттерди жана бюджеттик ссудаларды, аларга
проценттерди кайтарып берүү мөөнөттөрүн жер титирөөнүн кесепетинен жа-
быр тарткан калкка 2007-жылдын аягына чейин узартуу, айып санкцияларын
эсептен чыгарып салуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында болуп өткөн табигый кырсыктар-
дын кесепетинен жабыр тарткан жеке турак жайларды, коомдук багыттагы
объекттерди жана инженердик инфраструктураларды долбоорлоо жана куруу
үчүн, салыктын нөлдүк ставкасы менен берүүлөр жөнүндө "Кыргыз Республи-
касынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ка-
роосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан жеке турак үйлөрдү,
имараттарды жана курулмаларды, инженердик инфраструктура объекттерин
оперативдүү текшерүүнү камсыз кылсын жана тиешелүү корутунду берсин.
Кайталап текшерүүнү 2007-жылдын майында жүргүзсүн;
- жањы технология боюнча курулчу турак үйлөрдүн долбоорлорун иштеп
чыксын жана сметалык наркын бекитсин;
- имараттарды, курулмаларды жана инженердик инфраструктура объект-
терин тургузуунун сапатына контролдукту камсыз кылсын.
5. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жеке турак жай-
ларды, мектептерди, саламаттык сактоо, социалдык-тиричилик, маданий ба-
гыттагы объекттерди жана инженердик инфраструктураларды долбоорлоо жана
куруу боюнча заказчы жана жабыр тарткан калкка процентсиз ипотекалык
ссудаларды берүү жана кайтарып алуу үчүн жооптуу орган - Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик
агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы;
- башкы долбоорлоочу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Сейсмикалык
жактан туруктуу курулуш боюнча кыргыз илимий-изилдөө жана долбоорлоо
институту.
6. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ве-
домстволору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана
курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Сейсмикалык жактан туруктуу ку-
рулуш боюнча кыргыз илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун тек-
шерүүлөрүнүн протоколуна ылайык ведомстволук объекттерде оњдоо-калыбына
келтирүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги:
- үзгүлтүксүз окуу процессин камсыз кылсын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын суроо-талаптары бо-
юнча жер титирөөдөн жабыр тарткан объекттерди калыбына келтирүү үчүн
жогорку, орто жана атайын окуу жайларынын студенттеринин арасынан куру-
луш отряддарынын иштерин уюштурсун.
8. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги
"Кант цемент-шифер заводу" ачык акционердик коому менен бирдикте:
- "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына жер титирөөдөн жабыр
тарткан калкка сатуу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке жер титирөөнүн
кесепетинен жабыр тарткан объекттерде курулуш иштерин уюштуруу үчүн
берүүнүн макулдашылган графигине ылайык 2006-жылдагы сатык баасы боюнча
2007-жылы цементти (12 мињ тонна) жана шиферди (5 мињ такта) бөлүп бер-
син;
- түзүлгөн келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаал-
дар министрлигине цемент жана шифер бөлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамле-
кеттик агенттиктин суроо-талабы боюнча курулуш материалдарын
берүүчүлөрдүн баасы менен бюджеттик ссудалардын эсебинен сатып алсын
жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар-
хитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке берсин.
10. Бир булактан сатып алуу ыкмасында курулуш материалдарын, конс-
трукцияларды жана буюмдарды сатып алуу, жеке турак жайларды, имараттар-
ды жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу "Мамлекеттик сатып алуулар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын 2-пунктуна
ылайык ишке ашырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-
кеттик комитети коомдук маанидеги объекттерде оњдоо-калыбына келтирүү
иштерин жүргүзүүчү бригадалардын эмгек акысы үчүн райондук аймактык ор-
гандарга 2,0 млн. сом бөлсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекция "Чыгыш электр" жана "Ош электр" ачык акци-
онердик коомдору менен бирдикте жер титирөөдөн жабыр тартышкан Нарын,
Ысыккөл жана Баткен облустарынын тургундарына 2007-жылдын январы жана
февралы үчүн компенсациялоо максатында бир абонентке 300 кВт./с
өлчөмүндө тиричилик муктаждыктары жана жылытуу үчүн керектелүүчү электр
энергиянын көлөмүн аныктасын.
13. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик ко-
омуна жер титирөөдөн жабыр тарткан калктуу конуштардагы трансформатор-
дук подстанцияларды оњдоо үчүн 4,2 мињ литр трансформатор майын Нарын
облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясына гуманитардык
жардам иретинде берүү сунушталсын.
14. "Көмүр" жана "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканалары
2006-2007-жылдын жылытуу сезонуна иш-чаралардын планына ылайык Нарын,
Ысыккөл жана Баткен облустарынын коомдук багыттагы объекттерин жана
калкын көмүр менен камсыз кылышсын.
15. "Айыл банк" акционердик коомуна (мурдагы Кыргыз айыл чарба фи-
нансы корпорациясы) мурда берилген кредиттерди, аларга проценттерди,
айып санкцияларын кайтарып берүү мөөнөтүн жер титирөөнүн кесепетинен
жабыр тарткан калкка 2007-жылдын аягына чейин узартуу сунуш кылынсын.
16. Жабыр тарткандардын тизмесине киргизилген, табигый кырсыктар-
дан жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүүнүн төмөнкүдөй тартиби белги-
ленсин:
жеке турак жайы мыйзамда белгиленген тартипте курулган жана пайда-
ланууга берилген адамдар үчүн - бекитилген долбоор боюнча жањы турак
жайды калыбына келтирүүнү же курууну бузулган курулуш аянтынын чекте-
ринде акысыз негизде жүргүзүү;
жеке турак жайды мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен куруш-
кан жана бекитилген долбоор боюнча пайдубалды, каркасты (тирөөч дубал-
ды) чатырды курууга наркынын 50 процентин төлөөгө макул болгон адамдар
үчүн төлөөнү 3 жылга чейин кийинкиге жылдыруу жана күрөөлүк камсыздоону
тариздөө менен милдеттүү түрдө кайтарып берүү шарттарында 20 жылдык
мөөнөткө процентсиз ипотекалык ссуда берүү;
пайдубалды, каркасты (тирөөч дубалды), чатырды бекитилген долбоор
боюнча курууну каалабаган адамдар үчүн - 200,0 мињ сомго чейинки сумма-
да жылдык 18 проценттен ашпаган өлчөмдө коммерциялык банктардын про-
центтик ставкаларын республикалык бюджеттен төлөө менен ипотекалык кре-
дит алуу аркылуу курулушка каражаттарды бөлүү коммерциялык банктар та-
рабынан жүргүзүлүшү мүмкүн;
- бузулган турак үйлөрдү оњдоо-калыбына келтирүү иштери үчүн кара-
жат бөлүү 50,0 мињ сомго чейинки суммада жылдык 18 проценттен ашпаган
өлчөмдө коммерциялык банктардын проценттик ставкаларын республикалык
бюджеттин каражаттарынан төлөө менен ипотекалык кредит алуу аркылуу
коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн экендиги;
ушул пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн шарт-
тарга макул болбогон адамдар үчүн - 50,0 мињ сом өлчөмүндө бир жолку
акысыз жардам көрсөтүлсүн.
17. Долбоор боюнча жеке турак жай куруу үчүн узак мөөнөттүү жењил-
детилген ссуданын кезектеги траншын алышкан адамдарга ссуданын кийинки
траншын берүү жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
18. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- "Ош областынын Алай районунун Гүлчө райондук борборунун аймагын-
да 2002-жылдын 27-апрелинде жер көчкүдөн улам болгон табигый кырсыктар-
дын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-майындагы № 303 токтомунун 7-пунктунун биринчи
абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын аймагында 2003-жылы болгон табигый кыр-
сыктардын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-майындагы № 277 токтомунун 5-пунктунун
биринчи абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын 1994-2002-жылдардагы мезгилде табигый
кырсыктардан жабыркаган элине узак мөөнөттүү жењилдиктүү ссуданын
өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
16-июлундагы № 298 токтомунун 1-пунктунун биринчи абзацы.
19. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Д.Т.Үсөновго
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри А.Исабеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 6-февралындагы
№ 37 токтомуна тиркеме
Нарын жана Баткен облустарында табигый кырсыктардан
жапа чеккен, республикалык бюджеттин эсебинен
2007-жылы долбоорлонуучу жана курулуучу объекттердин
ТИЗМЕСИ
-----------------------------------------------------------------------
|№ |Объекттин аталышы, |Өлчөө |Кубат- |ПСДнын |Объектинин
|п/п|жайгашкан жери |бирдиги |туулугу |болжолдуу|болжолдуу
| | | | |наркы |наркы
| | | | |(мињ сом)|(мињ сом)
|----------------------------------------------------------------------
| 1. Нарын облусу |
|---------------------------------------------------------------------|
| Билим берүү объекттери |
|---------------------------------------------------------------------|
|1.1|Кочкор районунун Акжар |окуучу |480 |1200,0 |24000,0 |
| |айылындагы мектеп |орун | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|1.2|Кочкор районунун Семизбел |окуучу |240 |600,0 |12000,0 |
| |айылындагы мектеп |орун | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|1.3|Кочкор районунун |окуучу |360 |00,0 |18000,0 |
| |Каракүњгөй айылындагы |орун | | | |
| |Аблесов атындагы мектеп | | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|1.4|Кочкор районунун Кочкор |окуучу |600 |2100,0 |37000,0 |
| |айылындагы Арабаев |орун | | | |
| |атындагы мектеп | | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
| |Бардыгы: | | |3900,0 |78000,0 |
|---------------------------------------------------------------------|
| Саламаттык сактоо объекттери |
|---------------------------------------------------------------------|
|1.5|Кочкор районунун Исакеев |объект |4 мед. |175,0 |2675,0 |
| |айылындагы ФАП | |кызмат. | | |
| | | |үчүн | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|1.6|Кочкор районунун Каратоо |объект |4 мед. |175,0 |2675,0 |
| |айылындагы ФАП | |кызмат. | | |
| | | |үчүн | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|1.7|Кочкор райондук |объект |32 |420,0 |6420,0 |
| |Мамсанэпидкөзөмөл борбору | |мед. | | |
| | | |кызмат. | | |
| | | |үчүн | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
| |Бардыгы: | | |770,0 |11770,0 |
|---------------------------------------------------------------------|
| 2. Баткен облусу |
|---------------------------------------------------------------------|
| Билим берүү объекттери |
|---------------------------------------------------------------------|
|2.1|Лейлек районунун Катран |окуучу |120 |300,0 |6000,0 |
| |айылындагы N 5 гимназия |орун | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|2.2|Лейлек районунун Өзгөрүш |окуучу |240 |360,0 |12000,0 |
| |айылындагы "Өзгөрүш" |орун | | | |
| |мектеби | | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
| |Бардыгы: | | |660,0 |18000,0 |
|---------------------------------------------------------------------|
| Саламаттык сактоо объекттери |
|---------------------------------------------------------------------|
|2.3|Баткен районунун Божой |объект |2 |140,0 |200,0 |
| |айылындагы ФАП | | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|2.4|Баткен районунун Рават |объект |2 |250,0 |400,0 |
| |айылындагы ФАП | | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|2.5|Баткен районунун Жањыбак |объект |2 |75,0 |200,0 |
| |айылындагы ФАП | | | | |
|---|--------------------------|--------|--------|---------|----------|
|2.6|Баткен районунун Аксай |объект |2 |75,0 |120,0 |
| |айылындагы ФАП | | | | |
|---------------------------------------------------------------------|
| 3. Ысыккөл облусу |
|---------------------------------------------------------------------|
|1 |Тоњ районунун Туурасуу |окуучу |120 |300 |6000 |
| |айылындагы мектеп |орун | | | |
-----------------------------------------------------------------------
-----------------------------------------------------------------------
Объектинин курулушу |Заказчысы |Эскертүү|
----------------------|--------------------------------------|--------|
|башталышы |аякташы | | |
|----------|----------|--------------------------------------|--------|
| | | | |

|март |август |КР Мамкурулушунун Туракжайкурулуш- | |
| | |башкармалыгы | |

|март |ноябрь |КР Мамкурулушунун Туракжайкурулуш- | |

|март |август |КР Мамкурулушунун Туракжай курулуш- | |
| | |башкармалыгы | |
-----------------------------------------------------------------------
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министрдин Аппарат
жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу Т.Коеналиев