Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 7-февралы №40
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процесстик
кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.А.Сабиров
демилге кылган Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процесстик
кодексинин долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук
берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр А.Исабеков
от 7 февраля 2007 года №24-57/50
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кенешине
Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процесстик
кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Администрациялык-процесстик кодексинин долбоорун карап чыгып,
төмөнкүдөй себептер боюнча аны кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процесстик кодексинин
долбоору администрациялык соттордун администрациялык юрисдикциядагы
иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарын, администрациялык сотторго
кайрылуунун тартибин жана администрациялык сотту ишке ашыруунун
тартибин аныктайт.
Бирок азыркы учурда жарандык, администрациялык жана экономикалык
иштер боюнча сот өндүрүшүн жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын
Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодекси менен аныкталат.
Ошондой эле администрациялык органдардын администрациялык
функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, администрациялык
органдардын ишин уюштуруу, жарандардын, жеке ишкерлердин жана
юридикалык жактардын алардын укуктарын ишке ашыруу же коргоо тууралуу
кайрылууларын администрациялык кароо боюнча чечимдерди чыгаруусунун
жана аткаруусунун тартиби Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жол-
жоболор жөнүндө» Мыйзамында белгиленген.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процесстик
кодексинин долбоорунун жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдык
системасына туура келбейт.
Атап айтканда, Кодекстин 8 жана 18-статьяларына ылайык мекемелерге
жана сотторго болушунча акыйкат жана туура чечимди табуу үчүн
мыйзамдын нормаларын грамматикалык, системдик, тарыхый жана
телеологиялык ыкмалар менен чечмелөө укугу таандык болот.
Мындай жоболор «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук
актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормативдик
укуктук актыларда так эместиктер табылган, аларды туура эмес же карама-
каршы колдонуу практикасы болгон учурда анын нормалары үчүн зарыл
түшүндүрмөнү ошол тиешелүү актыны кабыл алган норма чыгаруучу орган
берет деп белгилеген 50-статьясына каршы келет.
Кодекстин 68-статьясында мекеме администрациялык актыны негиздөөдө
жарыяланган соттук чечимдерде, юридикалык жана атайын адабияттарда
келтирилген аргументтерди пайдалана алат деп белгиленген. Мында
Кодекстин 252-статьясына ылайык сот чечимдин жүйөсүн келтирүү
бөлүгүндө да жогоруда аталган материалдарды өзүнүн аргументи катары
пайдаланууга укуктуу.
Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын мыйзам системасына
ылайык администрациялык актылар нормативдик укуктук актылардын
жоболору менен гана негизделүүгө тийиш. Кыргыз Республикасында
прецеденттик система колдонулбайт.
Кодекстин долбоорунда «тышкы нормативдик укуктук акты» жана «ички
нормативдик укуктук акты» деген түшүнүктөр киргизилет, алар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган эмес. Мында долбоордун 1-
статьясы тышкы нормативдик укуктук актыларга Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтомдорун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктук
актыларын жана ошондой эле эл аралык келишимдерди киргизүүнү
караштырат.
Бирок «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында нормативдик укуктук
актылардын системасын түзүүчү актылардын тизмеси кененирээк берилген.
Алсак, Кодекстин долбоорунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
токтомдору, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз
Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана
администрациялык ведомстволорунун актылары айтылган эмес.
Мындан тышкары, Кодекстин долбоорунун эл аралык келишимдердин жана
эл аралык мыйзамдардын нормаларын колдонуу боюнча жоболорун Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда
белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана
макулдашуулар, ошондой эле эл аралык мыйзамдардын жалпы таанылган
принциптери жана нормалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
курамдык бөлүгү болуп эсептелет деп белгилеген 12-статьясына ылайык
келтирүү керек.
Кодекстин долбоорунда кызматтык адам мекеме катары көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 164-статьясында болсо,
мекеме деп - менчик ээси башкаруучулук, социалдык-маданий же
коммерциялык эмес мүнөздөгү башка функцияларды аткаруу үчүн түзгөн
жана толугу менен же айрым бөлүгү ал тараптан каржылануучу уюм
таанылат.
Кодекстин долбоорунун 16 жана 17-статьяларында тийиштүү мыйзамдын
нормасы жогорку күчтөгү мыйзамдын нормасына шайкештигине күмөн болгон
учурда, ошондой эле ички нормативдик укуктук акты башка ички актыга
туура келбеген учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ал
мыйзамдын нормасын кандай колдонуу тууралуу маалымдоо каралган.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-
декабрындагы № 612 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги жөнүндө жобого ылайык жогоруда көрсөтүлгөндөй
түшүндүрмөлөрдү берүү жогоруда аталган мамлекеттик органдын
компетенциясына кирбестигин белгилеп коюу зарыл.
Кодекстин 19-статьясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү күбөлөргө,
котормочуларга, эксперттерге, ал эми айрым учурларда - арыз ээсинин
өкүлүнө да мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү акынын тартибин жана
өлчөмүн белгилейт деп каралган.
Мындай жобону ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын
көбөйүшүнө алып келет, анын жалпы суммасы бир топ көп болушу мүмкүн.
Кодекстин долбоорунун 22-статьясынын жашы жете электердин курагын
жөнгө салуу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү зарыл.
Кодекстин 23-статьясында мамлекеттик органдарды администрациялык-
процесстик укук жөндөмдүү субьектилер катары аныктоону сунуш кылабыз.
Кодекстин статьяларында мекемелердин кайсы чечими боюнча болсо да
жогору турган органга даттанууга болот, эгер жогору турган орган жок
болсо же ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болсо, анда чечимдин үстүнөн
сотко даттанылат деп белгиленген. Мында, чечим боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө даттанууга эмне үчүн болбостугу түшүнүксүз.
Андан тышкары, Кодекстин долбоорунда андай соттук чечимдердин
үстүнөн даттанууга болбойт деп көрсөтүлгөн.
Бирок «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор
жөнундө» Мыйзамынын 18-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын
Жогорку сотунун соттук инстанцияларынын көзөмөлдөө иретинде каралган
иштер боюнча чечимдери гана акыркы болот жана даттанууга болбойт.
Кодекстин долбоорунун 31-статьясында структуранын корутунду берүү
процессине катышуусу каралган жана кайсы структура жөнүндө сөз болуп
жатканы анык эмес, бул Кодекстин долбоорунун ал структуранын жоболорун
регламенттөөчү нормаларын практикада колдонууну кыйындатат.
Кодекстин долбоорунун 57-статьясынын экинчи бөлүгү Кыргыз
Республикасынын «Граждандардын сунуштарын, арыздарын жана
даттанууларын карап чыгуунун тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 3-статьясына
каршы келет, ал статьяга ылайык Сунуштарда, арыздарда жана
даттанууларда коюлган маселелерди чечүү карамагында болбогон
мамлекеттик, коомдук жана башка органдар, ишканалар, мекемелер,
уюмдар, алардын жетекчилери жана кызмат адамдары аларды үч күндүк
мөөнөттөн кечиктирбестен тиешелүү жакка жөнөтөт, бул жөнүндө арыз
берүүчүгө билдирет, ал эми өзү кабыл алган учурда кайда кайрылуу керек
экендигин аларга түшүндүрөт.
Долбоордун 65-статьясынын экинчи бөлүгү боюнча, министрликтердин
штатында мамлекеттик катчынын кызмат орду жок экендигин белгилеп
коюшубуз зарыл.
Кодекстин долбоорунун 66 жана 67-статьяларында актыларды кабыл
алуунун ылайыктуулугу белгиленген, ал эми бардык актылар
ылайыктуулугуна эмес, мыйзамдын нормаларына негизделүүгө тийиш.
67-статьянын төртүнчү бөлүгүндө жеке жактын укугун орчундуу чектөө
коом үчүн олуттуу алып коюу менен гана акталышы мүмкүн деп белгиленет,
бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын адам укуктары менен
эркиндиктерин жокко чыгаруучу же аларды азайтуучу мыйзамдар
чыгарылууга тийиш эмес деген 17-статьясына каршы келет. Башка
адамдардын эркиндиктери менен укуктарын, коомдук коопсуздукту жана
тартипти, аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү
коргоо максатында гана адам эркиндиктери менен укуктарынын чектелишине
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен жол
берилет. Ошол эле учурда конституциялык эркиндик менен укуктун маани-
мањызына доо кетирилбеши керек.
Кодекстин долбоорунун 68 жана 70-статьяларына ылайык
администрациялык акты жазуу, оозеки түрдө же башкача чыгарылышы
мүмкүн. Мында кайсы форма жөнүндө сөз жүрүп жатканын конкреттештирүү
зарыл.
80-статьянын жазуу жүзүндө чыгарылган администрациялык актыда ал
администрациялык акты боюнча кайда жана канча мөөнөттө даттанууга
болору жөнүндө шилтеме милдеттүү түрдө болушун белгилеген биринчи
бөлүгү 68-статьясына каршы келет.
Кодекстин долбоорунун 6 жана 8-главаларында «жеке зыян» деген
түшүнүктү тактоо зарыл.
Кодекстин долбоорунун 89-статьясынын экинчи бөлүгүн, 105-статьянын
экинчи бөлүгүн, 275-статьянын 4-пунктун жана 355-статьянын 6-пунктун
«Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сотунун кароосуна таандык иштердин категориясын аныктаган 11-
статьясына ылайык келтирүү керек.
Кодекстин долбоорунун 95-статьясында кайсы түз башкаруучу мекеме
жөнүндө сөз болуп жатканын түшүндүрүү зарыл.
Кодекстин долбоорунун 100-статьясында Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигин алып салууну сунуштайбыз, анткени мекеме
маалымкаттардын көчүрмөлөрүн бул органга эмне максат менен жиберери
түшүнүксүз.
Кодекстин долбоорунда администрациялык иштер биринчи инстанциядагы
сотто апелляциялык жана кассациялык тартипте каралышы мүмкүндүгүн
белгилөө айтылган. Ал эми долбоордун 106-статьясына ылайык экинчи
инстанциядагы соттун чечимдери кассациялык тартипте каралат.
Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик
кодексинин 337-1-статьясына ылайык райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө
кирген актыларынын үстүнөн тараптар жана ишке катышкан башка жактар
облустук соттун кассациялык инстанциясына кассациялык арыз бере
алышат.
Кодекстин долбоорунун 108-статьясына ылайык сот иштин жайын оозеки
же жазуу процесси менен аныктайт. Мында эгер иште документтери толук
болсо жана процесстин катышуучулары макулдугун беришсе сот ишти соттук
жыйынсыз карай алат.
Бирок бардык кызыкдар тараптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын
коргоо үчүн иштерди толук жана ар тараптуу кароо зарылдыгын көњүлгө
алганда, иштерди жазуу жүзүндө териштирүү кароонун жана чечим
чыгаруунун мөөнөтүн узартышы мүмкүн болгондуктан, процессти жазуу
жүзүндө жүргүзүү мүмкүндүгүн белгилөө ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кодекстин долбоорунун 111-статьясына ылайык сот өндүрүшү
мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, бул «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
Кыргыз Республикасынын сотторунда сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий
тилде жүргүзүлөрүн белгилеген 7-статьясына каршы келет.
Кодекстин долбоорунун 118-статьясынын 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда эгер
судья ишти карап жаткан соттук курамга кирген судьялардын бири менен
үчүнчү даражага чейинки туутандыкта же экинчи даражага чейинки
жакындыкта болсо ал судьялардын кимисинен баш тартууга болоорун
көрсөтүү зарыл.
Кодекстин долбоорунун 121-статьясынын экинчи бөлүгүндө «округдук»
деген сөздү алып салууну сунуштайбыз, анткени «Кыргыз Республикасынын
Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 25-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
сотторунун системасын: облустук жана ага тењештирилген соттор (Кыргыз
Республикасынын Аскердик соту жана Бишкек шаардык сот); райондук жана
ага тењештирилген соттор (шаардагы райондук сот, шаардык соттор,
гарнизондордун аскердик соттору, район аралык соттор) түзөт.
Кодекстин долбоорунун 186-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 292-
статьясынын биринчи бөлүгү, 356-статьясы боюнча сунуштар да ушундай.
Кодекстин долбоорунун 13-главасында мамлекеттик пошлина төлөө
маселесин жөнгө салуу каралган, бирок мамлекеттик пошлинанын
обьектилери жана ставкалары «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынарын айтып коюш керек.
Кодекстин долбоорунун 149 жана 302-статьяларынын бөлүктөрүнүн
номерленишин кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Кодекстин долбоорунун 164-статьясында 3 жана 5-пункттарынын
редакцияларын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени «бала» жана
«жашы жете элек» деген түшүнүктөрдүн мааниси бирдей.
Кодекстин долбоорунун 186-статьясында «өз алдынча башкаруунун
бюджети» деген сөздөрдү «жергиликтүү бюджет» деген сөздөргө
алмаштырууну сунуштайбыз.
Кодекстин долбоорунун 212-статьясынын биринчи бөлүгү боюнча,
биринчи инстанциядагы сотто ишти судья өзү эле жалгыз караарын эске
алууну сунуш кылабыз.
Кодекстин долбоорунун 251-статьясында кандай убактылуу жагдайлар
жөнүндө сөз жүрүп жатканын конкреттештирүү зарыл.
Долбоордун 34-главасын иштерди Жогорку сотто кароонун тартибин
жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин
жоболоруна жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү
соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү
зарыл.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сот жөнүндө
мыйзамында тескөөчү заседаниелерди өткөрүү каралган эместигин
айтмакчыбыз (Кодекстин долбоорунун 311 жана 339-статьялары).
Кодекстин долбоорунун 347-статьясынын экинчи бөлүгүнүн жана 354-
статьясынын биринчи бөлүгүнүн жоболорун Кыргыз Республикасында сенат
институту жоктугуна байланыштуу кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасы Европа шериктештигине мүчө болбогондуктан жана
Адам укугу боюнча Европа сотунун статусун ратификациялабагандыктан
Кодекстин долбоорунун 257-статьясынын 5-пунктун алып салууну
сунуштайбыз.
Кодекстин долбоорунун 4-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү
«милиция» деген сөздү тийиштүү жөндөмөдө «ички иштер органдары» деген
сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары Кодекстин долбоорунун 4-бөлүгүн «Кыргыз
Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын
статусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын эске алуу менен
кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Кодекстин долбоорунун 372-статьясынын алтынчы бөлүгүндөгү
«Министрлер кабинети» деген сөздөрдү «Өкмөт» деген сөзгө алмаштырууну
сунуштайбыз.
Кодекстин долбоорунда «алдын ала», «укук ченемсиз ыкмалар менен»,
«адекваттуу эмес», «балким», «ылайыктуулугуна жараша», «ылайыктуу
мөөнөттө», «адатта» ж.у.с. сөздөр көп кездешет. Буга байланыштуу
Кодекстин долбоорунун жоболорун түшүнүксүз формулировкаларды алып
салуу үчүн кайрадан иштеп чыгуу зарылдыгын белгилемекчибиз.
Булардан тышкары, Кодекстин долбоорунун текстинде ушул Кодекстин
статьяларына жасалган шилтемелерди тактоо зарыл.
Нормативдик укуктук актынын бул долбоору Кодекс түрүндө
таризделгенин эске алып, «бул Мыйзамда» деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү
сөздөрдү тийиштүү жөндөмөдө «ушул Кодексте» деген сөздөргө
алмаштырууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле Администрациялык процесстик кодекстин жоболорунун
Кыргыз Республикасынын жањы кабыл алынган Конституциясынын нормаларына
шайкештигин кайрадан карап чыгууну сунуш кылабыз.
Премьер-министр А.Исабеков