Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында экспортту жана импортту алмаштырууну өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ Киришүү Кыргыз экономикасын өнүктүрүү ал эларалык экономикалык мамилелер-дин системасына ырааттуу кошулмайын эч мүмкүн эмес. Бул милдеттерди че-чүү көбүнесе тышкы экономикалык чөйрөнү ийгиликтүү реформалоого, өлкө-нүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн көтөрүүгө, ошондой эле улуттук өнөр жайжана анын айрым ишканалары дүйнөлүк рынокто атаандашуу жагдайын канча-лык жакшырта алганына жана чет өлкөлүк жањы рынок сегменттерин ээлөөгөканчалык жөндөмдүү экендигине байланыштуу. Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишмердиги улуттук экономиканыөнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Анын эсебинен каржылык туруктуулуккармалып турат, бюджеттин киреше бөлүгү түзүлөт, экономиканын экспорткобагытталган тармактарындагы өндүрүштүн өнүгүшү жана калктын жумушка ор-ношуусу, ички рыноктун керектөө товарларына толуусу камсыз кылынат. Им-порттолуучу продукциялар сыяктууларды чыгаруу импорттун жалпы көлөмүнгана кыскартпастан, ошондой эле андай товарларды дагы арзандатат, атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдойт. 2004-жылга чейинки мезгилде экспортту кењейтүү боюнча натыйжалуумеханизмдерди иштеп чыгуу үчүн экспортту өнүктүрүүнүн биринчи програм-масы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2002-жылы жактырылган. 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында экспортту жана импорттуалмаштырууну өнүктүрүү программасын (мындан ары - Программа) иштеп чы-гууда мурдагы программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тажрыйбасы жанаКыргызстандын экономикасында белгиленген оњ өзгөртүүлөр эске алынган. Программанын стратегиялык максаты болуп ойдогудай соода сальдосунажетишүү, экспорттун көлөмүн өстүрүү, экспорттолуп жаткан продукциялар-дын ассортиментин кењейтүү жана сапатын жакшыртуу жолу менен экспорттунтүзүмүн өркүндөтүү, экспорттун товардык жана географиялык түзүмүнөркүндөтүү, эл аралык соода-экономикалык кызматташтыктын прогрессивдүүтүрлөрүн колдонуу үчүн шарттарды камсыз кылуу саналат. Программанын чукул келечекке милдети болуп андан ары тышкы соодаишмердигин өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты кењейтүү, тышкысооданы координациялоо жана өнөр жайлык экспортко кызыктыруу болуп са-налат. Программада экспорттук продукциялардын ресурстарына баа берилди,ошондой эле продукцияларды экспорттоону өстүрүүнүн негизги долбоорлоружана багыттары, жолдору жана механизмдери аныкталды. Программалык иш-чаралар концептуалдуу мүнөзгө ээ. Программада ка-ралган чаралар ата мекендик тышкы экономикалык комплексти өнүктүрүүнүннатыйжаларын жана проблемаларын талдоонун негизинде топтолгон салткаайланган жана жањы ыкмалардын айкалышы түрүндө болот. Программа "Кыргыз Республикасында тышкы соода ишмердигин мамлекет-тик жөнгө салуу жөнүндө", "Бажы тарифи жөнүндө", "Эркин экономикалыкаймактар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө"мыйзамдарга ылайык иштелип чыкты. Программаны иштеп чыгууда Эларалык Соода Борборунун (IТС), Дүйнө-лүк банктын, Германия техникалык кызматташуу коомунун, Кыргыз Республи-касынын Соода-өнөр жай палатасынын, Сооданы өнүктүрүү боюнча Бишкек па-латасынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетининматериалдары пайдаланылды. 1. Кыргыз Республикасынын тышкы соода байланыштарынын абалы жана проблемалары 1.1. Жалпы мүнөздөмө Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жалпысынан ачык рынок эконо-микасы түзүлгөн. Ачык рынок экономикасына өтүүдө Кыргыз Республикасында тышкы эко-номикалык ишмердикти эркин кое берүү, ошондой эле тышкы сооданы жөнгөсалуунун укуктук базасын өркүндөтүүнү жүргүзүү зарыл эле. Алсак, өткөн15 жыл ичинде демпингге каршы жөнгө салуу, коргоо чаралары, субсидияжана төлөп берүү сыяктуу базалык, жөнгө салуучу механизмдерге байланыш-кан 150гө чукул мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлык-тары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору кабыл алынган. Тышкы сооданы эркин кое берүү, импортко төмөнкү тарифтерди сактоожана бардык экономикалык агенттер үчүн товарларды эркин экспортоо жанаимпорттоо мүмкүнчүлүктөрүн берүү саясаты 1998-жылы Кыргызстандын Дүйнө-лүк соода уюмуна (ДСУ) кирүүсүнө шарт түздү. ДСУга мүчөлүктүн чектерин-де тышкы соода боюнча улуттук мыйзамдарды ДСУнун жоболоруна ылайыкташ-тыруу, тышкы соода, өнөр жай-инновациялык, инвестициялык саясатты анык-таган тышкы сооданын ченемдик-укуктук базасы, атаандашуу чөйрөсү, улут-тук экономиканын дүйнөлүк экономика менен өз ара байланышы жана өз арааракеттениши, ошондой эле республиканын эларалык соодага катышуу дењ-гээли өркүндөтүлүүдө. Экономиканы эркин кое берүү импортту алмаштыруу саясатынын маани-син төмөндөтүүгө алып келди жана экспортко карата өндүрүш комплексининбагыт алуусунун мотивациялык негиздерин чыњдады. Сүрөт. Товарлардын экспортунун жана импортунун өсүшү, 2000-2005-жж. (млн.доллар) кагаз түрүндө бар 2000-2005-жылдары макроэкономикалык турукташтыруу өлкөнүн экспор-туна анча олуттуу таасир тийгизе алган жок, анын өсүүсү көбүнесе сомдуннакта алмашуу курсуна караганда болгону бир нече дүйнөлүк жана регион-дук товардык рыноктордун конъюктурасынан көз каранды. 1998-1999-жылдарыболгон девальвациянын натыйжа аракети бүттү жана сомдун долларга каратажүрүп жаткан нагыз жана реалдуу бекемделиши импорттун олуттуу өсүшү ме-нен коштолууда. Экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу милдетин чечүүдөгү олуттуутоскоолдук болуп экспорттук жөнөтүүлөрдүн олуттуу топтолушу жана товар-лардын чектелген тизмесинен көз карандылыгы саналат. Экспорттук жөнө-түүлөрдө негизги көлөмдү кымбат металлдар, минерал азыктары, электр чы-њалуу лампалары жана айыл чарба азык-түлүктөрү түзөт. Сүрөт. Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн түзүмү кагаз түрүндө бар Экспорттун жана импорттун географиялык түзүмүндөгү олуттуу өзгө-рүүлөр 1999-жылдан баштап байкалды. Экспорттук жөнөтүүлөрдүн көрүнүшүн-дө КМШга катышуучу мамлекеттердин үлүшү азайган шартта КМШдан тышкаркылардын үлүшү өсүүдө. Импорттук ташууларда тескери-синче, жыл өткөн сайын КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн ташуунун үлүшү азай-ып, КМШга катышуучу мамлекеттерден ташуу көбөйүүдө. Жањы соода өнөктөш-төрүнүн пайда болгондугуна карабастан, алардын ичинен сегизи гана -Россия, Казакстан, Швейцария, Кытай, Өзбекстан, АКШ, Бириккен Араб Эми-раты жана Түркия 2003-жылдан кийин республиканын жүгүртүүсүнүн негизгибөлүгүн түзүшөт (кеминде 80%). Сүрөт. Экспорт кагаз түрүндө бар Сүрөт. Импорт кагаз түрүндө бар Алыскы чет өлкөлөр менен Кыргызстандын экспорту өсүүнүн туруктуутенденциясына ээ. Кыргызстандын экспорттук рыногун кайрадан багыттооДСУ алкагында чоњ жагымдуулук режиминин натыйжасында болду. 1.2. Кыргыз Республикасынын интеграциялык процесстерге катышуусу жана региондук кызматташтыктын келечектери Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарыбоюнча 2005-жылы Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн 55,4%и КМШга каты-шуучу мамлекеттердин үлүшүнө, ал эми 44,6%и алыскы чет өлкөлөргө, аныничинен ДСУга мүчө өлкөлөргө 43,1%и туура келет. Азыркы учурда Кыргызстан өз продукциясын дүйнөнүн 12 өлкөсүнө экс-порттойт. Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүнүн иш жүзүндө жарымыКыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган региондук бирикмелердинөлкөлөрү менен соода жасоого туура келет, булар - Көз карандысыз мамле-кеттер шериктештиги (КМШ), Евразиялык экономикалык коомчулук (ЕврАзЭК),Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Экономикалык кызматташуу уюму (ЭКУ). Кыргыз Республикасы эњ активдүү региондук кызматташтыкты ЕврАзЭК-тин (Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь) чектеринде жү-зөгө ашырат. ЕврАзЭКке мүчө өлкөлөр менен өз ара соодада бардык тарифтик жанасандык чектөөлөр алынып салынган; жеке жана юридикалык жактардын эркинжүрүү режими колдонулат. ШКУ форматы Кыргыз Республикасына эркин экономиканы (соода, эконо-мика, унаа жана коммуникация, энергетика ресурстары) өнүктүрүү боюнчадемилгелерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле ШКУ боюнча өнөктөштөрдүн ай-мактарында биргелешкен экономикалык долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүкберет. ШКУга мүчө өлкөлөр менен иш жүзүндө соода операциялары ошондой элеэркин соода режиминде, ал эми Кытай менен - ДСУнун чектеринде жүзөгөашырылат. Кыргызстандын ДСУга мүчө болушу абдан жагымдуулук режим жана то-варлардын экспорту үчүн улуттук режим берүү түрүндө ДСУга мүчө өлкөлөр-дүн рынокторуна кирүү боюнча туруктуу жана либералдуу шарттарды түздү.Бул ДСУнун мүчөлөрү сооданын жалпы кабыл алынган эрежелерин аткарат жа-на квота жана тыюу салуу түрүндө чектөө чараларын киргизбейт деген жал-пы кепилдиктерди билдирет. Европа Союзунун өлкөлөрүндөгү эларалык стандарттардын катуу талап-тарынын бар экендиги жана аларга кыргыз мыйзамдарынын туура келбеши бү-гүнкү күндө бул өлкөлөр менен сооданы өнүктүрүүдө тоскоол болууда. Кыргызстан тутумуна Түркия, Пакистан, Афганистан жана Иран киргенЭКУнун мүмкүнчүлүктөрүн бул өлкөлөр менен тышкы соода көлөмдөрүн көбөй-түү үчүн активдүү пайдаланууда. 1.3. Кыргыз Республикасынын тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасы эларалык интеграциянын жана эларалык сооданымыйзамдаштыруунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын таанууда. Ошону мененбирге кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн продукциясынын атаандашуу дењгээлиазырынча жогору эмес. Экспорттун өнүгүшү туруктуу эмес мүнөзгө ээ: эгерде 2004-жылы анынөнүгүшү 23%ти түзсө, ал эми 2005-жылы тышкы суроо-талаптын салыштырма-луу солгулдагандыгынан, ошондой эле мурдагы жылдын "жогорку базасынан"улам 7%ке кыскарган. 2006-жылы сүт жана сүт азыктарын, айыл чарбаазык-түлүктөрүн, тамекини, пахтаны жөнөтүүлөрдү көбөйтүүнүн, ошондойэле алтынга дүйнөлүк баанын сакталып турган тенденциясынын эсебинен эк-спорттун өсүшү 15,1%ти түздү. Мында экспорт экономиканы өнүктүрүүнүн эњ маанилүү тармактарынынбирине айланды. Ички рыноктогу катуу атаандашуунун шартында атамекендикишканалар өздөрүнүн өндүрүштөрүн сактап калуу жана кењейтүү үчүн өз то-варларын өлкөнүн чегинен сырткары сатууга жана Кыргызстанда өндүрүлбө-гөн товарлардын импортун каржылоону камсыз кылууга умтулушат. ИДПнын 30%тен ашыгы өндүрүп жатышкан экспортко багытталган ишкана-лар кластер түзүүчүлөр болууга тийиш, бул чектеш тармактардын продукци-яларына суроо-талапты көбөйтүүгө, республикага кошумча ресурстардын жа-на технологиялардын келишин камсыз кылат. Ошентсе да экспорттук берүү-лөрдүн 80%тен ашыгы болгону 10 негизги сырьелук товардык позицияларгагана туура келет, ал эми машиналардын жана жабдуулардын экспорттогуүлүшү 2%ке чукулду түзөт. Мында импорттук түшүүлөрдө экспорттон алдыга өсүү темпи байкалуу-да. 2004-жылы анын өсүүсү 31%ти түзсө, 2005-жылы 17 %, ал эми 2006-жылы55,6% болгон (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ал-дын ала маалыматы боюнча). Импорттун өсүүсүнүн туруктуу тенденциясы соода балансынын тањсык-тыгынын себеби болуп саналат. Импорттун түзүмү жетиштүү түрдө диверси-фикацияланган, мында стратегиялык импорттун жогорку салыштырма салмагы78%ти түзөт. Стратегиялык импорттун курамында товарлардын үч тобу бөлү-нөт: кооптуу импорт, инвестициялык импорт жана социалдык маанилүү им-порт. Аны кыскартуу жалпысынан экономикага таасир этиши мүмкүн. Кооптуу импорт (28%) негизинен өзүнө экономиканын аракети үчүн за-рыл болгон мунайды жана газ конденсатын, жаратылыш газын, таш көмүрдүкамтыйт. Кыргыз экономикасынын ресурс талап кыла тургандыгынан уламалардын жетишсиздиги өлкөнү экономикалык кризиске алып келиши мүмкүн.Баанын өсүшүнүн сакталып келаткан тенденциясынын эсебинен аларды ташыпкелүү нарктык көрүнүштө көбөйүүдө. Инвестициялык импортко (20%) машиналардын, жабдуулардын жана меха-низмдердин айрым түрлөрү, жер, аба унаа каражаттары, алардын бөлүктөрүжана жабдуулары, ошондой эле химия өнөр жайы өндүргөн айрым товарлар,баалуу эмес металлдар жана алардан жасалган буюмдар кирет. Инвестиция-лык импорттун кењейиши оњ мүнөзгө ээ жана өндүрүштүн кењейиши жөнүндөкабар берет, бул экспортко багытталган продукциялардын кошумча өсүшүнкамсыз кылат. Социалдык маанилүү импорт (30%) - бул биздин республиканын калкы-нын жашоосу үчүн зарыл болгон товарлар: нан, ун, кант ж.б. азык-түлүк-төр, алардын ичинде балдар азыктары; медицинада колдонулуучу приборлоржана түзүлүштөр, дарт аныктоочу реагенттер. Өсүмдүктөрдөн алынуучуазык-түлүктөргө сакталып келаткан суроо-талап анын импортунун өсүшүншарттайт. Тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн өзгө-чөлүктөрүнө карабастан аны өнүктүрүү, экспорттун түзүмүн диверсификаци-ялоо, экономиканын атаандаштыгын жогорулатуу үчүн бардык шарттар бар. Кыргызстандын тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүнүн башкы өзгөчө-лүгү төмөнкү факт болду: негизги көњүл чет өлкөлөр менен байланыштардыжөнгө салууга бурулуп, эларалык соодага катышуудан пайда алуу үчүн тыш-кы сооданын каражаттары толук өлчөмдө пайдаланылбай калгандыгы жана даошол эле учурда ата мекендик ишканалар тышкы рынокто атаандашууда бир-дей эмес шартка дуушар болушу. Ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоонун жоктугуарзан кредит жана илимий изилдөөлөргө мамлекеттик субсидияларды алуунуколдонушкан чет өлкөлүк компанияларга карата тењ эмес атаандашуу шарты-на алып келди. Жасалма тењдештиктин натыйжасында атаандашуу шартынданакта тењдешсиздик келип чыкты, бул өз кезегинде сооданын товардык жанааймактык-географиялык түзүмүнүн өзгөрүшүнө алып келди. 2. Тышкы жүгүртүүнүн товардык жана географиялык түзүмүнүн динамикасы жана тенденциялары 2.1. Экспорт Экспорт менен өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн ортосундагы корреля-циянын жогорку дењгээли экспорттун түзүмүн диверсификациялоо өнөр жайөндүрүшүн кењейтүүгө көз карандылыгы жөнүндө айгинелейт. Экспорттунабалынын маанилүү көрсөткүчү болуп өндүрүштүн экспортко катышуусу тар-мактын экспортунун өнөр жай продукцияларынын экспортунун жалпы көлөмүн-дөгү үлүшү саналат. Бул көрсөткүч 2005-жылы 36,6%ти түздү. Кыргызстан тышкы экономикалык байланыштарды 105 өлкө менен жүргү-зөт, бирок экспорттук рынокту түзүүдөгү негизги роль 10 өлкө гана таан-дык: Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Афганис-тан, Бириккен Араб Эмираты, Индия жана Швейцария. Кыргыз ишканаларынынбул өлкөлөргө продукцияларын берүүлөрү республиканын бүткүл экспортунун90%ке чукулун түзөт. Алтынды берүүлөрдү эсепке албаганда беш жылдын ичинде кыргыз экс-портунун Россия, Казакстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдүн рынокторунакөрүнөө багыт алгандыгы байкалат. Муну менен Кыргызстан өзүнүн Өзбекс-тандын рыногуна катышуусун кыскартты, экспорт 2000-жылдагы 17,7%тен2005-жылдагы 2,5%ке чейин азайды. Ошол эле мезгилде Афганистанга экс-порттун өсүшү 2000-жылдагы 0,9%тен 2005-жылы 1,8%ке чейин өскөндүгүбайкалат, алар негизинен курулуш материалдары, чыњалуу лампалары жанатамак-аш азыктары. Негизги экспорттук продукция - түстүү металлдар (алтын) Швейцария-га жана Германияга (2002-жылга чейин), Бириккен Араб Эмиратына(2002-жылдан тартып) жөнөтүлөт. Металлургия тармагынын ишканаларынынэкспорту негизинен бир товардык топтон: түстүү жана кара металлдардантурат. Бул топтун үлүшүнө тармактын экспорттун 2000-жылы 44,4% чукулу,2005-жылы 37,4%и туура келген. Металлургия комплексинин продукциялары-нын тышкы рыноктордогу конъюктурасынын жакшыргандыгына байланыштуу экс-порттун нарктык көрсөткүчтөрү жакшырды. Түстүү металлургия ишканаларынын продукцияларынын экспорттогуолуттуу салыштырма салмагына карабастан беш жылдагы орточо жылдык өсүүтемпи болгону 6,3%ти түздү, буга "Кумтөрдөгү" 2001- жана 2006-жылдарда-гы кырсыктардын кесепеттери өз таасирлерин тийгизди. Муну түстүү метал-лургиянын экспорттук сыйымдуулугу аныктап турат, ал 2000-жылдагы44,9%тен 2005-жылы 42,2%ке азайып кеткен. Ошентсе да бул көрсөткүч өтөжогорку болуп саналат. Кара металлдар кара металлдардын калдыктарын жана уютундусун кам-тыйт, алардын экспорту 2005-жылга чейин жыл сайын өсүп келген жана караметаллдар негизинен Кытайга жөнөтүлөт. Жењил өнөр жай ишканаларынын продукцияларынын экспорту шарттуутүрдө эки топко бөлүнүшү мүмкүн. Биринчиси - негизинен пахтадан токуу өнөр жайынын продукциялары(пахта буласы) менен түзүлгөн. Жөнөтүүлөрдүн накта көлөмдөрү анча көпэмес, бул товарлардын экспортунун кошулма нарк көлөмдөрү 2000-жылдантартып 2005-жылга чейин болгону 27 пайызга өскөн. Пахта буласы 2000-жы-лы Россияга, Беларуссияга, Латвияга, Германияга жана Чехияга жөнөтүлүптурган болсо, 2005-жылы Россияга гана жөнөтүлгөн. Экспорттук товарлардын экинчи тобун Казакстандын жана Россиянынрынокторуна экспорттолуп жаткан тигүү тармагынын продукциялары түзөт. Бул товардык топтун экспортунун кошумча нарк көлөмү баалоолор бо-юнча Кыргызстандын экспортунун (250 млн. АКШ доллары) 35 пайызга чуку-лун түзөт, ал эми бул продукциялардын негизги экспортерлору болуп жекеишкерлер саналышат. Тигүү тармагынын продукцияларынын экспортунун мааниси акыркы жыл-дарда өсүп баратат. Тигүү продукциясынын экспортунун макроэкономикалыкнатыйжалуулугун аныктоо максатында так статистикалык маалыматтарды алууүчүн терењ талдоо жүргүзүү зарыл. Жењил өнөр жай ишканаларынын экспор-тунун тутумунун анда даяр продукциялардын (тигилүү кийимдер) үлүшүнүнөсүшүнүн эсебинен өзгөрүшү Кыргыз Республикасынын экспорт комплексинөнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарына туура келет. Металл эмес минералдык продукциялардын ишканаларынын экспорттукжөнөтүүлөрүнүн негизин шифердин, цементтин жана айнектин экспорту тү-зөт. Тармактын ишканалары каралып жаткан мезгилде экспорттук өндүрүштүнтез өсүү темпи менен мүнөздөлдү: жылына орточо 70%ке ашык, бул экспорт-тун көлөмүнүн 2000-жылдагы 1,2%тен 2005-жылы 9,9%ке өскөндүгү мененаныкталат. Айнектин экспортунун көлөмү 2000-жылдагы 200 мињ АКШ долла-рынан 2005-жылы 32,7 млн. АКШ долларына, цементтики 2 млн. АКШ доллары-нан 13,1 млн. АКШ долларына, шифердики 3 млн. АКШ долларынан 9,6 млн.АКШ долларына чейин өскөн. Тармактагы берүүлөр негизинен Казакстанга,Өзбекстанга, Россияга жана Афганистанга жөнөтүлөт. Машина куруу ишканаларынын экспорттук ишмердигинде айрым өсүштөрбайкалууда. Экспорттун көлөмү 2003-жылдагы 43,9 млн. АКШ долларынан2005-жылы 51,6 млн. АКШ долларына чейин (17,5%) өскөн. Экспорттун тар-мактык ички түзүлүшүн түзүүдө негизги ролду үч товардык топ ойногон: отжаккычтар, жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр; электр машиналары,жабдуулар, аппараттар жана алардын бөлүктөрү; аскер-өнөр жайлык комп-лексинин продукциясы (АӨЖК). Төмөнкү товарлар экспорттолгон: - чыњалуу лампалары - $15,6 млн.; - аскер-өнөр жайлык комплексинин продукциялары - $15,3 млн.; - радиаторлор - $5,6 млн.; - бургу жана өткөөл машиналары жана алардын бөлүктөрү - $3,6 млн.; - центрифугалар - $1,0 млн.; - кыймылдаткычтар - $0,8 млн.; - мештер, электр плиталары - $0,3 млн.; - насостор - $0,1 млн. 2000-жылы ал товарлардын экспорту тармактагы экспорттун болгону 5%түзгөн болсо, 2005-жылы 62% жетти. Бургу жана өткөөл машиналарынын жанаалардын бөлүктөрүнүн (18 эсе), АӨЖК продукциялардын (3,7 эсе), радиа-торлордун (24,4%) жана центрифугалардын (28,6%) экспортунун көлөмдөрүөтө жогорку темп менен өскөн. Болуп жаткан өзгөрүүлөр Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан,Иран, Азербайжан, Түркмөнстан, Румыния, Украина, Грузия ж.б. тарабынантышкы суроо-талаптын өскөндүгүн көрсөтөт. Ошентсе да эњ олуттуу жөнө-түүлөр 3 млн.АКШ долларынан ашпайт. Машина куруу экспорттук мүмкүнчүлүккө ээ, анткени ал жогорку тех-нологияларды, негизинен атайын продукцияларды чыгарууда колдонгон жапа-дан жалгыз тармак болуп саналат. Бирок ишканаларда тажрыйбанын жана за-рыл каржы каражаттардын жоктугу тармактын экспортту түзүүдөгү аракетинкүчөтүүгө тоскоол болуп жаткан негизги себептер болуп калууда. Алсак,экспорт көлөмүнүн өсүүсү анча маанилүү эмес 2000-жылы 4,4% жана2005-жылы 6,7%. Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн экспортун товарлардын 3 тобуна бөлүү-гө болот: жашылча-жемиштер, тамеки, тери сырьелору. Кыргызстандын жара-тылышы жашылча-жемиштер, тамеки сыяктуу айыл чарба азык-түлүктөрүн өн-дүрүүгө климаттык артыкчылыкка ээ болгондуктан андай азык-түлүктөрдүнэкспорту салыштырмалуу жогорку өсүш потенциалына ээ. Алсак, жашылча-жемиштерди жөнөтүүнүн өсүшү 2000-жылдагы 7,8 млн.АКШ долларынан 2005-жылы 17,6 млн. АКШ долларына чейин өскөн. Жөнөтүү-лөр (2001-жылы) Азербайжанга, Тажикстанга, Украинага жүргүзүлгөн. Гер-манияга, Францияга, Түркияга алардын көлөмү 0,16 млн. АКШ долларынанашпайт. Продукциялар салт болуп калгандай Россияга жана Казакстанга жө-нөтүлөт. Экспорт көлөмү 2000-жылдагы 1,8%тен 2002-жылы 3,7%ке чейин өс-көн жана 2005-жылы 3,1%ке чейин кыскарып кеткен. Себеби - сатып өткөрүүрынокторунун тарыгандыгынан, унаа чыгымдарынын жана бажы чектөөлөрүнүнжогорулагандыгы. Айыл чарба азык-түлүктөрүнүн экспортун кењейтүүдөгү олуттуу мүм-күнчүлүк болуп чек арага чектеш соода саналат. Бул багытта чек арагачектеш кызматташтыктын эл аралык борборлорун уюштуруу боюнча иштер жү-рүүдө. Тамекинин наркынын өсүшүнө байланыштуу тамекинин атаандашуусунунтөмөндөшү сатып өткөрүү рынокторунун кыскарышына алып келди. ТамекиРоссияга жана Казакстанга экспорттолот. Эстонияга, Украинага, Белорус-сияга, Германияга, Венгрияга жана Тажикстанга тамеки жөнөтүү токтоду.Ошондуктан, тамекинин экспорт көлөмү 2000-жылдагы 6,9%тен 2005-жылы2,1%ке чейин кыскарган. Тери сырьелору Кытайга, Түркияга, анча көп эмеси Италияга жана Ук-раинага жөнөтүлөт. Тери сырьелорунун физикалык көлөмдөрдө экспорттукжөнөтүүлөрүнүн көбөйүшү экспорт көлөмүнүн 2000-жылдагы 1,5%тен 2005-жы-лы 2,5%ке чейин өсүшүн шарттады. Мында өтө жогорку көрсөткүч 5,9 % түз-гөн 2002-жылда жетишилген. Айыл чарбасы боюнча жалпы экспорт көлөмү 2000-жылдагы 3,3%тен2005-жылы 7,3%ке чейин өскөн. Тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жайы сүт азыктары, жер-жемиш продук-циясы жана кант өндүрүшү менен көрүнөт. Сүт продукциялары менен коњшурынокторду ээлөөдө олуттуу ийгиликтер жаратылды. Алсак, кыргыз экспор-тунун үлүшүнө казакстан рыногундагы импорттолгон сүт азыктарынын 5 пай-ызга чукулу кирет. Экспорттук жөнөтүүлөрдүн өсүшү 2000-жылдан тартып 2005-жылга чейиналганда ондогон эсеге өскөн. Тармактын экспортунун ички түзүлүшүнүн өз-гөрүүсүнүн жалпы тенденциясы жагымдуу кайра иштетүүнүн жогорку дењгээ-линдеги товарлардын үлүшү көбөйүүдө, мындан тиешелүү түрдө экспорттукоперациялардын макроэкономикалык натыйжалуулугу жогорулоодо. Тармактын келечектүүлүгүн экспорт көлөмүнүн 2000-жылдагы 0,5%тен2005-жылы 4,5%ке чейин өскөндүгү айкындап турат, б.а. 10 эседен жогору. Электроэнергетика. Кыргызстан электр кубатын өндүрүү боюнча жара-тылыш артыкчылыктарына ээ, бул жылына 40 млрд. кВт с электр энергиясынэкспорттоого мүмкүндүк берет. Электр кубатынын экспортун алга жылдырууүчүн орун алган проблемаларды, анын ичинде, энергетика секторундагытехникалык жана коммерциялык жоготууларды чечүү зарыл. Бул тармактыөнүктүрүүнүн стратегиясынын жоктугу анын макроэкономикалык натыйжалуу-лугун мокотуп, тиешелүү түрдө экспорт көлөмү 2000-жылдагы 18,2%тен2005-жылы 3,7%ке чейин кыскарды. Электр бөлүштүрүүчү тармакты концессиялык башкарууга өткөрүү эко-номикалык ири мүмкүнчүлүккө ээ тармакты жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнчачаралардын биринен болуп саналат. Химия өнөр жайынын продукцияларынын экспортун сымап жана сурьматүзөт. Продукциялардын бул түрлөрүнүн экспорттогу салыштырма салмагыболгону 1 пайызды түзөт. Тилекке каршы, Кыргызстан укмуштуудай продук-цияларын өндүрүүдөгү өзүнүн артыкчылыгын пайдалана албады, бул сымапжана сурьманы өндүрүүнүн кыскарышына алып келди. Муну экспорт көлөмүнүн2000-жылдагы 0,9%тен 2005-жылдагы 0,7%ке кыскарышы тастыктап турат. Сы-мап Кытайда, Азербайжанда жана Нидерландияда, сурьма Россияда суроо-та-лап менен пайдаланылат. 2.2. Импорт Кооптуу импорт (28%) негизинен өзүнө экономиканын өнүгүшү үчүн за-рыл болгон мунайды жана газ конденсатын, жаратылыш газын, таш көмүрдүкамтыйт. Кыргыз экономикасынын ресурсу сыйымдуулугунан улам алардын же-тишпегендиги өлкөнү экономикалык кризиске алып келиши мүмкүн. Баанынөсүшүнүн эсебинен аларды ташып келүү нарк көрүнүшүндө 22% жогорулады.Кыргызстандын мунайды жана газ конденсатын импорттоодон көз карандылы-гын азайтуу үчүн рапстан биодизель отунун өндүрүү боюнча дүйнөлүк таж-рыйбаны колдонуу зарыл, аны өндүрүү тукулжураган кыртышты калыбына кел-тирүүгө көмөк көрсөтөт. Инвестициялык импортко (20%) машиналардын, жабдуулардын жана меха-низмдердин айрым түрлөрү, жер, аба унаа каражаттары, алардын бөлүктөрүжана жабдуулары, ошондой эле химия өнөр жайы өндүргөн айрым товарлар,асыл эмес металлдар жана алардан жасалган буюмдар, ж.б. кирет. Бул топ-тогу товарлардын үлүшү 2005-жылы мурдагы жылдын дењгээлинде калганынакарабастан, бул продукцияларды ташып келүүнүн физикалык көлөмүнүн өсү-шүнүн жана баанын төмөндөшүнүн эсебинен олуттуу өсүш болду (21,4 млн.АКШ доллары). Инвестициялык импорттун кењейиши оњ мүнөзгө ээ жана өндү-рүштүн кењейиши жөнүндө кабар берет, бул экспортко багытталган продук-циялардын кошумча өсүшүн камсыз кылат. Ички күйүү кыймылдаткычтарын, металл иштетүүчү станокторду, электркыймылдаткычтарын жана генераторлорун ташып келүү олуттуу өстү. Радио-телефон аппаратураларын сатып алуу 24% көбөйдү (же 3,25 млн. АКШ долла-ры), бул биздин өлкөдө уюлдук байланыш тармагынын ыкчам киргизилиши ме-нен түшүндүрүлөт. Кыргызстан жогорку сапаттагы уюлдук телефондорду чы-гарууну өздөштүрүшү мүмкүн экендигинен улам келечекте бул товарды сатыпалууга валюталык чыгымдар азайаарына ишенүүгө болот. Кыргызстан кара металлдын калдыктарын жана уютмаларын экспорттооменен кара металлдан продукцияларды ташып келет, мына ушуга көп валютачыгымдоодо. Алсак, 2005-жылы кара металлды ташып келүү физикалык көлөм-дүн эсебинен 2 эсеге өскөн. Кара металлдын калдыктарын жана уютмаларынкайра иштетүү ички рыноктогу суроо-талапты камсыз кыла алмак. Социалдык маанилүү импорт - бул биздин республиканын калкынын жа-шоосу үчүн зарыл болгон нан, ун, кант ж.б. азык-түлүктөр, алардын ичин-де балдар азыктары, медицинада колдонулуучу приборлор жана түзүлүштөр,дарт аныктоочу реагенттер сыяктуу товарлар. 2005- жылда социалдык маа-нилүү импорттун көлөмү 7%ке өскөн (же 2,2 млн. АКШ доллары). Анын то-варлардын импортунун толук көлөмүндөгү үлүшү мурдагы жылга караганда 6пунктка өскөн жана 2005-жылы 49%ти түзгөн. Айыл чарба азык-түлүктөрүнүнжана продукцияларынын импорту экспорт менен салыштырганда бир кыйла ди-версификацияланган. 2005-жылы өсүмдүктөрдөн алынуучу азык-түлүктөрдүн импорту боюнчаөтө көп өсүш: буудайда (59%), күрүчтө (2,8 эсе), буудай унунда (3,5эсе), май өсүмдүктөрүнүн данынан ун жана тартылма (2,3 эсе), кант (8%)негизинен физикалык көлөмдөрдүн жана баанын өсүшүнөн келип чыккан. На-тыйжада бул продукциялардын социалдык маанилүү товарлардын импортунунтолук көлөмүндөгү үлүшү 2004-жылдагы 46%тен 2005-жылы 84%ке чейин өсүпкеткен. Кыргызстан кантты сатып алууга көп валюта каражаттарын чыгымдайт,ошол эле мезгилде аны өндүрүү боюнча бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ. 2005-жыл күн карама майынын импорту азайгандыгы байкалды (20%).Кыргызстан азырынча жакшы сапаттагы өсүмдүк майын өндүрө албайт, бирин-чи тараптан республикада күнкарама жана соя жетиштүү санда өстүрүлбөйт,ал эми экинчи тараптан өндүрүүнүн азыркы учурдагы технологиялары жок.Ошентсе да калк майды сыгып алуунун эскирген ыкмасына өтүштү, күнкарамааянттары көбөйдү, бул импорттун азайышына таасир этти. Медициналык приборлордун жана түзүлүштөрдүн (23%), рентген аппара-тураларынын (34%), өсүмдүктөрдү коргоонун химиялык каражаттарынын(19%), механотерапия үчүн аппаратуралардын (47%) импорту жогорулаган,ошентсе да продукциялардын бул түрлөрүнө баалардын жогорулагандыгынынсебебинен импорт физикалык көлөмдө кыскарды. Ошондой эле ооруну анык-тоочу реагенттердин импорту кыскарган (17,1%). Ошентип, бул топтун айрым товарлары боюнча төмөнкүдөй мыйзам че-немдүүлүктү белгилөөгө болот: - таш көмүргө, мунайга жана газ конденсатына, электр кубатына, ра-диотелефон аппаратурасына, дары-дармектерге; өсүмдүктөн алынганазык-түлүктөргө, медициналык приборлорго баанын өсүшү байкалууда; - машиналардын жана жабдуулардын, кара металлдын импорту өсүүдө; - күн карамадан алынган майдын импорту кыскарууда. 2.3. Кыргыз Республикасынын тышкы соодасын өнүктүрүүнүн аймактык-географиялык артыкчылыктары Орто мөөнөттүү келечекте экспорттун сырьелук багытталышынын сакта-лып турган жана жогорку технологияларга импорттук керектөөлөрдүн күчөпбараткан шартында Кыргыз Республикасынын тышкы соодасын өнүктүрүүнүнаймактык-географиялык артыкчылыктары конкреттештирүү зарылдыгы келипчыкты. Кыргызстандын импорттук продукциялар рыногунун кошундусунда 20%бир азыраагын түзгөн АКШ жана Евросоюз өлкөлөрү (Германия, Нидерланды,Швейцария, Франция, Англия, Италия, Швеция) менен байланыштарын бекем-дөөсү зарыл. Машина куруу комплексинин ишканаларынын экспорттук продукцияларынаКМШга катышкан өлкөлөрдүн рынокторунун кабыл алууларына байланыштуу ко-шундусунда республиканын экспорттук рыногунун 45% чукулун жана импортрыногунун 50%тен ашыгын түзгөн коњшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Россиянын,Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Украинанын рыноктору ар-тыкчылыктуу бойдон калуулары керек. Азыркы учурда Кыргызстандын импорттук товар жүгүртүүсүнүн 9% чуку-лун жана экспорттук товар жүгүртүүсүнүн 4% ашыгын камсыз кылган Кытайменен тышкы соода мамилелери айрыкча мааниге ээ болуп баратат. Чыгыш Европанын жана Азиянын айрым өлкөлөрүнүн Европа Союзу мененкызматташууга багыт алгандыгын эске алып, Польша, Болгария, Чехия, Вен-грия менен кооперациялык байланыштарды бекемдөө зарыл. Азыркы учурдабул өлкөлөрдүн экспорттук сыяктуу эле импорттук товар жүгүртүүдөгү үлү-шү болгону 3,2%ти гана түзөт. Тышкы экономикалык байланыштарды кењейтүүүчүн импортту алмаштыруучу өндүрүштөргө карата инвестициялык саясаттыактивдештирүү зарыл. КМШга катышкан өлкөлөрдөн тышкары тутумуна Түркия, Пакистан, Афга-нистан жана Иран сыяктуу өлкөлөр кирген Экономикалык Кызматташтык Уюму-нун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарыл, бул келечекте ошол өлкөлөр менентышкы соода көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул өлкөлөрдүнүлүшү 5,1% экспортту, 3,7% импортту түзөт. 3. Атаандашуу артыкчылыктары бар товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары 3.1. Кен казуу жана металлургия өнөр жайынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү Кен казуу жана металлургия тармагы республиканын экспортун өнүктү-рүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул тармактар Кыргызстандынбардык өнөр жай өндүрүшүнүн 60 пайызга чукулун камсыз кылат жана алтын-дын, вольфрамдын, коргошундун, сурьманын, сымаптын, сейрек кездешүүчүметаллдардын ж.б. пайдалуу кендердин иликтенген ири запастары менен кө-рүнгөн минералдык-сырьелук ресурстарга негизделген. Мында алтындын ба-ланстык запасы 27 кен боюнча 562 тоннадан ашыкты түзөт, алардын ичинен90% чукулу "Кумтөр", "Жерүй" жана "Талдыбулак" кендеринде топтоштурул-ган. Кыргызстандын экономикасы "Кумтөр" сыяктуу бир ири долбоорго көзкаранды, анда акыркы 5 жылда кендин карьердик запастарынын түгөнгөндү-гүнө байланыштуу алтын алуу азайып баратат. "Кумтөр" кенинде өндүрүштүнкөлөмүн жана экспортту көбөйтүү максатында "Сарытөр" жана "Түштүк-ба-тыш" кендерин иштетүү, 2008-жылдан тартып алтын казып алууну баштооүчүн "Алтынжылга", "Ничкесуу", "Савоярды", "Караказык", "Тереккан","Тохтозан" ж.б. келечектүү алтын кендерин чалгындоо каралууда. Жогору-дагы алтын кендерин ишке киргизүү 2008-жылга болжолдонууда, бул респуб-лика боюнча алтын казып алууну жылына 25 тоннадан ашырууга мүмкүнчүлүкберет, ал эми ал 2010-жылга чейин жылына 35 тоннага чукулду түзөт. "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКында сурьма өндүрүшү 2006-жылдын26-октябрынан ишке киргизилди. Комбинаттын ишке жөндөмдүүлүгүн кайракалыбына келтирүү боюнча иш чаралар аяктады. Тажик тарабы менен Анзобкени боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Комбинаттын көп жылдык иш мезги-линде топтолгон штейн урандыларынан сурьманы табуу боюнча кайра иште-түүчү комплекстүү жабдуу түзүлдү. "Хайдаркан сымап комбинаты" АК - сымап өндүрүшү. Кендеги металлдыназдыгынан, кен-шахта жабдуусу эскиргендиктен жана квалификациялуу кадр-лар жетишпегендиктен улам "Хайдаркан сымап комбинаты" АКсында акыркыжылдары сымаптын экспортунун физикалык көлөмү кескин азайды. Өндүрүштүжана сымап экспорттоону турукташтыруу үчүн стратегиялык инвесторду тар-туу боюнча чаралар көрүлүүдө. Азыркы учурда Мүлкмамкому "Хайдаркан сы-мап комбинаты" АКсынын акцияларынын мамлекетин стратегиялык инвестор-лорго сатуу боюнча даярдык иштерин жүргүзүүдө. Кен казуу жана металлургия өнөр жайынын продукцияларынын экспортун өнүктүрүүнүн келечеги (2007-2010 жылдар) -----------------------------------------------------------------------| | 2007-жыл | 2008-жыл | 2009-жыл | 2010-жыл ||-------------------------|----------|----------|----------|----------||Баары: | | | | ||(алтын, тонна) анын | 17,33 | 25,27 | 30,98 | 32,58 ||ичинде: | | | | ||- "Кумтор", тонна | 14,77 | 20,9 | 26,2 | 26,5 ||- "Кыргызалтын" ААК, | 1,56 | 1,67 | 1,68 | 1,68 || тонна | | | | ||- "Жерүй", тонна | 1,0 | 2,1 | 2,5 | 2,6 ||- "Талды-Булак Солжээк", | - | 0,6 | 0,6 | 1,8 || тонна | | | | ||-------------------------|----------|----------|----------|----------||Сурьма, тонна | 4000 | 4000 | 5000 | 5000 ||Сымап, тонна | 350 | 350 | 350 | 350 |----------------------------------------------------------------------- Экспорттун көлөмүн турукташтыруу жана көбөйтүү үчүн пайдалуу кен-дердин жањыларын системалуу түрдө ишке киргизүү, кен продукцияларынынжањы түрлөрүн өндүрүү зарыл. Ошентсе да тармакты өнүктүрүүнүн негизгипроблемасы каржы каражаттарынын жетишсиздиги, тиешелүү түрдө тоо-кенчалгындоо иштеринин дењгээлин окуп үйрөнүү жана талдоо боюнча система-нын, өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдыктын жоктугу болуп саналат. Өнөр жай өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана экспорттуөнүктүрүү максатында алтын казып алуу жана химия тармагы боюнча айрымчараларды ишке ашыруу зарыл: - алтын чыккан жерлерди: "Талдыбулак Солжээк" жана "Жерүй" өздөш-түрүүнү тездетүү; - Терек-Кассан кен районунда (алтын-сурьма жана алтыны бар жерлер:"Терек", "Тереккан", "Иштамберды", "Ашуу", "Чапчыма" ж.б.) кайра иште-түү боюнча кубаттуулуктарды түзүү; - "Солтон-Сары" кен чыккан жеринде алтын өндүрүү; - сымап чыккан жерлердин төмөндө орун алган горизонтторун жеткиречалгындоо жана өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн Хайдаркан сымап АКсына ин-вестицияларды тартуу; - инвестициялык тендерде акциялардын мамлекетин сатуу аркылуу"Кристалл" МАКына стратегиялык инвесторду тартуу. 3.2. Машина куруу жана металл иштетүү продукцияларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү Республиканын машина куруу тармагынын ишканаларынын ичинде негизгиэкспорттоочулар "Дастан" ТУК АКсы, "Майлуусуу электр лампа заводу" ААКыболуп саналат, алардын экспортунун үлүшү чыгарылуучу продукциянын жалпыкөлөмүнүн 80ден 97%ке чейинин түзөт. "Дастан" ТУК АКсы негизинен продукцияны Индияга, Кытайга берет,ошондой эле медициналык техниканы Россия Федерациясына, Казакстанга,Украинага экспорттойт. Ишкана КМШга катышкан мамлекеттердин ишканаларыменен кооперативдик берүүлөр боюнча иштейт жана бир катар ишканалардыкомплектөөчү буюмдар менен камсыздайт. "Майлуусуу электр лампа заводу" ААКы электролампаларды (80%ке чей-ин) Россияга, Казакстанга, Азербайжанга, Грузияга, Украинага, Молдова-га, Иранга, Румынияга, Германияга, Чехияга, Кипрге жана башка өлкөлөргөэкспортко берет. Ишкана соњку технология жана чет өлкөдө сатып алынганжабдууда жасалган чыгымы аз ысытуу лампаларын чыгарат. "БМЗ" АКсында (Бишкек машина куруу заводу) комбайн чынжырларын жа-на электр чынжырларын Россия Федерациясына, КМШнын башка өлкөлөрүнө эк-спорттойт. Завод чакан ишканалар жана фермердик чарбалар үчүн көп функционал-дуу ширетүүчү-тешүүчү-сүрүп жылмалоочу станок иштеп чыккан жана серия-луу өздөштүргөн, экспортко багытталган продукцияны - тиричилик электржылыткычтарын, энергияны үнөмдөөчү жарык бергичтерди, жарык берүүнүнжана радиотеле менен камсыз кылуунун фотоэнергетикалык модулдарын чыга-рууну өздөштүргөн, азыркы учурда завод көрсөтүлгөн позициялар боюнчааларды экспортко чыгаруу үчүн маркетинг иш-чараларын иштеп чыгууда. "Автомашрадиатор" ЖЧКсы суу менен муздоочу автомобиль радиаторло-рун жана май менен ысуучу радиаторлорду чогултуу үчүн Россия Федерация-сынын автомобиль куруу заводдоруна, Өзбекстандын "УзДЭУавто" АКсына бе-рет. Азыркы учурда завод тарабынан С-330, С-360 тибиндеги тракторлорүчүн суу менен муздоочу радиаторлор өздөштүрүлгөн жана "Минск тракторзаводу" АКсына (Беларусь Республикасы) берилүүдө. "Автожыйноочу завод" АКсы жүк көтөрүмдүүлүгү 4-6 тонна айыл чарбатракторлорунун чиркегичтерин Казакстанга экспорттоодо. "ОТИН" (Оштогу терењдикте иштөөчү насостор заводу) ЖЧКсында чыга-рылган терењдикте иштөөчү насостор жана электр насостору Россияга, Ка-закстанга, Өзбекстанга экспорттолууда. Ишкана ЭЦВ8-25-100,ЭЦВ10-120-60, ЭЦВ10-120 электр насосторун, ар түрдүү кубаттуулуктагыасинхрондуу электркыймылдаткычтарын, белорустук өнөктөштөр менен бирге-лешкен ишканалардын базасында вентиляторлорду, "Киров заводу" АКсы(Санкт-Петербург шаары) менен технологиялык жабдууну чыгаруу жана экс-портко берүү каралууда. "OREMI" АКсы трансформаторлорду жана комплекттүү трансформатордукподстанцияларды Тажикстанга берет. Ишкана тарабынан Азербайжан, Түрк-мөнстан, Афганистандын сатуу рынокторун изилдөө боюнча маркетингдикизилдөөлөр жүргүзүлүүдө, Россия Федерациясынын Сибирь Федералдык окру-гуна КТП берүү маселеси иштелип чыгууда (заводдун продукциясы россиялыктараптан сертификатталган). "Электротехник" АКсынын жарыктуу техникалык өндүрүш ишканаларыүчүн атайын технологиялык жабдуусун (чыгарылган продукциянын 90%не чей-ин) Россия Федерациясына жана КМШга катышкан мамлекеттерге экспорттоо-до. Ишкана продукцияны биргелешип кооперациялап экспортко чыгаруу үчүнРоссия Федерациясы жана Украина менен мындан ары кызматташуу мүмкүнчү-лүктөрүн иштеп чыгууда. "Эмель" ЖЧКсы олуттуу көлөмдөрдө алыскы чет өлкөлөрдүн бир катары-на айыл чарба шаймандарын берет. "Айнур" АКсы Россия Федерациясынын коргоо-өнөр жай комплексининишканаларына атайын буюмдар, электр кошкучтар үчүн жыштыгы аз трансфор-маторлорду берет. Ишкана тарабынан экспортко жеткирилүүчү негизги өндү-рүш көлөмдөрүн көбөйтүү экспорттук продукциянын жањы түрлөрүн өздөштү-рүү (электр жылыткычтар, электр вилка-адаптерлор ж.б.) пландаштырылуу-да. "Нур" АКсы "УзДЭУавто" АКсынын автомобиль куруу заводунун (Өзбекс-тан) "ТIСО", "DAMAS", "МЕХIA", "МАТIZ" маркасындагы автомобилдерди жый-ноо үчүн комплектациялоочуларды (40тан ашык аталыштагы) берүүнү камсызкылат. 2007-2010-жылдардагы мезгилге машина куруу товарларынын негизги топторунун экспортуна божомол -----------------------------------------------------------------------| Продукциянын аты |2007-жыл|2008-жыл|2009-жыл|2010-жыл||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Электр лампалар, млн.даана | 200 | 232 | 240 | 240 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Радиаторлор, мињ даана | 143 | 143 | 143 | 143 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Атайын продукция, млн. сом | 640 | 670 | 700 | 850 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Трансформатор өндүрүшүнүн | 53,0 | 69,0 | 90,0 | 90,0 ||продукциясы (ТМ - | | | | ||трансформаторлор, КТП - | | | | ||комплекттүү трансформатордук | | | | ||подстанциялар, комплекттөөчүлөр) | | | | ||млн. сом | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Медтехника, млн. сом | 24 | 24 | 31 | 33 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Бакча шаймандары, млн. сом | 28 | 47 | 55 | 65 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Атайын технологиялык жабдуу - | 20 | 25 | 30 | 35 ||цоколдук ротор автомат жана | | | | ||"Риббон-400" автоматына запастык | | | | ||бөлүктөр, млн. сом | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Электр техникалык жабдуу, | 2,0 | 3,0 | 3,0 | 3,0 ||млн. сом | | | | |----------------------------------------------------------------------- Машина куруу тармагынын товарларын чыгарууну жана экспорттоону кө-бөйтүү тармактын ишканаларынын финансы-чарба абалына терс таасирин тий-гизген төмөнкү бир катар проблемалардын оњ чечилишинин эсебинен ишкеашышы мүмкүн, тактап айтканда: - комплектөөчү буюмдардын, чийкизаттын жана материалдардын импорт-тон көз карандылыгы; - банк кредиттеринин жогорку үстөгү жана мөөнөттөрдүн чектелгенди-ги; - инвестицияларга өбөлгө түзүүнүн жетишсиздиги; - айрым ишканалардын начар менеджменти; - мурунку жылдардын салык карызы; - КНС боюнча ашыкча төлөнгөн өлчөмдөрдүн өз убагында кайтарылыпберилбегендиги. Машина куруу тармагынын товарларын экспорттоону жыл сайын 10%кечейин көбөйтүү, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөр чыгарган товар-ларга окшош товарлардын импортун кыскартууга мүмкүндүк берет. 3.3. Электр энергетиканын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү Энергосистеманын генерациялоочу азыркы кубаттуулуктары республика-нын электр энергиясына болгон ички муктаждыктарын 12 млрд. кВтс көлө-мүндө канааттандырат, мында энергосистеманын экспорттук потенциалы ку-баттуулугу 480-500 МВт Борбордук Азия Бириккен Энергосистемасынын энер-госистемаларынын жыштыгын жөнгө салууга катышуусунда жылына 2,5-3,0млрд. кВтс бааланат. 2007-2010-жылдардагы мезгилде электр энергиясын чыгаруу жылына 2-3%ке көбөйүшү болжолдонууда. 2010-жылга чейин электр кубатынын экспортунун божомолу: -----------------------------------------------------------------------| | 2007-жыл | 2008-жыл | 2009-жыл | 2010-жыл ||-------------------------|----------|----------|----------|----------||Экспорттун көлөмү, | 1700 | 1500 | 1500 | 1500 ||бардыгы, ( млн.кВтс) анын| | | | ||ичинде: | | | | ||Казакстан | 1100 | 1100 | 1100 | 1100 ||Тажикстан | 300 | 300 | 300 | 300 ||Өзбекстан | 300 | 300 | 300 | 300 ||-------------------------|----------|----------|----------|----------||Товардык продукция | | | | ||млн. сом | 840,0 | 672,0 | 672,0 | 672,0 || |----------|----------|----------|----------||млн. долл. | 20,0 | 16,0 | 16,0 | 16,0 ||-------------------------|----------|----------|----------|----------||Казакстан | | | | ||млн. сом | 462,0 | 462,0 | 462,0 | 462,0 || |----------|----------|----------|----------||млн. долл. | 11,0 | 11,0 | 11,0 | 11,0 ||-------------------------|----------|----------|----------|----------||Тажикстан | | | | ||млн. сом | 126,0 | 126,0 | 126,0 | 126,0 || |----------|----------|----------|----------||млн. долл. | 3,0 | 3,0 | 3,0 | 3,0 ||-------------------------|----------|----------|----------|----------||Өзбекстан | | | | ||млн. сом | 252 | 84,0 | 84,0 | 84,0 || |----------|----------|----------|----------||млн. долл. | 6,0 | 2,0 | 2,0 | 2,0 |----------------------------------------------------------------------- Божомол көрсөткүчтөргө генерациялоочу кубаттуулуктарды өстүрүү жо-лу менен жетишүүгө болот: - Камбарата, Сарыжаз жана жањы ГЭСтерди ишке киргизүү жана башкачакан ГЭСтердин эсебинен (кичи дарыялардын жана суу агындарынын кошул-ган гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү жылына 5-8 млрд. кВтс бааланат); - Кара-Кече конденсациялык электр станциясын куруунун эсебинен(электр энергиясынын жылдык экспорту 11 млрд. кВт с чейин жогоруламак); - техникалык кайра жабдуу жана электр энергиясын өндүрүүдө,берүүдө жана бөлүштүрүүдө жоготууларды кыскартуунун эсебинен. Электр энергиясы КМШнын катышкан өлкөлөрдүн (Казакстан, Өзбекстан,Россия) жана Кытайдын энергетикалык рынокторуна экспорттолушу мүмкүн.Зарыл генерациялоочу кубаттуулуктарды жана жогорку вольттуу электр өт-көргүч линияларын куруу менен Кыргызстан электр энергиясын ал тартышболгон башка өлкөлөргө да (Пакистан, Афганистан, Иран) экспорттой аларэле. БАС уюмунун ЕврАзЭС менен кошулушу суу-энергетикалык жөнгө салуумаселелеринде жогорку дењгээлдеги топту түзүү аркылуу кызматташуу меха-низмдерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. 3.4. Курулуш материалдарын өндүрүүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү Тармакта цемент жана айнек өндүрүшү алдыњкы орунду ээлейт. Цемент-ти, асбестцемент такталарын жана такта айнектин өндүрүш көлөмдөрү ичкирыноктун муктаждыгы, ошондой эле бул продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлү-гү менен аныкталат. Азыркы учурда республиканын цемент өндүрүшүндө үч цемент заводу:"Кант цемент-шифер комбинаты" ААКы, "Күрмөнтүцемент" АКсы жана Канттагыжергиликтүү курулуш материалдарынын заводу иштейт. Бүгүнкү күндө алар-дын бардык пландуу кубаттуулугу жылына 1510 мињ тонна цемент, 230 мињтонна шиферди түзөт. Акыркы жылдары цемент менен шиферди факт түрүндөчыгаруу тийиштүү түрдө 950-1000 мињ тонна цементти жана 220-230 мињтонна шиферди түздү. Кийинки жылдары шифер боюнча экспорттун өсүшү 1-2пайызды, айнек боюнча (бүгүнкү күндөгү экспортко жеткирүү көлөмдөрүнэсепке алуу менен) 2-3 %и түзөт. Бул ишканалардын Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Та-жикстандын жана Россиянын керектөөчүлөрү менен түзүлгөн байланыштарыбар. Продукция ошондой эле Беларусь Республикасына, Түндүк Осетияга,Афганистанга, Германияга берилет. Республикадагы турак-жай курулушунун улуттук программасын ишкеашыруунун чектеринде цемент продукциясынын экспортун көбөйтүү жана аныменен ички рынокту камсыздоо максатында эки цемент заводун: кубаттуулу-гу жылына 1 млн. тонна цемент чыгара турган "Түштүк-Кыргыз Цемент" АА-Кын жана кубаттуулугу жылына 1.8 млн. тонна цемент жана жылына 220 мињтонна шифер чыгаруучу "Ак-Сай Цемент" ЖАКын куруу каралган. Көрсөтүлгөн цемент заводдорун куруу долбоорлорун ишке ашыруу рес-публиканын экспорттук потенциалын гана көбөйтпөстөн, жергиликтүү калк-тан 2000ге жакын кишини жумушка орноштурууга мүмкүндүк берет, бул ай-мактын инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Республикада такта айнекти чыгарууда Борбордук Азия регионундагыжалгыз завод - "Интерглас" ЖЧКсы иштейт, анын кубаттуулугу 33.5 млн.кв. метрди түзөт. Иш жүзүндө рыноктун муктаждыгын эсепке алуу менен жылсайын 20-22 жакын млн.кв.метр чыгарылат. Бүгүнкү күндө кыргыз айнеги Борбордук Азия регионунун, Казакстан-дын, Россия" Федерациясынын рынокторунда туруктуу орундарды ээледи. Иш-кана тарабынан чоњ дилерлик тармак түзүлгөн. Алыскы чет өлкөлөрдүн -Афганистандын, Германиянын, Англиянын, АКШнын керектөөчүлөрү менен ала-ка түзүлгөн. 2007-2010-жылдардын мезгилинде өнөр жай курулуш материалдарынын экспортунун божомолу -----------------------------------------------------------------------| |2007-жыл|2008-жыл|2009-жыл|2010-жыл||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Айнек млн. чарчы.м | 14,5 | 15,0 | 17,0 | 18,0 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Цемент мињ. тонна | 470,0 | 500,0 | 700,0 | 1000,0 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Шифер мињ. тонна | 129,0 | 130,0 | 130,0 | 132,0 |----------------------------------------------------------------------- Өнөр жай курулуш материалдар тармагын өнүктүрүү максатында төмөн-күлөр зарыл: - республиканын иштеп жаткан ишканаларынын ишмердигин активдеш-тирүү; - инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик тике жана жекеинвестициялардын келишине өбөлгө түзүү; - токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү; - курулуш материалдарын чыгаруу боюнча жањы ишканаларды түзүү; - ата мекендик чийкизат ресурстарын кењири колдонуу. 3.5. Жењил өнөр жайынын текстиль-тигүү буюмдарын өндүрүүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү Тармак үчүн маанилүү милдеттердин бири жакшылап иштетилген даярпродукциянын экспортун көбөйтүү болуп эсептелет. Тигүү өнөр жайын мын-дан ары өнүктүрүү максатында Социалдык фондго патент баасынан 25 пайызөлчөмүндө акыларды чегерүү аркылуу патенттик негизде ишкердикте иштөөгөмүмкүндүк берген тийиштүү ченемдик документтерди кабыл алуу жолу мененыњгайлуу шарттар түзүлгөн. Экспорт негизинен КМШ өлкөлөрүнүн: Россиянын, Казакстандын, Өзбек-стандын рынокторуна, ошондой эле Португалияга жөнөтүлөт. Аны "Тевиз" ЖЧКсынын (пахталуу кездеме), "Бияз" ЖЧКсынын (жүн три-котаж кездеме), "Бишкек" ЭЭАдагы "Мехди" ЖЧКсынын (килем буюмдар) ишка-налары, пахта тазалоочу бир катар ишканалар (пахта) жана кийим тигүүбоюнча тигүү секторунун ишкерлери: "Роальд" ЖЧКсы, "МаксЛайн" ЖЧКсы,"Зорин" ЖЧКсы, "Тунук" фабрикасы ж.б. камсыздайт. 2007-2010-жылдардагы мезгилге жењил өнөр жай товарларынын негизги топторунун экспортунун божомолу -----------------------------------------------------------------------| Продукциянын аталышы |2007-жыл|2008-жыл|2009-жыл|2010-жыл||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Пахта буласы, тонна | 1200,0 | 1322,0 | 1455 | 1600 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Жүн буласы, тонна | 350 | 480 | 600 | 650 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Жүндөн токулган кездемелер, | 130 | 138 | 152 | 165 ||мињ.кв.м | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Пахталуу кездемелер, мињ.кв.м | - | 1000 | 2000 | 2500 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Тигилген кийимдер, млн. АКШ долл.| 65,8 | 81 | 120 | 150 |----------------------------------------------------------------------- Төмөндө көрсөтүлгөн чараларды ишке ашыруу жењил өнөр жай товарла-рынын экспортун 2007-2010-жылдары жыл сайын орточо 10 пайызга чейин кө-бөйтүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөр чыгаруучу товарларга окшош то-варлардын импортун бир топ кыскартууга мүмкүндүк берет: - Россия Федерациясына берилүүчү пахталуу кездемени жана пахталуубөздү чыгаруучу "Кыргызжиптекс" ЖЧКсынын жана "Лиматекс пахта корпора-циясы" БИсинин кубаттуулуктарын өздөштүрүү; - Россия Федерациясынын сибирь регионунун сатуу рынокторунда ти-гүүчүлөрдүн позицияларын бекемдөө үчүн Екатеринбург шаарында Соода үйүначуу; - Казакстандын жана Россия Федерациясынын салттуу керектөөчүлөрүүчүн жүндөн токулган кездемелерди чыгаруучу "Кыргыз камволдук-ноотукомбинаты" АКсынын ишмердигин турукташтыруу; - жабдууну модернизациялоо жолу менен (400 мињ АКШ доллары) кубат-туулуктарды жылына 3,5 мињ тоннага чейин көбөйтүү аркылуу Түркия, Рос-сия Федерациясына, Казакстанга экспорттоо үчүн жүндөн токулган трикотажкездеме чыгаруучу "Касиет" АКсында өндүрүштү кењейтүү боюнча иштердиаяктоо; - 2006-2007-жылдары кытай өнөктөштөрүнүн катышуусу менен техноло-гия жана жабдууну комплекстүү модернизациялоонун негизинде пахталуу бу-ланы жана кездемелерди чыгаруучу "Текстильщик" АТАКынын ишмердигин ак-тивдештирүү; - Жалалабат областынын Кочкор-Ата шаарында жылына 10 млн.кв.м пах-талуу кездемелерди чыгаруучу токуу фабрикасынын курулушун аяктоо.(2007-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишке киргизилиши күтүлүүдө); - "Тевиз" ЖЧКсынын жылына 800дөн 1200 тоннага чейин пахта буласыөндүрүш кубаттуулуктарын кењейтүү; - өндүрүш имараттары жана тармак үчүн кадрларды даярдоо маселеле-рин бир убакта чечүү менен кийим өндүрүшүн өнүктүрүү. 3.6. Айыл чарба продукцияларынын жана тамак-аш өнөр жайынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү Стратегиялык багыттардын ичинен агроөнөр жай комплексинин экспорт-ко адистешкенин өнүктүрүүнү белгилөөгө болот. Агроөнөр жай комплексинөнүктүрүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмдөрүн көбөйтүүдө алга жылууларбайкалды. Талаачылык азык-түлүктөрүнүн экспортун өнүктүрүү өзгөчө акту-алдуу. Бүгүнкү күндө багбанчылык чарба экспорттук потенциалга ээ. 2007-2010-жылдардын мезгилинде тармактын экспорттук продукциясыныннегизги түрлөрүнүн тоннажын төмөнкү көлөмдөрдө (мињ тонна) кењейтүү ка-ралууда: - консервацияланган мөмө-жемиш продукциясы - 6,1ден 9,0гө чейин; - жемиш ширелери - 2,4төн 3,0гө чейин; - кургатылган жашылчалар - 0,4төн 0,5ке чейин; - ак кант 26,0дөн 31,0гө чейин; - сүт продукциясы - 5,7ден 40,0гө чейин; - ун - 0,7ден 0,9га чейин; - нан, кондитер жана нан азыктары - 0,7ден 0,9га чейин; - эт азыктары - 45,3төн 53,0гө чейин; - кондитер азыктары (конфеттер) -1,6дан 2,5ке чейин; - ошондой эле пивоалкоголсуз суусундуктар - 1,6дан 2,2 мињ далгачейин. Айыл чарба продукциясын өнөр жайлык иштетүү дењгээли азыркы учур-дагы 13%тен 2010-жылы 20%ке чейин өсөт. Ошол эле мезгилде тармактагыжумуштуулук 40 мињ кишиден 70 мињ кишиге чейин көбөйөт. Тамак-аш өнөр жайынын продукциясын экспорттоо баасын 1,5 эсе, баш-кача айтканда 2005-жылдагы 59,5 млн. АКШ долларынан 2010-жылы 89,3 млн.АКШ долларына чейин көбөйтүү үчүн экспорттун жылдык орточо өсүшү жылына7-10% кем эмести түзүшү керек дегенди билдирет. Дүйнөлүк рыноктор бөлүштүрүлгөн жана тарифтик, лицензиялык тос-коолдуктар менен корголгон. Айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуунун өнүгү-шүнө жана бекемделишине кандайдыр бир дењгээлде КМШга катышкан мамле-кеттердин жалпы агрардык рыногун түзүү көмөк көрсөтөт. Бул айылдык то-вар өндүрүүчүлөрдү өндүрүштү көбөйтүүгө жана өстүрүлгөн азык-түлүктөр-дүн сапатын жакшыртууга кызыктырат, шериктештиктин бардык өлкөлөрүндөэркин жүрүүгө жана рынокто таза атаандашуу түзүүгө шарт түзөт. Кыргызайыл чарба продукциясын сатуудагы негизги өнөктөш Россия Федерациясыболуп эсептелет, анын региондору менен тике соода катнаштары өнүгүүдө. Ошондой эле коњшулаш Азия өлкөлөрүнүн жашылча-жемиштерге өскөн су-роо-талабын пайдалануу керек. Багбанчылык тармагынан тышкары ун-акшак,тамеки, кант, сүт, нан бышыруучу, алкоголсуз пиво, эт, кондитер жанамөмө-жемиш өндүрүшү атаандаштык артыкчылыктарга ээ. Бирок КМШ чектеринде кыргыз экспорту жогорку унаа тарифтери мененчектелүү. Мамлекеттин натыйжалуу соода саясаты агроөнөр жай комплексинин ин-фратүзүлүшүн, айрыкча аны түзүүчү унаалык түзүлүштү өнүктүрүү менен ка-тар, айыл чарба азык-түлүктөрүнүн өндүрүшүн жана экспортун кењейтүүнүколдоо зарыл. Агроөнөр жай комплексинин азык-түлүктөрүнүн экспортунунстратегиясы унаа инфратүзүлүшүнө жана кампа чарбасына инвестициялардытартуусуз мүмкүн эмес. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди илимий-техникалык, укуктук, ченем-дик-маалыматтык, ишкер маалыматтар менен маалыматтык камсыз кылуу боюн-ча маркетинг тармагындагы иштерди активдештирүү зарыл. Экспорттун жана өндүрүштүн болжолдонгон кењейиши ошондой эле мињ-деген айыл чарба жумушчуларынын кирешесинин көбөйүшүнө жана жумуш менентуруктуу камсыз болушуна өз салымын кошот. 2010-жылга чейин айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын экспорттоо божомолу -----------------------------------------------------------------------| Азык-түлүктүн аты |2007-жыл|2008-жыл|2009-жыл|2010-жыл||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Бардык азык-түлүктөр, мињ доллар | 137897 | 142058 | 146392 | 150910 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Мал чарба азык-түлүктөрү, | 15371 | 15832 | 16307 | 16796 ||мињ доллар | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Талаачылык азык-түлүктөрү, | 61845 | 64937 | 68184 | 71593 ||мињ доллар | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Тамак-аш жана кайра иштетүү, | 60681 | 61288 | 61901 | 62520 ||мињ доллар | | | | |----------------------------------------------------------------------- 3.7. Туризм жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын аймагында 14 курорттук-рекреациялык аймак,дарылоосу жок 327 пансионат жана эс алуу үйү, 83 курорттук-ден соолуктучыњдоочу мекеме, улуттук турпродукттун негизги компоненттеринин бириболуп саналган туристтик жана альпинисттик тоолуу 10 аймак жайгашкан.Кыргызстандын негизги туристтик ресурстарынын бири бийик тоолуу көл -Ысыккөл болуп саналат. Кыргызстандын рекреациялык жагымдуулугу дары баткактардын чоњ за-пастары, минерал жана жер астынан чыккан булактардын көптүгү, экология-лык таза, адам буту тийбеген ланшафттар менен шартталган, бул жүздөгөнэс алууну уюштуруу жана дарылоо үчүн болуп көрбөгөндөй шарттарды түзөт. Республиканын тоолуу аймактары треккингдер жана ар кандай татаал-дыктагы тоолорго чыгуу үчүн куп келет. Кыргыз Республикасынын тарыхий-маданий мурасы өзгөчө мааниге ээболууда, анткени байыртан анын негизги үч бутагынын (памир-алай, түштүкжана түндүк) кесилишинде жайгашкан Кыргызстан бул бүткүл дүйнөгө белги-лүү Улуу жибек жолунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген. 2007-2010-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында туризмдин өнүгүшүнүн күтүлгөн көрсөткүчтөрү -----------------------------------------------------------------------| Көрсөткүчтөр |2007-жыл|2008-жыл|2009-жыл|2010-жыл||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||ИДПга карата пайыздарда туризмдин| 7 | 9,5 | 9,8 | 10,5 ||үлүшү | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Туристтик кызматтарды экспорттоо | 130,84 | 152 | 182 | 197,6 ||(чет элдик жарандарды кабыл | | | | ||алуудан түшкөн кирешелер) | | | | ||(млн. АКШ доллары) | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Келген чет элдик жарандардын саны|1400 |1800 |1980 |2150 ||(мињ киши) | | | | |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын ИДПсындагы туризмдин үлүшү 2005-жылы 3,5%итүздү, бул көрсөткүчтү 4%ке чейин, ал эми 2010-жылга карата 10%ке чейинкөбөйтүү күтүлүүдө, чет элдик туризмден түшкөн кирешелердин көбөйүшү2005-жылдагы 71,2 млн. АКШ долларынан 2006-жылдагы 100 млн. АКШ долла-рына чейин күтүлүүдө. Кыргызстандын туристтик ресурстары жыл сайын бир нече миллион эларалык жана ички туристтерди кабыл алууга жана тейлөөгө мүмкүндүк бе-рет, мында киреше жылына 400-500млн. долларды түзүшү мүмкүн. Ошентсе да, туризм тармагынын өнүгүшүндө анын өнүгүүсүн кедергиболгон бир катар проблемалар бар: 1. Туризм индустриясынын мыйзам базасынын жеткилењ эместиги. "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен катар ичкижана сырттан кирүүчү туризмди, бул чөйрөдөгү ишкердикти ж.б. өнүктүрүүүчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган бир катар мыйзамдар жанамыйзамдык актыларды кабыл алуу зарыл. 2. Маркетинг иш чараларынын каржылануусунун жетишсиздигине байла-ныштуу тышкы рыноктордо жарнаманын аздыгы. 3. Россиядагыдай жана Казакстандагыдай келген туристтерди миграци-ялык карталардын негизинде жана турагенттер менен курорттук-рекреация-лык объектилер ортосунда өз ара эсептешүүлөрдүн накталай эмес система-сын эсепке алуунун бирдиктүү системасынын жоктугу. 4. Жогорку салык тоскоолдуктары. Ишмердүүлүктүн тышкы экономикалык түрү катары туристтик кызматтар-ды КНСтен бошотуу (Өзбекстан, Украина, Казакстандагыдай). 5. Алыскы чет өлкөлөрдүн өнүккөн өлкөлөрүндө элчиликтердин жоктугувизаларды алуу тартибин кыйындатууда. Алыскы чет өлкөлөрдүн өнүккөн өлкөлөрүнөн келген туристтер үчүнвизасыз режимди киргизүү тууралуу маселени карап чыгуу зарылдыгы бар. 6. Тоо туризми жана альпинизм тармагында даярдыктын жана тийиштүүматериалдык-техникалык базанын, квалификациялуу адистердин жана даяр-далган гид-жол көрсөтүүчүлөрдүн жана көзөмөлдөөнүн, каттоо системасынынжана издөө-сактап калуу иштерин камсыз кылуунун жоктугу. 7. Мейманкана кызматтары жана курорттук рекреациялык объектилеркөрсөтүүчү кызматтар секторундагы "баа-сапат" катышы ортосундагы катыш-тын жоктугу. Транспорт кызматтары Транспорт кызматтарынын дүйнөлүк рынокторунда транспорттук систе-манын атаандаштыкка туруктуулугун аныктоочу негизги шарттар: - өлкөнүн транспорттук коммуникацияларын эл аралык транспорт кори-дорлорунун инфратүзүмүнүн тутумуна кошуу; - эл аралык транзитти өнүктүрүү (эл аралык жүк агымдарын тартуужана өздөштүрүү) Кыргыз Республикасында жүк ташуу-экспедиция ишканаларынын (жүк эк-спедиторлорунун) жетишсиздиги байкалат, ошол эле учурда экспресс кыз-маттар (транспорт агентстволору) интеграторлор жана логистика мененбайланыштуу банк жана камсыздандыруу кызматтары дээрлик жок. Темир жол транспортун активдүү пайдалануу жергиликтүү ташуучуларжана эл аралык ташуучулар ортосунда кызматташууну илгерилетүү жанатүзүү эсебинен жетишилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасында ата мекендик,ошондой эле чет элдик жүк ташуучулар үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү ке-рек. Кыргыз Республикасы GATS (Кызматтарды сатуу боюнча башкы макулда-шуу) алкагында мындай кызматтарга карата өзүнө милдеттенме алды. Бирок,негизги милдет Кыргыз Республикасынын аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүнчет элдик провайдерлери коммерциялык болушуна тоскоол болгон төрөпейил-дик создуктурууларды кыскартуу болуп саналат. Мурунку калыпка салынган экономикалык, анын ичинде жарандык авиа-ция байланыштарынын үзүлүшү жүргүнчүлөр агымынын кыскарышына гана эмес,авиациялык паркты камсыздоого да терс таасирин тийгизди. Тармактын кризистик абалын жоюу максатында Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 2005-жылдын 4-ноябрындагы № 517 Жарлыгын жана Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 9 токтомун кабылалууга байланыштуу "Алтын эйр" авиакомпаниясы" ААКынын базасында "Кыр-гызстан" авиакомпаниясы ААКы түзүлдү. Авиация тармагына мамлекеттик колдоо зарылдыгын эске алып жана биркатар мамлекеттердин тажрыйбасына ылайык (анын ичинде Россияда "Аэроф-лот" ААКы бажы төлөмдөрүн жана жыйымдарын төлөөдөн бошотулган) "Кыр-гызстан" авиакомпаниясы ААКынын муктаждыктары үчүн авиациялык техниканы(аба кемелери, авиациялык кыймылдаткычтар, агрегаттар, дөњгөлөктөр, абакемелерине запастык бөлүктөр, ж.б. авиациялык техника) алып кирүүдө ба-жы төлөмдөрүн, жыйымдарын жана төлөөлөрүн азайтуу зарыл. 2007-2010-жылдардагы мезгилде "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ААКынын негизги көлөмдүк көрсөткүчтөрүнүн божомолу -----------------------------------------------------------------------| Көрсөткүчтөрдүн аталышы |2007-жыл|2008-жыл|2009-жыл|2010-жыл||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Эксплуатациялык жүргүнчүлөр | 264 | 290 | 319 | 350 ||жүгүртүүсү, млн.пкм | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Эксплуатациялык тонна километраж,| 24 | 27 | 29 | 32 ||млн.ткм | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||Ташуу: | | | | ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||жүргүнчүлөр, мињ киши | 155 | 170 | 185 | 205 ||---------------------------------|--------|--------|--------|--------||жүк, тонна | 440 | 485 | 530 | 580 |----------------------------------------------------------------------- Өлкөнүн унаа системасынын сапаттык дењгээлин камсыз кыла турганинвестициялык ресурстарды, чет өлкөлүк адистерди жана тартуу талап кы-лынат. 4. Кыргыз Республикасындагы импортту алмаштыруу саясаты Импортту алмаштыруунун негизги максаты ички талаптарды өзөндүрүшүнүн атаандаша ала турган товарлар менен натыйжалуу канааттанды-руу болуп саналат. Импортту алмаштыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп сана-лат: - продукциянын атаандаштыгын ички жана тышкы рыноктордо камсыз кы-луу; - продукция өндүрүүнүн экономикалык натыйжалуулугу. Импортту алмаштыруунун негизги багыты республикада талап кылынган,кошумча наркы жогору, аларды чыгарууга кеткен чыгымдар көп пайда бергенпродукциянын түрлөрүн чыгаруу болушу керек. Импортту алмаштыруунун эњ жогорку натыйжасына жетишүүнүн маанилүүөбөлгөлөрү жана жолдору төмөнкүлөр болуп саналат: - тиешелүү жана технологиялык жактан жакын өндүрүштүк кубаттуулук-тарды жана кесипкөй даярдалган жумушчу күчтөрүн пайдаланууга багыталуу; - сырьенун айрым түрлөрүнүн өз булактарынын болушу. Импортту алмаштыруу мүмкүнчүлүгү иштеп жаткан өндүрүштөрдүн импор-ттолгон материалдар менен атаандаштыгын жогорулатуу максатында кайраданкуруу жана өркүндөтүү менен байланышкан. Импортту алмаштыруунун дол-боорлорун иш жүзүндө жүзөгө ашыруу уюмдар тарабынан өз алдынча инвес-торлорду тартуу менен камсыз кылынышы керек. Өнөр жайда импортту алмаштыруунун төмөнкү тармактары аныкталган: - отун-энергетикалык комплекс; - курулуш материалдар өнөр жайы; - жењил өнөр жай; - машина куруу жана металл иштетүү; - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы 4.1. Отун-энергетика комплекси Отун-энергетикалык комплексте (ОЭК) импортту алмаштыруу республи-канын өзүн менчик өндүрүштөгү энергия алып жүрүүчүлөр менен толугу ме-нен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу. Ошондуктан булсектордогу иштин негизги багыттары төмөнкүлөр болот: 1. Тиричиликте жана мындан ары өнөр жайда пайдалануу үчүн энергия-нын жањы булактарын (күн элементтери - фотоэлектр өзгөрткүчтөр, шамал-генераторлору, чакан ГЭС, биогаз, биодизель) изилдөө, өнүктүрүү жанажайылтуу; 2. Энергия алып жүрүүчүлөрдү үнөмдүү пайдаланууга багытталган иш-каналардын жабдуусун модернизациялоо жана аларды энергиянын жергиликтүүбулактарына (көмүр, электр энергиясы) которуу; 3. Көмүрдү импорттоону кыскартуу жана бара-бара республиканы мен-чик өндүрүштөгү мунайзаттар менен камсыз кылууга өтүү. Бул тармактагы саясат жањы ГЭСтерди эксплуатацияга киргизүү, кө-мүр, жаратылыш газын, мунайды өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү көбөй-түү аркылуу электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүүнүн эсебинен КыргызРеспубликасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана энергия-дан көз карандылыгын азайтууга багытталат. Мунайзаттар (бензин, дизотун, мазут) менен камсыз кылуу максатында"Кыргыз Петролиум Компани" БИсинин өндүрүшүн жылына 500 мињ тоннагачейин жана "Восток" БИсинин өндүрүшүн 180 мињ тоннага чейин толук иште-түү боюнча, ошондой эле Чүй областында кубаттуулугу 1 млн. тонна мунай-ды кайра иштетүүчү заводду куруу жана рапс майынан дизелдик отун чыга-руу өндүрүшүн уюштуруу боюнча чаралар ишке ашырылат. Көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн төмөнкүлөр боюнча чаралар көрү-лөт: - көмүр өндүрүүчү ишканаларга "капиталдык салымдар" статьясы боюн-ча 365,0 млн. сом суммасында мамлекеттик жардам көрсөтүү жана 75,0 млн.АКШ доллары өлчөмүндө тике инвестицияларды тартуу; - "2010-жылга чейин мунайгаз тармагын өнүктүрүү программасына"ылайык 200,0 млн. жакын АКШ доллары өлчөмүндө чет элдик инвестициялардытартуу эсебинен геология - чалгындоо иштерин, анын ичинде мунайгаз тар-магындагы геология - чалгындоо иштерин каржылоо; - рапсты кайра иштетүү үчүн чет элдик тике инвестицияларды тартуу. 4.2. Курулуш материалдар өнөр жайы Курулуш материалдары өндүрүшүнүн тармагында кубаттуулуктарды толукиштетүү, жогорку кесипкөй жумушчу күчүнүн болушу, республиканын рыногу-нун керектөөсү менен байланышкан импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдүөнүктүрүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөр бар. Негизги багыттардын артыкчылык-тарынан келип чыккан төмөнкүлөргө өзгөчө көњүл бурулат: - курулуш материалдарынын жана буюмдарынын учурдагы сунуштарынынболжолдонуп жаткан суроо-талаптын талаптарына көнүгүшү жана аны мененички рынокто бул продукциянын сан, сапат жана номенклатура боюнча тањ-сыктыгын четтетүүгө; иштеп жаткан өндүрүштөрдүн продукцияларынын атаандаштыгын жогоркутехнологияларды жана азыркы учурдагы жабдууларды ишке киргизүү мененжогорулатууга. Курулуш материалдары өнөр жай тармагындагы импортту алмаштыруучукелечектүү багыт жылмаланган жана күзгү айнегин, дубал материалдарын(кирпич жана чуњкурлуу бетон), цемент, шифер, офсет кагазын жана гофро-тараны, полипропиленден жасалган коммерциялык тараны чыгаруу боюнчатармакчаларды өнүктүрүү болуп саналат. Импорттолуучу төмөнкү материал-дарды: кездеме негизиндеги жогорку экологиялык линолеумду, басымдуу сууменен камсыз кылуунун полиэтилен түтүктөрүн, гипсокартонду, кургак ку-рулуш аралашмаларын чыгаруу каралууда. Курулуш материалдарына (цемент, шифер) болгон ички муктаждыкты ка-нааттандыруу үчүн республиканын түштүгүндө эки цемент заводун курууболжолдонгон. Импортту толук алмаштыруу жана республиканын курулуш ком-плексин сорттуу металлпрокат менен камсыз кылуу үчүн жылдык өндүрүш кө-лөмү 100 мињ тонна электр металлургиялык заводун куруу каралууда. Айылчарбасын минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу үчүн кубаттуу-лугу 900 мињ тонна химия комбинатын куруу болжолдонууда. 4.3. Жењил өнөр жайы Жењил өнөр жайындагы импортту алмаштыруунун негизги милдеттеритекстиль продукциясынын өндүрүшүн мындан ары кењейтүү жана тигүү про-дукциясынын өндүрүшүн мыйзамдаштыруу, ички рынокту жогорку сапаттуу то-варлар менен камсыз кылуу болушу керек. Тармактын мындан ары өнүгүшүнө квалификациялуу адистердин жетиш-сиздиги, кењейтүү жана жањы өндүрүштөрдү уюштуруу үчүн имараттардынжоктугу тоскоол болууда. Текстиль тармагында чыгарылуучу продукция дүйнөлүк ченемдер боюнчасапаты анча жакшы эмес болуп саналат, буга пахтаны кайра иштетүүдөгүжана жибек өндүрүшүндөгү эскирген жабдуу тоскоол болууда. Жергиликтүүчийкизаттын - жүндүн, пахтанын төмөнкү сапаты мындай жагдайга себеп бо-лууда. Тармактын чийкизатынын бир бөлүгү, мисалы: джут буласы, синтетика-лык кездемелер, химиялык булалар жана жиптер, тигүү жиптери сыяктууларимпорт менен камсыздалат. Бул тармакта импортту алмаштыруунун негизгитовардык позициялары төмөнкүлөр болот: - пахталуу жана жүн кездемелер, жип; - байпак продукциясы; - табигый негиздеги килем буюмдар; - жүндөн жана пахтадан жасалган пледдер жана жууркандар; - даяр кийим. 4.4. Машина куруу жана металл иштетүү Машина куруу жана металл иштетүү тармагында импортту алмаштыруунуөнүктүрүү боюнча негизги багыттар жергиликтүү рынокту электр лампа про-дукциясы менен толук камсыз кылуу үчүн "Майлуусуу электр лампа заводу"АКсынын продукциясынын ассортиментин кењейтүүгө топтолот. "Бишкек машина куруу заводу" ААКында жана "ОРЕМИ" АКсында алыскыайылдык райондордогу керектөөчүлөр үчүн чакан ГЭСти чыгаруу, ошондойэле "Айнур" АКсында керектөөчүлөрдүн суроо-талабындагы товарларды чыга-рууну кењейтүү - электр розеткалар, вилкалар, жарык өчүргүчтөр; "Бургу-лар заводу" АКсында үйдө керектөө үчүн ченөөчү жана металл кесүүчү ас-паптарды; "Электр техникалык завод" АКсында жана "Кемин электр техника-лык заводу" АКсында электр плиткаларды, бышыруучу шкафтарды, электрысытуучу приборлорду; "Улан" АКсында электр жана кол менен тартуучу се-параторлорду, "ТУК "Дастан" АКсында металл идишти, ички рынокту камсызкылуу үчүн "Кайыњды кабель заводу" АКсында кабель продукциясын чыгаруужүргүзүлүүдө. Менчик автомобиль курууну уюштуруу үчүн "Сайпа" иран компаниясыменен бирдикте "Авторемонттоочу завод" ААКынын жана "Автожыйноочу за-вод" АКсынын өндүрүш кубаттуулуктарында жењил автомобилдерди (бара-баракомплектациялоочуларды жергиликтүү ишканаларда чыгаруу менен) чогултууболжолдонууда. 4.5. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы Азыркы учурда республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын15%ти кайра иштетилет, мында анын кыйла бөлүгү кайра иштетүүнүн жанаороонун, сактоонун жана ташуунун азыркы учурдагы индустриясынын жокту-гунан жок болуп кетет. Айыл чарба азык-түлүктөрүн даярдоо жана кайра иштетүү системасынжакшыртуу кайра иштетүү ишканаларынын кубаттуулуктарын толук пайдала-нууга мүмкүнчүлүк түзөт. Алдыдагы мезгилде ишканаларды техникалык жактан кайра жабдууну ин-вестициялоо жана аларды ата мекендик рынок сыяктуу эле чет өлкөлүк ры-нокто дагы атаандаша ала турган өндүрүшкө кайра багыттоо үчүн кабыл ал-гылыктуу үстөктөр боюнча кредиттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча кайраиштетүүчү ишканалардын ойдогудай шарттарын түзүү зарыл. Республиканын тамак-аш жана жењил өнөр жайларынын керектөөлөрүнкамсыз кылуу үчүн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн артыкчылыктарын аныктоозарыл. Бул иш чараларды комплекстүү жүзөгө ашыруу кошумча ички рынокту элкеректөөчү товарлар менен толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт жана мындай то-варлардын импортун 8 пайызга чейин же 70-80 млн. АКШ долларына чейинкыскартат. Импортту алмаштыруунун негизги милдеттерин жүзөгө ашыруу максатын-да экономикалык саясат тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуунун ар түр-дүү куралдарын колдонуу каралат: - салык мыйзамдуулугу чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик актыларга өз-гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү (ташылып келинген сырьего КНС,өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга ж.б. кыйыр салыктарды жо-юу); - негизги функциясы экономиканын нагыз секторун, биринчи кезектеэкспортко жана импортту алмаштырууга багытталган ишканаларды каржылооболуп санала турган өнүктүрүү фондун түзүү. Импортту алмаштыруунун артыкчылыктуу долбоорлорун иштеп чыгуу жанажыл сайын актуалдаштыруу болжолдонууда. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарыминистрлиги 2007-2010-жылдарга импортту алмаштырууну өнүктүрүү боюнчаиш-чараларды иштеп чыкты, алар өнөр жай тармактары жана ишканалары бо-юнча импортту алмаштыруучу продукцияны чыгарууну тактайт (№ 2 тиркеме). Бул иш-чаралар Программанын жоболоруна ылайык дайыма импортту ал-маштыруунун иштелип чыккан жана актуалдаштырылган келечектүү долбоорло-ру менен толукталып турат. Импорт алмаштыруунун туура саясатын жүргүз-гөндө экспортту өнүктүрүүгө көмөк түзөт. 5. Программаны жүзөгө ашыруу боюнча чаралар Экспортту өнүктүрүү үчүн башкаруу маданиятын, анын ичинде сапаттыжана курчап турган чөйрөнү башкаруунун эларалык системасын, тамак-ашазык-түлүктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу системасын киргизүү өтөмаанилүү. Экспортко кызыктыруу эки негизги жол менен жүрөт: жагымдуу макроэ-кономикалык жагдай жана өндүрүүчүлөр менен экспортерлор үчүн экспорткокарата зарыл кызыгууларды түзүү аркылуу. Программаны аткаруунун маанилүү элементтери болуп төмөнкү аракет-тер саналат: 1. Экспорт көлөмдөрүн көбөйтүүнү караган экспорттук мүмкүнчүлүк-төрдү түзүү. 2. Экспорттун структурасын өркүндөтүү. 3. Ишканалар өндүрүп жана экспорттоп жаткан продукциялардын ассор-тиментин кењейтүү жана сапатын жакшыртуу. 4. Тышкы экономикалык ишмердикке чакан ишкердик субъекттерин кењи-ри тартуу. 5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана соодаөкүлчүлүктөрүндө экспорттук-импорттук мамилелерди ыкчам маркетинг, маа-лыматтык-талдоо жана божомолдоо жактан камсыз кылуу. 6. Ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн импорттоочу өлкөлөрдүнстандарттары жана мыйзамдары тууралуу маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнкамсыздоо. Чукул келечекте экспортко кызыктыруунун системасынын негизи экс-портерлорду түз жана кыйыр колдоо болууга тийиш. Республикалык экспортту колдоо үчүн бюджеттик каражаттардын чек-телген шарттарында күч-аракеттерди соода-саясий жана уюштуруучулукмүнөздөгү чараларга топтоштуруу зарыл: - ата мекендик товарларды тышкы рынокко чыгаруу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн иштерин актив-дештирүү; - республиканын товар өндүрүүчүлөрүнүн экспортун кредиттөө меха-низмин иштеп чыгуу жана киргизүү; - экспортко багытталган жана импортту алмаштырган, анын ичинде ча-кан ишкердиктин өндүрүштөрүн түзүүнү жана өнүктүрүүнү стимулдоо; - экспортерлорду кызыктыруу системасын түзүү; - жањыдан баштаган экспортерлорго тышкы рынокторду өздөштүрүү бо-юнча толуктоо механизмин түзүү (жармањкелерди өткөрүү жана чет өлкөлөр-дөгү жармањкелерге катышуу). Атайын коргоо, демпингге каршы жана толуктоо чараларын колдонуунуннатыйжалуулугун жогорулатууда олуттуу болуп саналат. Сооданы жөнгө са-лууну өркүндөтүү тармагындагы олуттуу милдет болуп кызматтардын соода-сын жөнгө салуу куралдарын колдонуу механизмдерин өнүктүрүү жана өркүн-дөтүү кала берет. Экспортерлорду саясий жана узак мөөнөттүү коммерциялык коркунуч-тардан комплекстүү камсыздандырууну коргоону камсыз кылуучу жана ошон-дой эле экспорттук контракттарды ишке ашыруу үчүн бюджеттен тышкарыузак мөөнөттөгү кредиттөөнү тартууга көмөк көрсөтүүчү экспорттук кре-диттерди камсыздоонун системасын түзүү зарыл. Экспорттун түзүмүн диверсификациялоонун негизги багыттарынын бирикызматтардын, биринчи кезекте - транспорттун экспортун өнүктүрүү болушукерек. Бажылык жөнгө салуу тартиптерин жөнөкөйлөтүү жана транзиттик та-шып жеткирүүнүн инфратүзүмүн түзүү аркылуу ата мекендик компаниялар та-рабынан транзиттик ташып жеткирүүлөрдөн көлөмүн жогорулатуу үчүн шарт-тарды түзүү зарыл. Кыргыз экспортунун диверсификациялоосуна айыл чарба продукциясынынэкспортунун көлөмүн жогорулатуу, мында негизинен техникалык жөнгө салуутармагында дискриминациялык тоскоолдуктарды жана экспорттук чектөөлөрдүжокко чыгарууга багытталган чараларды ишке ашыруу жолу аркылуу көмөккөрсөтөт. Экономикасы тез өнүккөн мамлекеттер менен кызматташтыкты өнүктү-рүүгө, бул мамлекеттердин рынокторуна ата мекендик ишканалардын жанаушул мамлекеттердин компаниялары менен биргеликте инвестициялык дол-боорлорду, биргелешкен өндүрүштү ишке ашырууда үчүнчү мамлекеттердинрынокторуна жетишине көмөк көрсөтүүгө өзгөчө маани берүү зарыл. Рынокто тигил же бул марка, бренд кандай позицияны ээлегендигинежана рынок шарттарында канчалык атаандаштыкка туруктуу жана натыйжалууаракеттенгендигине көњүл бөлүү зарыл. Экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруунун маанилүү куралыкатары валюталык курсту ылдыйлатуу болуп эсептелет. Ушундай эле натый-жага импорттук төлөмдөрдү жана экспорттук субсидияларды киргизүү аркы-луу салыктарды жөнгө салуу аркылуу жетсе болот. Эл аралык соодада атаандаштык артыкчылыктарды жана ресурстардыколдонуунун жана өнүктүрүүнүн өбөлгөсү катары соода саясатынын куралда-рын жана ички рынокту коргоо, соода чырларын чечүү чараларын колдонуужана өнүктүрүү максатында соода саясаты тармагында кадрларды кесиптикдаярдоо жана квалификация берүү болуп эсептелет. Эл аралык дењгээлде республиканын жагымдуу имиджин түзүүгө өзгөчөкөњүл бөлүнөт. Өндүрүлүүчү продукциянын атаандаштыкка туруктуулугун жо-горулатуу менен катар эл аралык дењгээлде республиканын жагымдуу имид-жин түзүү боюнча иш чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу республикалыктовар өндүрүүчүлөрдү тышкы соода ишмердүүлүгүнүн толук укуктуу катышуу-чулары катары статусун бекемдөөгө мүмкүндүк түзөт. Стратегиялык планда ишканаларды өндүрүшкө жана экспортко, биринчикезекте илимге опкок жана жогорку технологиядагы продукцияга багыттоомаксатка ылайыктуу. Анткени ата мекендик экспорттун экстенсивдүү фак-торлору чектелген. Экспортту өнүктүрүү саясатынын негизги түзүүчү бөлүгү өнөр жайкластерлерин өнүктүрүү үчүн кызыктырууда турат. Глобалдаштыруу шарттарында азыркы мезгилдеги экономикада экономи-канын секторлорго жана тармактарга бөлүнүшү маанилүүлүгүн жоготууда.Биринчи орунга кластерлер - фирмалардын жана уюмдардын өз ара байланышсистемалары чыгууда. Компакттуу аймактардын чегинде маанилүү сырьелукресурстардын негизинде даяр продукцияны өндүрүүгө жана экспортко багыт-талган өз ара толуктоочу өндүрүштү түзүү натыйжалуу болот. Натыйжада"кластер" - фирмалардын бирикмеси, бири биринин атаандаштыкка туруктуу-лугун өнүктүрүүгө көмөк түзүүчү тыгыз байланышкан тармактар түзүлөт. Кластердик мамиле мамлекеттик өнөр жай саясатынын мазмунун эњ маа-нилүү түрдө өзгөртүшү мүмкүн. Бул учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн аракеттери кээ бир ишканаларды жана тармактарды колдоого эмес, та-шып жеткирүүчүлөр менен колдонуучулардын ортосундагы, акыркы колдонуу-чулар жана өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө багытта-лышы зарыл. Кластердик мамиленин ишке ашышынын негизги баалануучу натыйжасыкатары соода балансын жакшыртуу-экспорттун дењгээлин туруктуу жогорула-туу жана ошондой эле импортту алмаштыруу болуп саналат. Мындан тышкары,ишканалардын жана уюмдардын саны, кластерде катышып жаткан чакан жанаорто ишканалардын үлүшү, кластердик продукциядагы интеллектуалдык про-дукциянын үлүшү жогорулайт. Өз мезгилинде бул квалификацияланган жумуш-чу орундардын санын жана салыктык түшүүлөрдүн көлөмүн жогорулатууга,чет элдик инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтөт. Кыргызстанда бүгүнкү күндө өнөр жайдын негизги тармактарынын (өнөржай курулуш материалдар,айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай, ме-таллургия, машина куруу, туризм, соода ж.б.) айланасында түзүлгөн бирнече келечектүү кластерлер аракеттенүүдө. Кластердик долбоорлорду ишке ашыруунун биринчи кадамы катары масш-табдуу маркетингдик изилдөөнү жүргүзүү болуп саналат, бул үчүн эл ара-лык каржы уюмдарынан жардам суроо зарыл. Корутунду Экспортко багытталуу Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, экономикасы начар чакан өлкөлөрүчүн экспорттук өнүгүүнүн негизинде гана экономикалык өнүгүү мүмкүнэкендигин көрсөтөт. Ошондуктан, кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жана эл аралыкалмашуудагы ишкер кызматтарынын үлүшүн жогорулатуу процесси стандарти-зациялоо, сертификациялоо, продукциянын сапатына көзөмөл жүргүзүүгө кө-њүл бурууну талап кылат. Анткени өнөр жайы өнүккөн мамлекеттердин ры-нокторунда сатылуучу продукциянын керектөөчүлүк жана экологиялык мүнөз-дөмөсүнө талаптар кескин жогорулады. Ушуга байланыштуу эскини сактоо жана сатуунун жањы рынокторуна же-тишүү максаты менен экспорттук ишмердүүлүктө географиялык артыкчылык-тарды аныктоо маанилүү ролду ойнойт. Өнүгүүнүн бөлүнгөн аймактык-геог-рафиялык артыкчылыктары конкреттүү өлкө-контрагенттерде конкреттүү экс-порттук операциялардын натыйжалуулугун эске алуу менен аныкталышы за-рыл. Ушуну менен бирге, экспорттук ишмердүүлүктү өнүктүрүү шарттарытышкы экономикалык байланыштарды түзүүнүн башаламандыгы менен мүнөздө-лөт. Ошондуктан, жаппы максаттык багыттарды ишке ашырууда өлкөнүн эко-номикасынын азыркы жана келечектеги өнүгүүсүндө маанилүү маселелердичечүүгө көмөк көрсөтүүчү тышкы экономикалык артыкчылыктарды тандоо че-чүүчү мааниге ээ болот, алар өлкөнүн учурдагы жана кийинки өнүгүү этап-тарында маанилүү милдеттерди чечүүгө болушунча көмөктөшөт. Импортту алмаштыруу Бүгүнкү күндө ата мекендик өндүрүүчүлөр чет элдик өндүрүүчүлөр ме-нен ички рынокто дагы атаандаштыкка туруктук бере албайт. Мунун натый-жасында рынок ата мекендик ишканалардын толук иштебегендигинен импортменен толтурулууда. Ошондуктан ички рыноктордо иштеген компаниялар эларалык экономикалык процесстерди эске алып, эл аралык дењгээлге багыт-талышы зарыл. Программанын чегинде импортту алмаштыруу боюнча 30 долбоорду ишкеашыруу болжолдонууда. Экономиканын өнөр жай секторунун долбоорлоруна:машина курууга жана электр техникасына, жењил өнөр жайына, кагаз масса-сын, кагазды жана картонду өндүрүүгө, резина жана пластмасса буюмдарынөндүрүүгө, химия өндүрүшүнө, мунай өнөр жайына өзгөчө көњүл бурулат. Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн олуттуу кедергилиги катары атамекендик ишканалар тарабынан өндүрүлгөн продукциянын атаандаштыкка ту-руктуулугунун төмөн болушу саналат. Атаандаштыкка туруктуу өлкөнү түзүүмаксаты менен Президент К.С.Бакиевдин 2006-жылдын 28-сентябрындагы элгежана Жогорку Кењешке кайрылуусунда белгиленген негизги максаттардын би-ри катары чакан жана орто ишкердүүлүктүн мүмкүнчүлүгүн активдүү колдо-нуу зарыл. Ушуга байланыштуу 2007-2010-жылдарга экспорттуу өнүктүрүүжана стимулдоо боюнча негизги иш чаралардын планына салык салуу жанабажы төлөмдөрүнүн маселелерине карата чаралар киргизилген. Экономикалык өсүүнү диверсификациялоо жана терењдетүү үчүн зарылболгон, ишкердүүлүктү активдештирүүгө жана инвестицияларды тартууга кө-мөк көрсөтүүчү экономиканы трансформациялоо, реформаларын аяктоого,соода саясатын жана инвестициялык климатты өркүндөтүү боюнча реформаларулантылат. Жөнгө салуучу режим, салык салуу жана укуктук система рефор-масынын чегинде тездетилген процессти камсыз кылуу зарыл. Бул Программаны ишке ашыруу 2006-2010-жылдарга карата Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-ноябрындагы № 760 токтому мененжактырылган Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген тез-детилген экономикалык өсүүнү камсыз кылуу боюнча Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн конкреттүү иш аракеттеринин Программасына ылайык жүргүзүлөт. Программаны ишке ашырууда экономикалык натыйжа өлкөдө экономикалыкишмердүүлүктү активдештирүүнүн, экономикалык механизмдердин натыйжалуу-лугун жогорулатуунун, аткаруучулар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш чара-ларды координациялоонун жана системалаштыруунун эсебинен жетишилет. Программа этап менен колдо бар каржылык ресурстарга байланыштууишке ашырылат. Программанын максаттарынын ишке ашышы долбоорлордун ат-каруучуларынын өз каражаттарын, ишкердик түзүмдөрдүн каражаттарын, эларалык каржы уюмдарынын инвестициялык кредиттерин, ата мекендик жана эларалык башка каржы булактарын тартуу менен мамлекеттик жана жергиликтүүбюджеттин эсебинен каржылануусу каралат. Ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу,өнөр жайлык кубаттуулуктарды толук колдонуу, жањы жумушчу орундарын тү-зүү, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жогорулатуу максаты менен кол-доого багытталган өнөр жай саясаты кайрадан каралат. Ата мекендик өндүрүш менен товардын импортун алмаштыруу жана экс-портту өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруунун натыйжасында өлкөнүнэкономикасынын тышкы соодадан көз карандылыгы төмөндөйт, өлкөнүн эконо-микалык коопсуздугу жогорулайт. Бир жылда болжол менен 95 млн.$ өлчө-мүндө импортту алмаштыруучу продукция өндүрүлөт, экспорттун жылдык ор-точо өсүүсү 17%ти же бир жылда 170 млн. $ түзөт.