Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 26-марты № 85
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка
аскердик бирикмелеринде анык аскердик жана альтернативдик
(аскерден тышкары) кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн
аскер кызматчыларын жана альтернативдик (аскерден тышкары)
кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2007-
жылдын апрель-июнунда жарандарды анык аскердик жана
альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө кезектеги
чакыруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик
милдеттүүлүгү жөнүндө» жана «Альтернативдик (аскерден тышкары)
кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-февралындагы №
68 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик
бирикмелеринде анык аскердик жана альтернативдик (аскерден
тышкары) кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана
альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлерин запаска
бошотуу, ошондой эле 2007-жылдын апрель-июнунда жарандарды анык
аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө
кезектеги чакыруу жөнүндөгү» Жарлыгына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары)
кызматынын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары
жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтын кызматкерлери
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик
бирикмелеринин катарынан 2007-жылдын апрель-июнь айларында запаска
бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги чакырылган күнгө
карата 18 жашка толгон, чакырылуусун создуктурууга укугу жок
жарандарды, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун
жоготкон чакыруу курагындагы улуу адамдарды Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик бөлүктөрүнө анык аскердик,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана
административдик ведомстволорунда, ишканаларында, мекемелеринде
жана уюмдарында альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө
2007-жылдын апрель-июнунда чакырууну уюштурсун.
3. Анык аскер кызматына биринчи кезекте чакыруудан узартуу
мөөнөтү бүткөн же түрдүү себептер менен Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүнө белгиленген мөөнөттө чакырылбаган чакырылуучу
улуу курактагы жарандар чакырылууга тийиш экендиги белгиленсин.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жарандарды анык аскердик
жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүү
үчүн:
- облустарда, райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларын
түзүшсүн, аларды медициналык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон
медициналык куралдар жана аспаптар менен жабдылган чакыруу
(чогултуу) пункттары менен камсыз кылышсын;
- жарандын чакыруу пункттарына уюшкандыкта келишин камсыз
кылуу чараларын көрүшсүн;
- чакыруу комиссияларынын иштешин камсыз кылуу үчүн
автотранспорт, техникалык кызматкерлер жана тейлөө кызматчыларын
бөлүп беришсин;
- төмөнкүлөр үчүн зарыл акча каражаттарын бөлүп беришсин:
кењсе товарларын сатып алууга (бланка продукцияларын даярдоо),
чакыруу участкаларында, республикалык жана облустук чогултуу
пункттарында чакырылгандардын тиричилигин, тамактануусун, маданий
эс алуусун уюштурууга;
чакыруу комиссиялары жиберген чакырылгандарды медициналык
текшерүүгө жана дарылоо жүргүзүүгө;
чакырылгандарды чакыруу участкаларына жана чогултуу
пункттарына чейин жеткирүүгө;
республикалык жана облустук чогултуу пункттарынын коммуналдык
кызматына акы төлөөгө;
- техникалык кызматкерлерди жана автотранспорт бербеген учурда
аскер комиссариаттарына техникалык кызматкерлерди күтүү жана
транспорттук кызматтарга чыгымдарды төлөө үчүн жергиликтүү
бюджеттин каражаттарынын эсебинен зарыл акча каражатын бөлүүнү
карашсын;
чакыруу участокторунда, чогултуу пункттарында жана
чакырылуучуларды салтанаттуу узаткан жерлерде коомдук тартипти
сактоону камсыз кылышсын.
5. Республикалык чакыруу комиссиясынын негизги жана запас
курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- жарандарга кийинкиге калтыруу мөөнөтүн берүүнүн же
чакыруудан бошотуунун, ошондой эле альтернативдик (аскерден
тышкары) кызматка жиберүү жөнүндө чечимдин тууралыгын текшерүү;
- тиешелүү талаптарды эске алуу менен аскерлердин түрү боюнча
чакырылуучулардын багытталышынын тууралыгын контролдоо;
- райондук (шаардык) жана облустук чакыруу комиссияларынын
аракеттерине жарандардын даттанууларын кароо.
7. Чакыруу комиссияларынын мүчөлөрүнүн, врачтардын, техникалык
кызматкерлердин жана тейлөө кызматындагы адамдардын иштеген
мезгилинде алардын негизги иштеген жериндеги орточо эмгек акылары
сакталаары белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- чакырылгандарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн
квалификациялуу адис врачтарды жана медициналык орто
кызматкерлерди зарыл санда бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган
чакырылуучуларды дарылоо-алдын алуу мекемелеринде кезексиз
стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү жана
дарылоону камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды
анык аскердик жана альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө
чакыруу жүргүзүүдө, анык аскердик жана альтернативдик (аскерден
тышкары) кызмат өтөөдөн качып жүргөн адамдарды издеп табууну
уюштурууда, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык жоопкерчиликке тартууда райондук (шаардык) аскер
комиссариаттарына жардам жана көмөк көрсөтүшсүн.
10. Кыргыз Республикасынын жарандарын анык аскердик жана
альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка чакырууну жүргүзүүнү
контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
11. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип
жана коопсуздук бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Исабеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 26-мартындагы № 85
токтомуна тиркеме
Республикалык чакыруу комиссиясынын негизги
курамы
Абдрахманов Р.И - Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы
уюштуруучулук-мобилизациялык
башкармалыгынын аскерлерди чакыруу жана
комплектөө башкармалыгынын начальниги,
комиссиянын төрагасы,
комиссия мүчөлөрү:
Караталов Б.О - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана
коопсуздук бөлүмүнүн референти,
Абдрахманов М.А - Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин аскердик-мобилизациялык
иштер бөлүмүнүн улук инспектору,
Шахнабиев М.Ш - Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин дарылоо-
профилактикалык жардам көрсөтүү
башкармалыгынын башкы адиси,
Ташпаев А.А - Кыргыз Республикасынын Чүй
облусунун мамлекеттик администрациясынын
укук коргоо органдары жана коргонуу
секторунун башчысы.
Республикалык чакыруу комиссиясынын запастык курамы
Карымбаев А.К - Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы
уюштуруучулук-мобилизациялык
башкармалыгынын аскерлерди чакыруу жана
комплектөө башкармалыгынын начальнигинин
орун басары - бөлүм начальниги,
комиссиянын төрагасы,
комиссия мүчөлөрү:
Эрматов С.Т - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана
коопсуздук бөлүмүнүн эксперти,
Турсунбеков С.И - Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин аскердик-мобилизациялык
иштер бөлүмүнүн улук инспектору,
Тойматов С.Ш - Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин дарылоо-
профилактикалык жардам көрсөтүү
башкармалыгынын башкы адиси,
Орозбаков А.Э - Кыргыз Республикасынын Чүй
облусунун мамлекеттик администрациясынын
укук коргоо органдары жана коргонуу
секторунун жетектөөчү адиси.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппарат
жетекчиси-министр Т.Табылдиев