Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 767 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Јкмјт Ійі2007-жылдын 28-марты № 88 Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін Токтому Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын2007-жылдын 6-февралындагы № 12 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин башкаруу схемасы; - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жөнүндө жобо. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин кызматкерлерининжогорку штаттык саны 1200 бирдик санында (тейлөөчү персоналды кошпогондо),алардан: борбордук аппаратта - 160 бирдик, структуралык аймактыкподразделениелерде - 1040 бирдик санында белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинде төраганын эки, аныничинде бир биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынынбажы кызматынын алдында бажы кызматынын өкүлү болсун. 4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: а) токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча «Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен тийиштүүжөндөмөлөрдө алмаштырылсын; в) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын Бажы кызматын өнүктүрүү фондужөнүндө жободо: - аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» жана «Мамлекеттик бажы инспекциясы» дегенсөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» жана «Мамлекеттик бажыкомитети» деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын; - бүткүл текст боюнча «директор» деген сөз «төрага» деген сөз тийиштүүжөндөмөлөрдө алмаштырылсын; - 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «З. Фонд бажылык тариздөө, бажылык коштоо жана алдын ала чечимдерди кабылалуу үчүн түшкөн бажылык жыйымдардан чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.»; - 6-пунктта:алтынчы абзац «иш-чаралар» деген сөздөн кийин «, сувенирлерди, эстелик жанабаалуу белектерди сатып алууга» деген сөздөр менен толукталсын; тогузунчу абзац «анын ичинде медициналык тейлөөгө» деген сөздөрдөн кийин «,кызмат өтөө учурунда дуушар болгон ооруларды дарылоо» деген сөздөр менентолукталсын; «г» пунктчасы «туугандары» деген сөздөрдөн кийин «баланын төрөлүшүнө,никеге турууга, кызматкерлердин жана жумушчулардын юбилейлик даталарга толушуна(50, 60 жыл) байланыштуу» деген сөздөр менен толукталсын; «д» пунктчасы «Кыргыз Республикасы» деген сөздөрдөн кийин «кызматкердинөлгөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү, кызматкер өлгөнучурда анын балдарына жогорку окуу жайларында (окуунун күндүзгү формасы) окууүчүн төлөө» деген сөздөр менен толукталсын. 5. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы инспекциянынмаселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы№ 72 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынынжелеги жана символикасы жөнүндө жобонун аталышында «Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы» деген сөздөр «КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын; - Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийим формасыжана мүлктүк үлүш нормалары жөнүндө жободо «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын директору» деген сөздөр «КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы» деген сөздөр мененалмаштырылсын. 6. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын27-июлундагы №539 токтому күчүн жоготту деп табылсын. Премьер министр А. Исабеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-мартындагы № 88 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин башкаруу СХЕМАСЫ ----------------------------------------- |Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы| | комитетинин борбордук аппараты | ----------------------------------------- | ---------------------------- | |Россия Федерациясынын бажы| | | кызматына караштуу Кыргыз| | | Республикасынын бажы | | | кызматынын өкүлчүлүгү | | ---------------------------- --------------------------------------------------------- ------------ | ------------- -------------- | |-------------- | Бишкек | | | "Манас" | | Токмок | | || Кара-Балта | | бажысы | | | бажысы | | бажысы | | || бажысы | ------------ | ------------- -------------- | |-------------- ----------------- ---------------------- | ---------------- |"Бишкек" эркин | | Түндүк региону | | |"Түндүк" темир| | экономикалык | | боюнча оперативдүү | | | жол бажысы | |зонасы" бажысы | | бажысы | | | | ----------------- ---------------------- | ---------------- ----------------------------------------------|----------- ----------- ------------ ------------- | -------------- |Ысык-Көл | | Нарын | | Талас | | | Ош | | бажысы | | бажысы | | бажысы | | | бажысы | ----------- ------------ ------------- | -------------- ----------------------------------------------|----------- ----------- ------------ ------------- | --------------- |Жалалабат| | Баткен | | "Түштүк" | | |Энергетикалык| | бажысы | | бажысы | |оперативдүү| | | бажысы | ----------- ------------ | бажысы | | --------------- ------------- | -------------------------------------------------- --------------- ---------------- ---------------- |Кинологиялык | |Лабораториялар| | Окуу борбору | | кызматы | | | | | --------------- ---------------- ----------------