Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 12-апрели № 89
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-январындагы № 2 Мыйзамы кабыл
алынганына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын аталган Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министри жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-декабрындагы №
834 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому менен
жиберилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинен кайра сурап алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-декабрындагы №
834 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туу-
ралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө токтому күчүн жо-
готту эсептелсин.
Премьер-министр А.Исабеков