Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 11-апрели № 112
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" акционердик
коомун финансылык жактан оњдоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-январындагы № 5, 2015-жылдын 17-августу № 580 токтомдорунун
редакциясына ылайык)
Жүн кездемелердин өндүрүшү үчүн ыњгайлуу шарт түзүүгө, аларды чы-
гарууну көбөйтүүгө жана экспортун өнүктүрүүгө иштиктүү жардам көрсөтүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" акционердик коомунун ОЕСF
(Япония) жана КFW банкынын (Германия) кредиттери боюнча карыздарын тө-
мөнкүдөй шарттарда реструктураласын:
кредиттин негизги суммасы 2007-жылдын 1-январынан баштап көбөйө
берүүчү төлөмдөр менен жоюлушу караштырылсын;
кредиттин валютасы өзгөрүүсүз калтырылсын (кредитордун валютасы);
кредиттер боюнча проценттик ставканын өлчөмү жылдык 3 процент;
карыз каражаттарды пайдалангандык үчүн проценттерди эсептөө
2007-жылдын 1-январынан башталсын;
эсептелген утурумдук проценттерди жоюу 2010-жылдын 1-январынан
башталсын;
төлөмдөрдү кечиктиргендик үчүн жылдык 6 процент өлчөмдө айып ка-
ралсын;
мөөнөтү кечиктирилген карыз боюнча, Япониянын 432020,00 USD сумма-
дагы кредити боюнча жана Германиянын 66800 DМ (34154,30 Евро) суммадагы
кредити боюнча 2006-жылдын 1-декабрына карата салыштыруу актысына ылай-
ык мораторий колдонулсун;
көрсөтүлгөн (мораториумдук) сумманы 2010-жылдын 1-январынан баштап
бирдей өлчөмдө төлөмдөр менен жоюу каралсын;
(Он биринчи абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-августу № 580 токтомуна
ылайык кγчγн жоготту)
2008-жылга бюджеттин сарптоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Кор-
гоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Чек ара
кызматы, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети үчүн "Кыргыз камволдук-ноо-
ту комбинаты" акционердик коомунун жүн жана жарым жүн кездемелерин за-
казын 50 проценттен кем эмесин алдын ала төлөө менен Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарына ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алуусуна
каражат караштырсын;
2008-жылдын бюджетине аныкталган тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын
Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик бажы комитети, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы
"Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" акционердик коомунун өндүрүшүндөгү
жүндөн токулган кездемелерди сатып алууларды ишке ашыруу үчүн өз уба-
гында каржылоону жүргүзсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-январындагы N 5
токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-августу № 580 токтомдун редакциясына ылайык)
1-1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана аткаруучу
бийликтин башка органдарынын жетекчилери кызматтарды көрсөтүүгө жана
белгиленген тартипте формалык кийим-кечелерди тигүүнү уюштурууга кели-
шимдерди түзсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-январындагы N 5
токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-
тик комитети белгиленген тартипте "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты"
акционердик коомунун эсептелген салыктар боюнча карызын төлөөсүн
2007-жылдын 31-декабрына чейин кийинкиге жылдырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча
мамлекеттик агенттик жењил өнөр жай ишканаларынын өтүнмөлөрүнө жараша
текстилдик кесиптеги инженердик-техникалык кызматкерлерди, тигүүчүлөрдү
жана бут кийимчилерди бюджеттик каражаттардын эсебинен даярдоо маселе-
син чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ве-
домстволору:
- республикада чыгарылган өнөр жайлык продукцияны мамлекеттик бюд-
жеттик каражаттардын эсебинен сатып алууда ата мекендик өндүрүшчүлөрдү
болушунча тартышсын;
- өтүнмө берилген продукцияны жасоого талапкерлердин өндүрүштүк
базасы бар экенине жана сатып алынчу товарлардын сапатына экспертиза
жүргүзүү үчүн тендерлик комиссиялардын курамына Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин өкүлдөрүн кир-
гизишсин.
5. "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" акционердик коому
2007-2009-жылдардын жыйынтыгында өндүрүштүн көлөмүн жыл сайын 10 про-
центке жана кирешени 3 проценттен кем эмес көбөйтүү менен ишкананын фи-
нансылык-экономикалык абалы жакшырышын камсыздабаса бул токтом күчүн
жоготоору белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор башкармалыгына тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев