Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-августу № 580
«Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» ачык акцнонердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнγндѳ
«Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жүндөн токулган кездемелерди өндүрүү жана экспорттоону өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» ачык акционердик коомунун 1997-жылдын 1-январындагы Карыздык милдеттенмеси жана 1997-жылдын 1-мартындагы Карыздык милдеттенмеси боюнча кредитордук карызын тѳмѳнкү шарттарда кайра тγзγмдѳштγрсγн:
- карыздын негизги суммасын жоюу мөөнөтү квартал сайын бирдей төлөө менен 2018-жылдын 15-январынан 2030-жылдьш 15-январына чейин белгилесин;
- төмөнкүлөр белгиленсин:
ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып кредитти пайдалангандыгы үчүн карыздын негизги суммасына эсептѳлүүчү акы жылдык 2,5 пайыз өлчөмүндө;
пайыздарды жоюу - 2016-жылдын 15-январынан 2030-жылдьш 15-январына чейин;
- ушул токтом чыгарылган датага карата эсептелген жана жоюлбаган пайыздарды капиталдаштырсын, мында капиталдаштырылган пайыздарды жоюуну 2030-жылдын 15-январынан баштап 2035-жылдын 15-январына чейин пайыздарды эсептебестен квартал сайын бирдей төлөм менен жүргүзсүн;
- негизги сумма жана пайыз боюнча төлөмдөрдун мөөнөтү ѳтүп кетсе, мөөнөтү өтүп кеткен төлѳмдүн суммасынан жылдык 5 пайыз өлчөмγндѳ жазапул санкциясын белгилесин;
- 2030-жылдын 15-январына чейинки мѳѳнѳттѳ негизги сумма жана учурдагы эсептелген пайыздар боюнча карыз толук тѳлѳнсѳ капиталдаштырылган пайыз боюнча карызды жоюлду деп эсептесин;
- эки айлык мөөнөттө «Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» ачык акцнонердик коому менен 1997-жылдын 1-январындагы Карыздык милдеттенмесине жана 1997-жылдын 1-мартындагы Карыздык милдеттенмесине кошумча макулдашуу жана «Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» ачык акционердик коому тарабынан кредитти кайтарып берүүгө кепилдик берүүчү кошумча күрөѳлүк камсыздоону берүүнү караган күрѳө жөнүндө келишим түзсүн;
- «Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» ачык акционердик коому тарабынан кайра түзүмдөштүрүүнүн шарттары бузулган учурда карыздын бардык суммасын мажбурлап өндүрүүгө киришсин.
2. «Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» ачык акционердик коомуна ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган шарттарда мурда таризделген 1997-жылдын 1-январындагы Карыздык милдеттенмесине жана 1997-жылдын 1-мартындагы Карыздык милдеттенмесине кошумча макулдашуу түзүү;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине күрөө жөнүндө келишим түзуү менен кредитти кайтарып берүүгө кепилдик берүүчү кошумча күрөөлүк камсыздоону берүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 112 «Кыргыз камволдук-нооту комбинаты» акционердик коомун финансылык жактан оңдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдѳй өзгөртүү киргизилсин:
- 1 -пунктунун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсык.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |