Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 110 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Агенттиктин милдеттери III. Агенттиктин иш милдеттери жана укуктары IV. Агенттиктин ишинин уюштурулушу V. Кайра уюштуруу жана жоюу I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Агенттик) атка-руучу бийлик органынын маалыматтык ресурстар жана технологиялар тарма-гын жөнгө салууну ишке ашыруучу администрациялык мекеме болуп эсепте-лет. 2. Агенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченем-дик укук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгентартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, ошондой эле ушул Жо-бону жетекчиликке алат. 3. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жанарасмий тилдерде жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын казыначылыксистемасында алыш-бериш эсеби болот. 4. Агенттик өзүнүн ишин түздөн-түз жана өзүнүн түзүмдүк жана ай-мактык органдарынын бөлүмчөлөрү аркылуу аткаруу бийлигинин башка мамле-кеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдукбирикмелер жана башка уюмдар менен тыкыс байланышта ишке ашырат. 5. Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмү жана кызматкерлерининштаттык саны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекити-лет. 6. Агенттиктин расмий аталышы: - мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги"; - расмий тилде - "Государственное агентство информационных ресур-сов и технологий при Правительстве Кыргызской Республики". II. Агенттиктин милдеттери 7. Агенттиктин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет: - Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик маалымат ресурста-рын түзүү жана тейлөө; - маалыматтык ресурстар жана технологиялар тармагын жөнгө салуу; - Агенттиктин компетенциясына кирген мамлекеттик маалыматтык ре-сурстардын, маалыматтык системалардын жана тармактардын коопсуздугунжана корголушун камсыз кылуу; - заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен мамлекет-тик маанидеги документтер менен иштөө системасын өркүндөтүү жана калктыбирдиктүү, толук документтештирүүнү уюштуруу. III. Агенттиктин иш милдеттери жана укуктары 8. Агенттик өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү ишмилдеттерди ишке ашырат: - маалыматташтыруу тармагындагы жалпы мамлекеттик программалардыжана долбоорлорду, ошондой эле ченемдик укук актылардын долбоорлоруништеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат; - маалыматташтыруу тармагын жөнгө салуу, мамлекеттик маалыматтыкресурстарды түзүү, сактоо жана пайдалануу, программалык-техникалыккомплекстерди, маалыматтык системаларды жана тармактарды, жањы маалы-маттык технологияларды, алардын иштешин камсыз кылуу каражаттарын түзүүжана ишке киргизүү иш милдеттерин жүзөгө ашырат; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде маалыматташтыруу тармагындагыпрограммаларды, долбоорлорду жана сунуштарды экспертизадан өткөрүү, ма-алыматтык продуктуларды, процесстерди жана технологияларды сертификаци-ялоо аркылуу маалыматтык ресурстар жана технологиялар чөйрөсүндө КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн көзөмөлдөөнү ишке ашырат,ошондой эле жекелештирилген документтердин мамлекеттик реестринтүзүүдө, жүргүзүүдө жана тейлөөдө стандарттардын, тариздердин, структу-ралардын сакталышына көзөмөлдү ишке ашырат; - жањы технологияларды, программалык-техникалык комплекстерди, ма-алыматтык системалар менен тармактарды, алардын иштешин камсыз кылуукаражаттарын түзүү, пайдалануу жана ишке киргизүү жаатында иш-мердүүлүктү жүзөгө ашырат; - электрондук билдирүүлөрдү алмашуу процессинде электрондук сандыккол өз ээсинин колу менен тењ мааниси бар болуп санала турган электрон-дук сандык колду пайдалануу үчүн шарттарды камсыз кылат; - электрондук сандык колду тастыктоо боюнча тейлөө иштеринжүргүзөт; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы N 350токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын персонификациялашты-рылган документтеринин мамлекеттик реестри жөнүндө" Жобого ылайык Кыр-гыз Республикасынын жекелештирилген документтеринин Мамлекеттик реест-рин түзөт жана тейлейт, ошондой эле мамлекеттик маалыматтык ресурстардытүзүү жана тейлөө үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу менен мам-лекеттик маанидеги жекелештирилген, бир түргө келтирилген жана башкадокументтердин автоматташтырылган эсебин жүргүзөт; - үлгүлөрдү долбоорлойт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-йык мамлекеттик маанидеги жекелештирилген, бир түргө келтирилген жанабашка документтерди (ырастоочу документтерди, анын ичинде паспортторду,айдоочунун ырастамасын, транспортту каттоодон өткөрүү тууралуу доку-менттерди ж.б.) чыгарууну, жекелештирүүнү жана берүүнү камсыз кылат,алдыњкы технологияларды колдонуу менен алардын корголушун камсыз кылат; - жашаган жери жана барган жери боюнча Кыргыз Республикасынын жа-рандарын, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар-ды жана жарандыгы жок адамдарды, жашоого уруксат алган чет өлкөлүк жа-рандарды, Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алган жана жарандыгы-нан чыккан адамдарды, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып жаткан Кыр-гыз Республикасынын жарандарын автоматташтырылган эсепке алат, тейлейтжана жүргүзөт; - жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылганэсебин жүргүзөт; - менчигинин жана ишмердик чөйрөсүнүн түрүнө карабастан юридикалыкжактардын, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эмес-тердин, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан жеке ишкерлердинавтоматташтырылган эсебин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжүргүзөт; - автомототранспорт каражаттарынын, номурдук белгилердин, автомо-тотранспорт каражаттарын башкаруу укугунун ырастамасын, автомототранс-порт каражаттарын башкаруу, тескөө, ажыратуу жана кайра ишеним берүүукугуна ишеним каттардын, автомототранспорт каражаттарды техникалык ка-роодон өткөрүүнүн жыйынтыктарынын автоматташтырылган эсебин жүргүзөт; - мамлекеттик башкаруу органдарын маалыматтык камсыз кылуу аркылуубирдиктүү электрондук документ жүгүртүү системасын түзүүгө катышат; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын бир-диктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү жаатында башкаруунун мамлекеттикоргандарынын ишин координациялайт жана усулдук жетекчиликти ишке ашы-рат; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет өлкөлөр жана эл аралыкуюмдар менен маалыматташтыруу тармагында кызматташат жана илимий-техни-калык байланыштарды координациялайт; - Аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүтарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтар-дын реестрине ылайык кызмат көрсөтөт; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын айма-гында маалыматтык коддоштуруунун жана классификациялоонун бирдиктүүсистемасын жөнгө салууга катышат; - мамлекеттик маалыматтык системалардын өз ара байланыштагыиш-аракеттерин уюштуруу, Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык ин-фраструктурасын түзүү, өнүктүрүү жана тейлөө максатында өзүн өзү каржы-лоонун негизинде мамлекеттик мекемелерди түзүүгө укуктуу; - илимий-практикалык, изилдөө иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республи-касынын юридикалык жактарын, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдарды жана ме-кемелерди тартууга, зарыл болгон учурда өзүнүн ыйгарым укуктарынын че-гинде алар менен макулдашуу жана келишим түзүүгө укуктуу; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден маалыматтар-ды жана документтерди сурап алууга укуктуу; - тийиштүү маалыматты сураган жактарды маалымат менен камсыз кы-лат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган башка иш мил-деттерди жана укуктарды ишке ашырат. 9. Агенттиктин өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынганчечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык ре-сурстар тармагындагы бардык субъекттер үчүн милдеттүү болот. IV. Агенттиктин ишинин уюштурулушу
10. Агенттикти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.
(2009-жылдын 20-апрелиндеги №236 токтомунун редакциясыясына ылайык)
11. Деректирдин бир орун басары болот, ал кызматка деректирдин су-нушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайында-лат жана бошотулат. Деректирдин орун басары деректирге түздөн-түз башийет жана Агенттиктин ишин ага тагылган милдеттердин чегинде уюштурат. 12. Агенттикте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттиккызматы уюштурулган. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин су-нушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-типте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жанакызматтан бошотулат. Статс-катчынын иш милдеттери жана ыйгарым укуктарыМамлекеттик кызмат боюнча кењеш тарабынан бекитилген Мамлекеттик орган-дын статс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. 13. Агенттиктин деректири: - Агентикке жүктөлгөн иш милдеттердин жана милдеттердин аткарылышыүчүн жеке жоопкерчилик тартат; - Агенттиктин деректиринин орун басарларынын милдеттерин бөлүштү-рөт жана жоопкерчилик даражаларын белгилейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекемеге таандык бө-лүмчөлөрдүн жоболорун, түзүмдөрүн, штаттык тизмектерин бекитет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Агенттик-тин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын мамлекеттик кызматчы-ларын жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; - Агенттиктин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн алдында отчет берет; - маалыматташтыруу чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорула-тууну уюштурат; - Агенттиктин иш чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды, семи-нарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктар берилгенучурда өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзөт, сүйлө-шүүлөрдү жүргүзөт жана чет өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери, эл аралыкуюмдар менен келишимдерге кол коет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайыкАгенттиктин ишине жетекчилик кылуу боюнча иш милдеттерди жана ыйгарымукуктарды жүзөгө ашырат. 14. Агенттикте курамы 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызматыбоюнча деректир, статс-катчы жана деректирдин орун басары коллегия мү-чөлөрү болушат. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин Аппаратынын өкүлдөрү кирет. Коллегиянын курамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилен-ген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекити-лет. Агенттиктин коллегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууМаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин иши-нин айрыкча маанилүү маселелерин карайт. Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана деректирдинбуйруктары менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишинин тартиби деректир та-рабынан бекитилчү регламент менен аныкталат. 15. Агенттиктин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана башийүүдөгү уюмдарын кармоо үчүн чыгымдар республикалык бюджеттин жанаКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каржылоо булактары-нын эсебинен каржыланат. V. Кайра уюштуруу жана жоюу 16. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.