Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 17-декабрындагы № 830 "ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы жөнүндө" токтому менен бекитилген ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктта "Билим берүү, илим жана маданият министрлиги" деген сөздөр "Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Төрага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Жооптуу катчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү зарыл болгон уланмалуулукту камсыздоо үчүн жетиштүү, төрт жылдан кем эмес болуш керек.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мамгеоагенттикти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.";
12-пунктундагы "Премьер-министринин Аппаратынын" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Дин иштери боюнча Мамагенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматынан бошотулчу директор башкарат.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1.3-пунктундагы "Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөр "Финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1. Саламаттык сактоо министрлигин Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри (мындан ары министр) башкарат.";
- 5.3-пунктунун биринчи абзацындагы "Премьер-министринин Аппаратынын" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.";
- 15-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Премьер-министринин Аппараты" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктундагы "Экономика жана финансы министрлигинин" деген сөздөр "Финансы министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"11. Маммүлккомду Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу төрага башкарат.";
- 11-пунктунун биринчи абзацында:
"Премьер-министринин Аппаратынын" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мамкаттоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.";
- 14-пунктунун биринчи абзацындагы "Премьер-министринин Аппаратынын" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 9-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"9. Министрликти Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу министр башкарат.".
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10. Агенттикти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.".
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"11. Мамагенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.";
- 13-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Мамагенттиктин статс-катчысы кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сунушу жана директордун макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.".
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1. Мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.".
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-июлундагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Финкөзөмөлдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу төрага башкарат.".
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын башкаруу схемасында ар кандай жөндөмөлөрдөгү "директор" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "төрага" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жөнүндө жободо:
7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу төрага башкарат.";
- Жобонун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "директор" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "төрага" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Мамагенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.".
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 10-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Финансылык полицияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу төрага башкарат.".
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мамлекеттик агенттикти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.".
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-октябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасында атайын багыттагы товарлардын импортун жана экспортун лицензиялоо боюнча лицензиарлар жана эксперттер уюмдарын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Товарларды импорттоону лицензиялоо боюнча эксперттердин жана лицензиарлардын уюмдарынын тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 17-пункт алып салынсын.
Премьер-министр | И.Чудинов
|