Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-апрелиндеги № 118 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 604
токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги(мындан ары - Министрлик) калктын турмуш дењгээлинин жана кирешесинин,эмгекке төлөөнүн, пенсиялык жана социалдык жактан камсыздоонун, эмгек-тин шарттарынын жана корголушунун, социалдык өнөктөштүктүн жана эмгек-тик мамилелердин, демографиялык саясаттын, калкты социалдык жактан кор-гоонун, анын ичинде үй-бүлөнү жана балдарды, картањ жарандарды колдоо-нун маселелерин камтыган, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарынынушул багыттары боюнча ишмердигин координациялаган мамлекеттик саясаттыжүргүзүүчү, социалдык өнүктүрүү жана эмгек чөйрөсүндө башкарууну жүзөгөашыруучу борбордук орган болуп эсептелет. 2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Консти-туциялык мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республи-касынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынынбашка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликкеалат. 3. Министрлик өз ишмердигин өзүнүн ведомстволук жана аймактык ор-гандары аркылуу республикалык башка аткаруу бийлигинин органдары, жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана башка бирикмелер,ошондой эле башка уюмдар менен алардын уюштуруучулук-укуктук формасынакарабастан өз ара кызматташуу аркылуу жүзөгө ашырат. 4. Министрликтин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ве-домстволук уюмдарын кармоого чыгымдарды каржылоо мамлекеттик бюджеттинэсебинен ишке ашырылат. 5. Министрлик юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамле-кеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тил-дерде аталыштары бар башка мөөрлөрү, штамптары болот. 6. Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык саныКыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекити-лет. 7. Министрликтин борбордук аппараты, анын ведомстволук бөлүмчөлө-рү, үй-интернаттар, социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча борборлор, ай-мактык жана башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү Министрликтин бирдиктүү системинтүзүшөт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы №604
токтомунун редакциясына ылайык) II. Министрликтин негизги милдеттери 8. Министрлик төмөнкү негизги маселелерди чечет: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги багыттарынын ал-кагында социалдык өнүктүрүү жана эмгек, эмгек акы, социалдык өнөктөштүкжана эмгек мамилелери, калкты социалдык жактан коргоо, пенсиялык жанасоциалдык камсыздоо, үй-бүлөнү жана балдарды, картањ жарандарды колдоожана демография чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык саясатты иштеп чыгуужана жүзөгө ашыруу; - мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарын жана артыкчы-лыктарын корректировкалоо жана жүзөгө ашыруу, социалдык өнүктүрүү прог-раммасынын аткарылышын координациялык-усулдук жактан камсыз кылуу, эм-гек жана аны коргоо жаатындагы ишкердикти координациялоо; - эмгек, эмгекти жана эмгек шарттарын коргоо, социалдык жактанколдоо, калкты социалдык жана пенсиялык жактан камсыздоо жаатындагымыйзамдарды өркүндөтүү, өз компетенциясынын чегинде социалдык норматив-дерди жана минималдуу социалдык стандарттарды иштеп чыгуу; - калктын жашоо дењгээлин жана кирешесин көтөрүү, эмгекке акытөлөөнүн уюштурулушун, мамлекеттик пособиелер жана компенсациялыктөлөмдөр системасын өркүндөтүү, ошондой эле пенсиялык камсыздоонуөркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу; - эмгекти коргоонун, анын коопсуздугунун жана гигиенасынын талап-тарына жооп берүүчү шарттарда жарандардын эмгектенүүгө конституциялыкукуктарын жүзөгө ашыруунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу жана жолдо-рун аныктоо; - ооруп калган жана эмгекке жарамдуулугун жоготкон, кош бойлуу жа-на төрөгөн, өндүрүштүк мертинүүгө жана кесиптик дартка чалдыккан учур-ларда жарандарды социалдык жактан камсыздоо боюнча саясатты иш жүзүнөашыруу, ошондой эле иштеп жаткан жарандардын жана алардын үй-бүлөмүчөлөрүнүн ден соолуктарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү; - социалдык жактан тейлөөнү реформалоо жана социалдык жактан кор-гоо, саламаттык сактоо, билим берүү тармагындагы социалдык кызматкөрсөтүүнү инспекциялоо, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын кызматкөрсөтүүлөрүнө көзөмөлдүк кылуу; - гуманитардык жардамдарды тартуунун, анын эсебин алуунун, бөлүш-түрүүнүн, гуманитардык жардамдарды уюштуруу боюнча жумушту координация-лоонун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүү. III. Министрликтин функциялары 9. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатындатөмөнкү функцияларды аткарат: а) социалдык өнүктүрүүнүн комплекстүү проблемалары жаатында: - мамлекеттик башкаруу органдарынын катышуусу менен Кыргыз Респуб-ликасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү анализдөөнүн негизин-де эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттиксоциалдык саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары, жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдары, экономиканын тармактары жана сектору боюн-ча сунуштарды иштеп чыгат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эмгек жана социалдык өнүктүрүүчөйрөсүндөгү иштин абалы жөнүндө баяндама жана Кыргыз Республикасын со-циалдык өнүктүрүү боюнча жана узак мөөнөттүү, орточо мөөнөттүү жанакыска мөөнөттүү келечекке карата мамлекеттик программаларына сунуштардыберет; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, мамлекеттик башка-руунун башка тиешелүү органдарына макулдашуу боюнча жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдарынын катышуусу менен социалдык программалар-дын долбоорун даярдайт, аларды аткарууну уюштурат жана бул максаттабөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзөт; - калкты социалдык жактан коргоо жана эмгек маселелери боюнча мый-замдык жана башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондойэле аларды жүзөгө ашыруу механизмин иштеп чыгат жана демилгечи болот; - Эларалык эмгек уюмунун Конвенцияларын ишке ашыруу боюнча иш-ча-раларды көрөт; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жанарегиондордун социалдык саясаттын түрдүү өњүттөрү боюнча иш тажрыйбала-рын үйрөнөт, жалпылайт жана аны колдонуу боюнча сунуштарын даярдайт; - демографиялык процесстердин божомолдору боюнча талдоо жүргүзөт; б) калктын кирешелери жаатында: - министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, мамлекеттик агент-тиктердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өзүн-өзү баш-каруу органдарынын комиссияларынын (жумушчу топторунун) Социалдыкөнүктүрүү концепциясынын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу бөлүгүндөишин уюштурат жана координациялайт; - калктын жашоо дењгээлин жакшыртууну жана жогорулатууну, жакырчы-лыкты жоюуну, үй-бүлөнүн жана балдардын кызыкчылыктарындагы социалдыксаясатты корректировкалоону камсыз кыла турган стратегиялык чаралардыиштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; - калктын кирешелери жагында социалдык нормативди жана социалдыкстандарттарды иштеп чыгууну уюштурат; - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдик-те: жашоо минимуму өлчөмүнүн эсебин даярдайт жана Кыргыз Республикасы-нын керектөө бюджетин иштеп чыгуу жана анын эсеби (жашоо минимуму) бо-юнча туруктуу иштөөчү республикалык комиссиянын кароосуна киргизет; ке-ректөө корзинасынын нормаларын иштеп чыгууну, керектөөнү канааттандыру-унун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана анын түзүмүнүн чыныгы жетишкендењгээлине жараша калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүнкеректөө бюджетинин курамын жана көлөмүн өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат; - социалдык маселелерди жөнгө салуучу мыйзамдык жана нормативдикактылардын аткарылышына талдоо жүргүзөт, калктын жашоо дењгээли жанакирешелери жаатындагы чаралардын натыйжалуулугун болжолдоону жана баа-лоону жүзөгө ашырат; - социалдык-экономикалык жагдайларга талдоо жүргүзөт, калктын аркандай социалдык-демографиялык топторунун кирешелеринин түзүмдөрү жанажашоо дењгээли боюнча статистикалык материалдарды изилдейт, талдоожүргүзүү иштеринин жыйынтыгы боюнча сунуштарды даярдайт; Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо дењгээлинин социалдык инди-каторлорунун мониторингин жүргүзөт; в) эмгек акы жаатында: - эмгек акы жаатындагы (эмгек акынын эњ төмөнкү өлчөмү, бюджеттикчөйрөдөгү эмгек акы жана гарантиялар боюнча эњ төмөнкү гарантия) мамле-кеттик гарантияларды ишке ашырууну камсыз кылат; - эмгектенүүгө умтулууну жогорулатуу жана эмгек акы системасын ре-формалоо, квалификацияланган топко карата алардын татаалдыгы боюнча жу-мушту таандык кылуу жана (же) кызматкерге коюлуучу талаптарга жарашабюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн Бирдиктүү тарифтик торчону рефор-малоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат; - жумуштун жана жумушчулар кесибинин Бирдиктүү тарифтик-квалифика-циялык маалымдамасын, жетекчилер, адистер, кызматкерлердин жумуш орун-дарынын Бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын иштеп чыгат жана беки-тет; - мамлекеттик башкаруунун тиешелүү органдарынын катышуусу мененбирдикте төмөнкүдөй сунуштарды даярдайт: бюджеттик чөйрөнүн, ошондойэле бюджеттен каржылануучу башка уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысистемасын өркүндөтүү боюнча; бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгекакы шарттарын аныктоо боюнча; экономиканын бюджеттен тышкаркы секторун-да эмгек акынын мамлекеттик саясатын калыптандыруу боюнча; эмгек акынытарифтик жөнгө салуу, эмгек акыны индексациялоо механизмдери боюнча;мамлекеттик ишканалардын жетекчилери менен эмгек келишимин түзүү боюн-ча; муниципалдык кызматкерлердин, муниципалдык билим берүүнүн бюджеттикчөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмдөрүнүн чектик маани-лерин белгилөө боюнча; менчиктин бардык формаларындагы уюмдарда эмгекакыны өз убагында төлөөгө көзөмөлдүк кылууну жана уюштурууну жүзөгөашырат; - эмгек акынын, тармактар аралык дифференциациянын дењгээлине жанатүзүмүнө талдоо жүргүзөт, талдоо ишинин жыйынтыгы боюнча сунуш даяр-дайт; - эмгек акы маселелери жана эмгек акы боюнча мамлекеттик гарантия-лар тууралуу мыйзамдын сакталышы боюнча усулдук жана консультациялыкжардамдарды берет; г) социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатында: - социалдык өнөктөштүктүн системасын өркүндөтүүнүн негизги багыт-тарын иштеп чыгат; эмгек мамилелери чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүктүөнүктүрүүгө жардамдашат; - генералдык макулдашууларды иштеп чыгууга катышат, берилген ыйга-рым укуктарынын алкагында тармактык макулдашууларды каттоону жана экс-пертизалоону жүзөгө ашырат; - социалдык-эмгек мамилелерин камсыз кылуучу чараларды иштеп чыгуужана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн,кесиптик кошуундардын (трипартизм принцибине негизделген кызматташтык)ишмердигин координациялайт, алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат; - тармактык тарифтик жана аймактык макулдашууларды, жамааттык ке-лишимдерди түзүүгө жана эксперттөөгө катышат, алардын аткарылышынакөзөмөлдүк кылат жана кабарландыруучу каттоону жүргүзөт; - социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча үч жактуу респуб-ликалык комиссиянын ишине катышат; Калкты ишке орноштурууга жардам көрсөтүү боюнча координациялык ке-њештин ишине катышат; д) эмгекти коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу жаатында: - эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырат; - эмгекти коргоо жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинкоординациялайт; - эмгекти коргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча республика-лык максаттуу программалардын долбоорун иштеп чыгат жана алардын жүзөгөашырылышын көзөмөлдөйт; - эмгекти коргоо боюнча окутууну жана уюмдардын кызматкерлерининэмгекти коргоо талаптарын билүүсүн текшерүүнү уюштурат; - эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик башкарууну жана эмгек шартта-рын экспертизалоону жүргүзүүгө усулдук жетекчиликти жүзөгө ашырат; - менчиктин формасына карабастан уюмдар менен мекемелердин кызмат-керлерин атайын кийим-кече, атайын бут кийим жана башка жекече коргоокаражаттары менен камсыз кылуу нормаларын бекитет; - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, мамлекеттик агенттиктер,административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларжана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдикте эмгектикоргоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча аймактык программанын иш-телип чыгышын уюштурат; - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын сакталышына мамлекеттиккөзөмөлдү ишке ашырат; - аялдардын жана жаштардын эмгегин пайдаланууга байланышкан жумуш-тарда, жумуш орундарын эмгек шарттары зыяндуу жана оор категориягатаандык кылган учурда аларды аттестациялоонун сапатын көзөмөлдөөнү жү-зөгө ашырат; - белгиленген тартипти сактоо менен өндүрүштө болгон кырсыктынэсебин жана текшерилишин көзөмөлдөйт, өндүрүштө болгон кырсыкты сөзсүзтүрдө атайын текшерет; - курулуш нормаларынын жана эрежелеринин, башка нормативдик доку-менттердин долбоорлоруна алар эмгекти коргоо тууралуу Кыргыз Республи-касынын мыйзамынын талаптарына туура келери жөнүндө корутунду жасайт; - реабилитациялоонун жекече программаларына ылайык балдар эмгегинжана майыптар эмгегин пайдаланууну текшерет; - эмгекти коргоонун жана эмгек шарттарынын абалын, өндүрүштө бол-гон кырсыктын жана кесиптик дартка чалдыгуунун себептерин талдайт,аларды эскертүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат; - эмгек шарттарын мамлекеттик экспертизалоону жүзөгө ашырат; - уюмдарда эмгекти коргоо боюнча сертификаттоо иштерин уюштурат; - эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоонун жүргүзү-лүшүнүн тууралыгына көзөмөлдүк кылат; - эмгек шарттарынын коопсуздугунун мамлекеттик гарантияларын бел-гилейт; - өндүрүштөгү эмгектин шарттары жана эмгектин корголушу жана Кыр-гыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдары сакталышына мамлекеттиккөзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылат; е) социалдык жана пенсиялык камсыздоо жаатында: - мамлекеттик социалдык жактан камсыз кылуу системасын өнүктүрүүбоюнча сунуштарын иштеп чыгып жана аныкталган тартипте киргизет; - жер-жерлерде иштегендерди социалдык жактан камсыз кылууну (жу-мушка убактылуу жарамсыздык боюнча пособие, маркумду коюу боюнча посо-бие, денсоолукту чыњдоого жолдомо) төлөө механизмдерин ишке киргизет; - жумушка убактылуу жарамсыздык боюнча пособиелердин, кош бойлуу-лук жана төрөт боюнча пособиелердин, сөөк коюуга пособиелердин, денсоо-лукту чыњдоого жолдомолордун берилишин көзөмөлдөйт; - пенсионерлердин жашоо дењгээлин көтөрүү үчүн пенсиялык камсызкылуу жана Кыргыз Республикасынын пенсия боюнча мыйзамын өркүндөтүүжаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын калыптандыруу боюнчасунуштарды иштеп чыгат; - топтоо элементин киргизүү жана пенсионерлердин жашоо дењгээлинкөтөрүү максатында пенсия саясатын өркүндөтүү чараларын көрөт; - мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу системасын өнүктүрүүгөкөмөк көрсөтөт; ж) калкты социалдык жактан колдоо жаатында: - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды, ардагерлерди, ма-йыптарды жана башка социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө муктаждарды кол-доо жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат жана мамлекеттик орган-дар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен өз ара иштешипаны жүзөгө ашырат; - согуш ардагерлерин, картањ адамдарды, майыптарды жана калктынсоциалдык жактан колдоого муктаж башка катмарларын социалдык жактан да-ректүү колдоо, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо, ошондой эле жењилдиктерсистемасын тартипке салуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашы-рат; - социалдык жактан коргоого муктаж калктын аялуу катмарынын ту-рак-жай проблемаларын чечүү үчүн социалдык жактан даректүү колдоо көр-сөтүүнүн шарттарын жана нормаларын иштеп чыгат; - аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды, ардагерлерди, май-ыптарды жана башка социалдык жактан колдоо алуучуларды социалдык колдоожана абалдарын жакшыртуу боюнча республикалык программаны иштеп чыгып,жүзөгө ашырууну координациялайт жана көзөмөлдөйт; - Картањ жарандар боюнча иш-аракеттердин Мадрид планын ишке ашыруубоюнча чара көрөт; - социалдык нормативдерди жана минималдуу социалдык стандарттардыэсептөө методикасын иштеп чыгат жана өркүндөтөт; - жарды үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторунун маалыматтар базасынтүзүүнү жана "кооптуу абалдагы" балдардын жана үй-бүлөлөрдүн мониторингсистемасын түзүүнү уюштурат; - социалдык инфраструктураларды, транспорт жана байланыш каражат-тарын картањ жарандардын жана майыптардын пайдалануусуна жетки-ликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында шаар куруу жаатындагы мамлекеттиксаясатты түзүүгө катышат; - жакырчылыкты кыскартуу боюнча иш-аракеттердин комплексин жүзөгөашырат; - гуманитардык жардамдарды алууга көмөктөшөт жана аны алууга жанабөлүштүрүүгө мамлекеттик жөнгө салууну жүргүзөт; - калкка протез-ортопедиялык жардам берүүнү уюштурууну камсыз кы-лат жана протез-ортопедиялык буюмдарды даярдоонун технологиясынөркүндөтүүгө жана өндүрүштү көбөйтүүгө көмөктөшөт; - майыптардын коомдук бирикмелеринин ишине колкабыш кылат; - майыптарды ишке алуу үчүн квота белгилөө боюнча сунуш киргизет; - майыптарды ишке орноштуруу маселеси боюнча миграция жана жумуш-туулук кызматы боюнча ыйгарым укугу бар органдар менен иш жүргүзөт; з) социалдык жактан тейлөө жаатында: - калкты, анын ичинде картањ жарандарды, майыптарды, майып балдар-ды, үй-бүлөлөрдү жана жашы жетпеген балдарды социалдык жактан тейлөөчөйрөсүндө мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарын ишке ашы-рат; - калкка мамлекет тарабынан гарантияланган социалдык жактан кызматкөрсөтүүчү мамлекеттик социалдык кызматтардын тармагын түзүүнү жана ан-дан ары өнүктүрүүнү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бир-гелешип уюштурат; - калкты социалдык жактан тейлөөнүн азыркы кездеги формаларын жанатүрлөрүн, анын ичинде турмуштун татаал жагдайында калган жашы жете элекбалдар жана үй-бүлөлөр менен иштердин жањы технологиясын практикагакиргизет; - калкты социалдык жактан тейлөөчү мекемелердин иш-аракетин башка-рат, координациялайт жана контролдойт; - муктаж жарандарга мамлекеттик пособиелерди чектөөнү жана төлөпберүүнү камтыган акысыз, жарым-жартылай же толук төлөнө турган социал-дык жактан жардам берүүнүн жана социалдык жактан тейлөөнүн ар кандайтүрлөрүн көрсөтүү боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат; - социалдык жактан колдоо көрсөтүү чараларын жүзөгө ашырууга көзө-мөлдүк кылат; - социалдык реабилитациялоонун көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтөт; - реабилитациялык инфраструктураны уюштуруу жана өнүктүрүү боюнчаиш-чараларды жүзөгө ашырат; - медициналык жактан тейлөө, санаторий-курорттук дарылоо, транс-порт каражаттары менен камсыз кылуу жана жол кире төлөө, турак жай-ти-ричилик жактан тейлөө жана белгиленген жењилдиктердин башка түрлөрү жа-на артыкчылыктары боюнча жењилдиктерди берет; - медициналык-социалдык реабилитациялоону жүзөгө ашырат; - протез-ортопедиялык буюмдар жана көзайнек оптикасы менен камсызкылат; - калкты социалдык жактан тейлөө боюнча максаттуу программалардыиштеп чыгат, программалардын иш-чараларын жүзөгө ашырууну координация-лайт жана көзөмөлдүк кылат; - жарандарды жана жашы жете элек балдарды социалдык жактан тейле-ген мекемелердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө, капиталдыккурулушту жана капиталдык ремонтту уюштуруу жана жүргүзүү, өрткө каршыиш-чараларды, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо боюнча иш-аракеттердижүзөгө ашырат. Министрлик саналып өтүлгөн функциялардын аткарылышы менен катар: - эмгекти коргоо жана эмгек чөйрөсүндөгү иштин абалы, калкты соци-алдык жактан тейлөө жөнүндө отчет даярдайт; - эмгек, калкты социалдык жактан тейлөө маселелериндеги эларалыкбайланыштарды бекемдөөгө жардам берет; - калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик муктаждык-тарды камсыз кылуу үчүн заказдарды жайгаштырууга конкурс уюштурат, өт-көрөт жана келишимдерди түзөт; - жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышта болот, социалдыкчөйрөдө өкмөттүк эмес уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары менен кызматташууну жүзөгө ашырат, өз сайтында нормативдикукуктук актыларды өркүндөтүүгө коомчулукту катышууга тартуу үчүн норма-тивдик укуктук актылардын долбоорлорун жайгаштырат; - Министрликтин системасында мамлекеттик кызматка конкурстук не-гизде тандоону уюштурат; Министрликтин системасынын кызматкерлерин ат-тестациялайт, ошондой эле кайра даярдайт жана квалификациясын жогорула-тат; божомол түзөт жана кадрларга болгон муктаждыкты долбоорлойт; кадр-лар резервин түзүү жана баалоо боюнча иш жүргүзөт; - Министрликтин системасында компьютерлештирүүнүн негизги багытта-рын аныктайт жана компьютердик жањы технологияны ишке киргизет; - калктын социалдык жактан аялуу катмарларынын жашоо шарттарынжакшыртуу максатында социалдык чөйрөгө инвесторлорду тартуу боюнча су-нуштарды тиешелүү ведомстволор менен бирдикте даярдайт; - программалык негизде бюджеттик пландаштырууну ишке ашырат, Ми-нистрлик системасынын чыгымдарын каржылоону, бюджеттин аткарылышын жанаталдоо жүргүзүүнү уюштурат; - ведомстволук бөлүмчөлөргө республикалык бюджеттен бөлүнгөн фи-нансы каражаттарын максаттуу пайдалануусуна жана эмгек жана калкты со-циалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө көзөмөлдүк кылат; - социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого багыттал-ган каражаттарды максаттуу пайдаланууну калыптандырат жана көзөмөлдүккылат; - эмгек, калкты социалдык жактан колдоо жаатында маалымат техноло-гияларды, маалыматтарды иштеп чыгуу системасын иштеп чыгууну жана кир-гизүүнү уюштурат; социалдык чөйрөдө гендердик саясатты жүргүзүүнүн жы-йынтыктарын чагылдырган индикаторлор системасын иштеп чыгууга катышат;социалдык чөйрөдө нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун гендердикэкспертизалоону жүргүзөт; - жарандарды кабыл алат, жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгүкайрылууларын өз убагында жана толук кароону, алар боюнча чечим кабылалууну жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мөөнөттө жоопжиберүүнү камсыздайт; - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алардын суроо-талаптары-нын негизинде маалымат берет, жашырын маалыматтарды жана конфиденциал-дуу информацияны камтыган документтерден башка Министрликтин тиешелүүматериалдарын жана документтерин жарыялоону, таркатууну, ошондой элетүздөн-түз жеткиликтүүлүктү камсыз кылат; - донор өлкөлөр жана эларалык финансы институттары тараптан гума-нитардык жардамдарды тартуу жана кредиттик-гранттык колдоо көрсөтүү бо-юнча өз компетенциясынын чегинде иш жүргүзөт; - социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн инвесторлорду издейт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка функцияларды жүзө-гө ашырат. IV. Министрликтин ыйгарым укуктары 10. Министрлик өзүнүн алдында турган маселелерди чечүү жана агажүктөлгөн милдеттерди орундатуу үчүн төмөнкү укуктарга ээ: - социалдык өнүктүрүү, эмгек, эмгекти коргоо, калкты социалдыкжактан коргоо, пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу, үй-бүлөлөрдүжана балдарды, улгайган жарандарды колдоо чөйрөсүндө нормативдик укук-тук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна киргизгенге; - ведомстволук бардык бөлүмчөлөр аткарууга милдеттүү болгон ведом-стволук нормативдик-укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабылалганга; - эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо тууралуу Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлжүргүзгөнгө. Бул максатта Министрликтин кызмат адамдары ведомствоготаандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан уюмдарга жана объек-тилерге эч тоскоолсуз барып турганга укуктуу болушат; - социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү инспекциялоону жүргүзгөн-гө; - эмгек, эмгекти коргоо, социалдык жактан коргоо жана Министрлик-тин компетенциясына кирген башка маселелер боюнча маалыматтарды КыргызРеспубликасынын Улуттук статистика комитетинен акысыз алганга; - ведомство аралык комиссияларды, эксперттик кењештерди, жумушчутопторду, анын ичинде тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер,административдик ведомстволор, эларалык уюмдар жана башка юридикалыкжактар жана жеке адамдар менен бирдикте түзүүгө; - ведомстволук бөлүмчөлөрдүн финансы тартибин сакташын, материал-дык жана акчалай каражаттарды максаттуу арналышы боюнча пайдаланышынтекшерүүгө, алардын чыгымдар системасын бекитүүгө жана аларды аткарышынконтролдоого; - ведомстволук бөлүмчөлөргө бекитилип берилген кыймылдуу жана кый-мылсыз мүлктөрдүн максаттуу жана талаптагыдай пайдаланылышын текшерүү-гө; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жаатындагы мыйзамдарыаткарылышын жүзөгө ашырууга; - Министрликтин системасында кызматкерлерди аттестациялоону белги-ленген тартипте өткөрүүгө жана бош кызмат орундарына конкурстук негиздетандап алууга; - ведомстволук бөлүмчөлөрдүн атайын каражатынан 10% өлчөмүндөгүчегерүүлөрүнүн эсебинен Министрликтин өнүктүрүү жана материалдык сыйлоофондун түзүүгө; - белгиленген тартипте эларалык кызматташууга катышууга, тиешелүүчөйрөдө чет өлкөлүк тажрыйбаны колдонууга жана үйрөнүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамында аныкталган ыйгарым укуктардынчегинде эларалык келишимдерди түзүүгө; - Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган акысыз жана акытөлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө; - социалдык чөйрөдө инвестицияларды тартууга багытталган иш-ара-кеттерди жүзөгө ашырууга; - Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча конкурс-тарды, кењешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жанажарнама-басма ишин жүргүзүүгө; - республикалык бюджетте турган ведомстволук органдарды белгилен-ген тартипте каржылоону жүзөгө ашырууга; - Министрликтин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жоболорун, түзүмүн жа-на штаттык расписаниесин эмгек акынын фондунун чегинде бекитүүгө; - Министрликтин системасынын кызматкерлерин даярдоо жана квалифи-кациясын жогорулатуу системасын уюштурууга; - Министрликтин мобилизациялык пландарын аткарууга даярдоо боюнчаиш-чараларды өткөрүүгө; - бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды басып чыгару-уга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеги баш-ка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга. Министрликтин адистери Министрликтин компетенциясына кирген масе-лелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, республиканынадминистративдик ведомстволорунун коллегияларынын ишине катыша алышатжана менчиктин формасына карабастан уюмдарга жана ишканаларга бара алы-шат. V. Министрликтин ишин уюштуруу 11. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу жанабошотулуучу министр башкарат. 12. Министрдин статс-катчысы жана эки орунбасары болот. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу жана минист-рдин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынандайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын функциялары жана ыйгарымукуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекитүүчү Мамлекеттик органдынстатс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. Министр ошондой элестатс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарууну тап-шыра алат. Министрдин орунбасарлары кызматка министрдин сунушу боюнча КыргызРеспубликасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.Министрдин орунбасарлары түздөн-түз министрге баш ийишет жана өз иште-рин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткарышат. 13.Министр: - Министрликке жүктөлгөн милдеттер аткарылышы жана иштин белгилен-ген чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат ишке ашырылышы үчүн жеке жооп бе-рет; - Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча КыргызРеспубликасынын мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук актылары-нын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөберет; - өз компетенциясынын чегинде нормативдик мүнөздөгү, ал эми Ми-нистрликтин ишмердигин уюштуруудагы тез жана башка күндөлүк маселелербоюнча - нормативдик эмес мүнөздөгү буйруктарды чыгарат, алардын атка-рылышын камсыз кылат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгат; - кызматтардын номенклатурасына ылайык министрдин орунбасарларын,ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана алардыкызматтан бошотуу үчүн талапкерлер боюнча, ошондой эле коллегия мүчө-лөрүнүн талапкерлиги боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринесунуш киргизет; - министрдин орунбасарларынын, Министрликке караган ведомстволукбөлүмчөлөрдүн жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын чегин аныктайт жанаминистрдин орунбасарлары ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт; - статс-катчынын сунушу боюнча Министрликтин борбордук аппаратынынкызматкерлерин, башкармалыктардын, борборлордун, жатак үйлөрдүн, инсти-туттун жана Министрликтин башка ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчиле-рин жана алардын орунбасарларын, башкы бухгалтерлерин кызматка дайын-дайт жана бошотот; - Министрликтин аймактык органдарынын жетекчилерин статс-катчынынсунушу боюнча жана мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаар-лардын мэрлеринин макулдугу менен кызматка дайындайт жана бошотот; - министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундардын тизмесинжана алардын функционалдык милдеттерин аныктайт жана бекитет; - мамлекеттик кызматчыларга статс-катчынын сунушу боюнча тиешелүүкласстык чендерди ыйгарат; - Министрликтин кызматкерлеринин жалпы белгиленген санына жана эм-гекке акы төлөө фондуна жараша Кыргыз Республикасынын Финансы министр-лиги менен макулдашуу боюнча ведомстволук бөлүмчөлөрдүн түзүмүн жанаштаттык расписаниесин бекитет; - Министрликтин кызматкерлерин сыйлоо маселелерин чечет жана алар-дын кызматтык маяналарына жекече үстөктөрдү белгилейт; - Министрликтин системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктарменен сыйлайт, ошондой эле өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди Кыргыз Республи-касынын ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсө-төт; - өзүнүн орунбасарларына, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жетекчилеринежана башка кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонот; аларга ээ-леген кызматтарынан бошотууга чейинки тиешелүү тартиптик жаза чараларынкөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет; - ведомстволук бөлүмчөлөр менен аймактык органдардын Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат; - Кыргыз Республикасынын бардык мекемелери менен уюмдарында жаначет өлкөлөрдө Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Ми-нистрликтин атынан чыгат; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эларалык ке-лишимдерге өз компетенциясынын чегинде кол коет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарымукуктарга ээ. 14. Министрликте курамында кызмат орду боюнча министр (коллегиянынтөрагасы), министрдин орунбасарлары, статс-катчы, Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле Министрлик системасындагыбашка жетекчи кызматкерлер кирген тогуз кишиден турган коллегия түзү-лөт. Коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамы (коллегия курамына кызмат ордубоюнча киргендерден башкасы) министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республи-касынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. 15. Министрликтин коллегиясы өз жыйындарында: - Министрлик системасынын ишине тиешелүү негизги маселелерди тал-куулайт; - Министрликтин жыл сайын түзүлүүчү жумушчу пландарын, алардын ат-карылышы боюнча отчетторду карап чыгат жана бекитет; - Министрликтин жыл сайын түзүлүүчү бюджетинин долбоорун бекитет; - улуттук жана мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына бааберет; - усулдук материалдардын жана нускамалардын долбоорлорун бекитет; - ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жана аймактык органдардын жетекчиле-ринин отчетторун угат; - Министрликтин компетенциясына кирген жана башка маселелерди ка-райт. 16. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүкдобушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө таризделип, коллегиянынтоктомдору жана буйруктар менен ишке ашырылат. Добуштардын саны барабарболуп калган учурда, төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алыњдыдеп эсептелинет. Коллегия мүчөлөрү мындай чечим менен макул болбогон учурда, өз пи-кирлерин жазуу жүзүндө төрагага жибере алышат. 17. Коллегиянын иштөө тартиби Министрликтин коллегиясы тарабынанбекитилүүчү регламент менен аныкталат.