Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 токтомунун КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2009-жылдын 5-марты № 149 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жењил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 22-октябрындагы №460 Жарлыгы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Азияөнүктүрүү банкынын ортосундагы "Салыктык башкарууну реформалоо жана мо-дернизациялоо боюнча долбоор" Гранттык макулдашуусун (0077-KG(SF) ийги-ликтүү ишке ашыруу, Салык кызматынын материалдык-техникалык базасынжакшыртуу, кыргыз тараптан кошо каржылоо катары бөлүнчү каражаттардынатыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги №137 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитетте-ринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башкаоргандарында кызматтык жењил автомашиналарды пайдаланууну тартипке кел-тирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-пунктменен толукталсын: "2-2. Бул токтомдун 2-пунктунун төртүнчү жана алтынчы абзацтарыКыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик коми-тети кыргыз тараптан кошо каржылоо катары бөлүнчү каражаттарга "Салык-тык башкарууну реформалоо жана модернизациялоо" инвестициялык грантдолбоорунун алкагында сатып алчу автомашиналарга карата колдонулбайт. 2. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-тик комитети автомашина сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырсын. Премьер-министр И.Чудинов