Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 16-апрелиндеги
№ 130 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга
каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик (мындан
ары - Мамагенттик) атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү тармагында бир-
диктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, монополиялык ишмердүүлүктү
жана ак ниет эмес атаандаштыктын алдын алуу, чектөө жана токтотуу боюн-
ча табигый жана уруксат берилген монополия субъекттеринин иш чөйрөсүн
мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу, керектөөчүлөрдүн укуктарын
коргоону жана жарнаманы ишке ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик ор-
ган болуп эсептелет.
2. Мамагенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жа-
на Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка че-
немдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, ошондой эле
ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамагенттик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республика-
сынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекет-
тик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, казыналык системасында
алыш-бериш жана башка эсептери бар.
4. Мамагенттик монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү
жана коргоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама маселелери
боюнча аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
жана коомдук бирикмелердин ишин координациялайт.
II. Мамагенттиктин милдеттери жана функциялары
5. Мамагенттиктин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
жана жарнама жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- монополияга каршы жөнгө салуунун негизинде рыноктук мамилелердин
түзүлүшүнө, экономиканын монополиялык тармактарын монополиядан чыгаруу-
га, атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө, ишкердикти өнүктүрүү үчүн
ыњгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү.
6. Мамагенттик өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык
төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
жана жарнама жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашы-
руу;
- өзүнүн компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарын сактоого мамлекеттик контроль жүргүзүү;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана колдонуу практикасын жакшыртуу бо-
юнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- керектөөчүлөр (абоненттер) үчүн сатылуучу, сатып алынуучу, алар-
га көрсөтүлүүчү товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн
камсыз кылуучу, мамлекеттик жөнгө салуу жана алардын ишин контролдоо
жолу менен керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) жана табигый, уруксат бе-
рилген жана мамлекеттик монополиялардын субъектилеринин кызыкчылык ба-
ланстарын камсыздоо;
- демпингге каршы териштирүүлөрдү жүргүзүү, атайын коргоочу, дем-
пингге каршы же компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө эксперттик
корутундуларды даярдоо;
- атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча ишмердүүлүктүн негиз-
ги багыттарын иштеп чыгуу жана аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарынын ушул маселелер боюнча ишин координациялоо;
- ички рыноктогу атаандаштык чөйрөсүнүн абалын эсепке алуу менен
тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуулардын (анын ичинде бажы тариф-
теринин ставкасынын өзгөрүшү боюнча) тиешелүү методдорду жана чараларды
колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополия субъектте-
ринин иш чөйрөсүндө белгиленген тартипте мамлекеттик жөнгө салуу жана
контролдоо;
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу укуктук формаларына карабастан
белгиленген тартипте субъектилердин бааларды (тарифтерди) түзүүсүн жана
колдонушун жөнгө салуу жана контролдоо;
- белгиленген тартипте аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жана анын түзүмдүк бөлүктөрү, уюмдар жана мекемелер
тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) бааларды (та-
рифтерди) жөнгө салуу;
- жөнгө салуу чөйрөсүндө товарларга (жумуштарга, кызмат
көрсөтүүлөргө) бааларды жана тарифтерди түзүү механизмин иштеп чыгуу;
- республиканын тиешелүү рыногунда атаандаш чөйрөнүн абалын ана-
лиздөө;
- ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана экономиканын бардык чөйрөлөрүндө
жањы экономикалык түзүмдөрдү түзүү, анын ичинде инвестицияларды тартуу
үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- чарбакер субъекттердин жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыкта-
рын монополиялык ишмердиктин жана ак ниет эмес атаандаштыктын болуусу-
нан жана аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
рынын атаандаштыкты чектөөгө багытталган аракетинен коргоо;
- экономиканын монополиялык чөйрөсүн монополиядан ажыратуу боюнча
чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- рыноктук мамилелердин иштешине жана атаандаш чөйрөнүн өнүгүшүнө
тиешелүү мыйзам долбоорлору жана башка нормативдик укуктук актылар бо-
юнча корутундуларды даярдоо;
- мамлекеттик инспекциялык органдарга жана аткаруу бийлигинин баш-
ка органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына атаандаш-
тыкты коргоого жана өнүктүрүүгө, керектөөчүлөрдүн укугун коргоого, жар-
намалык ишмердүүлүктү жөнгө салууга багытталган иш чараларды өткөрүүгө
сунуштарды иштеп чыгуу;
- чарбакер субъекттердин уставдык капиталында жана Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда акцияларды (үлүштү)
алуу менен табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин
инвестицияларына жана бүтүмдөрүнө чарбакер субъекттерди түзүү, өзгөртүп
түзүү, жоюу маселелери боюнча монополияга каршы экспертиза жүргүзүү жа-
на алар боюнча тиешелүү корутундуларды берүү;
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик инспекциялык органдарга
контроль жүргүзүү;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялар субъект-
теринин мамлекеттик реестрин, аткаруу бийлиги органдарынын түзүмдүк
бөлүктөрүнүн, акы төлөмө кызмат көрсөтүүчү уюмдардын жана мекемелердин
реестрин, аткаруу бийлиги органдары жана анын түзүмдүк бөлүктөрү
көрсөтүүчү мамлекеттик акы төлөмө кызматтардын реестрин түзүү жана
жүргүзүү, аларга жыл ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык керектөөчүлөргө кызмат
көрсөтүү боюнча тараптардын укуктарын жана милдеттерди жөнгө салуучу
стандарттарды, типтүү контракттарды жана башка ченемдик документтерди
макулдашуу;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялар субъек-
тилерине карата товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа
түзүү маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө са-
луу;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополия субъекттери
менен алардын товарларын, жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн ке-
ректөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдердин шарттарынын аткарылышын конт-
ролдоо;
- керектөөчүлөрдүн ар түрдүү категорияларын жана топторун субсиди-
ялоону контролдоо жана аны жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридика-
лык жана жеке жактардын даттанууларын, сунуштарын, арыздарын кароо;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялар субъек-
тилеринин, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу бо-
юнча тендердик комиссиянын ишине катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен продукциялардын
мамлекеттик сатып алуу баасын аныктоо;
- белгиленген тартипте мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүү,
эл аралык долбоорлор менен программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
жол-жоболоруна катышуу, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик ор-
гандары жана коомдук уюмдары жана эл аралык уюмдар менен өз компетенци-
ясына кирген маселелер боюнча кызматташуу;
- монополияга каршы саясат, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана
жарнама жаатында интеграцияны терењдетүү боюнча эл аралык уюмдар жана
чет өлкөлөрдүн монополияга каршы органдары менен кызматташуу;
- өз ишмердүүлүгү жана кабыл алган чечимдер жөнүндө, атаандаштыкты
өнүктүрүү жана экономиканы монополиядан ажыратуу боюнча чараларды ишке
ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка
маалымдоо;
- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама маселелери боюнча
коомдук уюмдардын ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
жүзөгө ашыруу.
III. Мамагенттиктин укуктары
7. Мамагенттик өз функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укук-
туу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө өзүнүн ком-
петенциясына кирген маселелер боюнча иштерди кароо жана иштерди кароо-
нун жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча тартип
бузууларды токтотуу жана алардын кесепетин жоюу жөнүндөгү эскертүүлөрдү
сөзсүз аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан аткаруу бийлиги, жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жеке жана юридикалык жактарга
берүү;
- белгиленген тартипте аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына, чарбакер субъект-
терге, уюмдарга жана мекемелерге жана алардын жетекчилерине, жеке жак-
тарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өз компетенци-
ясына кирген маселелер боюнча айып салуу жана экономикалык санкция
берүү жөнүндө чечим (токтом) кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн компетенциясына кирген
маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практика-
сын өркүндөтүү жана жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- рыноктун иштешине жана атаандаштыкты өнүктүрүүгө, керектөөчүлөр-
дүн укуктарына, жарнамага, баа коюу саясатына тиешелүү ченемдик укуктук
актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды берүү;
- өз компетенциясына кирген маселелер боюнча белгиленген тартипте
ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана аткаруу бийлигинин тиешелүү
органдарына чарбакер субъекттердин монополияга каршы мыйзамды бузган
учурда экспорттук-импорттук операцияларын лицензиялоо, тыюу салуу же
токтотууга тиешелүү ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча, каттоо жана уруксат
берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык табигый жана уруксат бе-
рилген монополия субъектилеринин ишин жөнгө салуунун методдорун аныктоо
жана пайдалануу;
- аткаруу бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана
анын түзүмдүк бөлүкчөлөрү, уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү
кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштун) бааларын (тарифтерин) макулдашуу;
- менчигинин жана уюштуруу укуктук формаларына карабастан белги-
ленген тартипте субъектилердин кызмат көрсөтүүлөрүнө (жумуштарына) баа-
ларды (тарифтерди) макулдашуу;
- жыл сайын Табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополия
субъекттеринин мамлекеттик реестрин, акы төлөмө кызмат көрсөтүүчү атка-
руу бийлиги органдарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн, уюм жана мекемелердин
реестрин бекитүү жана аталган субъекттерди тиешелүү реестрге жыл ичинде
белгиленген тартипте киргизүү (алып таштоо) боюнча чечимдерди кабыл
алуу;
- тиешелүү рынокто үстөмдүк кылуучу абалдагы чарбакер субъекттерди
аныктоо (табуу);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өзүнүн компетенциясына кирген
маселелерге карата сакталышы боюнча, анын ичинде бааларды (тарифтерди)
түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгы боюнча чарбакер субъекттерге, атка-
руу бийлиги органдарына жана анын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнө, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге тек-
шерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле алардан жазуу жана оозеки түрүндө за-
рыл болгон документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аныкталган бузуулар боюнча
иштерди козгоо жөнүндөгү маселелерди чечүү үчүн зарылдыгына карай укук
коргоо органдарына жиберүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өзүнүн компетенциясына кирген
маселелерге карата бузуулар боюнча текшерүү жана экспертиза жүргүзүүгө,
ишти кароого адистерди, эксперттерди, илимий жана башка уюмдарды тартуу
жана эксперттик жумушчу топторду түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте билим
берүү ишмердигин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык акы төлөмө кызматтарды
көрсөтүү;
- аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын ченемдик укуктук актыларынын монополияга каршы мыйзамдардын, ке-
ректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндөгү мыйзамдардын та-
лаптарына ылайык келишине экспертиза жүргүзүү;
- өзүнүн компетенциясына тиешелүү маселелерге карата Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
- Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекет-
тик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адам-
дарын, чарбакер субъекттердин, уюмдардын, мекемелердин жетекчилерин
коллегиянын жыйындарында угуу;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик
ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан, чарбакер субъект-
терден маалыматтарды анын ичинде, жашыруун же коммерциялык сырды
түзүүчү маалыматтарды белгиленген тартипте алуу;
- чарбакер субъекттердин биригүүсү, кайра уюшулушу, жоюлушу, ком-
мерциялык уюмдардын уставдык капиталында акцияларды (үлүштөрдү) алуу,
монополияга каршы мыйзамда каралган башка бүтүмдөрдү ишке ашыруу
жөнүндө билдирүүлөрдү, өтүнүчтөрдү кароо жана ал боюнча тиешелүү чечим-
дерди кабыл алуу;
- рынокто үстөмдүк абалды ээлеген жана монополиялык ишмердүүлүктү
ишке ашырган чарбакер субъекттердин күч менен бөлүү жөнүндө чечимдерди
кабыл алуу;
- керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгында товарларды (жумуштарды, кызмат
көрсөтүүлөрдү) даярдоочулар менен (аткаруучулар, сатуучулар, сатып алу-
учулар) алардын ишкердик жүгүртүү эрежелерин сактоо жөнүндө макулдашуу-
ларды түзү;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополия субъектиле-
ринин, аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга тендерди
өткөрүүсүндө жана ишке ашыруусунда монополияга каршы мыйзамдардын сак-
талышын контролдоо;
- табигый, уруксат берилген жана мамлекеттик монополиялардын то-
варларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларына (тарифтерине) контроль
жүргүзүү;
- Мамагенттиктин потенциалын күчөтүү максатында гранттык негизде
финансылык жана техникалык жактан жардам берген эл аралык уюмдар менен
келишим түзүү;
- эл аралык институттардын катышуусу менен конференцияларды, семи-
нарларды, "тегерек столдорду" уюштуруу;
- сатуучулар жана сатып алуучулар арасында товардын (жумуштардын,
кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда атаандаштык чөйрөнү баалоо үчүн сурам-
жылоо жүргүзүү;
- товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүлөрүнүн ара-
сында ылайыксыз жарнаманы аныктоо үчүн (мазмуну, убакыты, орду жана та-
ралуу ыкмасынын талаптары бузулган ак ниет эмес, так эмес, этикасыз,
жалган жана башка маалыматты) сурамжылоо жүргүзүү;
- монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырган аткаруу бийлик
органдарынан алардын кабыл алган ченемдик укуктук актыларын, макулдашу-
уларын жана ошондой эле бардык керек болгон маалыматтарды товарлардын
(жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда атаандаштык чөйрөгө ана-
лиз жүргүзүү үчүн сурап алуу;
- өзүн өзү каржылоонун негизинде иш жүргүзүүчү илимий, окуу-кон-
сультациялык, маалыматтык жана башка уюмдарды белгиленген тартипте
түзүү;
- Мамагенттиктин веб-сайтында маалыматтык базаны түзүү, пресс-ре-
лиздерди, ошондой эле маалыматтык жыйнактарды кагаз жүзүндөгү булактар-
да жана электрондук түрдө чыгаруу;
- Кыргыз Республикасын мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык
уюмдарга тааныштыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык башка ыйгарым укуктарды
жүзөгө ашыруу.
8. Мамагенттик өз ыйгарым укуктарынын чегинде өз милдеттерин атка-
руу жана ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык
менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттердин, аткаруу бийлик ор-
гандарынын бардык документтери менен кењири тааныша алат.
9. Мамагенттиктин өз компетенциясынын чегинде кабыл алган токтом,
буйрук, көрсөтмө түрүндөгү чечимдери аткаруу бийлиги органдары, жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан
субъекттер үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
IV. Мамагенттиктин ишин уюштуруу
10. Мамагенттик борбордук аппараттан, аймактык жана башка түзүмдүк
бөлүмчөлөрдөн турат жана бирдиктүү түзүм болуп саналат.
11. Мамагенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабы-
нан сунушталып, кызматка Президент тарабынан дайындалуучу жана бошоту-
луучу директор жетектейт.
12. Мамагенттиктин директорунун орун басары болот. Директордун
орун басары Мамагенттиктин директорунун сунушу менен кызматка Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат.
13. Мамагенттиктин статс-катчысы Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш-
тин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кыз-
матка дайындалат жана бошотулат.
Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кыз-
мат боюнча кењеш тарабынан бекитилген мамлекеттик органдын статс-катчы-
сы жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Статс-катчыга директор тарабынан
башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.
14. Мамагенттиктин директору:
- Мамагенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткары-
лышына жекече жооп берет;
- Мамагенттиктин директорунун орун басарларынын, түзүмдүк жана ай-
мактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилик дењгээлин аныктайт,
милдеттерин бөлүштүрөт;
- белгиленген штаттык сандын чегинде Мамагенттиктин, аймактык жана
башка түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн түзүмүн, жоболорун, штаттык расписаниесин
бекитет;
- Мамагенттиктин борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмчөлөрүнүн
кызматчыларын кызматка дайындайт жана бошотот, Кыргыз Республикасынын
мыйзамына ылайык сыйлык берүү жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Мамагенттиктин алдында уюшулган илимий, окуу-консультациялык,
маалыматтык жана башка уюмдардын иштөө жана каржылануу тартибин анык-
тайт;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат жана башка че-
чимдерди кабыл алат;
- Мамагенттиктин иш регламентин бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзөт, чет
өлкөлөрдүн тиешелүү ведомстволору, эл аралык уюмдар, юридикалык жактар
менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана макулдашууларга кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө өз ишмердиги жөнүндө жыл сайын отчетторду жиберет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана ушул Жобого ылайык Мама-
генттиктин ишин жетекчиликке алуу боюнча башка иш милдеттерди жана ый-
гарым укуктарды ишке ашырат.
15. Мамагенттикте 7 кишиден турган коллегия түзүлөт. Коллегия
мүчөлөрү болуп кызматы боюнча директор, статс-катчы жана директордун
орун басары эсептелет. Коллегия мүчөлөрү Мамагенттиктин директорунун
сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекити-
лет.
V. Мамагенттиктин мүлкү жана аны каржылоо
16. Мамагенттиктин мүлкү мамлекет бөлүп берген мүлктүн, ошондой
эле Мамагенттиктин балансына кабыл алынган башка мүлктүн эсебинен
түзүлөт жана мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.
17. Мамагенттикти каржылоо булактары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзү-
лөт:
- республикалык бюджеттин каражатынан;
- төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлгөн атайын каражаттардан:
Мамагенттикке жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашырууда алынган
каражаттардан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макул-
дашылган өлчөмдө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келбеген юридикалык жана
жеке жактардын гранттарынан жана ыктыярдуу финансылык жардамдарынан.
18. Мамагенттиктин ишмердүүлүгүнөн түшкөн бардык атайын каражаттар
толугу менен Мамагенттикке берилет жана мамлекеттик бюджетте "Атайын
каражаттар" статьясында көрсөтүлөт.
19. Мамагенттик атайын каражаттардын эсебинен төмөндөгүлөрдү кар-
жылайт:
- өз функционалдык милдеттерин аткарууга зарыл болгон материал-
дык-техникалык базаны өнүктүрүү, анын ичинде жабдууларды, приборлорду,
өлчөөчү техникаларды алуу;
- ченемдик документтердин (стандарттар, эрежелер, регламенттер),
илимий, мезгилдүү жана техникалык адабияттардын фондун түзүү;
- программалык продуктуларды алуу;
- стандарттарды, усулдарды, колдонмолорду ж.б. түзүү боюнча или-
мий-изилдөө иштерине төлөө;
- монополияга каршы саясат тармагындагы улуттук кызыкчылыктарды
коргоо максатында дүйнөлүк жана региондук конференцияларга, семинарлар-
га катышуу;
- Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча көп та-
раптуу жана эки тараптуу негизде эл аралык кызматташтык;
- Эл аралык атаандаштык тармагынын (анын уюмдарында, долбоорлорун-
да жана форумдарында), Монополияга каршы саясат боюнча Мамлекеттер ара-
лык кењештин (МСМК), Мамагенттик мүчөсү болгон башка эл аралык уюмдар-
дын жана интеграциялык комитеттердин (уюмдардын) ишине катышуу;
- Мамагенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча монито-
ринг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максат-
тар жана иш-чаралар.
Өнүктүрүүгө, материалдык кызыктырууга, стимулдоого жана социалдык
колдоого каражаттарды сарптоо директор тарабынан бекитилген атайын сме-
талардын негизинде жүргүзүлөт.
VI. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
Мамагенттикти өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мый-
замдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.