Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 276 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 732
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдүн укук мурастоочусу болуп эсептелээри белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин;
- антимонополиялык жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча милдеттер, функциялар жана ыйгарым укуктар жагындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдоо жана киргизүү;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-апрелиндеги № 130 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 токтомунун 10-пункту.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 токтому менен бекитилген |
┌──────────────────┐
┌──┤ ДИРЕКТОР ├──┐
┌─────────────────┐ │ │ Статс-катчы │ │ ┌─────────────────┐
│ Коллегия ├──┘ │ Директордун орун │ └──┤Аймактык органдар│
└─────────────────┘ │ басары │ └────────┬────────┘
└────────┬─────────┘ │
┌─────────┐ │ │
│Борбордук├──────────────────────┘ │
│ аппарат │ ┌──────────────────┬───────┴───────────┐
└─────────┘ │ │ │
┌───────────────┐ │┌──────────────┐ │┌───────────────┐ │
│ Чүй-Талас ├───┤│Бишкек шаардык├──┤│Ысык-Көл-Нарын ├──┤
│облустук бөлүмү│ ││ бөлүмү │ ││облустук бөлүмү│ │
└───────────────┘ │└──────────────┘ │└───────────────┘ │
┌───────────────┐ │┌──────────────┐ │┌───────────────┐ │
│ Ош-Баткен ├───┘│ Ош шаардык ├──┘│ Жалал-Абад ├──┘
│облустук бөлүмү│ │ бөлүмү │ │облустук бөлүмү│
└───────────────┘ └──────────────┘ └───────────────┘