Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-апрели № 141
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу боюнча уюштуруу
чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
16-мартындагы № 96 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ток-
том кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекет-
тик агенттик жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекет-
тик агенттиктин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамле-
кеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин туристтик маалыматтык
борборлорун түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды
киргизсин.
Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-апрелиндеги
№ 141 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу
СXЕМАСЫ
------------------- ------------------
| Директор |----| Коллегия |
------------------- ------------------
|
-------------------
|Борбордук аппарат|
-------------------
---------------------|--------------------
--------------------- ------------ ------------------------
|Жарнамалык-көргөзмө| | Аймактык | |Туристтик индустриянын|
| борбору | | органдар | | кадрларынын |
--------------------- ------------ | квалификациясын |
| жогорулатуу жана |
| кайра даярдоо окуу |
| борбору |
------------------------