Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 162
Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларга кошумча төлөөлөргө республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жыл сайын акча каражатын бөлүүнү карасын.
3. Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия белгилөө жана эсептөө бөлүгүндө ушул токтомдун күчү ушул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларга кошумча төлөөлөр белгиленген жана эсептелген адамдарга жайылтылбай турганы белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-июлундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы № 680 "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды дайындоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-июнундагы № 610 "Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 4-октябрындагы № 466 "Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-майындагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 744 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 509 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2 жана 3-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |