Загрузка документа…
т) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдала- нуу жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечим кабыл алат;
у) мамлекеттик органдарды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекет- тик имараттарды күтүүгө жана пайдаланууга контролду уюштурат;
ф) мамлекеттик имараттардын жана жайлардын ижараларынан түшүүчү кара- жаттардын түшүшүнө жана пайдаланышына эсеп жана контроль жүргүзөт;"
х) Өкмөттүн чечимдерине жана Премьер-министрдин тапшырмаларынаылайык башка функцияларды аткарат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы N633,2009-жылдын 3-июнундагы №340 токтомунун редакциясыяларына ылайык) III. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү 6. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүнө Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигижана подразделениелер - башкармалыктар жана өз алдынча бөлүмдөр кирет.Өкмөттүн Аппаратын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисиминистр башкарат, анын эки, анын ичинен бирөө биринчи орун басары бо-лот. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана анын кызматкерлеринин сандык че-гин Өкмөт бекитет. 7. Башкармалыктардын курамына бөлүмдөр жана секторлор кирет, өзалдынча бөлүмдөргө секторлор кириши мүмкүн. Өкмөттүн Аппаратынын түзүм-дүк бөлүмдөрү өз иштерин бири бири менен тыгыз байланышта жүргүзүшөт. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду (тейлөөчөйрөлөрүнүн негизги маселелерин), ошондой эле штаттык санын Премь-ер-министр бекитет. Өкмөттүн Аппаратынын штаттык санына Кыргыз Республикасынын мамле-кеттик кызмат орундарынын реестринде каралган кызмат орундар киргизи-лет. 8. Өкмөттүн Аппарат жетекчисин кызматка Премьер-министрдин сунушубоюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт. Өкмөттүн Аппарат жетекчисин кызматынан бошотуу тартиби Кыргыз Рес-публикасынын Конституциясынын 46-статьясы жана "Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы мененжөнгө салынат. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин коомдук негиздеги кењешчилери болушумүмкүн. 9. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери мамлекеттик кызматчы болу-шат. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери ушул Жобо жана Өкмөттүн Аппара-тынын тийиштүү түзүмдүк подразделениелери жөнүндө жоболор менен аныкта-луучу компетенцияларынын чегинде бардык мамлекеттик, башка органдар жа-на жарандар менен болгон мамиледе анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болупэсептелишет. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери өз иштериндеги маселелер боюнчааткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын токтоосуз кабылалуусуна укуктан, ошондой эле кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен бардыкмамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге жана уюм-дарга тоскоолдуксуз кирүү укугунан пайдаланышат. Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына ылайык өз укуктарын ишке ашырышат, милдеттерди аткарышат жанажоопкерчиликте болушат. 10. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси:1) Өкмөттүн Аппаратынын ишин уюштурат жана Өкмөттүн Аппаратына жүк- төлгөн функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
2) кезектеги мезгилге Өкмөттүн заседаниелеринин планынын жана күн тартибинин долбоорлорун белгиленген тартипте түзөт;
3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин иш тартиптерин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара ара- кеттенүү тартибин, Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин эл алдына чыгуу жана Өкмөттүн Аппаратында кызматтык пайдалануу үчүн арналган маалыматтар- ды берүү эрежелерин аныктайт;
4) Өкмөттүн Аппаратынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштерин жакшыртуу жана өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Өкмөткө жана Премьер-министрге киргизет;
5) Премьер-министрге Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору менен материал- дарды баяндайт;
6) Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын тиркемелерине кол коет;
7) буйруктарды жана приказдарды чыгарат, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырма берет, алардын аткарылышын контролдойт;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Респуб- ликасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен Өкмөттүн Аппаратынын өз ара ара- кеттенүүсүн уюштурат;
9) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринде Өкмөттүн, Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышкан уюштуруу маселелерин чечет;
10) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана анын сандык чегин Өкмөттүн бекитүү- сүнө берет;
11) мамлекеттик кызматчы эмес эксперттерди жана адистерди айрым иштерди аткарууга тартат жана эмгек акынын белгиленген чектеринде алар менен эмгек- тик келишимдерди түзөт;
12) Премьер-министрге төмөнкү сунуштарды киргизет:
- өзүнүн орун басарларын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениеле- ринин жетекчилерин жана жетекчилердин орун басарларын, сектор башчыларын кош- кондо кызмат ордуна дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө;
- мыйзамдарды, Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин, вице-премьер-мини- стрлердин тапшырмаларын аткарбаган же бузган фактылар аныкталган учурларда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тартиптик жазаларды колдо- нуу жөнүндө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Өкмөттүн Аппа- ратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; сыйлайт жана тартиптик жаза колдонот;
14) Өкмөттүн Аппаратынын кредиттерин тескөөчү болуп эсептелет;
15) Өкмөттүн Аппаратында мамлекеттик кадрдык саясатты ишке ашырууну, Өкмөт- түн Аппаратынын кызматкерлерин даярдоонун, тандоонун, жайгаштыруунун жана квали- фикацияларын жогорулатуунун бирдиктүү системаларын камсыз кылат;
16) Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматкерлерин окутууну уюштурат;
17) Өкмөттүн Аппаратынын кадрларынын резервин түзүү боюнча ишти координация- лайт;
18) аткаруу бийлиги органдарында кадрдык иштер жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү маселелери боюнча Өкмөттүн жана Премьер-министрдин ишин камсыз кылат;
19) Өкмөттүн Регламентинин талаптарынын сакталышына контроль жүргүзөт;
20) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекет- тик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжа- луу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечим кабыл алат;
21) сот органдарында Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын кызыкчылыктарын көрсөтүү маселелери боюнча чечим кабыл алат;
22) Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдери менен ага берилген башка ыйгарым укуктарга ээ.
11. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары:1) Өкмөттүн Аппарат жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат;
2) расмий, жумушчу иш сапарларды жана делегацияларды кабыл алууну даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди координациялайт;
3) Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин протокол- дук иш-чараларын өткөрүүнү координациялоону камсыз кылат;
4) Өкмөттүн Аппаратынын чыгымдар сметасы боюнча каражаттардын сарпталышына контроль жүргүзөт, ошондой эле Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппарат жетекчи- си менен макулдашуу боюнча башка финансылык маселелерди чечет;
5) Өкмөттүн Аппаратынын ишин материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын ишин координа- циялайт, ага Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин чет мамлекет- тик сапарларын жана республиканын ичиндеги барууларын даярдоодо материалдык- техникалык камсыздоо маселелери да кирет;
6) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жа- на күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча сунуш киргизет;
7) кызматтык жана мамлекеттик сырды түзгөн, ошондой эле мыйзам менен кор- голуучу башка маалыматты коргоо жана купуялуулук режимин сактоо боюнча иштер- ди контролдойт;
8) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардын суроо-талаптары боюнча до- кументтерди карайт жана көчүрмөсүн берүүгө жана көчүрүп алууга уруксат берет;
9) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомство- лорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик админист- рацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн компетенция- сына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контрол- дойт;
10) Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматкерлеринин укуктарын ишке ашы- рууну камсыз кылат;
11) Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин кол коюлган токтомдорун, буйруктарын "чыгарууга" виза коет;
12) сот бийлиги органдарында Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын кызыкчы- лыктарын көрсөтүү боюнча иштерди координациялайт;
13) Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарына жана тапшырмаларына ылайык башка милдеттерге ээ.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы N 340 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары:
1) Өкмөттүн Аппарат жетекчиси жана Аппарат жетекчисинин биринчи орун ба- сары жок болгон учурларда алардын милдеттерин аткарат;
2) аткаруу тартиби жана документтерди аткарууну контролдоо маселелери боюн- ча Өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт жана уюштурат;
3) Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси
тарабынан жарандардын кайрылууларын кароо жана кабыл алуу боюнча иштерди уюшту- рат;
4) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволор- го, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрация- ларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенцияларына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
5) мыйзам чыгаруу процессинде Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениеле- ринин иштерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду, референдумдарды жана башка саясий иш-чараларды өткөрүүнү координациялоону камсыз кылат;
6) Өкмөттүн заседаниелеринин материалдарын даярдоо жана уюштуруу маселелерин контролдойт;
7) Өкмөттүн жетекчилигинин чечимин талап кылуучу тапшырмалардын Өкмөттүн Аппа- ратында даярдалган долбоорлорун жана башка материалдарды Өкмөттүн жетекчилигине өз убагында берүүнү камсыз кылат;
8) Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйругуна ылайык башка мил- деттерди аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы N 340 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Өкмөттүн Аппаратынын атынан жазылган, эки же андан ашык түзүм-дүк подразделениенин тейлөөчү чөйрөлөрүнө тиешелүү каттарга ӨкмөттүнАппарат жетекчиси кол коет. Оперативдик, техникалык же уюштуруу-жол-жо-бо мүнөзүндөгү документтерге анын орун басарлары, айрым учурларда тий-иштүү башкармалыктын, өз алдынча бөлүмдүн компетенциясындагы маселелербоюнча башкармалыктардын начальниктери, бөлүм башчылар кол коюшат. 14. Өкмөттүн Аппаратынын башкармалыктары жана өз алдынча бөлүмдөрүөз функцияларын ушул Жобого жана ушул подразделениелер тейлөөчү чөйрө-дөгү маселелер боюнча башкармалыктар жана бөлүмдөр жөнүндө жоболоргоылайык аткарышат. Башкармалыктын жана өз алдынча бөлүмдүн ишин башкармалыктын на-чальниги жана өз алдынча бөлүмдүн башчысы тике жетектейт. 15. Башкармалык жана өз алдынча бөлүм Өкмөттүн, Премьер-министрдинжана вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин жанаанын орун басарларынын иштерин өзү тейлеген чөйрөгө кирген маселелербоюнча камсыздайт. 16. Башкармалык жана өз алдынча бөлүм белгиленген тейлөө чөйрөсү-нүн чегинде: а) өзүнүн компетенциясындагы маселелер боюнча министрликтердин,мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруубийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин тес-кейт, башкармалыктын же бөлүмдүн жыйындарында жана кењешмелеринде алар-дын жетекчилеринин Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министр-лердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин чечимдеринин жана тапшырмаларынынаткарылышы жөнүндө маалыматтарын угат; б) Өкмөттүн токтомдорунун, буйруктарынын жана Өкмөттүн чечими та-лап кылынган башка актылардын Өкмөткө киргизилген долбоорлоруна экспер-тиза жүргүзөт, ал документтер боюнча сунуштарды даярдайт; в) маселелерди комплекстүү жана терењ иштеп чыгуу максатында өзишин Өкмөттүн Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен тыгыз байла-нышта жүргүзөт. Башкармалыктардын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн кызмат-керлери маселелерди, маалымкаттарды жана башка материалдарды даярдоодозарыл учурларда, эгер ал материалдарда бөлөк башкармалыктардын жана бө-лүмдөрдүн тейлеген тармактарына тиешеси бар маселелер болсо ӨкмөттүнАппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен кењешүүгөтийиш; г) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын жана жергилик-түү мамлекеттик администрациялардын экономиканын тийиштүү тармактарынжөнгө салуу жана социалдык чөйрөнү жетектөө боюнча иштерин изилдейт жа-на жалпылайт. Зарыл болсо жетекчилеринин маалыматтарын угат; д) экономиканын жана социалдык чөйрөнүн тийиштүү тармактарын анданары өнүктүрүү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-циялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,аткаруучу бийликтин башка органдарынын иш стилдерин, методдорун жакшыр-туу жөнүндө сунуштарды даярдайт; е) Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин, вице-премьер-министр-лердин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин же анын орун басарларынын тапшыр-маларынын аткарылышын такай мониторингдейт жана баалайт, аларды өз уба-гында жана толук аткаруу үчүн сунуштарды ыкчам даярдайт; ж) министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, аткаруучу бийликтин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар Өкмөттүн иш пландарында белгиленген токтомдордун, буй-руктардын, докладдардын жана башка материалдардын долбоорлорун өз уба-гында берүүлөрүн контролдойт, ал пландарга киргизилүүгө тийиш болгонмаселелердин тизмесин Өкмөттүн Аппарат жетекчисине берет; з) Өкмөттүн Регламентинин жана Өкмөттүн Аппаратында Документтерменен иштөөнүн регламентинин, башкармалыктын, бөлүмдүн иш пландарыныннегизинде өз функцияларын аткарат. 17. Башкармалыктар жана өз алдынча бөлүмдөр Өкмөттүн Аппарат же-текчисине жана анын орун басарларына алар тейлеген чөйрөгө кирген масе-лелер боюнча иштин абалы, аткарылган жана аткарууда турган тапшырмаларжөнүндө маалымат беришет. 18. Өкмөттүн Аппаратынын башкармалыгынын начальниги, өз алдынчабөлүмүнүн башчысы: а) тийиштүү түзүмдүк подразделениенин ишин жетектейт, башкармалык-ка, өз алдынча бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жекежоопкерчиликте болот, кызматкерлердин арасында милдеттерди бөлүштүрөт,эмгектин уюштурулушун жана тийиштүү эмгек тартибин камсыздайт, подраз-делениеде иш кагаздардын туура жүргүзүлүшү үчүн жооп берет; б) подразделениенин компетенциясына кирген маселелер боюнча баш-кармалыктын, бөлүмдүн кењешмелерин өткөрөт; в) Өкмөттүн жыйындарына, Премьер-министрде, вице-премьер-министр-лерде жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинде же анын орун басарларында бол-гон кењешмелерге катышат; г) Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, ошондой эле Өк-мөттүн Аппарат жетекчисине же анын орун басарларына башкармалык же бө-лүм тейлеген тармакка кирген маселелер боюнча материалдарды берет; д) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялыкведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка органдарынан, жергиликтүүмамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарынан, мамлекеттик ишканалардан жана уюмдардан Өкмөттө жана ӨкмөттүнАппаратында каралчу маселелер боюнча иштөө үчүн керектүү материалдардыжана маалыматтарды сурайт; е) төмөнкүдөй укуктарга ээ: - министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ве-домстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына иштеги оперативдик,техникалык же уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер боюнча көрсөтмөлөрдүберүүгө; - башкармалыктын же бөлүмдүн жыйындарында жана кењешмелеринде ми-нистрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомство-лордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же-текчилеринен алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн,Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисининчечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматтарынугууга; - зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерин жана башкакызматкерлерин иш процессинде болгон маселелерди чечүү үчүн чакырууга; ж) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын коллегия мүчөлө-рү менен маектерди жүргүзөт, Премьер-министрге, вице-премьер-министр-лерге, Өкмөттүн Аппарат жетекчисине жана анын орун басарларына Өкмөтжана Премьер-министр тарабынан дайындалчу кызмат орундардын номенклату-расына кирүүчү кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды да-ярдайт жана киргизет; з) жарандардын жана юридикалык жактардын Өкмөткө жана Өкмөттүн Ап-паратына даректелген каттарын, арыздарын жана кайрылууларын карайт,аларды тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администра-циялык ведомстволорго, Өкмөткө баш ийген башка мамлекеттик органдаргакароо жана чара көрүү үчүн жиберет; жетектеген түзүмдүк подразделение-нин тейлөө чөйрөсүнө кирген жана Өкмөттүн чечим кабыл алышы талап кы-лынбаган маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын катта-рына, арыздарына жана кайрылууларына жооп берет; и) зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адми-нистрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик ишканалардынжана уюмдардын кызматкерлерин алардын жетекчилерине макулдашуу боюнчаӨкмөттө, Премьер-министрде, вице-премьер-министрлерде, Өкмөттүн Аппаратжетекчисинде же анын орун басарларында каралчу маселелерди даярдоогокатышуу үчүн ишке тартат, башкармалыктын, өз алдынча бөлүмдүн компетен-циясына кирген маселелер боюнча алардын маалыматтарын угат; к) башкармалык (бөлүм) тейлеген чөйрөгө кирген маселелер боюнчадаярдалган материалдарга кол жана виза коет; л) Өкмөттүн Аппарат жетекчисине башкармалыктарда жана бөлүмдөрдөкадрларды тандоо жана жайгаштыруу, квалификациясын жогорулатуу, башкар-малыктын, бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо жана аларга тартиптик жаза ча-раларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет; м) башкармалыктын, бөлүмдүн кызматкерлерин кызматтык жайлар, бай-ланыш каражаттары, компьютердик техника, оргтехника жана башкалар мененкамсыздоо жөнүндө сунуштарды киргизет. Иш кагаздарын жүргүзүүчү түзүмдүк подразделениенин начальниги,ошондой эле башка түзүмдүк подразделениелердин жетекчилери ӨкмөттүнРегламентинде, Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регла-ментинде белгиленген талаптарды бузуу менен киргизилген документтердиминистрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомство-лорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттикадминистрацияларга, уюмдарга жана мекемелерге кайра жиберүүгө укуктуу. 19. Башкармалыктын начальнигинин, өз алдынча бөлүмдүн башчысынынорун басары өз милдеттерин башкармалык же бөлүм жөнүндө жободо аныктал-ган функцияларга жана ыйгарым укуктарга ылайык аткарат. Башкармалыктын начальниги, бөлүмдүн башчысы убактылуу жок болгонучурда анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат. 20. Өкмөттүн Аппаратынын башкармалыктарында жана өз алдынча бөлүм-дөрүндө Өкмөттүн кароосуна киргизилген маселелер боюнча даярдалган че-чимдердин, тапшырмалардын долбоорлорун, материалдарды түзүмдүк подраз-делениенин кызматкерлери Өкмөттүн Жетекчилигине, Өкмөттүн Аппарат же-текчисине же анын орун басарларына жана башкармалыктын начальнигинин жебөлүмдүн башчысынын өзүнө баяндашат.