Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну № 340
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 185 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы "т", "у", "ф" пунктчалар менен толукталсын:
"т) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечим кабыл алат;
у) мамлекеттик органдарды жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик имараттарды күтүүгө жана пайдаланууга контролду уюштурат;
ф) мамлекеттик имараттардын жана жайлардын ижараларынан түшүүчү каражаттардын түшүшүнө жана пайдаланышына эсеп жана контроль жүргүзөт;";
"т" деген пунктча "х" деген пунктча болуп эсептелсин;
- 10-12-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси:
1) Өкмөттүн Аппаратынын ишин уюштурат жана Өкмөттүн Аппаратына жүктөлгөн функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
2) кезектеги мезгилге Өкмөттүн заседаниелеринин планынын жана күн тартибинин долбоорлорун белгиленген тартипте түзөт;
3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин иш тартиптерин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү тартибин, Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин эл алдына чыгуу жана Өкмөттүн Аппаратында кызматтык пайдалануу үчүн арналган маалыматтарды берүү эрежелерин аныктайт;
4) Өкмөттүн Аппаратынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иштерин жакшыртуу жана өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Өкмөткө жана Премьер-министрге киргизет;
5) Премьер-министрге Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору менен материалдарды баяндайт;
6) Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын тиркемелерине кол коет;
7) буйруктарды жана приказдарды чыгарат, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырма берет, алардын аткарылышын контролдойт;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты менен Өкмөттүн Аппаратынын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
9) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринде Өкмөттүн, Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышкан уюштуруу маселелерин чечет;
10) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана анын сандык чегин Өкмөттүн бекитүүсүнө берет;
11) мамлекеттик кызматчы эмес эксперттерди жана адистерди айрым иштерди аткарууга тартат жана эмгек акынын белгиленген чектеринде алар менен эмгектик келишимдерди түзөт;
12) Премьер-министрге төмөнкү сунуштарды киргизет:
- өзүнүн орун басарларын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин жетекчилерин жана жетекчилердин орун басарларын, сектор башчыларын кошкондо кызмат ордуна дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө;
- мыйзамдарды, Өкмөттүн чечимдерин, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткарбаган же бузган фактылар аныкталган учурларда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тартиптик жазаларды колдонуу жөнүндө;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; сыйлайт жана тартиптик жаза колдонот;
14) Өкмөттүн Аппаратынын кредиттерин тескөөчү болуп эсептелет;
15) Өкмөттүн Аппаратында мамлекеттик кадрдык саясатты ишке ашырууну, Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин даярдоонун, тандоонун, жайгаштыруунун жана квалификацияларын жогорулатуунун бирдиктүү системаларын камсыз кылат;
16) Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматкерлерин окутууну уюштурат;
17) Өкмөттүн Аппаратынын кадрларынын резервин түзүү боюнча ишти координациялайт;
18) аткаруу бийлиги органдарында кадрдык иштер жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү маселелери боюнча Өкмөттүн жана Премьер-министрдин ишин камсыз кылат;
19) Өкмөттүн Регламентинин талаптарынын сакталышына контроль жүргүзөт;
20) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча чечим кабыл алат;
21) сот органдарында Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын кызыкчылыктарын көрсөтүү маселелери боюнча чечим кабыл алат;
22) Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдери менен ага берилген башка ыйгарым укуктарга ээ.
11. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары:
1) Өкмөттүн Аппарат жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин аткарат;
2) расмий, жумушчу иш сапарларды жана делегацияларды кабыл алууну даярдоо жана өткөрүү боюнча иштерди координациялайт;
3) Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин протоколдук иш-чараларын өткөрүүнү координациялоону камсыз кылат;
4) Өкмөттүн Аппаратынын чыгымдар сметасы боюнча каражаттардын сарпталышына контроль жүргүзөт, ошондой эле Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси менен макулдашуу боюнча башка финансылык маселелерди чечет;
5) Өкмөттүн Аппаратынын ишин материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын ишин координациялайт, ага Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин чет мамлекеттик сапарларын жана республиканын ичиндеги барууларын даярдоодо материалдык-техникалык камсыздоо маселелери да кирет;
6) Өкмөттүн Аппаратынын алдындагы "Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана күтүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик имараттарда мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, ошондой эле аларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча сунуш киргизет;
7) кызматтык жана мамлекеттик сырды түзгөн, ошондой эле мыйзам менен корголуучу башка маалыматты коргоо жана купуялуулук режимин сактоо боюнча иштерди контролдойт;
8) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардын суроо-талаптары боюнча документтерди карайт жана көчүрмөсүн берүүгө жана көчүрүп алууга уруксат берет;
9) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
10) Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматкерлеринин укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат;
11) Өкмөттүн, Премьер-министрдин жана Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин кол коюлган токтомдорун, буйруктарын "чыгарууга" виза коет;
12) сот бийлиги органдарында Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын кызыкчылыктарын көрсөтүү боюнча иштерди координациялайт;
13) Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйруктарына жана тапшырмаларына ылайык башка милдеттерге ээ.
12. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары:
1) Өкмөттүн Аппарат жетекчиси жана Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары жок болгон учурларда алардын милдеттерин аткарат;
2) аткаруу тартиби жана документтерди аткарууну контролдоо маселелери боюнча Өкмөттүн Аппаратынын ишин координациялайт жана уюштурат;
3) Премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан жарандардын кайрылууларын кароо жана кабыл алуу боюнча иштерди уюштурат;
4) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенцияларына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
5) мыйзам чыгаруу процессинде Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк подразделениелеринин иштерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду, референдумдарды жана башка саясий иш-чараларды өткөрүүнү координациялоону камсыз кылат;
6) Өкмөттүн заседаниелеринин материалдарын даярдоо жана уюштуруу маселелерин контролдойт;
7) Өкмөттүн жетекчилигинин чечимин талап кылуучу тапшырмалардын Өкмөттүн Аппаратында даярдалган долбоорлорун жана башка материалдарды Өкмөттүн жетекчилигине өз убагында берүүнү камсыз кылат;
8) Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин буйругуна ылайык башка милдеттерди аткарат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министри өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министри | И.Чудинов
|