Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 29-майы N 197
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын
аэронавигациялык жабдууларын модернизациялоого
акча каражатын бөлүү жөнүндө
(2009-жылдын 28-апрелиндеги №265 токтомуна ылайык)
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кемелеринин учуу
коопсуздугун, аба кыймылын тейлөөнүн ишенимдүүлүгүн тийиштүү дењгээлде
камсыз кылуу максатында, ошондой эле "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик
ишканасынын жабдууларын тез арада алмаштыруу жана модернизациялоо за-
рылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Манас" эл аралык аэропортундагы "Ганси" авиабазасынын Коалиция-
лык Күчтөрүн тейлөө үчүн америка тарабынан республикалык бюджетке түш-
көн каражаттан "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы сатып алуучу
аэронавигациялык жабдууларга төлөө үчүн "Манас" эл аралык аэропорту"
ачык акционердик коомуна 2007-жылдын II кварталында үч жыл алты ай мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсу боюн- ча 6500000(алты миллион беш жүз мињ) АКШ долларын которгон күнгө карата сомго айландырып эсептөө менен заемдук каражат бөлүп берсин;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому менен белги-
ленген тартипте Карыз милдеттенмесин жана Күрөө тууралуу келишимди тө-
мөнкү шарттарда түзсүн:
заемдук каражатты берүү процентсиз негизде жүргүзүлөт;
акча каражаты "Манас" эл аралык аэропорту" ААКынын алыш-бериш эсе-
бине түшкөн күн заемдук каражатты колдоно баштоо күнү болуп эсептелет;
2008-жылдын 1-январынан баштап заемдук каражатты төлөө ай сайын
жүргүзүлөт;
милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууда карыз алуучу ушул токтом
кабыл алынган күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде "Кыргызаэронавига-
ция" мамлекеттик ишканасы күрөө берүүчү болуп чыккан заемдук каражаттын
эсебинен сатып алынуучу жабдуулардын тизмесин берет;
- "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалык бюджети жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте тиешелүү өз-
гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин;
- 2008-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетти
түзүүдө "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын аэронавигациялык
жабдууларын андан ары модернизациялоо менен байланышкан каражаттарды
бөлүү мүмкүнчүлүгүн карасын. (2009-жылдын 28-апрелиндеги №265 токтомуна ылайык) 2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы даярдаган:
- сатып алынуучу аэронавигациялык жабдуулардын жана ушул жабдуу-
лардын эсептик наркын көрсөтүү менен божомолдогон жабдуучулардын тизме-
син;
- сатып алынган жабдууларды эксплуатациялоодо орнотуу жана ишке
киргизүү иштерин жүргүзүү графигин бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргы-
заэронавигация" мамлекеттик ишканасына жабдууларды сатып алууга тиеше-
лүү документтерди даярдоого жана аэронавигациялык жабдууларды алмашты-
рууга жана модернизациялоого байланыштуу бардык иштерди жүргүзүүгө,
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
38-статьясына ылайык бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонууга уруксат
берсин.
4. "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы:
- ушул токтомдун 2-пунктунда каралган графикке ылайык өзүнүн
алыш-бериш эсебине акча каражаты түшкөн учурдан тартып 1 (бир) жылдын
ичинде алынган жабдууларды орнотууну жана ишке киргизүүнү аяктасын;
- өзүнүн алыш-бериш эсебине акча каражаты түшкөн күндөн тартып 7 (жети) жыл алты ай жылдын ичинде "Манас" эл аралык аэропорту" ачык ак- ционердик коомуна карызын аны менен түзгөн келишимге ылайык төлөөнү иш жүзүнө ашырсын;
- зарыл учурда аталган ушул токтомдун шарттарын колдонуу менен
аталган аэронавигациялык жабдууларды сатып алууга өзүнүн акча каражатын
колдонууга уруксат берилсин.
(2009-жылдын 28-апрелиндеги №265 токтомуна ылайык) 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев