Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-апрели № 265
Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына аэронавигациялык жабдууларды модериизациялоого акча каражатын бөлүү жана «Манас» авиабазасынын Коалициялык күчтөрүнүн аба кемелерин тейлегендигине компенсация төлөө жөнүндө
Аба кемелеринин учууларынын коопсуздугунун тиешелүү деңгээлин, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыздоо максатында, аэронавигациялык жабдууларды пландуу модернизациялооону улантууну жана «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын авиадиспетчерлер коллективи көтөрүшкөн социалдык маселелерди чечүүнү кийинкиге калтырбоо зарылчылыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2009-жылга республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттан белгиленген графикке ылайык 222,0 (эки жүз жыйырма эки) миллион сом бөлүп берсин:
140,0 (бир жүз кырк) миллион сом»Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын аэронавигациялык жабдууларын модернизациялоого;
82,0 (сексен эки) миллион сом, субсидия түрүндө «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечүү үчүн;
- белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган тиешелүү мыйзам долбоорун кароого киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык зарыл болгон аэронавигациялык жабдууларды сатып алсын;
- сатып алынган аэронавигациялык жабдууларды акысыз негизде «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз ижарага берсин;
- «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин социалдык. маселелерин чечүүгө каражат берүү жөнүндө «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы менен келишим түзсүн.
3. «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын аэронавигациялык жабдууларын модернизациялоого акча каражатын бөлүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-майындагы № 197 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы «үч жыл» деген сөздөрдөн кийин «алты ай» деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункттун үчүнчү абзацында «7 (жети) жыл» деген цифра жана сөз «7 (жети) жыл алты ай» деген цифрага жана сөздөргө алмаштырылсын.
4. Мөөнөтүн жылдыруунун эсебинен бошотулган акча каражаты «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын тескөөсүндө кала тургандыгы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Ресцубликасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |