Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 454
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 30-майы № 205 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТүНүН ТОКТОМУ “Азия - кызматташтык жана тынчтык региону” деген девиз менен VII Эл аралык Ысыккөл спорт оюндарын өткөрүү жөнүндө Эл аралык байланыштарды чыњдоо, жашоонун сергек мүнөзүнпропагандалоо максатында, ошондой эле “Азия - кызматташтык жанатынчтык региону” деген девиз менен өткөрүлүүчү VII Эл аралык Ысыккөлспорт оюндарынын катышуучуларынын көптөгөн кайрылууларын эске алууменен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Чолпоната шаарында2007-жылдын 4-12-сентябрында “Азия - кызматташтык жана тынчтыкрегиону” деген девиз менен VII Эл аралык Ысыккөл спорт оюндарыөткөрүлсүн. 2. “Азия - кызматташтык жана тынчтык региону” деген девиз мененVII Эл аралык Ысыккөл спорт оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүүбоюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2007-жылга КыргызРеспубликасыныњ Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардыништери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке каралганкаражаттардын чектеринде VII Эл аралык Ысыккөл спорт оюндарына даярдыккөрүүгө жана өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды өз учурунда каржылоонукамсыз кылсын. 4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер мккистрлиги VII Эл аралыкЫсыккөл спорт оюндарын өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылсын. 5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги VII Эл аралыкЫсыккөл спорт оюндарынын команда мүчөлөрүнө-катышуучуларына визалардытариздөөдө өз учурунда колдоо көрсөтсүн. 6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги VII Эларалык Ысыккөл спорт оюндарынын катышуучуларын медициналык жактантейлөөнү камсыз кылсын. 7. Кыргызстан профсоюздар федерациясына VII Эл аралык Ысыккөлспорт оюндарынын мелдештери өтүүчү жерлерди даярдоону, катышуучулардынжашоо жана тамактануу шарттарын контролго алуу сунушталсын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр А. Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30 - майындагы № 205 токтомуна тиркеме “Азия - кызматташтык жана тынчтык региону” деген девиз мекен VII Эл аралык Ысыккөл спорт оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын вице- премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы, Асанов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары, Рогатин Б.Н. - Эл аралык спорттук уюмдар конфедерациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча), уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Жапаров А.ү. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, Абдраимов Т.Д. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Ногойбаев Б.Б. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Абдуллаева Ө.А. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, Осмоналиев К.О. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Аскаров Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик- техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Кыдыров Т.Т. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статскатчысы, КасеновА.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, Разложко В.С. - Эл аралык спорггук уюмдар конфедерациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча), Молдокасымов К.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио-корпорациясынын президенти (макулдашуу боюнча), Бозгунбаев С.Б. - Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Исаев К.Ш. - Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатор, Мансуров Т.И. - Ысыккөл облусунун Ысыккөл Районунун мамлекеттик администрация башчысы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жеткчисинин биринчи орунбасары М.Сатыбеков